Француз лидери ЕБны “авторитаризмге азгырылбоого” чакырды
Франциянын лидери Эммануэль Макрон бүгүн Европанын парламентинде президент катары биринчи жолу сөз сүйлөдү. Ал Европада азыр “жарандык согуштун кандайдыр бир түрү жүрүп жатканын" белгиледи.
Макрон “либералдуу эместикке” басым жасоо “такай күчөп жатканын” айтканда Венгрия жана Польша сыяктуу өлкөлөрдөгү кырдаалды эске алды окшойт:
- Мен Европада жайылып жаткан, демократия алсыздыкка кептелди деген идеяны четке кагам. Бизди бардык жагыбыздан курчап турган авторитаризмге жооп – авторитардык демократия эмес, демократиянын аброю.
Француз президенти “мен Европанын суверенитетин коргогон муунга таандык болгум келет, себеби биз ал үчүн күрөшкөнбүз, мен авторитаризм боюнча азгырыктарга эч берилбейм”,- деп кошумчалады.
Акыркы апталарда эле Венгрияда, Италиядагы шайлоолордо популисттик партиялар жеңишке жетишкен.
Макрон Евробиримдик 2015-жылдан бери туш болгон эң талылуу маселе – качкындарды кабыл алган жамааттарды кор түзүүнү да сунуш кылды.
Макрондун сөзүн Еврокомиссиянын президени Жан Клод Юнкер “чыныгы Франция кайтып келди”, - деп кубаттады.
Эммануэль Макрон былтыр 7-майда Франциянын президенти болуп шайланган. (UE)