Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Декабрь
2018

Новости за 09.12.2018

Ооганстан: аялдардын футбол курамасындагы сексуалдык ыдык жаңжалы иликтенүүдө

Azattyk.org 

Ооган бийлиги өлкөнүн Футбол федерациясынын башчысын жана беш мүчөсүн жумуштан кетирди. Аларга аялдар курамасында ойногон футболчу айымдарга сексуалдык ыдык көрсөттү деген доомат коюлуп жаткан. Башкы прокуратуранын маалымат кызматынын айтымында, коюлган дооматтарды териштирүү үчүн бул кишилерди жумуштан бошотуу сунушу киргизилген. Ооган президенти Ашраф Гани британиялык “Гардиан” басылмасынын иликтөөсүнөн соң бул ишти дыкат текшерип чыгууну тапшырган. Басылмада Ооган футбол федерациясынын башчылыгы... Читать дальше...

“Желим баштык Месси” коркутууга дуушар болду

Azattyk.org 

Желим баштыктан жасалган “Мессинин футболкасы” менен сүрөтү дүйнөгө тарап, таанымал болгон ооган баланын үй-бүлөсү жашаган жеринен көчүп кетүүгө аргасыз болду. Жети жаштагы Муртаза Ахмадинин “Мессинин футболкасы” менен сүрөтү эки жыл мурун дүйнөлүк коомчулуктун көңүлүн буруп, былтыр декабрда ал өз кумири Лионел Месси менен да жолуккан. "Бирок ушинтип белгилүү болгонубуз бизге терс таасирин тийгизди", дейт баланын энеси Шафика Ахмади. Анын айтымында, Муртаза эки жылдан бери мектепке бара албай жүрөт. Читать дальше...

Брексит: Британияда кайра шайлоо болушу мүмкүн

Azattyk.org 

"Эгер британ парламентарийлери Европа Биримдиги менен Брексит боюнча келишимди жактырбаса, өлкө түшүнүксүз абалда калат" деп эскертти премьер-министр Тереза Мэй. 9-декабрда "Mail" гезитинде чыккан маегинде Тереза Мэй парламент анын сунушун колдоого албаса, өлкөдө кайра шайлоо өтүшү мүмкүн экенин белгилеп, "анын жыйынтыгында Брексит таптакыр болбой калышы да ыктымал" деген ою менен бөлүштү. Өткөн айда Мэйдин өкмөтү Британия Европа Биримдигинен кантип чыгып кетери боюнча Брюссель менен орток пикирге келишкен. Читать дальше...

Президент Жээнбеков Шевченкону жеңиши менен куттуктады

Azattyk.org 

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков таймаштын аралаш түрү боюнча UFC'нин чемпиону болгон кыргызстандык Валентина Шевченкого телефон чалып, жеңиши менен куттуктады. Бул тууралуу Шевченко "Фейсбуктагы" баракчасына жазды. “Беттештен соң Кыргызстандын президенти телефон чалып, мени куттуктаганы жагымдуу болду. Куттуктоо үчүн чоң рахмат”,-деп жазды Валентина Шевченко. Кыргызстанда төрөлүп өскөн Валентина Шевченко таймаштын аралаш түрлөрү боюнча UFC 231 мелдешинде жеңишке жетип, чемпион болду. Читать дальше...

Аба ырайы: жамгыр жаабайт

Azattyk.org 

10-декабрда түнкүсүн Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Чүй, Талас, Ош, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын тоолуу райондорунда кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге чейин жетет. Абанын температурасы Чүйдө түнкүсүн 0...-5, күндүз +3...+8; Таласта түнкүсүн -1...-6, күндүз +2...+7; Ысык-Көлдө түнкүсүн -2...-7, күндүз +4...+9; Ошто, Баткенде, Жалал-Абадда түнкүсүн 0...+5, күндүз +4...+9; Нарында түнкүсүн -14...-19, күндүз -3...-8 градус болот. Читать дальше...

Алина Загитова жапониялык Рика Кихирага утулуп калды

Azattyk.org 

Муз үстүндөгү көркөм бий боюнча дүйнөлүк Гран-принин финалында орусиялык Алина Загитова жапониялык Рика Кихирага утулуп калды. Канаданын Ванкувер шаарында өтүп жаткан биринчиликте Алина Загитова 226,53 упай менен 233,12 упай топтой алган Рика Кихирага утулду. Үчүнчү орунду да орусиялык Елизавета Туктакмышева ээледи. Бул ирет биринчиликтин финалдык баскычына чыккан атлеттердин баары Орусиядан жана Жапониядан болушту. “Чоң муз үстүндөгү экинчи жыл биринчи жылдан кыйла татаал болду, - дейт Пхёнчхаңдагы... Читать дальше...

Дүйшөнбек Зилалиев эки айга камакка алынды

Azattyk.org 

Мурдагы вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев эки айга УКМКнын тергөө абагына камакка алынды. Мындай чечимди анын бөгөт чарасын караган Бишкектин Биринчи май райондук сотунун судьясы Эмилбек Кайыпов кабыл алды. Зилалиевге кызматта турган учурунда айрым мүлкүн декларацияда көрсөткөн эмес деп Кылмыш кодексинин “Мыйзамсыз баюу” беренеси боюнча иш козголду. Аны 8-декабрда УКМКнын кызматкерлери кармаган. Сот имаратынан чыгып баратканда Дүйшөнбек Зилалиев журналисттерге "мүлкүмдү жашырган эмесмин... Читать дальше...



Жөргөмүш балдарын сүт менен чоңойтот

Azattyk.org 

Жөргөмүштүн сүтүндөгү белок уйдун сүтүнө салыштырмалуу төрт эсе көп болот. Балыктын таштандыларынан биогаз алынат. Рак болгон клеткалар химиялык терапиясыз дарыланат. Курсактагы наристе бутун эмнеге тыбырчылатат?

Кесип тандаган кызды чектебейли

Azattyk.org 

Бул жолу “Эже-сиңдилер” баарлашуусунда келечекте кайсы кесиптерге суроо-талап жогору болоору тууралуу кеп курдук. Студиябызда конокто Билим берүү жана илим министрлигинин өкүлү Махабат Мамытова, "Балдардын укугун коргоо" лигасынын эксперти Асел Кубанычбекова, ырчы, музыкант Гүлзада Рыскулова, инсандык өнүгүү боюнча тренер Аксана Рыскулова болду.

Кыргызстандык депутаттар Армениядагы шайлоого байкоо салышууда

Azattyk.org 

Арменияда мөөнөтүнөн мурда өтүп жаткан парламенттик шайлоого КМШнын байкоочулар миссиясынын курамында кыргызстандык депутаттар жана БШК мүчөлөрү байкоо салууда. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, учурда бул миссиянын алкагында Жогорку Кеңештин вице-спикери Мирлан Бакиров, депутат Максат Сабиров, БШКнын төрагасынын орун басары Акылбек Эшимов жана мүчөсү Елена Жылкычиева Арменияда жүрөт. Армениядагы парламенттик шайлоого тогуз партия жана эки блок катышууда. Читать дальше...

Зилалиев сотко алып келинди

Azattyk.org 

Бишкектин Биринчи май райондук сотунда мурдагы вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиевдин бөгөт чарасы каралууда. Аны УКМКнын кызматкерлерин коштоосунда сот имаратына алып келишти.

Зилалиевге "мүлкүн жашырган" деген айып коюлду (видео)

Azattyk.org 

Мурдагы вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев "айрым мүлкүн декларацияга киргизген эмес" деп айыпталууда. Бул тууралуу Зилалиевдин адвокаты Учкун Каримов билдирди. Анын айтымында, мурдагы вице-премьер кызматта турган учурунда айрым мүлкүн декларацияда көрсөткөн эмес деп Кылмыш кодексинин “Мыйзамсыз баюу” беренеси боюнча иш козголду. “Тергөө "Зилалиев айрым мүлкүн декларацияга киргизбей, жашырып койгон" деп жатат. Муну тергөө тактайт. Себеби тийиштүү документтер бар”,-деди Каримов. Буга... Читать дальше...

Британия: орус бийлиги дагы эки адамдын өлүмүнө тиешеси болушу мүмкүн

Azattyk.org 

Сергей Скрипаль жана кызы Юлиянын ууланышын иликтеген британиялык детективдер бул өлкөнүн аймагында мурда катталган эки адамдын өлүмүнө орус бийлигинин тиешеси болушу мүмкүн деп шектенип жатышат. Бул тууралуу Британиядагы "The Times" гезити полициядагы өз булактарына шилтеме берип жазды. Маалыматка караганда, орусиялык чалгынчылардын Британияга келген учуру бизнесмендер Александр Перепиличный жана Скотт Янгдын табышмактуу өлүмүнө туш келген. 2012-жылы каза болгон Перепиличныйдын ашказанынан уулуу өсүмдүктүн калдыгы табылган. Читать дальше...

Көкбөрү: оюндун талаш жараткан эрежелери

Azattyk.org 

Көкбөрү оюнунун эрежеси эл аралык деңгээлде талкууланат. Бул тууралуу Бишкекте өткөн Эл аралык Көкбөрү федерациясынын конгрессинде маалым болду. Уюмга мүчө болгон беш өлкөнүн өкүлдөрү эл аралык мелдештерде талаш жараткан эрежелерди тартипке келтирип, бир нукка түшүрүүнү көздөп жатат.

Арменияда парламенттик шайлоо өтүүдө

Azattyk.org 

Арменияда кезексиз парламенттик шайлоо өтүүдө. Шайлоо жүз миңдеген кишилер көчөгө чыгып, бийликтин алмашуусуна алып келген окуялардан тогуз ай өткөн соң болуп жатат. Быйыл май айындагы ыңкылаптан кийин өкмөт башына келген Никол Пашинян жана анын командасы парламенттин таркатылышын жана чукул шайлоо өтүшүн көздөп келген. Себеби жалпы 105 орундуу парламентте көпчүлүк мандат (50 мандат) ыңкылаптан кийин бийликтен кеткен мурдагы премьер-министр Серж Саргсяндын Республикалык партиясына таандык болчу. Читать дальше...

Зилалиев жаңы козголгон кылмыш ишинин алкагында камакка алынды

Azattyk.org 

Мурдагы вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев жаңы козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалды. Бул тууралуу “Азаттыкка” анын адвокаты Учкун Каримов кабарлады. Анын айтымында, Зилалиевге Кылмыш-жаза кодексинин 308-1-беренеси ("Мыйзамсыз баюу") боюнча кылмыш иши козголду. Анын негизинде сот кармоого санкция берген. Анын бөгөт чарасы Бишкектин Биринчи май райондук сотунда каралганы жатат. Айрым маалымат каражаттары Зилалиевге карата кылмыш иши Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу комитетин... Читать дальше...

Мурдагы вице-премьер-министр Зилалиев кармалганын адвокаты ырастады

Azattyk.org 

Экс-вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев Бишкекте кармалды. Бул маалыматты анын адвокаты Учкун Каримов ырастады. Адвокат Каримов Зилалиев кандай жагдайда кармалганына кеңири токтолгон жок, болгону бүгүн бөгөт чарасы аныктала турганын айтты. Буга чейин айрым маалымат каражаттары Зилалиев “Манас” аэропортунан башка өлкөгө учуп кетээр алдында кармалганын жазып чыгышкан. Зилалиев буга чейин үч жылга шарттуу кесилгендиктен өлкө аймагынан чыгууга укугу жок болчу. Учурда экс-вице-премьер УКМКнын Тергөө абагында отурганы айтылууда. Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *