Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Декабрь
2018

Новости за 11.12.2018

Путиндин Чыгыш Германиянын атайын кызматы берген күбөлүгү табылды

Azattyk.org 

Бул тууралуу немис медиасы кабарлоодо. Маалыматка караганда, Орусия президенти Владимир Путиндин Чыгыш Германиянын жашыруун кызматы берген документи же күбөлүгү Дрездендеги архивдерден табылды. Германиялык Bild гезити 11-декабрда майор Владимир Путиндин күбөлүгү деген документти сүрөтү менен жарыялады. Анда 1989-жылдын соңуна чейин жарактуу экенин көргөзгөн мөөр да коюлган. Документ мурдагы Чыгыш Германия - ГДРдин атайын кызматы- “Штазинин” архивдери арасынан табылган. Дрездендеги архив мекемесинин өкүлү Конрад Фелбердин айтымында... Читать дальше...

Кытай Канаданын мурдагы дипломатын кармаганы кабарланууда

Azattyk.org 

Кытайда Канаданын Бээжиндеги элчилигинин мурдагы кызматкери Майкл Ковриг камалганын өз булактарына таянып "Reuters" агенттиги кабарлоодо. Агенттиктин кабарчысына бул маалыматты Ковригдин учурдагы иш берүүчүсү ырастаган. Канадалык мурдагы дипломат азыр Эл аралык кризис тобу (International Crisis Group) деген иликтөөчү уюмда Кытай боюнча талдоочу катары иштейт. Аталган уюмдан "Reuters" агенттигине алар өз кызматкеринин тезирээк бошотулушу үчүн аракеттене турганын билдиришти. Майкл Ковриг 2003-жылдан... Читать дальше...

Якуттар кышында муз жыйнашат

Azattyk.org 

Түркиядагы акча кризиси курулуш тармагына кишен болууда. Орусияда 16 жыл жашаган көп балалуу тажик келин өлкөдөн чыгарылган жатат. Украина-Орусия чек арасындагы бир айыл экиге бөлүнүп калды. Тажикстанда көз карандысыз интернет сайттар кайрадан жабылды. Ооганстандагы кургакчылык миңдеген адамды гумжардамга муктаж кылды. Кытайлык жигит бука менен күрөшөт.

Ооганстанда 11-декабрдагы кол салуулардан 31 адамдын өмүрү кыйылды

Azattyk.org 

Бул тууралуу расмий өкүлдөр, жергиликтүү кеңеш депутаттары  билдиришти. Ички иштер министрлигинин басма сөз катчысы Нажиб Даништин айтымында, жанкечти айдаган автоунаа борбор Кабулдун батыш ыптасында 11-декабрда коопсуздук күчтөрүнүн кербенинин жанында жарылганда 13 кишинин өмүрү кыйылды. Алардын төртөө күч түзүмдөрүндө иштегендер, тогузу жайкын тургундар. Мындан сырткары дагы 11 киши жаракат алган. Кол салуу үчүн “Талибан” жоопкер экенин, алардын согушкери окуя болгон жерге жардыруучу затка шыкалган... Читать дальше...

Тоолор - Кыргызстандын чеби

Azattyk.org 

11-декабрь Эл аралык тоо күнү. Кезинде Кыргызстан Улуттар Уюму тарабынан 2002-жылдын Эл аралык тоо жылы деп жарыяланышына демилгечи болгон.

Орусияда патент кымбаттайт

Azattyk.org 

Орусияда ишке уруксат берген патенттин акысы Москвада 500, Санкт-Петербургда 300 рублга көтөрүлдү. Йемендин 20 миллион тургуну же өлкө калкынын 70 пайызы гуманитардык жардамга муктаж. Москвада даңазалуу укук коргоочу Людмила Алексееваны акыркы сапарга узатуу зыйнаты өттү.

Бурулайдын иши: сот өкүмү чыкты

Azattyk.org 

Бишкектин Свердлов райондук соту Бурулай Турдаалы кызынын өлүмү үчүн айыпталган Марс Бөдөшев менен анын досу Акмат Сейитовду күнөөлүү деп тапты. Сот Бөдөшевди 20 жылга, Акмат Сейитовду жети жылга эркинен ажыратуу чечимин чыгарды. Соттун бул чечимине эки тарап тең макул эмес.

Кыргызстан Миграция боюнча глобалдык макулдашууга кошулду

Azattyk.org 

Бул тууралуу бүгүн “Азаттыкка” Мамлекеттик миграция кызматынын статс-катчысы Нурлан Шерипов билдирди.  - Бул глобалдык пакт Кыргызстан үчүн керектүү документ деп ойлойбуз, - деди ал. - Биринчиден, ал миграцияга жөнөтүүчү жана мигранттарды кабыл алган өлкөлөрдүн кызыкчылыгына түздөн-түз таасир этет. Экинчиден, анда мигранттардын укуктарын коргоо боюнча мыкты ченемдер бар. Миграция боюнча глобалдык макулдашуу 10-декабрда БУУнун Марокконун Марракеш шаарындагы өкмөт аралык жыйынында кабыл алынган. Читать дальше...



