Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Май
2020

Новости за 05.05.2020

Тажикстанда саламаттык сактоо министри алмашты

Azattyk.org 

5-майда Тажикстандын саламаттык сактоо министри алмашты. Президенттин жарлыгында Насим Олимзода “башка ишке өткөнүнө байланыштуу” деп гана жазылган. Анын ордуна “Истиклол” медицина борборунун жетекчиси Жамолиддин Абдуллозода дайындалды. Президенттин жарлыгы уулу Рустам Эмомали төрагалык кылган Олий Мажлиске бекитүүгө сунушталды. Тажик бийлиги 30-апрелде гана коронавирус катталганын билдирген. Ага чейин илдетке чалдыккандар жоктугу маалымдалып, тийиштүү карантин чаралары көрүлгөн эмес. 5-майга... Читать дальше...

Жалал-Абаддын айрым райондорунда сел жүрдү

Azattyk.org 

Ала-Бука районунун 1-май айылында, Ноокен районунун Кызыл-Туу, Базар-Коргон районунун 1-май, Үч-Булак, Сейит-Казы, Сейдикум айылдарында, Сузактын Кара-Дарыя айылында сел жүрдү. Бул тууралуу жергиликтүү бийликтен кабарлашты. Жергиликтүү бийлик жана жарандык коргонуу күчөтүлгөн тартипте иштөөгө өттү. Сел жүрүү коркунучу сакталууда. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 5-май күнү саат 18:30 чамасында Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы катуу жамгырдан Достук айыл аймагындагы Кызыл-Туу айылындагы сугат каналынан суу ашып... Читать дальше...

Мурдагы прокуратура кызматкери депутат Жумалиевди байлыгы боюнча айыптап чыкты

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин депутаты, мурдагы премьер-министр жана экс-транспорт министри Кубанычбек Жумалиев “мамлекеттик кызматта иштеп турган учурда коррупциялык иштерге аралашкан эмесмин, байлыгымды адал жол менен тапкам” деп жергиликтүү телеканалдардын бири аркылуу Куранды кармап элге кайрылды.    “Мен, Жумалиев Кубанычбек 1992-жылдан 2005-жылга чейин иштеген учурда бир дагы коррупциялык ишке аралашкан эмесмин. Экинчиден, туугандарым келгенде идеямды айтып, бирок алар өз эмгеги менен тапкан акчасына сатып алып иштеп жатышат. Читать дальше...

Республикалык бюджет 9,7 млрд. сомго аз чогулду

Azattyk.org 

Президент Сооронбай Жээнбеков 5-майда вице-премьер-министр Эркин Асрандиев менен каржы министри Бактыгүл Жээнбаеваны кабыл алып, учурдагы макроэкономикалык кырдаалды жана өлкөнүн социалдык-экономикалык абалын талкуулады. Бул тууралуу президенттин сайтында жазылды. Анда 2020-жылы январдан апрель айына чейин республикалык бюджеттин киреше бөлүгү 77,2% аткарылып, бул пландалгандан 9,7 млрд. сомго аз экени белгилүү болду. Вице-премьер-министр Эркин Асрандиев өкмөт бюджеттин киреше бөлүгүнүн жетиштүү... Читать дальше...

Акын Зайырбек Ажыматов атындагы адабий сыйлык уюштурулду

Azattyk.org 

“Роза Отунбаеванын демилгелери” фонду жана “РухЭш” сайты акын, маданиятка эмгек сиңирген ишмер Зайырбек Ажыматовдун атындагы адабий сыйлык уюштурушту. Бул тууралуу “РухЭш” сайтынын негиздөөчүсү Олжобай Шакир маалымдады. Анын айтымында, учурда сыйлыктын жобосу даярдалып жатат. “Негизги критерийлердин бири - эч бир саясий топко жан тартпаган, бийликке кошомат кылбаган, жалаң чыгармачылык менен изденген акындар катыша алат”, - деди Олжобай Шакир. Сыйлык жыл сайын Зайырбек Ажыматовдун туулган күнү ... Читать дальше...

Москванын четиндеги өрт алты өзбекстандыктын өмүрүн кыйды

Azattyk.org 

5-майда Москванын Раменское шаарында турак үйдөгү өрт Өзбекстандын алты жаранынын өмүрүн алды. Алардын үчөө эркек, үчөө аял экенин “Азаттыктын” өзбек кызматы расмий маалыматка таянып жазды. Баштапкы маалыматка караганда аянты 100 чарчы метр жер тамда 26 киши жашап келген. Каза болгондордон башкасы кайсы өлкөнүн жарандары экени азырынча тактала элек. Алардын Орусияда мыйзамдуу жүргөн-жүрбөгөнү териштирилерин Москванын Тергөө комитети билдирди. Өрткө электр жабдуусундагы бузуктук себеп болушу мүмкүндүгү айтылып жатат.

Нур-Султан Ташкентке нота жиберүүдөн баш тартты

Azattyk.org 

Сардаба суу сактагычынан аккан суу Казакстандын айылдарын да каптаганына байланыштуу Ташкентке нота жиберилбейт. Бул тууралуу Казакстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Айбек Смадияров 5-майда билдирди. Андан бир нече саат мурда өлкөнүн экология, геология жана жаратылыш ресурстары министринин орун басары Сергей Громов чек арадагы гидротехникалык курулуштар тууралуу Өзбекстандан толук маалымат талап кылган нота даярдалганын билдирген. Ал Сардаба суу сактагычы казак тараптын макулдугусуз курулганын да белгилеген. Читать дальше...

COVID-19: азайбаган оору, ойго салган сунуш

Azattyk.org 

Экономикалык ишмердүүлүктүн кээ бир түрүнө уруксат берилген 1-майдан кийин Кыргызстанда коронавирус табылгандардын көбү Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун тургундары болуп жатат.



Бонецкий лабораториясы коронавирусту текшерүү боюнча түшүндүрмө таратты

Azattyk.org 

Бонецкий лабораториясы коронавирус инфекциясына жапырт текшерүү боюнча түшүндүрмө таратты. Анда коронавируска жапырт текшерүү долбоору меценаттардын каражатына Саламаттык сактоо министрлиги менен биргеликте акысыз тест алуу экенин белгилейт. Андыктан демөөрчүлөрдөн акча топтоо учурда уланып жатат. Азыркы күндө 4363 бекер ПЦР-тест алууга каражат топтолду. Аталган лаборатория COVID-19га биринчи кезекте Саламаттык сактоо министрлиги белгилеген медицина, укук коргоо органдарынын кызматкерлерин текшерет. Читать дальше...

Косанов: Жаңы спикер Токаев менен Назарбаевдин батасын алган

Azattyk.org 

Казакстанда Сенаттын төрайымы Дарига Назарбаеванын мандаты токтотулса, 4-майда ал кызматты Маулен Ашимбаев ээледи. Коңшу өлкөдө Сенаттын төрагасы мамлекеттеги президенттен кийинки эле жогорку кызмат катары саналат.

COVID-19: Кысым көргөн догдур кызматын таштады

Azattyk.org 

Cанкт-Петербургдагы Ардагерлер ооруканасынын кардиолог дарыгери жетекчилигинен коргонуу каражаттарын талап кылып, андан көп узабай өз ишин таштап кетүүгө мажбур болду. COVID-19 вирусуна каршы күрөшүп жаткан дарыгерлерге жеке коргонуу каражаттары берилген эмес. Марианна Замятина жалпы көйгөйдү айтып чыкканда жетекчилик аны кызматтан ылдыйлатып салган.

“Реформа жана жыйынтык үчүн”: күч кызматкерлерине кошумча акча төлөп берүү керек

Azattyk.org 

“Реформа жана жыйынтык үчүн” жарандык бирикмеси коронавирус илдети менен күрөшүү иш-чараларына катышкан бардык күч кызматкерлерине кошумча акча төлөнүшү керек деген билдирүү таратты.  Бирикменин кайрылуусунда күч кызматкерлерине кошумча акы төлөнөрү айтылганы менен анын суммасы жана аны кимдер алары белгисиз болуп жатканы белгиленген. Коронавирус жуктуруп алган 27 кызматкердин жана алардын үй-бүлөсүнө канча каражат төлөнөрү да белгисиз болуп жатканы айтылат. “Реформа жана жыйынтык үчүн” жарандык... Читать дальше...

Баткен-Сох: жайыт талаштан чыккан жаңжал

Azattyk.org 

1-майда Баткен районунун Өзбекстандын Сох анклавы менен чектеш жеринде жайыт, суу талаштан улам адамдар чогулуп, чек арачылар эскертүү иретинде асманга ок аткан. Чек ара такталганы менен, эки өлкөнүн айылдары бири-биринен көз каранды болгон жерлерде маселелер чечилбей, талаш жаратып келет.

Жакынкы Чыгышта балдар эмделбей калды

Azattyk.org 

Бириккен Улуттар Уюмунун Балдар фонду (ЮНИСЕФ) Ирак, Сирия, Йемен, Ливия, Ливан жана Жибути өлкөлөрүн балдарды полиомиелит жана кызылчага каршы эмдөөнү кайра баштоого чакырды. Ушул илдеттер менен күрөшүү эки жылдан бери токтоп, коронавирус пандемиясына байланыштуу кайра уланбай жатканы белгиленет. “Бул алты өлкөдө 15 жашка толо элек 15 миллион бала кызылчага кабылышы ыктымал. Анткени аларда вакцина алуу мүмкүнчүлүгү жок. Вакцинанын жоктугунан жана эмдөө өнөктүгү токтотулганынан улам 10 миллион бала полиомиелитке чалдыгуу коркунучунда”... Читать дальше...

Орусияда кырдаал оор, мигранттар ишсиз калды

Azattyk.org 

Тажикстанда COVID-19га чалдыккандардын саны 230га жетти. Орусияда пандемия маалында ишсиз калып, оор кырдаалга кириптер болгондор арасында Борбор Азиядан барган мигрант мекендештер да бар. Орусия Крымды аннексиялап алгандан кийин жарым аралдан кетүүгө мажбур болгон моряктардын тагдырын баяндайбыз. Жапондор балыктарды жалгызсыратпай видео аркылуу сүйлөшө баштады.

Орусия: Коронавирустун азабын тарткан мигранттар

Azattyk.org 

Орусияда 5-майга карата коронавирусту жугузуп алгандардын саны 145 миңге жетти. Алардын 1356 каза болуп, 18 095 айыгып чыкты. Вирусту жугузгандардын арасында чет элдик эмгек мигранттары да бар. Пандемия маалында ишсиз калып, оор кырдаалга кириптер болгон мигранттардын саны өстү.

Кыргыз-өзбек чек арасында эскертүү иретинде асманга ок атылган

Azattyk.org 

Кыргыз-өзбек чек арасында, Баткен районунун Өзбекстандын Сох анклавы менен чектеш жеринде 1-май күнү жайыт жана суу талаштан эл жыйналып, кыргызстандык чек арачылар эскертүү иретинде асманга ок аткан. Бул маалыматты 5-майда “Азаттык” радиосуна Чек ара кызматынын Баткен чөлкөмдүк башкармалык башчысы Замир Мийзаев тастыктады. Кыргыз тарап бул окуяны чек арадагы мыйзамсыз аракеттин алдын алуу деп мүнөздөөдө. Мийзаев Өзбекстандын жарандары чек ара мыйзамдарын бузгандыктан Сох районунун жетекилиги... Читать дальше...

Түркия келаткан аптада чектөө чараларын жеңилдетет

Azattyk.org 

Түркия 11-майдан тартып карантиндик чектөөлөрдүн айрымдарын алууга даярданууда. Дүйшөмбүдө президент Режеп Тайып Эрдоган биринчи этапта чач тарач, сулуулук салондору жана соода жайлары ачыларын билдирди. «Эгер Саламаттык сактоо жана Соода министрликтеринин эрежесин сактаса, соода борборлорунун ишине 11-майдан тартып уруксат берилет. Эгер эреже сакталбаса, Кудай анын бетин ары кылсын, кайрадан жайылып кетсе катаал чараларга кайра кайтып келүүгө аргасыз болобуз», - деди Эрдоган. Ошондой эле 65тен жогору курактагылар келаткан жекшембиде... Читать дальше...

Бийликке журналисттерди колдоо боюнча антикризистик план сунушталды

Azattyk.org 

Кыргызстандын журналисттеринин көз каранды эмес бирлиги өлкөдөгү эркин Жалпыга маалымдоо каражаттарына (ЖМК) колдоо көрсөтүү боюнча антикризистик план иштеп чыкты. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна бирликтин төрагасы Азамат Касыбеков билдирди. Салык боюнча сунуштар, экономикалык жана уюштуруу чаралары камтылган план президентке, өкмөткө жана парламентке жөнөтүлдү.  Касыбековдун айтымында, анда киреше салыгын чегербей туруу, жыл аягына чейин салык салбоо жана мекемелердин материалдарын “мамлекеттик... Читать дальше...

"Талибан" өкүлдөрүн бошотууну тездетүүнү Кабулдан талап кылды

Azattyk.org 

“Талибан” кыймылы ооган өкмөтүнөн абактардагы өкүлдөрүн бошотууну тездетүүнү талап кылууда. Кыймылдын расмий өкүлү Сухаил Шахин 4-майда “Акыркы үч күндө Кабул администрациясынын абактарынан 300 кишибиз бошотулганын кубаттайбыз. Ошентсе да бул жетиштүү эмес” деп "Твиттерге" жазды. Ал процессти тездетүү "камактагыларды коронавирустан сактап калуу” үчүн да зарыл экенин белгилейт. Быйыл февралдын аягында АКШ бийлиги менен “Талибан” мунасага келишкен. Анда ооган өкмөтү абактарындагы 5 миң талибди, “Талибан” туткундагы миң кишини боштмой болгон. Читать дальше...

Штаб: Бишкекте карантин көзөмөлү күчөтүлөт, анализ тууралуу маалымкат талап кылуу ашыкча

Azattyk.org 

Бишкек шаарында карантиндик режимдин сакталышына көзөмөл күчөтүлөт. Бул тууралуу 5-майда Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын отурумунда айтылды. Саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов айрым соода жайларында, базарларда жана таксиде санитардык талаптар сакталбай жатканын айтты. Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов айрым ишканалардын иштөөсүнө уруксат берилгени менен элдин себепсиз көчөдө жүрүүсүнө тыюу алына электигин эскертип, ээн-эркин басып жүргөндөр көбөйгөнү үчүн күч кызматкерлерин сынга алды. Читать дальше...

Жалал-Абад шаарында эки айда 63 млн. сомдук салык чогултулбай калды

Azattyk.org 

Шаар аймагында март-апрель айларында республикалык жана жергиликтүү казынага 63 млн. сомдук каражат түшпөй калды. Калаа башчысы Мураталы Тагаев “Азаттыкка” билдиргендей мындан улам бюджеттин аткарылышына да өзгөртүүлөр киргизилди. “Быйыл шаардын Шопоков көчөсүн реконструкциялоого каралган 58 млн. сом каражатты токтоттук. Бюджетке өзгөртүү киргизүү менен чыгымдарды кыскартып жатабыз. Буга чейин илдетке каршы күрөшүүгө шаар казынасынан 7 млн. сомго чукул акча иштетсек, алдыдагы кесепеттерди жоюуга кошумча 10 млн. Читать дальше...

«Жерге-Талда коронавирустан чочуган эл дүрбөлөңгө түштү»

Azattyk.org 

COVID-19 илдети Тажикстандын кыргыздар байырлаган Жерге-Тал аймагына да жетти. Бул тууралуу дээрлик он жыл мурда Жерге-Талдан келип, Кыргызстанга отурукташып калган жазуучу Аким Кожоев “Азаттыкка” маегинде билдирди. Тажик бийлиги аймактан вирус чыкканын расмий ырастай элек.

Соль-Илецкиде кыргыз айдоочулар калды

Azattyk.org 

Орус-казак чегиндеги Соль-Илецк аймагынан 519 кыргызстандык тогуз автобус менен Кыргызстанды көздөй жолго чыгышты. Жетимиштей айдоочу калды.





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *