Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Май
2020

Новости за 29.05.2020

Түркияда митингге чыккандар Бердымухамедовдун бийликтен кетишин талап кылышты

Azattyk.org 

29-майда Түркмөнстандын Стамбулдагы элчилигинин жанында митинг өтүп, ага 20дай түркмөнстандык катышканын көз карандысыз Turkmen.news сайты жазды. Алар өлкө президенти Гурбангулы Бердымухамедовдун кызматтан кетишин талап кылышты. «Ооганстанга жардам берип атат, Орусияга жардам берип атат. Өз элин алгач тойгузуп албайбы, өз элине адегенде жардам бербейби! Диктатор, тууган-уругуң менен кет!» - деп чогулгандардын бири кыйкырды. Акыркы айда АКШда, Түркияда жана Түндүк Кипрде жашаган түркмөндөр нааразылык акцияларын өткөрүүдө. Читать дальше...

Депутаттар «Бишкектин» бюджетине кызыкты

Azattyk.org 

29-майда парламенттеги «Кыргызстан» фракциясы «Бишкек» эркин экономикалык аймагынын ишмердүүлүгү боюнча жыйын өткөрүп, депутаттар ишкананын бюджетин пайдалануу боюнча өкмөткө маселе коюшту.

«Талибандын» чабуулунан кеминде 14 жоокер курман болду

Azattyk.org 

«Талибан» кыймылы өкмөттүк армиянын көзөмөл-өткөрмө пунктуна чабуул коюп, кеминде 14 жоокери набыт болду. Чабуул 29-майга оогон түнү Ооганстандын чыгышындагы Данд ва Патан районунда болгонун Коргоо министрлиги тактады. Пактиянын губернатору Мухаммед Ахмадзай 20 талиб жоочусу жок кылынганын билдирди. «Талибан» бул чабуулду «коргонуу максатындагы аракет болгон»деп маалымат таратты. Ооган жетекчилери талибдерди 28-майда башка да көзөмөл-өткөрмө пункттарына кол салуу үчүн айыпташты. Чабуулдар эки... Читать дальше...

Карантин мугалимдерди сынады жана кыйнады

Azattyk.org 

Бул окуу жылы аралыктан окутуу системасы менен жыйынтыкталып жатат. Окуучулардын чейректери буга чейинки баасына жараша чыгарылып жатат. Бирок төртүнчү чейрек мугалимдер үчүн жеңил болгон жок. "Азаттык плюс" бул жолу мугалимдердин карантин шартында кандай учурларга туш болгонуна кызыкты.

Данияр Сыдыков: тышкы карызды реструктуризациялоо боюнча сүйлөшүү жүргүзүлөт

Azattyk.org 

Өкмөт жакын арада конкреттүү сунуштарды даярдап, тышкы карызды реструктуризациялоо боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлөт. Бул тууралуу президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков 28-майда пандемиянын экономикалык кесепети талкууланган эл аралык форум жөнүндө маалымат берип жатып билдирди. Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү билдиргендей, эл аралык форум видео конференция форматында болду.  Ага катышкан президент Сооронбай Жээнбеков азыркы кырдаалда БУУнун туруктуу... Читать дальше...

АКШнын бир нече шаарында башаламандык өкүм сүрүүдө

Azattyk.org 

Кошмо Штаттардын Миннеаполис шаарында үчүнчү түн катары менен башаламандык өкүм сүрүүдө. Демонстранттар полиция кеңсесине кирип барып, өрттөп салышканы кабарланууда. Шаарда өзгөчө абал жарыяланып, тартипти сактоого Улуттук гвардия да тартылды. Каршылык акциялары Колорадо, Огайо, Кентукки штаттарынын айрым шаарларында да болуп, жаалдангандар автоунааларды, имараттардын терезелерин талкалашты. Кагылышта жаракат алгандар да бар. Нааразылыкка Миннесота штатында полициянын колуна түшкөн ынды кара адамдын өлүмү себепкер болду. Читать дальше...



Асрандиев: COVID-19 менен күрөшүү өз ара соодага тоскоол болбошу керек

Azattyk.org 

COVID-19 менен күрөшүү өз ара соодага тоскоол болбошу керек, жүк мурдагыдай эле ташыла берүүгө тийиш. Бул тууралуу вице-премьер-министр Эркин Асрандиев Көз каранды эмес Мамлекеттер Шериктештигинин (КМШ) өкмөт башчыларынын саммитинин онлайн-жыйынында билдирди. «COVID-19га каршы күрөшүү боюнча биздин аракеттерибиз белгиленген өндүрүштүк-кооперациялык чынжырчалардын үзгүлтүккө учурашына алып келбөөгө тийиш. Жалпы обочолонуу жана чек араларды аргасыздан жабуу шартында биз үчүн өлкөлөр ортосундагы жана... Читать дальше...

Мамкаттоо биометрикалык паспорт даярдоо боюнча «Mühlbauer» менен келишим түздү

Azattyk.org 

Кыргызстандын Мамлекеттик каттоо кызматы биометрикалык паспортторду даярдоо боюнча германиялык «Мүлбауэр» («Mühlbauer ID Services») компаниясы менен келишим түзгөнүн кабарлады.  Мекеменин маалыматына ылайык, учурдагы кырдаалга байланыштуу келишим видео конференция аркылуу түзүлдү. Келишим боюнча «Mühlbauer ID Services» алдыдагы үч жыл ичинде биометрикалык паспорттун 1,5 млн. бланкын даярдап берүүгө тийиш. Бул компания Кыргызстанда биометрикалык паспортторду сатып алуу жана жеткирүү боюнча тендерди 27-апрелде утуп алган. Читать дальше...

Өкмөт: кыргыз-өзбек чек арасынын 95%, кыргыз-тажик чек арасынын 60% макулдашылды

Azattyk.org 

Кыргызстандын өкмөтү 29-майда Өзбекстан жана Тажикстан менен  чек араларды делимитациялоо, демаркациялоо иштери тууралуу маалымат берди.  Кабарга караганда, ушу тушта эки мамлекет менен чек араларды делимитациялоо боюнча иштер уланып жатат.  Ушул кезге чейин өкмөттүк делегациялар кыргыз-өзбек чек арасынын 95%, кыргыз-тажик чек арасынын 60% өз ара макулдашты. 2020-жылдын башында кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча эки жолугушуу болду. Биринчиси 21-25-январда... Читать дальше...

«Лейлек» эркин экономикалык аймагында мунайды кайра иштетүүчү ишкана курулду

Azattyk.org 

Лейлек районундагы «Лейлек» эркин экономикалык аймагындагы алты гектар жерге мунайды кайра иштетүүчү ишкана курулду. Өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлү Алишер Абдрахманов 29-май күнү ишканага барып, ишмердүүлүгү менен таанышты. Аталган ишкананын бир айда эки миң тонна мунайды кайра иштетип, 300 тонна бензин, 800 тонна солярка, 1000 тонна мазут өндүрүүгө мүмкүнчүлүгү бар. Келечекте айына 5000 тоннага чейин мунайды кайра иштетүү максаты коюлган. Өкүлчүлүктүн басма сөз катчысы Чолпон Бердикулованын «Азаттыкка» билдиргени боюнча... Читать дальше...

Тажик журналисти бир айда экинчи ирет сабалды

Azattyk.org 

Тажикстандагы «Азия-Плюс» маалымат агенттигинин кабарчысы Абдулло Гурбатини 29-майда эртең менен кайрадан сабап кетишти. Хатлон облусунун Хуросон районунда катуу селден жабыркагандар тууралуу материал даярдап жүргөн журналистке белгисиз үч адам кол салган. Гурбати жанына келгендерге журналист экенин айткан. «Кокусунан эле бирөө бетиме катуу уруп жиберди. Күтүүсүз соккудан жыгылып калдым. Ал адам мени ура берди», - деди журналист. Ал милицияга кайрылганын, кол салгандардын автоунаасын, номерин эстеп калганын кошумчалады. Читать дальше...

Жоокерге мекендин ар бир ташы кымбат

Azattyk.org 

29-май - Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн кесиптик майрамы. Кыргызстан өзүнүн Куралдуу күчтөрүн 1992-жылы түзгөн. Анын катарында бүгүнкү күндө болжол менен 16 миңдин тегерегинде аскер кызмат өтөйт.

Боронов: коронавирустун бар экенин тануу - жоопкерсиздик

Azattyk.org 

COVID-19 илдетине каршы күрөшүү боюнча республикалык ыкчам штабдын 29-майдагы жыйынында калк арасында «коронавирус инфекциясы жок, ал адамдардын жашоосуна жана саламаттыгына коркунуч келтирбейт» деген пикирлер жайылып жатканы талкууланды. Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов «вирус жок» деген туура эмес экенин айтты. «Коронавирус бар, бул дүйнөлүк пандемия. Вирус өлкөдө жайылып жатат жана беткап тагынуу, аралыкты сактоо, колду бат-баттан жууп туруу, социалдык байланыштарды азайтуу сыяктуу... Читать дальше...

Аба ырайы: Айрым аймактарда жаан жаайт

Azattyk.org 

30-майда түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын, Ош, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт, калган аймактарда жаан-чачын жаабайт. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда, Чүй облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Чүй облусунун дыйканчылык аймактарында жана Талас облусунда жаан-чачын жаабайт.  Түндүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрден, тоолуу райондордо 15-20 метрге жетет. Читать дальше...

Ошто облустук төрөт үйүндө коопсуздук чаралары күчөтүлгөн

Azattyk.org 

Оштогу шаардык төрөт үйүндө коронавирус илдети аныкталган соң ага кабыл алуу токтотулганына байланыштуу айы-күнү жеткен келиндерди облустук төрөт үйү кабыл алып жатат. Бул тууралуу кыргыз өкмөтүнүн Ош облусундагы өкүлү Узарбек Жылкыбаев 29-майда, брифингде билдирди. Анын айтымында коронавируска каршы күрөшүүдө облустук, шаардык деп бөлүнүү болгон эмес. «Шаардык төрөт үйүндө да облустун райондорунан келип, төрөгөн келиндер жаткан. Ал жакта илдет чыкканына байланыштуу кабыл алуу токтоду. Азыр абал толугу менен көзөмөлдө. Читать дальше...

Түркияда чай кескен мигранттар көбөйдү

Azattyk.org 

Коронавирус пандемиясынан улам жабык турган чек аралардан өтө албай калган мигранттардын ордуна Түркиянын Карадеңиз аймагында чай плантацияларына жергиликтүү жумушчулар же өлкөдөгү чет өлкөлүк мигранттар агылып барып жатат. Алардын арасында кыргызстандык мигранттар да бар.

Адвокат: Жумалиев батир менен жер тилкесине гана ээлик кылат

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештеги «Бир Бол» фракциясынын депутаты Кубанычбек Жумалиевдин адвокаттары Жыргалбек Бабаев менен Бактыбек Жумашев 29-майда Бишкекте "24.kg" агенттигинде басма сөз жыйын өткөрүштү.  Алар депутаттын мүлкү, декларация тууралуу маалымат беришти. Адвокат Жыргалбек Бабаев 2005-жылга чейин Жумалиевдин менчигинде бир батир жана бир нече жер тилкелери болгонун айтты.  2005-2015-жылдары депутат ишкерлик менен алектенгенин, көптөгөн компания, фирмалар  ушул мезгилде ачылганын, анын көбү билим берүү... Читать дальше...

«Ардактуу турист» болуш үчүн Кыргызстандын он кереметин көрүш керек

Azattyk.org 

Маданият, маалымат жана туризм министрлиги Кыргызстанда «Ардактуу турист» наамын алууга сынак жарыялады. Бул үчүн өлкөнүн төмөндөгү 10 ажайып жерине барып келиш керек: 1. «Бурана» комплекси;  2. «Өзгөн» комплекси;  3. «Таш-Рабат» тарыхый комплекси;  4. «Сары-Челек» коругу;  5. Манастын күмбөзү;  6. Сан-Таш;  7. Сказка каньону;  8. «Арстанбап» улуттук коругу;  9. «Сулайман-Тоо» тарыхый-археологиялык музей-комплекси;    10. «Шах-Фазил» күмбөзү. Бул тарыхый жана жаратылышы кооз кереметтерди... Читать дальше...

Киевде ондогон адам катышкан атышуу болду

Azattyk.org 

29-майда Киев облусунун Бровары шаарында 100гө жакын адам катышкан атышуу болду. Натыйжада үч адам травматикалык октон жаракат алганын Украинанын Ички иштер министрлиги билдирди. «Броварыдагы таңкы атышуу - ташуучуларга квота бөлүштүрүүдөгү коррупциянын, ташуу маршруту үчүн күрөшкө бандаларды тартуунун жаңырыгы. Дарылайбыз. 10 адам кармалды. Жапырт кармоо улантылууда», - деп ички иштер министри Арсен Аваков «Твиттерге» жазды. Кабат үйдүн терезесинен тартылган видеодон бир топ адам жолдо туруп алып ок атып атканын көрүүгө болот. Читать дальше...

IT: Бир кызды илимге кызыктыруу да чоң жеңиш

Azattyk.org 

25-майда «Илим кыз» интерактивдүү мектебинде онлайн сабактар аяктады. Долбоордун уюштуруучулары - «Роза Отунбаеванын демилгелери» фонду жана И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети. Бул ушуну менен бешинчи жыл катары мектеп жеткинчектерин билимге үндөп келген мыкты саамалык.

Жалпы республикалык тестирлөөгө 41 727 бүтүрүүчү катталды

Azattyk.org 

2019-2020-окуу жылын жыйынтыктоочу жалпы республикалык тестирлөөгө (ЖРТ) катталган бүтүрүүчүлөрдүн саны 41 727ни түздү. ЖРТга катталууга үлгүрбөй калгандарга кошумча мүмкүнчүлүк берилет. Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз катчысы Акылбек Орозматовдун «Азаттыкка» билдиргени боюнча, катталууга жетишпеген бүтүрүүчүлөр 20-июнда же 23-июнда саат 13:00дөн 17:00гө чейин тест борборуна кайрылышы керек. Жалпы республикалык тестирлөө быйыл 21-25-июнь күндөрү өтөт. Жыйынтыктарды жарыялоо жана таратуу 13-июлдан 19-июлга чейин жүрөт. Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *