Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Декабрь
2018

Новости за 03.12.2018

Грузиянын президенти бийликти оппозиция менен сүйлөшүүгө чакырды

Azattyk.org 

Грузиянын президенти Георгий Маргвелашвили башкаруучу партияны оппозиция менен диалог жүргүзүүгө чакырды. Бул тууралуу 3-декабрда президенттин администрация башчысы Георгий Абашишвили мөөнөтү аяктап жаткан Маргвелашвили менен шайланган президент Саломе Зурабишвили жолуккандан кийин билдирди. Абашишвили белгилегендей, оппозиция көтөргөн суроолордун тегерегинде сүйлөшүү болушу керек. "Президент башкаруучу партиянын командасын оппозиция менен сүйлөшүү жүргүзүүгө чакырды. Президент бул процесске катышууга даяр" - деди администрация башчысы. Читать дальше...

Трамп Орусия, Кытай менен жарыша куралданууну талкуулоого убада берди

Azattyk.org 

АКШ президенти Дональд Трамп келечекте кытай жана орус лидерлери менен жарыша куралдануу көйгөйүн талкууларын билдирди. Ал бул тууралуу "Твиттердеги" баракчасына жазды. Трамп АКШнын 2019-жыл үчүн аскердик бюджети, мурда болуп көрбөгөндөй, 716 миллиард долларга жеткенин “акылга сыйбаган нерсе” деп атады.       АКШ президенти Аргентинада өткөн "Чоң жыйырманын" саммитинде Кытайдын лидери Си Цзинпин менен сүйлөшкөнүн "алдыга чоң кадам" деп баалады. Америкалык лидердин белгилешинче, сүйлөшүүдөн... Читать дальше...

Эрландын эркин сынаган тагдыр

Azattyk.org 

Оор тагдырына чөкпөй, алдына катар-катар максат койгон эрки күчтүү Эрлан. Кытайдагы камоолорго туш болгон жүздөгөн боордоштордун туугандары кыргыз бийлигине ачык кайрылышты. Майып балдар үйүн өз камкордугуна алган Ноокендеги айдоочу. Ар улуттун дыйкандарын, чарбагер жана алып сатарларын бир жерге топтогон чек арадагы достук базары.

Эгизбаевдин “Чындык деп жанган өмүр” китебинин электрондук версиясы чыкты

Azattyk.org 

“Азаттык” радиосунун иликтөөчү журналисти Уланбек Эгизбаевдин “Чындык деп жанган өмүр” деп аталган китебинин электрондук версиясы жарык көрдү (китепти бул жерден жүктөп алыңыз). Китептин электрондук версиясы "PDF" форматында. Бул китепке маркумдун кыска өмүрүндө калтырып кеткен эмгектери – жемкордукту, мыйзамсыздыкты ашкерелеген видео иликтөөлөрү, даректүү тасмалары жазуу түрүндө киргизилди. Ошондой эле журналисттин кызыктуу блогдору, макалалары, өзү тарткан сүрөттөрү да бар. Мындан сырткары китептен ал жөнүндө дилбаяндарды... Читать дальше...

Орусияда 40 кыргызстандык ара жолдо калды

Azattyk.org 

Вашингтон менен Бээжин “соода тирешин” 90 күнгө токтото турууну чечишти. Катар Мунай экспорттоочу мамлекеттердин уюмунан чыгаарын жарыялады. Орусияга иш издеп барган 40 кыргызстандык алданып, ара жолдо калганын айтып чыгышты.

ИИМ "тизмегейтти" иликтей баштады

Azattyk.org 

Ички иштер министрлиги "президент Сооронбай Жээнбековдун былтыркы шайлоо штабынын чыгымдары" деп жарыяланган тизмени иликтөөгө киришти.



Будапешттеги Соростун университети Венага көчүүгө мажбур болду

Azattyk.org 

Будапешттеги Борбордук Европа университети премьер-министр Виктор Орбандын өкмөтү менен узакка созулган кармаштан кийин өз программаларын Венадагы кампуска көчүрүүгө “мажбур" экенин билдирди.   Америкалык филантроп Жорж Сорос каржылаган бул университеттин ректору Майкл Игнатьев 3-декабрдагы билдирүүсүндө “Борбордук Европа университети кетүүгө мажбурланганын” айтты. “Америкалык университет НАТОнун курамындагы өлкөдөн чыгарылган мындай окуя буга чейин болгон эмес”, - деди ал. АКШда аккредитацияланган... Читать дальше...

Ош облустук милиция кызматкери жол кырсыгынан каза тапты

Azattyk.org 

33 жаштагы милиция кызматкери Максатбек Рахманжан уулу 3-декабрга караган түнү жол кырсыгынан каза болду. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.   Маркум Ош облустук ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматынын өзгөчө маанилүү иштер боюнча ага тергөөчүсү болуп иштеген.   Ал 1985-жылы 18-июлда Ош облусунун Ноокат районундагы Кеңеш айылында туулган. 2006-жылы ИИМдин академиясын аяктагандан кийин милицияда бир катар жооптуу кызматтарды аркалаган.     Акыркы... Читать дальше...

"Союз" кемеси космоско ийгиликтүү учурулду

Azattyk.org 

"Союз" кемеси октябрь айындагы авариядан кийин биринчи жолу космоско учурулду. Үч космонавтты салган кеме 3-декабрда Бишкек убактысы боюнча кечки 5:30да Казакстандагы "Байкоңур" космодромунан ийгиликтүү учуп чыкты.  "Союз МС-11" кемеси алты жарым сааттан кийин Эл аралык космос станциясына жетет. Кеменин командири Олег Кононенко ушуну менен төртүнчү жолу космоско учуп жатат. Ал эми калган астронавттар: америкалык Энн Макклейн менен канадалык Давид Сен-Жакка биринчи жолу космостук станцияга жөнөштү. Читать дальше...

Катар ОПЕКтен чыгарын жарыялады

Azattyk.org 

Катар мамлекети Мунай экспорттоочу мамлекеттердин уюму – ОПЕКтен чыга турганын жарыялады. Ал өз чечимин өлкө мындан ары негизги көңүлдү мунай эмес, газ өндүрүүгө бура тургандыгы менен түшүндүрүп жатат. Доха ОПЕКке 1961-жылы мүчө болгон.

Кытайлык кайрылмандар Акыйкатчыга кайрылышты

Azattyk.org 

3-декабрда акыйкатчы Токон Мамытов жакындарын издеген кыйтайлык кайрылмандар менен жолукту. Алар Кытайдагы дайыны чыкпай жаткан жана "саясий тарбия берүүчү" лагерлерде жүргөн туугандарынан кабар алып, эмнеге кармалып жатканын билип берүүнү өтүнүшкөн. Бул тууралуу Акыйкатчыга кайрылгандардын бири Алмамбет Осмон уулу “Азаттыкка” билдирди:  - Биз он чакты киши бардык эле. Эки түрдүү өтүнүч кылдык. Биринчиси - "бейкүнөө кесилип, лагерде отурган адамдар бар. Эмнеге ошондой болгонун тактап берсеңиздер... Читать дальше...

4-декабрга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Azattyk.org 

Шашылыш билдирүү 2018-жылдын 3-декабрында жаап өткөн жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош автоунаа жолунда жана башка бийик тоолуу аймактарда кар көчкү түшүшү мүмкүн. Аба ырайы 4-декабрда өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы:  Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -6...-11, күндүз 2...7, Талас жергесинде түнкүсүн -9...-14 күндүз 2...7, Баткен облусунда түнкүсүн 0...-5... Читать дальше...

Катар ОПЕКтен чыгат

Ca-irnews.com (kg) 

Катардын энергетика министри Саад аль-Кааби Доха 2019-жылдын 1-январынан баштап мунайзат экспорттогон өлкөлөрдүн уюмунан (ОПЕК) чыгат деп билдирди.

"Жунда" заводунун иши боюнча депутаттык жумушчу топ түзүлдү

Azattyk.org 

Бүгүн, 3-декабрда Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин жыйынында “Жунда” мунай иштетүүчү заводуна пайдалануу үчүн сырттан ташылып келчү химиялык заттарды пайдалануу жөнүндө мыйзамдардын сакталышын жеринен иликтөө боюнча жумушчу топ түзүлдү. Ага депутаттар Айтмамат Назаров, Алмасбек Акматов, Абылкайыр Узакбаев, Бакирдин Субанбеков, Мухтар Айнакулов, Экмат Байбакпаев жана тиешелүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрү кирди. "Жунда" заводу жыл сайын 800 миң тонна мунайды кайра иштетүүгө ыңгайлашкан. Читать дальше...

"Иш козголду" деген Жогорку соттун судьясына сөгүш гана берилди

Azattyk.org 

"Азиз-активист Темирлан Ормоков тергөө абагына камалган учурда анын арызын убагында карабай, эркиндикке болгон конституциялык укугун бузган" деп айыпталган Жогорку соттун судьяларынын бири Арзыбек Акыевге кылмыш иши козголбостон, сөгүш гана берилди. Бул тууралуу Коомдук талдоо институту кабарлады. Институттун директору Рита Карасартова “Азаттыкка” билдиргендей, ал жетектеген уюмдун өкүлдөрү сот системасын мониторинг кылуунун жүрүшүндө Акыевге Соттор кеңешинин тартип комиссиясы сөгүш берген чечим менен таанышкан. Читать дальше...

