Казакстанда дагы алты шаар карантинге жабылды
Казак бийлиги Нур-Султан менен Алматыдан башка дагы алты калааны - Атырау, Караганды, Темиртау, Сарань, Шахтинск жана Абай шаарларын 30-марттан тартып карантинге жапты. Ошондой эле Акмоло облусуна кирип-чыккандарды чектеди. Карантин жарыяланган шаар-аймактарда азык-түлүк, дары-дармек сатып алыш үчүн, банкка баруу максатында гана сыртка чыгууга болот. Ошондой эле үйдөн иштөөгө мүмкүн болбогон кесип ээлерине гана жумушка барууга уруксат берилди. Жамбыл облусу менен Тараз шаарына карантин 31-марттан тартып жарыяланмакчы. Читать дальше...