Ооганстанда 50дөн ашык окуучу кыз ууланды
Дарыгерлер маалымдагандай, окуучу кыздардын баары башы ооруганын, кускусу келип жатканын айтышкан. Алардын абалы туруктуу экени кабарланды. Бирок азырынча жапырт ууланууга эмне себеп болгону айтыла элек.
Полиция окуя болгон жерге иликтөө жүргүзүш үчүн атайын эксперттер жөнөтүлгөнүн маалымдады. Гилменд провинциясынын басымдуу бөлүгүн кыздардын билим алышына каршы чыккан "Талибан" кыймылы көзөмөлдөйт.
