Анкарада Орусиянын, Ирандын жана Түркиянын лидерлери жолугат
Кремл түрк-орус президенттеринин шейшембидеги жолугушуусунда эки тараптуу кызматташтык жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу маселеси талкууланарын билдирди. Ошондой эле эки лидер "Аккую" атомдук электр станциясынын биринчи бөлүгүнүн курулушунун расмий башталышына күбө болушат.
Түркиянын 20 миллиард долларга бааланган алгачкы атомдук станциясын "Росатом" мамлекеттик агенттиги курмак болгон.
4-апрелде болсо Анкарада эки лидерге Ирандын президенти Хасан Роухани да кошулуп, алар Сирия маселесин талкуулашмакчы. Үч өлкө буга чейин Сирия маселеси боюнча бир нече жолу Астанада жана Сочиде сүйлөшүүлөрдү өткөрүшкөн.
