Москва Праганы орус хакерин АКШга өткөрүп бергени үчүн сынга алды
"Чех тараптын саясий мотиви бар бул кадамы эки тараптуу кызматташтыктын конструктивдүү негизине шек келтирет", - деп айтылат расмий маалыматта.
"Хакердик жол менен маалыматтарды уурдады" деп шек саналган 30 жаштагы Никулин 2016-жылы Прагада кармалып, өткөн аптада Кошмо Штаттарга экстрадицияланган. Ал өзүнө коюлуп жаткан "АКШнын технология фирмаларынын системаларын бузуп кирген", "миллиондогон адамдардын жеке маалыматтарына коркунуч жараткан" деген сыяктуу айыптарды мойнуна албай турганын 30-мартта Сан-Францискодогу соттук териштирүүдө айтты.
Расмий Москва орус жаранынын кызыкчылыктарын коргош үчүн бардык керектүү чараларды көрөөрүн белгиледи. Никулин Чехияда камакка алынгандан кийин аны өткөрүп алуу тууралуу өтүнүчүн расмий Прагага АКШдан соң Орусия да жиберген болчу.
