Ош мэриясы: апрель айында казынага 64,5 миллион сом түшпөй калды
Ош шаардык мэриясынын маалымат кызматынын билдирүүсүндө өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абалга байланыштуу киргизилген чектөөлөрдөн улам шаардык бюджетке апрель айында 64,5 миллион сом түшпөй калган. План боюнча апрель айында 102,2 миллион сом түшөрү болжолдонгон. Анын 37 пайызы гана аткарылган, тагыраагы 37,7 миллион сом топтолгон. «4-майда шаар мэри Таалайбек Сарыбашов салык кызматынын жетекчилери менен жолугушуп, маалыматтарын укту. Мэр салык чогултууда мыйзамдуу иш алып баруу, көмүскө экономика менен күрөшүүнү күчөтүү тапшырмасын берди»... Читать дальше...