Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Апрель
2018

Новости за 12.04.2018

ЕБ: Кыргызстан региондо үлгү боло турган өлкө

Azattyk.org 

Президент Сооронбай Жээнбековдун Брюсселдеги 11-12-апрелдеги эки күндүк сапары аяктады. Андагы жолугушуулардын негизги өзөгүн Кыргызстандагы демократиянын, адам укуктарынын жана сөз эркиндигинин абалы боюнча сүйлөшүүлөр түздү.

Юнкер: Кыргызстандын эли улуу эл, Европа Кыргызстанды дайыма колдойт

Azattyk.org 

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков Брюсселдеги сапарынын алкагында 12-апрелде Еврокомиссиянын төрагасы Жан-Клод Юнкер менен жолугушту. Андан соң Сооронбай Жээнбеков менен Жан-Клод Юнкер маалымат каражаттарына билдирүү жасашты. Анда Юнкер Кыргызстанда 2017-жылы шайлоо аркылуу бийликтин тынч жол менен алмашканынын маанисин белгиледи. "Кыргызстан биздин маанилүү өнөктөш. Биз бул мамилени дагы тереңдеткибиз келет. Ошондуктан жаңы келишим даярдап жатабыз жана эртерээк кабыл алынышын каалайбыз" деди. Читать дальше...

Трамп: Сирия боюнча чечим жакын арада кабыл алынат

Azattyk.org 

АКШ президенти Дональд Трамптын 12-апрелдеги билдирүүсүнө  караганда, бүгүн бир нече  кеңешмелер өтүүдө, алардын  жүрүшүндө  айрым  чечимдер кабыл алынуусу  керек, демек  чечим "жакын арада болот". Мунун алдында Трамп бүгүн “Твиттердеги” баракчасында “Сирияга сокку качан жасаларын эч убакта айткан эмесмин, абдан жакын арада болушу мүмкүн же такыр эле жакында эмес”,- деп жазган. Ал эми  француз президенти Эммануэл Макрон  12-апрелде аларда  Сирияда химиялык курал колдонулганынын далилдери бардыгын айтып чыкты... Читать дальше...

Жээнбай: АКШнын окуу системасы өтө ыңгайлуу

Azattyk.org 

Жалалидин Жээнбай - Бириккен Араб Эмирлигинин биринчи президенти Зайд ибн Султан ал-Нахайяна атындагы университеттин доценти. Ал Дубайдагы АКШ университеттеринин үлгүсүндөгү береги жогорку окуу жайда 2014-жылдан бери математика менен статистикадан сабак берет.

Украина КМШдан биротоло чыгат

Azattyk.org 

Расмий Киевдин мындай планын президент Петро Порошенко бүгүн жарыялады. - Украина эч качан КМШнын толук укуктуу мүчөсү болбогонун, ал Орусиянын агрессиясын айыптай албаганын эске алуу менен өкмөт менен кошо КМШнын уставдык органдарына катышууну расмий токтотуу боюнча сунуштарды даярдайбыз. Ага катар Минсктеги тиешелүү институттардагы украин өкүлчүлүктөрүн биротоло жабабыз, - деди ал.  Украин лидери ошондой эле Киевдеги коопсуздук форумунда ал Орусия менен Украинанын ортосундагы “Достук жана кызматташтык”... Читать дальше...

ЕККУ: Азербайжандагы шайлоодо чыныгы атаандаштык болгон жок

Azattyk.org 

Азербайжандын президенти Илхам Алиевдин төртүнчү мөөнөткө кайра шайланышы “олуттуу мыйзам бузуу” менен коштолуп, саясий өнөктүктүн өзүндө “чыныгы атаандаштык” болгон жок. ЕККУнун эл аралык байкоочулары Азербайжандагы кечээги президенттик шайлоо тууралуу ушундай бүтүм чыгарышты. Алардын баштапкы баяндамасында добуш берүүнүн жүрүшүндө “милдеттүү жол-жоболор урматталбаган” көрүнүш кеңири жайылганы, “ачык-айкындуулуктун жоктугу”, “бир катар олуттуу эрежелер бузулганы”, анын ичинде “урналарды шыкап толтуруп салуу” көзгө урунганы айтылган. Читать дальше...

Жогорку сот митинг өткөрүүгө тыюу салган сот чечимин жокко чыгарды

Azattyk.org 

Бүгүн Жогорку сот тынч митингдерди өткөрүүгө байланыштуу “Жашылдар” партиясынын арызын карады. Партиянын жетекчиси Эркин Бөлөкбаевдин “Азаттыкка” айтканына караганда, партия Ленин райондук сотунун 1-апрелден 15-апрелге чейин митинг өткөрүүгө тыюу салган чечимин жокко чыгарууну соттон өтүнгөн. - Биз 16-мартта мэрияга 3-апрелде “Биз тумчугуп жатабыз” деген акцияны өткөрөрүбүздү кабарлаганбыз. 26-мартта кошумча маалымдадык. 29-мартта райондук милиция митинг өткөрүүгө тыюу салуу жөнүндө Ленин райондук сотуна арыз жазыптыр. Читать дальше...

Шайлообек Дүйшеев: Чыке, окутуш керек сиздейди

Azattyk.org 

Эл акыны Шайлообек Дүйшеевдин улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовго арнап жазган кошогу китеп болуп чыкты. “Кудайдын тоосу кулады” деп аталган бул китептеги кошокто акын өмүр бар жерде өлүм барын, өрнөктүү өмүр өлүмдөн алда канча бийик тураарын даңазалаган. “Азаттыктын” сыябан-маегинде акын кыргыздын Манасы, комузу, кошогу жана Айтматову тууралуу ой бөлүштү.



Президент Жээнбековдун кийинки сапары Кытайда болот

Azattyk.org 

Бул тууралуу президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков билдирди. Анын айтымында, Жээнбеков президенттикке киришип жатканда көп векторлуу, ырааттуу саясат жүргүзөөрүн билдирген. Эми дал ушул ыраатта сапарлар уюштурулууда: - Президент алгачкы сапарларын Борбор Азия жана Орусиядан баштаган. Андан соң Түркия жана Европа Биримдигине сапар уюштурулду. Эми болсо Шанхай кызматташтык уюмунун саммитин утурлай кийинки сапарды Кытайга жасайт. Кыргыз президенти Сооронбай Жээнбеков... Читать дальше...

Президенттин кийинки чет элдик сапары Кытайда өтөт

Azattyk.org 

Бул тууралуу президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков билдирди. Анын айтымында, Жээнбеков президенттикке киришип жатканда көп векторлуу, ырааттуу саясат жүргүзөөрүн билдирген. Эми дал ушул ыраатта сапарлар уюштурулууда: - Президент алгачкы сапарларын Борбор Азия жана Орусиядан баштаган. Андан соң Түркия жана Европа Биримдигине сапар уюштурулду. Эми болсо Шанхай кызматташтык уюмунун саммитин утурлай кийинки сапарды Кытайга жасайт. Кыргыз президенти Сооронбай Жээнбеков... Читать дальше...

OPCW Солсберидеги ууландыруу боюнча Британиянын бүтүмүн ырастады

Azattyk.org 

Химиялык куралга каршы эл аралык уюм Солсбери шаарында орусиялык мурдагы чалгын офицерин жана анын кызын ууландырууда колдонулган химиялык зат боюнча Британия чыгарган анализдерди ырастады. Уюм өз бүтүмүндө ал химиялык заттын атын атабаганы менен иликтөөчүлөрү Британия чыгарган тыянактар менен макул экендигин белгилеген. Расмий Лондон мурдагы чалгын офицери Сергей Скрипаль менен анын кызын 4-мартта ууландырууда адамдын нервин шал кылган “Новичок” деген зат колдонулганын билдирип, бул үчүн Орусияны айыптаган. Читать дальше...