Сирияда "Ислам мамлекети" тобунун башчыларынын бири өлтүрүлдү

Azattyk.org 

Жекшемби күнү Сирияда “Ислам мамлекети” террордук тобунун лидерлеринин бирөөнү АКШ жетектеген коалициялык күчтөрдүн абадан таамай урган соккусу өлтүрдү. Бул тууралуу "Reuters" агенттиги Вашинтон администрациясынын өкүлүнүн маалыматына таянып кабарлады. Анын айтымында, Абу ал-Умарайн Сирияда адамдарды туткунга алууга жооптуу болгон. Алардын арасында куткаруу кызматында иштеген америкалык Питер Кассиг да бар. 2014-жылы экстремисттер анын башын алышкан. Мурдараак Сириянын мамлекеттик маалымат каражаттары... Читать дальше...

Жорж Буштун сөөгү Хьюстондон Вашингтонго жеткирилет

Azattyk.org 

94 жашында дүйнөдөн кайткан АКШнын мурдагы президенти Жорж Буштун сөөгү Хьюстондон Вашингтонго жеткирилет.  3-декабрдан 5-декабрга чейин анын сөөгү салынган табыт Капитолий имаратына коюлуп, жарандарга мурдагы президент менен коштошууга мүмкүнчүлүк берилет. Мамлекеттик коштошуу зыйнаты шаршемби күнү Вашингтондун кафедралдык соборунда өтөт.  Буштун сөөгү Техаста өзүнүн ысымы ыйгарылган китепкананын аймагында жети ай мурда көз жумган жубайы Барбара Буш менен 1953-жылы үч жашында чарчап калган кызынын кабырларына жанаша көмүлөт. Читать дальше...

Айтматовдун "Ак кемеси"

Azattyk.org 

Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналган "Декабрдын күнү" аттуу көргөзмө эшигин ачты. Мында "Ак кеме" повестинин арт-инсталляциясы жана жазуучунун эмгек жолуна арналган жаңы стилдеги картиналар коюлган.

Министрлик табып Зайналиевге чара көрүү боюнча прокуратурага кайрылды

Azattyk.org 

Саламаттык сактоо министрлиги чуулгандуу табып Хашим Зайналиевди жоопкерчиликке тартууну өтүнүп Башкы прокуратура баштаган укук коргоо органдарына кайрылды. Бул тууралуу аталган министрлик кабарлады. Маалыматка ылайык, Саламаттык сактоо министрлиги Зайналиевге чара көрүү талабы менен 2016-жылдан бери бир нече Башкы прокуратурага кайрылган. Эки жолу кылмыш иши козголуп, бирок жабылып калган. Саламаттык сактоо министрлиги учурда ал кайрадан оор дартка туш болгон бейтаптарды өз алдынча дарылоого аракет кылып жатканын... Читать дальше...

Трамп "Талибан" менен сүйлөшүүдө Пакистандан жардам сурады

Azattyk.org 

Пакистандын бийлиги АКШнын президенти Дональд Трамп премьер-министр Имран Ханга кат жазып, Ооганстандагы тынчтык сүйлөшүүлөрүнө көмөк көрсөтүүнү суранганын маалымдады. Пакистандын маалымат министри Фуад Чхоудхри президент Трамп “талибдерди тынчтык сүйлөшүүлөрүнө тартууда кызматташууну өтүнгөнүн” 3-декабрда билдирди.     Чхоудхринин айтымында, Трамп 17 жылдан берки ооган согушун аяктоодо Пакистан өз ролун аткарышы зарыл экенин белгилеген. Ак үй Трамптын Исламабадга жазган каты боюнча дароо комментарий берген жок. Читать дальше...

2019-жылы пенсияны көбөйтүүгө 660 млн. сомго чукул каражат бөлүнөт

Azattyk.org 

Жогорку Кеӊештин Бюджет жана финансы боюнча комитети “Социалдык фонддун 2019-жылга бюджети жана 2020-2021-жылдарга божомолу жөнүндө” мыйзам долбоорун үч окууда жактырды.  Соцфонддун башчысы Медет Ирсалиевдин айтымында, 2019-жылга мекеменин бюджетинин долбоору кирешелер боюнча 54 млрд. 61 млн. 345 миң сом өлчөмүндө түзүлдү. “2019-жылы камсыздандыруу төгүмдөрүнүн түшүшү эмгек акы төлөө фондунан 27,25 пайыз камсыздандыруу төгүмдөрүнүн ченинен улам аныкталды. Алардын 23 пайызы пенсиялык фондго, 2 пайызы Мамлекеттик пенсиялык топтоо фондуна... Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *