Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Май
2020

Новости за 24.05.2020

Кошмо Штаттар Гонконгдун автономиясын жактайт

Azattyk.org 

АКШ президенти Доналд Трамптын коопсуздук боюнча кеңешчиси Кытай Гонконгду “өзүнө кайтарууга” аракет көрсө, санкциялар салынышы ыктымал экенин эскертти. Жекшембиде шаар полициясы демократиячыл демонстранттарга каршы күч колдонду.

Израилдин өкмөт башчысы Нетаньяхунун соту башталды

Azattyk.org 

Израилдин өкмөт башчысы, коррупцияга айыпталып жаткан Биньямин Нетаньяхунун соту 24-майда Иерусалимде башталды. Премьер сот имаратына кирип барып жатып, бул иш оппоненттери тарабынан атайлап уюштурулганын, тергөө “бурмаланганын” билдирди. Нетаньяхуга өткөн ноябрда паракорлук, көз боёмочулук жана коомдун ишенимин жоготуу беренелерине ылайык иш козголгон. Бул - Израиль тарыхында кызматта отурган өкмөт башчынын үстүнөн алгачкы сот процесси. Бир жума мурун Нетаньяху бешинчи жолу премьер катары ант берди. Читать дальше...

Ооган президенти "Талибандын" ок атышпоо сунушун кубаттады

Azattyk.org 

Ооганстандын президенти Ашраф Гани талиб туткундарын бошотуу процесси тездетилет деп убада берип, кыймылдын Орозо айтта үч күн ок атышпоо сунушун кубаттады. "Жоопкерчиликтүү өкмөт катары биз алдыга карай дагы бир кадам таштап жатабыз", - деди Гани Орозо айтка арналган куттуктоосунда. Президент "Талибанды" алардын колунда кармалган коопсуздук күчтөрүнүн аскерлерин бошотууга чакырды. Февралда АКШ жана "Талибан" өкүлдөрү тынчтык келишимине кол коюшкан. Тараптар талибдер америкалык аскерлерге жана өнөктөштөрүнө каршы кол салууну токтотот... Читать дальше...

Ким Чен Ын ядролук потенциалды жогорулатуу жыйынын өткөрдү

Azattyk.org 

Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын өлкөнүн ядролук арсеналын көбөйтүү жана куралдуу күчтөрдү жогорку даярдыкка келтирүү маселесин талкуулаган жыйын өткөрдү. Бул тууралуу өлкөнүн медиа каражаттары 24-майда кабарлашты. Бирок бийликтеги Жумушчу партиянын аскердик комиссиясынын жолугушуусу качан болгону такталган жок. "Rodong Sinmun" деген борбордук гезит 36 жаштагы лидердин генералдардын катышуусундагы жыйында сөз сүйлөп жаткан сүрөтүн жарыялады. Буга чейин Ким Чен Ын 20 күндөй коомчулуктун алдына чыга элек болчу. Читать дальше...

Ош шаарында муниципалдык транспорт каттамга чыгат

Azattyk.org 

25-майдан тартып Ош шаарында жүргүнчүлөрдү ташууга муниципалдык транспорт - автобустар жана троллейбустар гана чыгат. Ал эми кичиавтобустардын (маршруткалардын) каттамга чыгуусуна уруксат берилбейт. Ош шаардык муниципалдык автоунаа ишканасынын жетекчиси Талант Капаровдун "Азаттыкка" билдиргени боюнча, автобус, троллейбустардын айдоочулары коргонуучу кийим-кече, каражаттар менен камсыз кылынган: "Айдоочулардын коопсуздугу үчүн коргонуучу кийим, беткап, желим кол каптар жана санитайзерлер менен камсыз кылдык. Читать дальше...

Орусияда акыркы суткада коронавирус жуккан 153 адам көз жумду

Azattyk.org 

Бул Орусияда эпидемия башталгандан берки эң жогорку көрсөткүч. Ал эми 24-майга карата вирус жуктуруп алган 8599 адам жаңы катталды. Бул мурунку күнгө салыштырмалуу миң кишиге аз. COVID-19 илдетинен жалпысынан Орусияда 3541 адам көз жумду. Ооруга чалдыккандардын жалпы саны 345 миңге чукулдады. Бир күн мурда илдетке чалдыккандардын көптүгү жагынан 2-орунда келе жаткан Орусияны Бразилия басып өткөн. Бразилияда ооруга чалдыккандардын саны 349 миңден ашты, 22 миңден ашуун киши илдеттен көз жумду. ... Читать дальше...



