Европарламент депутаттары Орусиядагы чемпионатты бойкоттоого чакырууда
![Европарламент депутаттары Орусиядагы чемпионатты бойкоттоого чакырууда](https://gdb.rferl.org/26D9F3F5-A9BA-4111-8F8A-E26AC0DC296F_w800_h450.jpg)
“Эркин Европа/Азаттык” радиосунун кабарчысы көргөн катка азырынча Европарламенттин 46 депутаты кол койгон.
Алар катта Евробиримдиктин өкмөттөрүн Орусияда футбол боюнча быйыл жайда өтүүчү дүйнө чемпионатын бойкоттоого чакырып, мунун жүйөсү катары президент Путин Европанын баалуулуктарын “келекелеп” жатканын айтышкан.
Евробиримдиктеги 28 өлкөнүн өкмөттөрүнө 18-апрелде жөнөтүлүүчү катта Британияда мурдагы чалгын офицери Сергей Скрипал менен анын кызынын ууландырылуусу “Путин Европанын баалуулуктарын келекелегенинин акыркы гана мисалы” деп көргөзүлөт.
Катта ошондой эле Орусиянын “Сирияда жайкын тургундар жашаган аймактарды, мектептер менен ооруканаларды бомбалашы, Украинага кыянатчыл аскерий кол салуусу, системалуу түрдө жүрүп жаткан киберчабуулдар, жалган маалымат жайылтуу, шайлоого кийлигишүү, Евробиримдикти алсыратып, ага ажырым салуу аракеттери” да айтылган.
Буга чейин Британия менен Исландиянын өкмөттөрү 14-июнда баштала турган чемпионатка алардан өкмөт адамдары барбай турганын билдиришкен.
Евробиримдиктен атын атагысы келбеген булактардын “Эркин Европа/Азаттык” радиосуна билдиргенине караганда, футбол боюнча Орусиядагы дүйнөлүк чемпионатты координацияланган дипломатиялык бойкот жасоо тууралуу алдыдагы аптада жарыяланары күтүлүүдө.
Европарламент депутаттарынын каты Евробиримдик өкмөттөрүнө “2014-жылы Сочидеги кышкы Олимпиададан үч күндөн кийин Путин Украинага басып киргенин” да эске салып, азыр эми "туура" кадам жасоого үндөйт. (UE)