ЭВФ: дүйнөлүк экономика рецессияга кирди
Эл аралык Валюта Фондунун (ЭВФ) башчысы Кристалина Георгиева коронавирус пандемиясынан улам дүйнөлүк экономика солгундай баштаганын (рецессия) билдирди. Ал эл аралык коомчулукту тышкы карызы көп өлкөлөргө көңүл бурууга чакырды. Георгиева журналисттер үчүн өткөрүлгөн видеобрифинг учурунда каатчылыктан чыгыш үчүн өнүгүп келе жаткан өлкөлөргө кеминде 2,5 триллион доллар керек экенин белгиледи. Ал видео конференциянын алдында 24 өлкөнүн расмий өкүлдөрү менен сүйлөшкөн. «Ушул тапта биз 2009-жылдагыдай же андан да жаман рецессияга кирдик. Читать дальше...