Чек арадагы атышууда тажик чек арачысы жарадар болду

Azattyk.org 

24-майда кыргыз-тажик чек арасындагы ок атышууудан Тажикстандын чек арачысы жараат алды. Бул тууралуу "Азаттыктын" тажик кызматы кабарлады. Түш ченде Кыргызстандын Ак-Сай айылы менен Тажикстандын Ворух айылы чектешкен Сунган-Баба деген жайлоодо чыр чыгып, ок атышуу болгон. Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматы кабарлагандай, Тажикстандын Ворух анклавындагы жашоочулар Кыргызстандын аймагына мал-жандык жаюуга аракет кылган, кыргыз аскерлери ага жол берген эмес. Тажик тараптан белгисиз адамдар чек арачыларды көздөй ок аткан. Читать дальше...

Ысык-Көлдө жер титиреди

Azattyk.org 

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 23-май күнү, саат 21:22де Ысык-Көл облусунун аймагында очогунда күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталган. Силкинүү Каракол шаарында, Жети-Өгүз районунун Дархан, Оргочор, Кабак, Богатыровка, Мундуз, Ак-Дөбө, Тилекмат, Кызыл-Суу, Жети-Өгүз айылдарында жана Түп районунун Михайловка, Тогуз-Булак айылдарында 4 балл, Ак-Суу районунун Бөрү-Баш, Теплоключенка, Маман, Тегизчил, Нововознесеновка айылдарында 3 баллга чейин сезилген. Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок. Читать дальше...

Түркия: илдет мекендештерди ишсиз калтырды

Azattyk.org 

Расмий Анкара 1-июндан тартып ички, аймак аралык каттамдардын, жалпы туристтик сезондун жана айрым ишканалардын кайра ачылышын пландаштырып жатканы кабарлаган. Өлкөдө ошондой эле март айынан бери токтоп турган ири компаниялар июнь айынан баштап ишин улантууга даярданууда.

Аба ырайы: Күн ысык болот

Azattyk.org 

25-майда Кыргызстанда жаан-чачын жаабайт. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 11…16, күндүз 29…34; Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн 0…5, күндүз 22…27; Талас өрөөнүндө түнкүсүн 10…15, күндүз 28…33; Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 13…18, күндүз 30…35; Ысык-Көл облусунуда түнкүсүн 7…12, күндүз 22…27; Нарын облусунда түнкүсүн 5…10, күндүз 23…28 градус ысык болот. 25-майда Бишкек шаарында күн ачык болот. Читать дальше...

Президент кыргызстандыктарды Орозо айт майрамы менен куттуктады

Azattyk.org 

Мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков быйылкы Орозо айы коронавирус пандемиясынан улам өзгөчө кырдаал шартында өткөнүн белгилеп, кырдаалды туура түшүнүп, эрежелерге чыдап, сактап келгени үчүн кыргызстандыктарга ыраазычылыгын билдирди. Президент Жээнбеков элдин саламаттыгы үчүн тыным албай иштеген дарыгерлердин жана коомдук коопсуздукту күнү-түнү камсыз кылган күч түзүмдөрүнүн кызматкерлеринин ишине жогору баа берди: "Биримдик менен жеткен натыйжабызды текке кетирбей, оорунун мындан ары тарашына бөгөт коюу — негизги максатыбыз. Читать дальше...

25-майда Бишкекте 110 троллейбус жана 112 автобус каттамга чыгат

Azattyk.org 

Троллейбустар 11 каттам боюнча, автобустар да 11 каттам боюнча иштешет. Бишкек шаардык транспорт башкармалыгынын маалыматына караганда, №9 каттамдагы автобус жүрбөйт. Автобус, троллейбустардын саны акырындык менен көбөйтүлөт. Маалыматка ылайык, коомдук транспортто жүрүүдө санитардык талаптарды бекем сактоо талап кылынат. Ар бир унаанын кире беришине санитайзерлер коюлат, айдоочулар жана жүргүнчүлөр беткап жана медициналык колкап кийүүгө милдеттүү. Жүргүнчүлөр автоунаага салондогу отургучтардын санына жараша 60-70% гана киргизилет. Читать дальше...

Казакстанда акыркы суткада 403 адамдан коронавирус аныкталды

Azattyk.org 

Казакстандын Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, бул - өлкөдө коронавирус инфекциясы катталгандан берки убактагы эң көп көрсөткүч. Вирус жуктургандардын 97си Алматы шаарынын, 58и Нур-Султандын тургундары. Мындан тышкары Караганды облусунан 90 киши, Чымкент шаарынан 33 адамдан вирус табылган. Жалпысынан акыркы суткада өлкөнүн 15 аймагынан коронавирус илдетине чалдыккан 403 адам катталган. Акыркы суткада 118 адам оорудан айыгып чыккан. Казакстанда 13-марттан бери коронавирус илдетин жуктургандардын саны 8322 адамга жетти. Читать дальше...

Оренбург облусунан 413 кыргызстандык Бишкекке жеткирилди

Azattyk.org 

Орусиянын Оренбург облусунда орус-казак чек арасында мекенине кетүүнү көздөп турган кыргызстандыктардын ичинен 413 адам 24-майда Бишкекке автобус менен келишти. Алар жолго 22-майда тогуз автобус менен чыгышкан. Айрымдары автоунааларын траллдарга жүктөп, кошо ала келишкени кабарланган. Бул Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков менен Казакстан мамлекет башчысы Касым-Жомарт Токаевдин Кыргызстандын жарандарын ташып чыгуу үчүн Казакстандын аймагынан транзиттик коридор берүү тууралуу сүйлөшүүлөрүнүн... Читать дальше...

Кыргыз-тажик чек арасында кайрадан ок атылды

Azattyk.org 

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында 24-май күнү чыр чыгып, ок атылды. "Азаттыктын" Баткендеги кабарчысы окуя Ак-Сай айылы менен Тажикстандын Ворух айылы чектешкен Сунган-Баба деген жайлоодо түш ченде болгонун тактады.  Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматы кабарлагандай, Тажикстандын Ворух анклавындагы жашоочулар Кыргызстандын аймагына мал-жандык жаюуга аракет кылган, кыргыз аскерлери ага жол берген эмес.  Тажик тараптан белгисиз адамдар чек арачыларды көздөй ок аткан. Анын артынан эки өлкөнүн жоокерлери атышкан. Читать дальше...

Коронавирус жуккан Мукар Чолпонбаев каза болду

Azattyk.org 

Коронавирус жугуп, ооруканага түшкөн коомдук ишмер Мукар Чолпонбаев каза болду. Ал Бишкектеги Республикалык клиникалык жугуштуу дарттар ооруканасында ​24-майда түш ченде көз жумду. COVID-19га каршы Республикалык штаб тараткан кабарга ылайык, коронавирустун айынан анда эки тараптуу пневмония, дем алуу жетишсиздиги жана башка бир катар өнөкөт оорулар өрчүп кеткен. Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы, коомдук ишмер, 70 жаштагы Мукар Чолпонбаевге коронавирус инфекциясы жугуп 5-майда ооруканага түшкөн. Читать дальше...

Гонконгдо полиция демонстранттарды көздөн жаш агызуучу газ менен кууп таратты

Azattyk.org 

24-майда Гонконгдун Козуэй-Бей аймагында коопсуздук мыйзамына каршы демонстрацияга чыккандарды таратуу үчүн полиция көздөн жаш агызуучу газ колдонду. "Саут Чайна морнинг пост" гезитинин маалыматына караганда, нааразылык акциясына жүзгө жакын адам чыккан, уюштуруучулардын бири кармалды. "Рейтер" агенттиги күбөлөрдүн сөзүнө таянып, полиция чогулгандарды таратуу үчүн калемпир газын да колдонгонун жазды. Гонконгдогу нааразылык акциясы жума күнү улуттук коопсуздук боюнча Бээжин сунуштаган жаңы мыйзам... Читать дальше...

Дүйнө мусулмандары пандемия шартында Орозо айтты белгилеп жатышат

Azattyk.org 

23-майдын кечинде Рамазан айы аяктап, 24-май күнү дүйнөдөгү жалпы мусулмандар Орозо айтты майрамдашууда. Коронавирус пандемиясынан улам мусулмандар көпчүлүгүн түзгөн өлкөлөрдө мечиттерде жана аянттарда айт намазын окууга, айтты чогулуп майрамдоого жана Рамазан айынын аягында жер кыдырып саякаттоого тыюу салынды. Айрым өлкөлөрдө вирусту тоготпогондуктан улам COVID-19 күч алып кеткени кабарланды. Эксперттер коронавирус кээ бир өлкөлөрдө басаңдаганы менен, саламаттык сактоо тармагы алсыз өлкөлөрдө күч алышы ыктымалдыгын эскертишүүдө. Читать дальше...

"New York Times" башкы бетине COVID-19дан өлгөндөрдүн тизмесин жайгаштырды

Azattyk.org 

Жекшемби күнкү чыгарылышында "New York Times" гезити "Вирустан өлгөндөр жүз миңге жакындады, эсепсиз жоготуулар" деген аталыш менен коронавирустан көз жумган америкалыктардын толук эмес тизмесин жарыялады. Тизменин баш сөзүнө "Бул ысымдар гана эмес, бул - биз" деп жазылган. Дүйнөдөгү маанилүү иштердин статистикасына байкоо жүргүзүүчү "Worldometer" порталынын маалыматына караганда, 24-майга карата АКШда 98 683 адам коронавирусту жуктуруп, көз жумган. Дүйнөдө COVID-19 вирусун жуктурган 343 804 адам көз жумган... Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *