Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Май
2020

Новости за 21.05.2020

БП: Беларус соту Үсөновду саясий негизде кесилген деп экстрадициялоодон баш тарткан

Azattyk.org 

Кыргызстандын башкы прокурору Өткүрбек Жамшитов мурдагы өкмөт башчы Данияр Үсөновдү экстрадициялоону Беларустун укук коргоо органдарынан жеке өзү бир нече жолу суранган. Акыркы жолу Беларус соту өтүнүчтү аткаруудан баш тартып, муну Үсөнов өз өлкөсүндө саясий негизде соттолгон деп негиздеген. Бул тууралуу башкы прокурор 21-майдагы парламент жыйынында билдирди. «Өзүм барганда да бул маселени көтөрүп, үч жолу сүйлөштүк. «Ооба, карайбыз» деген, бирок 2018-жылы Беларус соту дагы «саясий негизде соттолгон деп өткөрүп берүүдөн баш тарткан. Читать дальше...

Этияттыкты унуткан эл

Azattyk.org 

Кыргызстанда 21-майдан тартып соода борборлору, автоунаа базарлары менен мал базарлар, мейманканалар жана калкты тейлөө борборлору иштей баштады. Мамлекеттик каттоо кызматынын тейлөө борборлорунда эл көп топтолуп, дээрлик бардык жерде санитардык-гигиеналык эрежелер сакталбаганы байкалды.

Муфтий казыларга айт намаз мечиттерде окулбай калганын элге туура түшүндүрүүнү тапшырды

Azattyk.org 

21-майда Мусулмандар дин башкармалыгынын башчысы Максатбек Токтомушев облус казылары менен онлайн жыйын өткөрүп, мусулмандарга 24-майдагы айт намазы аянттарда жана мечиттерде окулбай калышынын себебин жергиликтүү массалык маалымат каражаттары аркылуу туура түшүндүрүүнү тапшырды. Бул тууралуу Мусулмандар дин башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады. Жыйында муфтий Максатбек Токтомушев өлкөдө коронавирус инфекциясынын жайылуу коркунучу басаңдай элек экенин белгилеп, Саламаттык сактоо министрлигинин эрежелерин так сактоого чакырды. Читать дальше...

Масалиев мандаттан баш тартты

Azattyk.org 

Депутат Исхак Масалиев өкмөттүн тоготпостугуна жана парламенттин соңку чечимдерине нааразылык иретинде мандатынан баш тартып, мөөнөтүнөн мурун ыйгарым укуктарын токтото турганын жарыялады.

Коронавирустун очогуна айланган ооруканалар

Azattyk.org 

Бишкектеги Онкология жана гематология борборунун балдар бөлүмүндө коронавирус жуккан 14 адам катталды, анын сегизи балдар. Буга байланыштуу бөлүм 20-майдан тартып карантинге жабылды.

Жээнбеков: судьялардын киреше-чыгашасын декларациялоону күчөтүү зарыл

Azattyk.org 

21-майда президент Сооронбай Жээнбеков Судьялар кеңешинин төрагасы Нурлан Атаназаровду кабыл алды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады. Жолугушууда Атаназаров Судьялар кеңешинин иши, жалпы сот системасын өнүктүрүү боюнча кабыл алынган чечимдер жана пландар жөнүндө айтып берди. Жээнбеков судьялардын өздөрүнүн киреше-чыгашасы жөнүндө толук декларациялоо боюнча ишти күчөтүү зарыл экенин белгиледи. Мамлекет башчы сот реформасынын негизги багыттарынын бири катары жарандардын сот системасына ишенимин арттырууга... Читать дальше...

Памирден келген кыргыздар үчүн жети үйдүн курулушу башталды

Azattyk.org 

Памирден келген кыргыздар үчүн үйлөрдүн курулушу Ош облусунун Алай районуна караштуу Талды-Суу айылында башталды. Бул тууралуу өкмөттүн Оштогу өкүлчүлүгү билдирди.  Курулуш иштери менен өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаев таанышты. Өкүлчүлүктүн маалыматына караганда турак жай үчүн казынадан 10 миллион сом каражат бөлүнгөн. Өткөн жылдын аягында Ооганстандан он үй-бүлө өз демилгеси менен көчүп келген. Алар Сары-Могол айылындагы эски мектептин имаратына жайгаштырылган. Читать дальше...

Мэрия: жыл башынан бери экологиялык эрежени бузгандарга 3,5 млн. сом айып салынды

Azattyk.org 

Бишкек шаарында январь айынан баштап санитардык-экологиялык эреже бузгандарга 363 протокол толтурулган. Аларга 3,5 млн. сом айып салынган. Бул тууралуу Бишкек шаарынын вице-мэри Мирлан Амантуров билдирди. Амантуров шаардыктарды экологиялык эрежелерди сактоого чакырды. Ал ишканаларга имаратынын айланасын таза кармап, бактарды сугарып туруш керек экенин эскертти. Анын айтымында, дөңгөлөк желимдөөчү жайларда эски дөңгөлөктөрдү көчөгө чыгарып коюуга тыюу салынат. Шаардык бийлик дөңгөлөктөр жеке менчик... Читать дальше...



Коопсуздук кеңеши антикоррупциялык жаңы стратегиянын долбоорун талкуулайт

Azattyk.org 

2020-жылдын июнь айында 2020-2024-жылдарга карата өлкөдөгү коррупцияга каршы күрөшүү жана анын себептерин жоюу боюнча мамлекеттик жаңы стратегиянын долбоорун талкуулаш үчүн жыйын өтөт. Бул тууралуу президенттин сайтында жазылды. Стратегиянын долбоору Коопсуздук кеңешинин 2020-жылдын 24-январындагы чечимдерин ишке ашырыш үчүн аталган кеңештин улуттук эксперттер тобу менен бирге иштелип чыкты. Президенттин сайтындагы маалыматта стратегия мамлекеттик органдардагы коррупциялык көрүнүштөрдү азайтууга багытталган... Читать дальше...

Арстанбаптын тургундары курган таш көчө

Azattyk.org 

Базар-Коргон районунун Арстанбап айылынын тургундары ички көчөлөрүнө таш тизип оңдоп жатышат. Аймакта акыркы жылдары той-аштарга кеткен чыгымды кыскартып, тургундар акчасын айылдагы жол курууга жумшап жатышат. Туризм аймагы саналган Арстанбапта ашар жолу менен курулуп жаткан көчөлөр өткөн жылдан баштап жанданды.

Эл үнү: Үйү өрттөнгөн көп балалуу ата (аудио)

Azattyk.org 

Айдаркендеги кен казууга байланыштуу нааразы болгон демилгечи топ, Алай районунун Сарык-Могол айылында үйү өрттөнүп кеткен көп балалуу акын жана Бишкек шаарында спорт клубдардын, фитнесс залдардын ачылышын күткөндөр кайрылышты.

COVID-19: Эл коопсуздукту эске алган жок

Azattyk.org 

Кыргызстанда 21-майдан тартып соода борборлору, автоунаа базарлары менен мал базарлар, мейманканалар жана калкты тейлөө борборлору иштей баштады.

Эл үнү: Талкаланган мектеп, үйү өрттөнгөн акын

Azattyk.org 

Айдаркендеги кен казууга байланыштуу нааразы болгон демилгечи топ, Алай районунун Сарык-Могол айылында үйү өрттөнүп кеткен көп балалуу акын жана Бишкек шаарында спорт клубдардын, фитнесс залдардын ачылышын күткөндөр кайрылышты.

Абылгазиев: жыштыктарды текшерүү тууралуу мен тапшырма бергем

Azattyk.org 

Парламенттин 21-майдагы сессиясында премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жыштык сатуудагы коррупция боюнча козголгон кылмыш иши тууралуу депутат Талант Мамытовдун суроосуна жооп берди. Өкмөт башчы жыштык сатууга өзүнүн тиешеси жок экенин айтты. «Бюджетти толтуруш үчүн каражат издеп атып, жыштыктар боюнча абалга кайрылганбыз. Аны карап көрүү тууралуу 2019-жылы мен тапшырма бергем. Радио жыштык - мамлекеттин байлыгы. Анын аткарылышын кароо учурунда эки фактыга кабылдык. Бири - компанияларга берилбей, мамлекеттин балансында турган жыштыктар.

Батукаев боюнча сотто эки күбө суралды

Azattyk.org 

Бишкектин Биринчи май райондук сотунда бүгүн 21-майда кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу ишти кароо уланды. Бүгүнкү отурумда эки күбө сурак берди. Алар – Батукаевди бошотуу боюнча сот жыйынына катышкан атайын прокуратуранын өкүлү Кубатбек Жуматаев жана адвокат Али Касымов. Андан кийин сот отурумду токтотуп, 22-майда улантуу жөнүндө чечим кабыл алды. Буга жактоочу Нина Зотованын соттолуучу, Улуттук гематология борборунун мурдагы жетекчиси Абдухалим Раимжанов... Читать дальше...

Абылгазиев: жыштык сатууга байланыштуу күнөөм жок

Azattyk.org 

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев парламенттин 21-майдагы жыйынында жыштык сатуу боюнча өз дарегине карата айтылган сынга жооп берип, аны четке какты. Ал депутат Жанарбек Акаевдин айткандары негизсиз экенин билдирди. Өкмөт 2019-жылы жыштыктардын абалын текшерүүнү чечкенин кошумчалады.    Жогорку Кеңештин 20-майдагы сессиясында депутат Жанарбек Акаев «премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев бул ишке катышы жок экенин далилдесин» деген талап койгон. Өкмөт ага «депутаттын сөзүнө эч кандай негиз жок» деп жооп кайтарган. Читать дальше...

ӨЭУ боюнча парламенттик талкууга даярдык сынга кабылды

Azattyk.org 

Кыргызстандагы көптөгөн коммерциялык эмес уюмдардын өкүлдөрү парламентте өкмөттүк эмес уюмдар тууралуу мыйзам боюнча талкууга катышуу мүмкүнчүлүгүн ала албай жатышат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, белгилүү юрист Чолпон Жакупованын Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабековго жана парламенттик комитеттин төрайымы Гүлкан Молдобековага жазган ачык катында айтылат. Жакупова уюштуруу иши өтө төмөн деңгээлде болуп жатканын белгиледи.  Мисал катары ал «Адилет» укуктук клиникасы Жогорку... Читать дальше...

COVID-19га чалдыккандар 5 миллиондон ашты

Azattyk.org 

Дүйнө жүзүндө коронавируска чалдыккандардын саны 5 миллиондон ашты. 20-майда бир күндүн ичинде вирус табылган адамдардын саны рекорддук чекти көрсөттү. COVID-19 илдетинин жаңы учурлары Түштүк Америка менен Индияда көбөйдү. АКШ баштаган айрым өлкөлөр карантинди жумшарта баштады.

Башкы прокуратурада ишкерлерди колдоо боюнча бөлүм түзүлдү

Azattyk.org 

Ишкерлик субъектилери менен иштей турган атайын бөлүм эки күн мурда түзүлгөнүн башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов 21-майда парламентте отчёт берип жатып билдирди. Анын айтымында, бул бөлүмдө төрт кызматкер иштейт. Алар фискалдык жана башка органдардын ишкерлерди мыйзамсыз текшерүүлөрүнүн алдын алуу багытында иш жүргүзөт.  Кыргызстанда ишкерлер арасында мамлекеттик органдардын текшерүүлөрүнө нааразы пикирлер көптөн бери айтылып келатат. Жогорку Кеңеш башкы прокурордун 2019-жылда аткарылган иштер... Читать дальше...

Орусияда эки күндөн бери COVID-19 жуккандардын суткалык көрсөткүчү тогуз миңден аша элек

Azattyk.org 

21-майга карата акыркы бир сутка ичинде Орусияда 8849 адамдан коронавирус табылды. 127 киши COVID-19дан каза болду. Орусияда экинчи күн катары менен жаңы учурлардын саны 9 миңден аша элек. Өлкөдө жалпысынан өпкөнү сезгенткен илдетке чалдыккандардын жалпы саны 317 554 кишиге жетти. Баш-аягы 3099 бейтап кайтыш болду.  Соңку бир күн ичинде Казакстанда коронавируска чалдыккандардын саны 265ке же мурдагы күнгө салыштырмалуу 3,8% көбөйдү. Алардын 84ү баш калаа Нур-Султанга туура келет. Алматы, Чымкент... Читать дальше...

Өкмөт: 1-июлдан тартып патрулдук милиция аймактарда да иштей баштайт

Azattyk.org 

Кыргызстанда 1-июлдан тартып патрулдук милиция Бишкектен тышкары бир нече шаарда да иштей баштайт. 21-майда өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев коомдук тартипти жана жол коопсуздугун камсыздоо боюнча чечимге кол койду. Ага ылайык, Ички иштер министрлигинин жол кыймыл коопсуздугун камсыздоо бөлүмдөрүнүн жана облустук милициянын патрулдук-күзөт кызматтарынын ыйгарым укуктары административдик аймактарда түзүлүүчү патрулдук кызматтарга өткөрүлүп берилет. Читать дальше...

Сардаба кырсыгынын сыры жана чыры

Azattyk.org 

Өзбекстандагы Сардаба дамбасы кыйрагандан кийин кошуна Казакстанды кошкондо ондогон айыл-кыштакты суу каптады, жүз минден ашуун киши эвакуацияланды, канчалаганы үй жайсыз калды. Кырсыкка чындап эле табигый кырсык же коррупция менен дамбаны куруудагы мыйзамсыз иштер себеп болдубу? Президент Шавкат Мирзиеев убада кылгандай күнөөлүү адамдар жоопко тартылабы? Кошуна өлкөлөрдүн макулдугусуз курулган дымактуу долбоорду эл аралык эксперттер текшерип, өз баасын берди беле? Сардабанын ар бир өлкө үчүн жана жалпы аймак үчүн сабагы эмне? Читать дальше...

АКШ карантин эрежелерин дагы жумшартты

Azattyk.org 

Кошмо Штаттарда 20-майдан тартып ачык террасасы бар ресторандар иштей баштады. Бирок үстөлдөр ортосунда эки метрлик аралык сакталышы зарыл. Айрым тамактануучу жайлардын жетекчилери кызматкерлеринин дене табын текшергенден кийин гана жумушка киргизүүдө. Коронавирустан катуу жабыркаган Нью-Йорк штаты 21-майдан баштап 10 кишиден ашпаган диний жыйындарга жана үйлөнүү үлпөттөрүнө уруксат берди. Бирок катышуучулардын баары беткап тагынып, ортодогу аралыкты сакташы керек. Өлкөнүн вице-президенти Майк Пенс... Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *