Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Декабрь
2018

Новости за 17.12.2018

Уулун издеген эне Москвага жетти

Azattyk.org 

Кадамжайдан барган Сейилкан эне июнь айынан бери Москва шаарында жүрөт. Ал жети жыл мурда үйүнөн кеткен бойдон дайынсыз жоголгон уулун издеп барган. Анын уулу Талантбек Мырзакматовдун тагдыры дале белгисиз.

Курманов: Кол тийбестик жоюлса жоопкерчилик күчөйт

Azattyk.org 

Жогорку Кеңеште талкууланып жаткан экс-президенттин кол тийбестигине байланыштуу мыйзам долбоору кабыл алынса, анын демократиялык жараянга, саясий бийликти өз ыктыяры менен өткөрүп берүүгө таасири кандай? Тарых илимдеринин доктору, профессор Зайнидин Курмановго ушул суроону узаттык.

АКШ Сенаты Орусиянын шайлоодогу аракети боюнча кеңири баяндама жарыялайт

Azattyk.org 

"The Washington Post" басылмасы 16-декабрда кабарлагандай, АКШ Сенаты Орусиянын 2016-жылкы президенттик шайлоо өнөктүгү учурунда ал кездеги талапкер Дональд Трампка жардам берүүнү көздөгөн маалымат өнөктүгүн документтештирген кеңири баяндаманы жарыялоого даярданууда.  АКШ Сенатынын чалгын комитетинин маалымат-иликтөө тобу даярдаган баяндамада социалдык медиадагы миллиондогон посттор иликтенген. Аларды Сенаттын иликтөө тобуна "Твиттер", "Фейсбук" жана "Google" компаниялары берген. Баяндамада Орусиянын... Читать дальше...

Мектепке жарыбаган жаңы конуштар

Azattyk.org 

Бишкек четиндеги жаңы конуштарда мектеп маселеси чегине жетти. Жалаң кыз-келиндерди ташыган такси кызматы. Адабиятты аздектеген үй-бүлө. "Делбиримден" дүйнөгө таанылган түрк актрисасы.

Чемпиондор лигасы: "Ливерпуль" "Бавария" менен ойнойт

Azattyk.org 

УЕФАнын башкы штабында Чемпиондор лигасынын 1/8 оюндары үчүн чүчүкулак кармоо өттү. Ага ылайык, учурдагы чемпион, Мадриддин “Реал” клубу Голландиянын “Аякс” командасы менен ойной турган болду. Ошондой эле “Ювентус” “Атлетикого” каршы ойнойт. Ал эми “Манчестер Юнайтед” 1/8 оюндарда алгачкы беттешти Парижде “ПСЖ” футболчулары менен өткөрө турганы аныкталды. Чүчүкулактын жалпы жуптары төмөндөгүдөй: «Шальке» – «Манчестер Сити» «Атлетико» – «Ювентус» «Манчестер Юнайтед» – «ПСЖ» «Тоттенхэм» ... Читать дальше...

Москвадагы Бутырка түрмөсү жабылат

Azattyk.org 

Бул тууралуу Орусиянын Жаза аткаруу боюнча федералдык кызматынын төрага орун басары Валерий Максименко билдирди. Анын айтымында, шаар бийлиги ФСИНге Бутырканын ордуна 2000 орундуу жаңы абак жайды Москванын жанында куруп берүүнү сунуштады. Жаңы курула турган абактагы камералар европалык стандарттарга ылайыкташып, бир кишиге жети чарчы метр деп эсептелет.  Бутырка - Москванын эң ири жана эски түрмөсү. Бутырка 1771-жылы курулуп, кийин бир нече жолу оңдолгон. Кезинде бул түрмөдө бир катар орусиялык жана советтик белгилүү адамдар... Читать дальше...

Канада Сауд Аравия менен ири аскерий келишимди үзүшү мүмкүн

Azattyk.org 

Канада Сауд Аравия менен ири аскерий келишимди үзүүнү журналист Жамал Хашогжинин өлүмүнө жооп чара иретинде караштырып жатат. Канаданын премьер-министри Жастин Трюдо бул тууралуу жергиликтүү CTV телеканалы менен жекшемби күнкү маегинде билдирди.  Канаданын Саудияга аскерий техника сатуусун караган келишимге 2014-жылы кол коюлуп, акчалай наркы 13 миллиард долларга жакын болгон. Ага ылайык, Канада Эр-Риядга LAV 700 үлгүсүндөгү 900дөн ашык брондуу аскерий унаа сатмак. Өткөн айдын аягында Канада... Читать дальше...

Аалам периси анык болду

Azattyk.org 

Подмосковьеде имараттын чатыры кулап, адам өмүрлөрү кыйылды. Жаракат алгандар да бар. Венгриялыктар «кулчулук мыйзамын» кабыл алды деп, өкмөткө каршы толкуду. Кытайлык укук коргоочулардын аялдары куугунтукка каршылык иретинде чачтарын кырып салышты. Аалам периси аныкталды.



“Мончого баратканда кармап кетишти”

Azattyk.org 

Дүйшөмбүдө Алматыда бир нече жарандык активист кармалганы маалымдалды. Казак полициясы кармоолордун себебин түшүндүргөн жок. 16-декабрда да ушул эле калаада ондон ашуун киши кармалып, бир нече сааттан кийин коё берилген.

“Замандаштагы” ажырым

Azattyk.org 

Эмгек мигранттарынан куралган “Замандаш” ассоциациясы “Замандаш” саясий партиясы менен эч кандай байланышы жок экенин айтып чыкты.

Эмгек сиңирген артист Дүйшөнбек Үкүев дүйнөдөн кайтты

Azattyk.org 

Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Дүйшөнбек Үкүев 71 жашында узакка созулган оорудан кийин дүйнөдөн кайтты.  Маркумдун жакындарынын айтымында, аны акыркы сапарга узатуу зыйнаты 18-декабрда саат 10:00дө Жети-Өгүз районундагы Жеңиш айылында болот. Дүйшөнбек Үкүев - обончу, ырчы жана аткаруучу. Ал  Жети-Өгүз районунун Жеңиш айылында 1947-жылдын 20-июнунда туулган. 1967-жылдан тартып Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында иштеп келген. 1990-жылы композитор Жумамүдүн... Читать дальше...

Ишкерди улам каматкан "ипподром иши"

Azattyk.org 

Бишкектин Биринчи май райондук соту 17-декабрда ишкер Эркинбек Мергенбаевди 2019-жылдын 6-январына чейин камакта калтыруу жөнүндө чечим чыгарды.

Ипподром иши: ишкер абакта калды

Azattyk.org 

Бишкектин Биринчи май райондук соту 17-декабрда ишкер Эркинбек Мергенбаевди 2019-жылдын 6-январына чейин камакта калтыруу жөнүндө чечим чыгарды. Ат майдандын курулушуна байланыштуу биринчи козголгон кылмыш ишинин негизинде ишкер алгач алты жылга түзөтүүчү абакка кесилген, бирок ден соолугуна байланыштуу жатак абакка которулган. ИИМ болсо “ишкердин экинчи ирет камалышы мыйзамсыз” деген дооматтарды четке кагууда.

УКМК: Зилалиевдин акчасы боюнча видеону банк былтыр тарткан болушу мүмкүн

Azattyk.org 

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) мурдагы вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиевге таандык экени айтылган акча банктын уячасынан алынып жаткан видео боюнча расмий билдирүү таратты.  УКМКнын маалыматы боюнча бул видео Зилалиевге карата жүргүзүлгөн санкцияланган тергөө-иш чараларынын алкагында табылган. Мекеме видео декларацияда көрсөтүлбөгөн акча каражаттарынын далили катары кылмыш ишине кошулганын жана анын тарап кетишине банктын эч кандай тиешеси жок экендигин маалымдайт. ... Читать дальше...

Бишкек четиндеги төрт нөөмөттө окуган балдар

Azattyk.org 

“Азаттыктын” “Данисте” телетоптомун бүгүн (17-декабрда) саат 21:30да ЭлТРден көрүңүз. Бишкек четиндеги жаңы конуштарда мектеп маселеси чегине жетти. Жалаң кыз-келиндерди ташыган такси кызматы. Абадиятты аздектеген үй-бүлө. Делбиримден дүйнөгө таанылган түрк актрисасы.

"Эйр Манас" авиакомпаниясы тейлөөнү убактылуу токтотту

Azattyk.org 

"Эйр Манас" авиакомпаниясы 17-декабрдан 23-декабрга чейин тейлөөнү токтотту. Компаниянын жетекчиси Талгат Нурбаев компаниянын учагы Түркияда ремонттолуп жатканын айтты.  "Эйр Манас" компаниясынын карамагында  бир учак бар. Мурда Бишкек-Ош, Бишкек-Москва, Бишкек-Стамбул багытында эл ташыган компания 2018-жылдын октябрында эл аралык каттамдарды токтоткон. Нурбаев буга айрым эл аралык талаптар себеп болгонун белгиледи.   - Европа Биримдигинин "кара тизмесинен" баштап, бажы төлөмдөрүндө жеңилдиктердин... Читать дальше...

Жерүй кенин иштеткен компания лицензияны күрөөгө коюп насыя алууда

Azattyk.org 

Жерүй алтын кенин иштетүү укугун алган "Альянс Алтын" компаниясы орусиялык "ВТБ банктан" 180 миллион доллар насыя алат. Компаниянын расмий өкүлү Данияр Жаныкулов "Азаттыкка" билдиргендей, лицензияны күрөөгө коюш үчүн Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитеттен 2018-жылдын сентябрында уруксат алынган. Андан соң банк менен келишим түзүлгөн.  Жаныкулов лицензия күрөөнүн бир бөлүгү экенин белгилеп, негизги кепилдик компаниянын жеке капиталы жана мүлкү экенин айтты. Читать дальше...

Жалал-Абадда милиция үчүн ден соолук чыңдоо борбору ачылды

Azattyk.org 

Жалал-Абад шаарында алгачкы жолу Ички иштер министрлигинин медицина башкармалыгынын облустук ден соолукту калыбына келтирүү борбору иштей баштады. Бул тууралуу "Азаттыкка" борбордун башкы адиси Ырыскан Калыгулова билдирди. Үч кабаттуу эски имарат капиталдык оңдоодон өткөрүлүп, 10 чакты керебет коюлду. Борборго биринчилерден болуп милициянын ардагерлери кабыл алынды. Дарылануучуларга физиотерапия кызматтары акысыз көрсөтүлүп, ысык тамак менен камсыз болгон. Медициналык борбордо мындан сырткары амбулатордук кызмат көрсөтүү да иштейт. Читать дальше...

АКШ Дүйнөлүк соода уюмунда Кытайдын саясатын айыптады

Azattyk.org 

Кошмо Штаттардын өкүлүнүн бүгүн Женевадан айткандарына караганда, Кытайдын “абийирсиз атаандаштык практикасы” чет элдик компаниялар менен жумушчуларга зыянын тийгизип, Дүйнөлүк соода уюмунун (ДСУ) эрежелерин бузууда. АКШнын соода өкүлү Деннис Ши бул тууралуу бүгүн алардын соода саясаты карала баштаган жыйында билдирди жана Вашингтон ДСУну реформалоо боюнча аракеттердин башында турарын кошумчалады. Кытай болсо бул сөздөргө жооп кылып, АКШны ДСУнун реформасын “тең укуктуу консультациялар” аркылуу жүргүзүүгө чакырды. Читать дальше...

Президент Жээнбеков биринчи жолу басма сөз жыйынын өткөрөт

Azattyk.org 

Президент Сооронбай Жээнбеков мамлекет башчысы болуп шайлангандан бери биринчи жолу журналисттер үчүн басма сөз жыйынын өткөрүп, жыл жыйынтыгын чыгарат. Бул тууралуу "Азаттыкка" президенттик аппараттын өкүлдөрү билдиришти. Басма сөз жыйыны "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында 19-декабрда өтөт. Кыргызстан социал-демократиялык партиясынан (КСДП) көрсөтүлгөн талапкер Сооронбай Жээнбеков 2017-жылдын 15-октябрындагы президенттик шайлоодо жеңип чыккан. Ошол жылдын 24-ноябрында кызматына расмий киришкен. Читать дальше...

18-декабрга аба ырайы тууралуу маалымат

Azattyk.org 

19-декабрга чейин Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош жолундагы Төө-Ашууда, Ала-Белде, Чычкан капчыгайында жана Чапчыма ашуусунда кар көчкү түшөт, жолдор тоң, тайгак болот. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги автоунаалардын ортосунда 500 метр аралык сакталышы керек экенин эскертет. “Кыргызгидромет” борбору 18-декабрда түнкүсүн айрым жерлерде, күндүз көпчүлүк аймактарда кар жаай турганын билдирет. Ош менен Жалал-Абадда жамгыр жаайт. Чүй, Жалал-Абад жана Ысык-Көл облустарында жаан-чачын катуу болушу ыктымал. Читать дальше...

Украин чиркөөсү Москвадан толук бөлүндү

Azattyk.org 

Украинада Москва патриархатына баш ийбеген бирдиктүү украин православ чиркөөсү түптөлдү. Президент Петро Порошенко муну "Путинсиз чиркөө" деп атады.

"Пирамида" телеканалы трансляция үчүн акчаны көбөйтүүнү сурады

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин жыйындарын көрсөтүш үчүн "Пирамида" телеканалына жылдык каржылык колдоону 10 миллион сомго көтөрүү жөнүндө сунуш түштү. Телеканалдын жетекчиси Калыйбек Асылбашев мындай өтүнүч парламенттин Социалдык маселелер, билим берүү, маданият жана саламаттык сактоо комитетине жиберилгенин, эми жалпы жыйынга чыгарыларын айтты.  Учурда каналга бөлүнчү акча 4 миллион сом. Асылбашев бул сумма депутаттардын жыйынын элге сапаттуу жеткирип бериш үчүн техникалык мүчүлүштүктү жоюуга жетпей жатканын билдирди. Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *