АКШ түрмөсүндөгү Мария Бутина күнөөсүн мойнуна алды
Кошмо Штаттар "Орусиянын кызыкчылыгын мыйзамсыз сүрөгөн" деп айыптаган орус жараны Мария Бутина чет элдик агенттер жөнүндө америкалык мыйзамды бузганын мойнуна алды. Ал тергөө менен кызматташууга макул болгонун Reuters агенттиги кабарлады. Бутина өзүнө коюлган айыптардын бирин гана моюнуна алды. Калган айыптарды, анын ичинде "Орусиянын кызыкчылыгын мыйзамсыз сүрөгөн" дегенди четке какты. Ушул тапта Бутина беш жылга эркинен ажыратылышы мүмкүн. Бирок прокуратура менен кызматташса жазасы дагы жеңилдеши мүмкүн. Читать дальше...