"КТРК Спорт" футбол боюнча Азия Кубогунун финалдык оюндарын түз көрсөтөт
"КТРК Спорт" телеканалы 2019-жылы Бириккен Араб Эмирлигинде өтө турган футбол боюнча Азия Кубогунун финалдык стадиядагы бардык оюндарын түз алып көрсөтөт. Бул тууралуу Кыргызстандын Футбол федерациясы маалымдады.
Кыргызстандын улуттук курама тобу "С" группасында Түштүк Корея, Кытай жана Филиппин командалары менен ойнойт.
7-январь, 17:00
Кытай – Кыргыз Республикасы
11-январь, 22:00
Кыргыз Республикасы – Түштүк Корея
16-январь, 19:30
Кыргыз Республикасы – Филиппин
ФИФАнын соңку рейтингинде Кыргызстан 75-орунда, Түштүк Корея 61-орунда, Кытай 73-орунда, ал эми Филиппин 113-орунда турат. 2015-жылдагы Азия кубогунда корей командасы күмүш байгеге ээ болгон.
2019-жылы боло турган Азия кубогунун 3-раундундагы тандоо оюндарында Кыргызстан жалпысынан алты беттеш өткөрдү. Курама команда 22-мартта Мьянма курама командасын 5:1 эсебинде утуп, Азия чемпионатына жолдомо алган. Кийин 27-мартта Бишкекте Индия курамасы менен ойноп, 2:1 эсебинде жеңишке жеткен.
Кыргызстан Азия кубогунун финалдык бөлүгүндө ойноо укугуна биринчи жолу ээ болду.
2019-жылдагы Азия кубогунун финалдык бөлүгү 5-январдан 1-февралга чейин Бириккен Араб Эмирлигинин төрт шаарында өтөт. Ага 24 команда катышат. (KR)