Европа өнүктүрүү банкы Кыргызстанга 86 миллион доллар бөлөт

Azattyk.org 

Европа өнүктүрүү жана реконструкциялоо банкы Кыргызстанга калкты таза суу менен камсыз кылуу долбоорун колдоо үчүн 86 миллион доллар бөлөт. Бул тууралуу Брюсселде президент Сооронбай Жээнбеков менен жолугушууда аталган банктын Орусия жана Борбор Азия өлкөлөрү боюнча директору Наталья Ханжекова билдирди. Анын айтымында, бөлүнгөн каражаттын 36 миллион доллары гранттык негизде болот. Бул долбоор 2019-жылы башталып калышы ыктымал. Мындан сырткары орто жана чакан бизнести өнүктүрүү боюнча жаңы долбоорлорду... Читать дальше...

Президент Жээнбеков Брюсселде

Azattyk.org 

Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңеши бүгүн Сириянын тегерегиндеги кырдаалды талкуулайт. Азербайжандагы 11-апрелде өткөн кезексиз президенттик шайлоодо күтүлгөндөй эле Илхам Алиев жеңип чыкты. Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн Брюсселде Евробиримдиктин лидерлери менен жолугушууда.

Президенттиктен кийин премьер болуш кеп бекен?

Azattyk.org 

Серж Саркисян Армениянын президенттигинен кетери менен премьер-министрликке көрсөтүлдү. Жаңы Баш мыйзам бул өлкөнүн премьеринин бийлигин күчөткөн. Кыргызстанда да Конституция өзгөртүлгөндө Алмазбек Атамбаев кайра өкмөт башына келет дешкен. Ал болжолдор азыр да реалдуубу? Негизи эле постсоветтик өлкөлөрдө экс-президенттердин турмушу кандай? Канча пенсия алышат?

Ош шаары менен Ярославль шаары достук келишимин түзүштү

Azattyk.org 

11-апрель күнү Бишкекте өткөн “Мыкты муниципалдык практикалардын” V форумунда Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев Ярославль шаарынын мэринин коомчулук менен байланыш, эл аралык мамилелер боюнча орун басары Вячеслав Гаврилов менен жолугуп, эки шаар ортосунда кызматташтык боюнча протоколго кол коюшту. Жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу кызматташтык тууралуу сүйлөшүүлөр жүрүп, 2018-жылы саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык багыттагы иш-чараларды өткөрүү боюнча келишимдер түзүлдү. Шаар башчы Айтмамат Кадырбаев инвестиция тартуу... Читать дальше...

Ош шаары менен Ярославль шаарынын ортосундагы достук келишимине кол коюлду

Azattyk.org 

11-апрель күнү Бишкекте өткөн “Мыкты муниципалдык практикалардын” V форумунда Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев Ярославль шаарынын мэринин коомчулук менен байланыш, эл аралык мамилелер боюнча орун басары Вячеслав Гаврилов менен жолугуп, эки шаар ортосунда кызматташтык боюнча протоколго кол коюшту. Жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу кызматташтык тууралуу сүйлөшүүлөр жүрүп, 2018-жылы саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык багыттагы иш-чараларды өткөрүү боюнча келишимдер түзүлдү. Шаар башчы Айтмамат Кадырбаев инвестиция тартуу... Читать дальше...

Тогуз-Тородогу тополоңдун себептери

Azattyk.org 

Премьер-министр Сапар Исаков Тогуз-Тородо алтын чайкаган фабрикадан улам чыккан тополоңго байланыштуу райондун акими Тилек Ыдырысовду кызматтан алды. Ал "бул окуяга күнөөсү бар адамдардын баары жазаланаарын" билдирди.

Бишкекте адам өмүрүн алган жарылуу иликтенип жатат

Azattyk.org 

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы "Профикс-Юг" ишканасында адам өмүрү кыйылган жарылуунун чоо-жайын иликтеп жатат. Анын жыйынтыгы менен кылмыш иши козголорун милициянын басма сөз катчысы Адыл Оморов "Азаттыкка" билдирди. Аталган жеке ишканада 11-апрелде жарылуу болуп, 20 жаштагы жумушчу каза тапканын, 28 жаштагы жумушчу жарадар болуп ооруканага жеткирилгенин Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлаган. - Экспертиза дайындалып, териштирүү бүткөндө бир чечим чыгат. Баштапкы маалыматтарга караганда... Читать дальше...

Бишкекте адам өмүрүн алган жарылуунун чоо-жайы иликтенип жатат

Azattyk.org 

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы "Профикс-Юг" ишканасында адам өмүрү кыйылган жарылуунун чоо-жайын иликтеп жатат. Анын жыйынтыгы менен кылмыш иши козголорун милициянын басма сөз катчысы Адыл Оморов "Азаттыкка" билдирди. Аталган жеке ишканада 11-апрелде жарылуу болуп, 20 жаштагы жумушчу каза тапканын, 28 жаштагы жумушчу жарадар болуп ооруканага жеткирилгенин Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлаган. - Экспертиза дайындалып, териштирүү бүткөндө бир чечим чыгат. Баштапкы маалыматтарга караганда... Читать дальше...

Трамп: Сирияга абдан жакын арада сокку урулушу да, урулбай да калышы мүмкүн

Azattyk.org 

АКШнын президенти Дональд Трамп бул тууралуу бүгүн “Твиттердеги” баракчасы аркылуу билдирди. “Сирияга сокку качан урулаарын эч убакта айткан эмесмин, ал абдан жакын арада болушу мүмкүн, такыр болбой калышы да мүмкүн”,- деп жазды Трамп. АКШ президентинин бул сөздөрү Батыш лидерлери Сириянын козголоңчулар ээлеп турган шаарчасындагы химиялык чабуул деп болжолдонгон окуядан кийин аба соккуларына даярданып жаткандай көрүнгөн учурда айтылды. Мунун алдында Ак үйдүн өкүлү Сара Сандерс Трамптын улуттук... Читать дальше...

Кыргызстан Европа менен Орусиянын ымаласы жанданышын каалайт

Azattyk.org 

Кыргызстан Европа менен Орусиянын ортосундагы мамиленин жөнгө салынышын каалайт. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбековдун Брюсселдеги иш сапарынын жүрүшүндө президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков билдирди. Журналисттерди Орусия менен Батыш өлкөлөрүнүн ортосундагы мамиле кыргыз президентинин Европа Биримдигинин жетекчилери менен жолугушуусунда сөз болгон-болбогону кызыктырды. Сыдыков Кыргызстан үчүн Орусия менен стратегиялык кызматташтыкты тереңдетүү маанилүү экенин белгиледи. Читать дальше...

АI: өлүм жазасына тартылгандар Иранда, Саудияда, Иракта жана Пакистанда эң көп

Azattyk.org 

Мындай бүтүм "Эл аралык мунапыс" уюмунун жаңы жарыяланган баяндамасында айтылат. Анда келтирилген маалыматтарга караганда, 2017-жылдын жыйынтыгы менен дүйнөдө адамды өлүм жазасына кесүү жана андай өкүмдөрдү аткаруу азайды, бирок бул көрсөткүч Иран менен Пакистанда жогору бойдон калууда. "Эл аралык мунапыстын" эсебинде, былтыр өлүм жазасы боюнча 993 өкүм ишке ашырылды. Анын ичинен Иранда 507, Сауд Арабиясында 146, Иракта 125, Пакистанда 60 өкүм аткарылды.  Бирок бул көрсөткүчтөргө Кытайдагы өлүм жазасы боюнча маалыматтар кирбейт. Читать дальше...

НТС каналы Орусиянын НТВ каналын трансляция кылууну токтотту

Azattyk.org 

НТС телеканалы Орусиянын НТС каналынын көрсөтүүлөрүн трансляция кылууну 9-апрелде токтотту. Бул тууралуу "Азаттык" радиосуна НТСтин жетекчиси Жайнак Үсенов билдирди: - Өз алдынча иштейли, өзүбүздүн көрсөтүүлөрдү көбөйтөлү деп ушундай чечим кабыл алдык. Бул биздин чечим болду.  Үсөновдун айтымында, НТВнын берүүлөрү 2007-жылдан бери НТС аркылуу көрсөтүлчү. Алгач эфирдин басымдуу бөлүгүн ээлесе, соңку жылдары 3-4 саат трансляция боло баштаган.  Кыргызстанда бир катар телеканалдар Орусиянын мамлекеттик... Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *