АКШ: бюджет мыйзамы боюнча мунаса табыла элек
Президент Дональд Трамп АКШнын түштүгүнө дубал курууга сарптала турган каражат камтылбаган бюджет мыйзамына вето коёрун эскертти. Ал 21-декабрда Конгрессте бюджет кабыл алынбай калса, анын натыйжасында федералдык өкмөттүн иши жарым-жартылай токтой турган болсо, анда буга демократтар жооптуу болоорун "Твиттерге" жазды. Федералдык өкмөттүн ишин камсыз кылууга бөлүнгөн каражат Вашингтон убактысы боюнча жума күнү түн ортосунда түгөнөт. Жаңы каржы келиши үчүн Конгресс бюджет мыйзамын жактырышы керек. Читать дальше...