Ашраф Ганинин буйругу менен Ооганстандын коопсуздук боюнча Улуттук директоратынын мурдагы башчысы Ассадулла Халид өлкөнүн коргоо министри, ал эми чалгын кызматынын мурдагы башчысы Амрулла Салих ички иштер министри болуп дайындалышты. Алардын талапкерлигин эми Ооганстандын парламентинин төмөнкү палатасы бекитиши керек.
Жогорку кызматка кайрадан дайындалышкан Халид менен Салих мурдагы президент Хамид Карзайдын өкмөтүндө иштешкен. Экөө тең акыркы жылдары “Талибан” кыймылынын күч алуусу үчүн Пакистанды айыпташып, аны “террорго демөөрчүлүк кылган мамлекет" деп жарыялоого да чакырышкан. Халид 2012-жылы Кабулдагы кол салуу учурунда катуу жараат алган.
Күч түзүмдөрүндөгү бул өзгөртүүлөрдүн себеби айтылган жок. Бирок мындан бир нече ай мурда президент Гани ички иштер министри Ваис Ахмад Бармак менен коргоо министри Тарик Шах Бахраминин кызматтан кетүү арыздарын четке каккан. Алардын арыз беришине саясий пикир келишпестиктер себеп болгону кабарланган.
Ооган президентинин жаңы буйругу АКШ азыр Ооганстанда турган 14 миң жоокеринин санын “олуттуу кыскартууну” пландап жатат деген маалыматтар пайда болгон учурга туш келди. Ооганстанда кийинки жылдын апрелинде кезектеги президенттик шайлоо өтөт. (UE)
В этом году планируют заключить контракт на реконструкцию еще одного участка трассы Р-23 в Ленобласти
Портативный ТСД корпоративного класса Saotron RT-T70
Филиал № 4 ОСФР по Москве и Московской области информирует:
С начала года более 4,7 тысячи жителей Московского региона оформили страховую пенсию в автоматическом режиме на портале госуслуг
На Орловщине 8-летний мальчик опрокинулся на электросамокате
Филиал № 4 ОСФР по Москве и Московской области информирует:
С начала года более 4,7 тысячи жителей Московского региона оформили страховую пенсию в автоматическом режиме на портале госуслуг
«Сказочный сад»: самые модные сорта однолетних цветов летом-2024
Более 70 участков купили и арендовали у Москвы с начала года
В ПРЕДДВЕРИИ ДНЯ РОССИИ РОСГВАРДЕЙЦЫ ПРОВЕЛИ ПРАЗДНИЧНОЕ МЕРОПРИЯТИЕ ДЛЯ ДЕТЕЙ
Школа джазовой импровизации Игоря Бутмана открылась в екатеринбургском Академическом
Тимати, Сергей Жуков, Артемий Лебедев, Александр Мостовой: какие звезды и известные личности посетили ПМЭФ-2024
Надежда Бабкина приедет в Ярославль
Бурятский Театр кукол Ульгэр в Улан-Улан-Удэ показал в Этнографическом музее народов Забайкалья перед детьми и родителями в семейный праздник сказку Колобок - Новости и Культура, Дети и Россия