Саудия бийлигинде ири кадрдык өзгөрүүлөр жасалды
Сауд Арабиясынын падышасы Салман бин Абдулазиз өкмөттө ири кадрдык өзгөрүүлөрдү жасады. 27-декабрда белгилүү болгондой, падыша тышкы иштер, маалымат жана билим берүү министрликтери сыяктуу бир катар өкмөттүк мекемелерге жаңы жетекчилерди дайындады. Ошондой эле Саудиянын экономика жана коопсуздук тармактарын тескеген эки жогорку кеңешинде кадрлар алмашты. Бул эки мекемени тең Саудиянын мураскер ханзадасы Мухаммед бин Салман жетектейт. Жаңы кадрдык өзгөрүүлөр анын ыйгарым укуктарын чектеген жок. Читать дальше...