ЖК комитети прокуратурага Текебаевдин ишин кайра кароону сунуш кылат

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөш жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитети Башкы прокуратурага Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун ишин кайра кароо боюнча кат жиберет. Комитеттин 11-декабрдагы жыйынында ушундай чечим кабыл алынганын "Ата Мекен" фракциясынын катчылыгынын өкүлү Калысбек Боронбаев билдирди. Жыйында "Ата Мекен" фракциясынын Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун ишин кайра кароо боюнча кайрылуусу жана "Адилет" укуктук клиникасынын жетекчиси Чолпон Жакупованын баяндамасы угулган. Читать дальше...

Депутат: Убактылуу тергөө жайларына жыл сайын 300 млн. сом кетет

Azattyk.org 

Камакка алынгандарды убактылуу кармап туруш үчүн бюджеттен жылына 300 млн. сом сарпталат. Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) убактылуу тергөө жайларына 200 млн. сом, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетте (УКМК) кармалгандар үчүн 100 млн сом бөлүнөт. Бул тууралуу “Азаттыкка” депутат Дастан Бекешев билдирди. Ал Кылмыш-процесстуалдык кодекске өзгөртүүлөрдү киргизип, экономикалык жана кызматтык кылмышка байланыштуу шек саналгандардан күрөө алып, сот чечими чыкканча боштондукка коё берүүнү сунуш кылып жатат. Читать дальше...

Йеменде согушкандар сүйлөшүүгө мажбур болду

Azattyk.org 

Йемендин 20 миллион тургуну же өлкө калкынын 70 пайызы гуманитардык жардамга муктаж. Ал үчүн 4 миллиард доллар чогултуу зарыл. Бул тууралуу Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) билдирди.

Атамбаевдин катасы менен капасы

Azattyk.org 

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев өзүнүн эң чоң катасы деп азыркы президент Сооронбай Жээнбековду бийликке алып келгенин атады.

Жумгалда акимдин орун басары сүзгөн киши каза болду

Azattyk.org 

Жумгал районунун акиминин орун басары Бакытбек Женалиев ВАЗ 2121 маркасындагы автоунаасы менен жөө адамды сүзүп алган. Ал ошол эле райондун Көк-Ой айылынын тургуну экени аныкталып, кырсык болгон жерден райондук оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жетип каза болгон. Нарын облустук жол кыймыл коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн маалыматы боюнча окуя 10-декабрда саат 18:30 чамасында болгон. Маалыматта айтылгандай, акимдин орун басары Көк-Ой айылынын чыга беришиндеги жолдон чыга калган жылкылардан качмакчы болуп рулду башкара албай калган. Читать дальше...

Орусияда даңазалуу укук коргоочуну акыркы сапарга узатып жатышат

Azattyk.org 

Москва Хелсинки тобунун башчысы, таанымал укук коргоочу Людмила Алексеева менен коштошуу зйынаты бүгүн Орусиянын борборундагы Журналисттер үйүндө өтүүдө. Иш-чарага орус президенти Владимир Путин да көз көрсөтүп кетти.  Людмила Алексеева өткөн ишемби күнү 91 жаш курагында дүйнөдөн кайткан.  - Ал адам укуктары чөйрөсүндө алмаштырылгыс лидер болгон. Ал ачык, каарман, ар кандай көз караштагыларды бириктире алган адам эле, - деди бүгүн “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун “Настоящее время” телеканалына... Читать дальше...

Евробиримдик менен Кыргызстан жаңы келишим боюнча сүйлөшүүдө

Azattyk.org 

Бул тууралуу Брюсселде Евробиримдик - Кыргызстан кызматташтык кеңешинин 10-декабрдагы жыйынынан кийин айтылды.  - Биз Кеңейтилген өнөктөштүк жана кызматташтык боюнча келишимди сүйлөшүү жараянындабыз. Ал биз үчүн заманбап укуктук негиз жаратып, келечектеги кызматташтыгыбыз үчүн жаңы чөйрөлөрдү ачат. Макулдашуунун саясий жана соода бөлүгү - эки тарап үчүн тең артыкчылыктуу маселе. Биз бүгүн Кыргызтандын реформа программаларын, анын ичинде сот реформасын, шайлоо системасынын реформасын талкууладык. Читать дальше...

Брекзит келишимин сактоо айласы

Azattyk.org 

Британ парламентинде Брекзит келишимине добуш берүү токтотулгандан кийин өлкөнүн премьер-министри Евробиримдиктин айрым лидерлери менен жолугуп жатат. Бирок уюм британ өкмөтү менен бул келишим боюнча кайра сүйлөшүү болбой турганын ачык айтты.

Эркин жашоого даярдаган борбор

Azattyk.org 

Жалал-Абад шаарындагы №10 абакта жаза мөөнөтү аяктарына жарым жыл калган кишилерди эркиндиктеги жашоого даярдаган реабилитациялык пробация борбор иштей баштады. Ал жерде учурда тигүүчүлүк цех, сүрөткана иштеп, бир психолог соттолуучуларга көмөк берүүдө.

Казакбаев: Бабанов-Атамбаев-Жээнбеков сүйлөшүүсү болгон (аудио)

Azattyk.org 

Парламенттеги “Республика - Ата Журт” фракциясынын депутаты, саясатчы Өмүрбек Бабановдун тарапташы Руслан Казакбаев экс-президент Алмазбек Атамбаевдин айткандары боюнча “Азаттыкка” комментарий берди. Казакбаев Атамбаевдин айткандарынын баары чындык экенин, Бабанов боюнча бир нече ирет мурунку да, азыркы да бийлик менен саясий сүйлөшүүлөр жүргүзүлгөнүн билдирди: - Эмне үчүн сыртка чыгып кеткени айтылды. Ал жерде саясий сүйлөшүүлөр болгон. Ошол кезде мамлекеттин коопсуздугун, элдин биримдигин сактоо... Читать дальше...

Казакбаев: Бабанов-Атамбаев-Жээнбеков сүйлөшүүсү болгон

Azattyk.org 

Парламенттеги “Республика - Ата Журт” фракциясынын депутаты, саясатчы Өмүрбек Бабановдун тарапташы Руслан Казакбаев экс-президент Алмазбек Атамбаевдин айткандары боюнча “Азаттыкка” комментарий берди. Казакбаев Атамбаевдин айткандарынын баары чындык экенин, Бабанов боюнча бир нече ирет мурунку да, азыркы да бийлик менен саясий сүйлөшүүлөр жүргүзүлгөнүн билдирди: - Эмне үчүн сыртка чыгып кеткени айтылды. Ал жерде саясий сүйлөшүүлөр болгон. Ошол кезде мамлекеттин коопсуздугун, элдин биримдигин сактоо... Читать дальше...

Европа өнүктүрүү банкы Кыргызстанга 129 млн. доллар бөлүүнү карап жатат

Azattyk.org 

Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы Кыргызстанда сугат тармагына жана калкты ичүүчү таза суу менен камсыз кылуу долбоорлору үчүн 129 млн. доллардан ашуун каражат бөлүүнү караштырып жатат.   Бул тууралуу аталган банктын Борбор Азия боюнча директору Нил Маккейн бүгүн, 11-декабрда президент Сооронбай Жээнбеков менен жолугушканда айтты.  Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү кабарлагандай, Жээнбеков Нил Маккейнге Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы менен кошо ишке ашырылчу долбоорлор өлкөнүн экономикасынын өнүгүшү... Читать дальше...

Таластагы Шыралжын кенинде бир адамды таш басып каза болду

Azattyk.org 

Таластын Бакай-Ата районунда жайгашкан Шыралжын кенинде иштеп жаткан 27 жаштагы жигитти таш басып каза болду. Бул тууралуу "Азаттыкка" ушул кендин коомчулук менен байланыш кызматынын өкүлү Жаныбек Кубандыков билдирди. Маалымат боюнча, каза болгон адам ушул эле райондун Оро айыл өкмөтүнүн тургуну болгон жана кен тармагында эки жылдан бери иштеп келаткан. Маркумдун артында үч баласы калды. Шыралжын кенинде буга чейин мындай окуя катталган эмес. Кенди ОсОО "Глобал Шыралжын майнинг" компаниясы иштетет. Читать дальше...

Кыргыз тилин кыйратуунун массалык масштабы

Azattyk.org 

Кыргызга сырткы душмандын кереги жок. Эзелтен кыргызды кыргыз ичинен иритип, ичинен чиритип келсе, азыркы кыргыздар элин маңкурт кылып жатат. Болгондо да билим булагы аркылуу.

Тажикстанда небересин тирүүлөй көөмп салган аял 18 жылга кесилди

Azattyk.org 

“Эркин Европа/Азаттык” радиосунун тажик кызматы кабарлагандай, Тажикстандын Хатлон облусунун соту Абдурахмон Жоми районунун тургуну, 58 жаштагы Хожара Ашурованы үч жаштагы небересин өлтүргөнү үчүн 18 жылга күчөтүлгөн тартиптеги абакка кескен өкүм чыгарды. Бул окуя быйыл 12-сентябрда Абдурахмон Жоми районунун Навобод кыштагында болгон. Хожара Ашурова үч жашар небересин жаны бар кезинде эле көөмп, бирок ал али кыймылдап жатканын көргөндөн кийин өлтүргөн. Жаш баланын денеси алты күндөн кийин табылган. Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *