Меркелдин ордуна Аннегрет Крамп-Карренбауэр шайланды
Партияны 18 жыл башкарган Ангела Меркел бул жолу өз талапкерлигин койгон жок. Буга чейин партиянын баш катчысы кызматын аркалап келген Аннегрет Крамп-Карренбауэрден тышкары төрагалыкка саламаттыкты сактоо министри Йенс Шпан жана партиянын парламенттеги фракциясынын мурдагы жетекчиси Фрдирих Мерц өз талапкерлигин көрсөтүштү.
29-октябрда Меркел 2021-жылы канцлердик мөөнөтү бүткөндөн кийин кайрадан бул кызмат үчүн ат салышпай турганын, өз партиясынын жетекчилигинен жыл соңунда кетерин билдирген. Ал бул чечимин христиан-демократтар аймактык шайлоолордо ийгиликке жетпей калгандан кийин жарыялаган.
64 жаштагы Ангела Меркел 2000-жылы партиянын төрайымы болуп шайланган. Беш жылдан кийин канцлер болуп, андан бери бул кызматты колдон чыгара элек болчу.
