Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Май
2020

Новости за 11.05.2020

Депутат беткап жана справка боюнча чараларды сындап чыкты

Azattyk.org 

Парламент депутаты Элвира Сурабалдиева Бишкекте беткапсыз жүргөндөргө айып салуу жана ишкана тууралуу салык кызматынан алынган кагаз талап кылуу чараларын "акылга сыйбаган" деп сындады. Депутат жергиликтүү бийликтин мындай иш-аракети жарандардын кыжырын келтирет деп эсептейт. Бул тууралуу Сурабалдиева "Фейсбуктагы" баракчасына жазды. “Эртең комитеттин сессиясында бул чараны токтотууну талап кылам”, - деп жазды депутат. Эл өкүлү карантин учурунда беткап тагынып жүрүү туура экенин, бирок башка... Читать дальше...

Аскерга чакыруу жана жоокерлерди запаска бошотуу башталат

Azattyk.org 

Президент Сооронбай Жээнбеков колгон койгон жарлыкка ылайык, Кыргызстанда аскерге чакыруу жана кызмат өтөп бүткөндөрдү запаска бошотуу иши жандандырылат. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы маалымдады. Жээнбеков “Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүндө, аскердик түзүмдөрдө, мыйзамда аскердик кызмат катары эсептелген мамлекеттик органдарда жана альтернативдик кызматын өтөп бүткөндөрдү запаска бошотуу, ошондой эле 2020-жылдын март-май айларында милдеттүү кызмат өтөөгө кезектеги чакыруу жөнүндө”... Читать дальше...

Президент кыргыз-тажик чек арасы боюнча конструктивдүү сүйлөшүү керек экенин билдирди

Azattyk.org 

Президент Сооронбай Жээнбеков 11-майда вице-премьер-министр Акрам Мадумаровду кабыл алып, жаратылыш кырсыктарынын кесепеттерин жоюу, өлкөнүн чек ара коопсуздугун камсыз кылуу маселелерин жана чек ара кызматташтыгын талкуулады. Бул тууралуу маалымат президенттин сайтына чыкты.  Мадумаров Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасындагы чатак күчөп кетпеши үчүн тажик тарап менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлгөнүн маалымдады. Ошондой эле ал жарадар болгон аскер кызматкерлеринин абалы тууралуу айтып берди. ... Читать дальше...

Омор Султановдун сыйлыкка карабас бийиктиги

Azattyk.org 

«Отузунчу станция», «Сен жөнүндө поэма», «Чарчоонун жузүнчү ыры», «Адамдын тагдыры» өңдүү чыгармалары менен даңазаланган Кыргыз эл акыны Омор Султанов быйыл 85 жашка чыгат.

Юристтин Матраимовдор боюнча жазган арызы Бишкек шаардык сотунда каралат

Azattyk.org 

Юрист Нурбек Токтакуновдун бажы тармагындагы журналисттик иликтөөлөргө байланыштуу жазган арызы 12-майда Бишкек шаардык сотунда каралат. Бул тууралуу Токтакунов «Азаттыкка» маалымдады. Анын түшүндүргөнүнө караганда Бишкек шаардык сотунда Токтакуновдун мыйзамсыз баюу боюнча Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) каршы жазган арызы каралат. Юрист сотко берген арызында атайын кызмат Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун байлыгын текшерүү... Читать дальше...

Дордойдогу додолошкон жашоо

Azattyk.org 

Бишкектин түндүгүндө кадимкидей темир шаарча бар. Тегереги жер тамдар менен курчалган жүздөгөн гектар аймактагы контейнерлердин мегаполиси - “Дордой” дүр-дүйнө базары. Бул базарда жана анын тегерегинде күнүмдүк тамагына акча таап, оор турмушун кылдыратып келаткан адамдардын жашоосун пандемия кай жакка бурду? Бишкектин жакасында эле орун алган конуштун тиричилиги менен башкалаанын жашоосунун ортосундагы асман менен жердей айырма кесиптешибиз Адилет Бектурсуновдун тасмасында.

Польшада жоочулукка азгырган деген шек менен төрт тажик жараны кармалды

Azattyk.org 

Польша бийлиги согушкерликке үндөгөнгө аракет кылган деп шек саналган төрт тажик жараны кармалганын билдирди. Өкмөт өкүлү Станислав Зарын бул жарандар эми өлкөдөн чыгарыларын, мындан ары алардын Польшага, дегеле Шенген аймагына келишине тыюу салынарын айтты. Анын сөзү боюнча, «Ислам мамлекети» террорчул тобунун идеяларына шыктанып жүргөн бул тажик жарандары 7-майда камакка алынган. Ушул айдын башында Албанияда Германия террор үчүн айыптаган тажик жараны Интерполдун жардамы менен колго түшкөн. Жергиликтүү... Читать дальше...



Орусияда карантин эрежелери 12-майдан тартып жумшара баштайт

Azattyk.org 

Бул тууралуу президент Владимир Путин 11-майда өкмөт менен өткөргөн жыйында билдирди. Анда ал Орусия «чектөөлөрдү жумшартуу режимине жакындап» калганын айтты. Ошондой эле үйдө болуу тартиби жана иштебей турган күндөр оорунун кеңири тарашын токтотуп, «миңдеген өмүрдү» сактап калууга мүмкүнчүлүк бергенин билдирди. Путиндин айтымында, өлкө боюнча 12-майдан тартып иштебей турган күндөрдүн мөөнөтү узартылбайт жана айрым өнөр жай ишканалары жумушун баштайт. Ал жарандарды жана ишкерликти колдоо чаралары иштелип чыкканын билдирди... Читать дальше...

Жекшенкулов: 17-майда Москвадан Бишкекке учак уюштурулуп жатат (аудио)

Azattyk.org 

17-майда Орусия Кыргызстандагы жарандарын алып кетиш үчүн 200 орундуу учак жиберет. Бул тууралуу «Азаттыкка» Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Аликбек Жекшенкулов билдирди. Элчинин айтымында, кыргыз тарап ошол каттам менен Москвадагы жарандарын алып кетиш үчүн 400 орундуу учак сурап жатат. Жекшенкулов коомдук   комиссия түзүлүп, учак менен Москвадан Бишкекке кете тургандардын тизмеси такталарын маалымдады. «Ал комиссияны диаспоранын өкүлдөрү жетектейт. «Коррупциялык иштер болду» деген ар кандай кеп болбошу үчүн комиссия түзүлдү. Читать дальше...

Атбашылыктар анализге каршы чыкты

Azattyk.org 

Ат-Башы районунун Ача-Кайыңды айылынын тургундары коронавируска байланыштуу айылда кыймыл чектелип жатканына нааразы болуп жыйын өткөрүштү. Алар коронавируска элден жапырт анализ алганга каршы болуп жатышат.

Азык-түлүк коопсуздугу деген эмне?

Azattyk.org 

Азык-түлүк коопсуздугу дегенибиз - тирүү адамга керектүү негизги тамак-аштын түрлөрүнүн өлкө калкына бардык учурда жеткиликтүүлүгү, сатып алууга каражаттын жетиши.

Бишкек: беткап тагынбагандарга 5000 сомго чейин айып салынат

Azattyk.org 

11-майдагы онлайн брифингде Бишкек мэри Азиз Суракматов 11-майдан баштап күчүнө кирген «Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө» жана «Жарандык коргонуу жөнүндө» мыйзамдардагы өзгөртүүлөр күчүнө киргенин белгилеп, анда карантиндик эрежелерди бузгандарга ири өлчөмдө айып каралганын билдирди. «Санкциялар катаалдашты. Айыппулдун өлчөмү кылмыштын, жоруктун оордугуна жараша 1 000ден 180 000 сомго чейин жетиши мүмкүн. Өзгөчө беткап тагынуу боюнча көңүл бурулат. Беткап тагынбагандарга 1000ден 5000 сомго чейин айып каралат. Читать дальше...

Энергетика маселелери тууралуу мыкты макалага сынак жарыяланды

Azattyk.org 

Энергетика маселелери тууралуу мыкты макалага сынак жарыяланды. Бул тууралуу Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитет кабарлады. «Бардыгы КР энергетикасы жөнүндө» аттуу сынакка жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү, эркин журналисттер, колумнист авторлор катыша алат. Максат – тармактын абалы, маселелери, келечеги тууралуу материалдарды, ачык маалыматтарды жайгаштыруу, бул темада жазган активдүү журналисттердин жана талдоочулардын тобун түзүү. Негизги темалар - тариф саясаты... Читать дальше...

Акаев: элде маалыматтык таңкыстык бар

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин 11-майдагы жыйынында депутат Жанар Акаев эл менен ачык иштей албай жатат деп өкмөттү сынга алды. Анын айтымында, ачык-айкын иштин жоктугунан элдин көбү өкмөткө ишенбейт. Депутат Каржы министрлигине кайрылып, коронавируска каршы күрөшүү үчүн сырттан канча каражат келгенин, анын кайда жумшалганын ачык айтып, инфографика менен түшүндүрүп берүүнү сурады. «Коомчулуктун 90 пайызы өкмөттүн аткарган ишине нааразы, ишенбейт. Читать дальше...

Европа жанданып, Орусияда оору көбөйдү

Azattyk.org 

Орусия кооронавируска кабылгандардын саны боюнча үчүнчү орунга чыкты. Европанын айрым жерлеринде пандемияга байланышкан кээ бир чектөөлөр акырындап алына баштады. Дүйшөмбүгө карата дүйнөдө ооругандар 4 миллиондон ашты, 280 миңден ашун бейтап оорунун айынан дүйнө менен кош айтышты.

Мектеп бүтүрүүчүлөрү үчүн «Алтын тамгадан» башка сынак шарттары өзгөрдү

Azattyk.org 

Коронавирус коркунучуна байланыштуу Кыргызстандагы жалпы билим берүүчү мектептердин 2019-2020-жылдагы бүтүрүүчүлөрү үчүн мамлекеттик сынактын шарттары өзгөрдү. Бул тууралуу билим берүү, илим министри Каныбек Исаков Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин жыйынында билдирди. Министрдин айтымында, 9-11-класстын бүтүрүүчүлөрү быйыл сынак тапшырыш үчүн мектепке барышпайт. Бүтүрүүчүлөргө тиешелүү сабактар боюнча баалар жыл ичиндеги жалпы жетишкендиктеринин... Читать дальше...

Чек ара окуясында жарадар болгон аскердин абалы дагы эле оор

Azattyk.org 

Кыргыз-тажик чек арасындагы атышууда оор жарадар болгон кыргыз жоокеринин абалы дагы эле оор. Бул тууралуу 11-майда «Азаттыкка» Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады. Мекеменин басма сөз катчысы Жылдыз Айгерчинова аскер кызматкеринин абалы «оор, бирок туруктуу» деп билдирди. Анын айтымында, эртең-бүрсүгүнү дарыгерлер кошумча консилиум өткөрүп, операцияга качан алынарын чечишет. 8-майда Баткенде чек ара окуясында жарадар болгон үч жоокер 10-майда атайын тик учак менен Бишкекке жеткирилген. Читать дальше...

Азимжан Аскаровдун соту болбой калды

Azattyk.org 

Район аралык сот жоюлуп кеткендиктен укук корогоочу Азимжан Аскаровдун өкмөткө каршы берген арызы боюнча соттук отурум болбой калды. Жараянга келген адвокаттар менен Аскаровдун жакындары мындан ары район аралык сот жок экенин 11-майда сот залынан гана билишти. Судья тиешелүү мыйзам 8-майдан тартып күчүнө киргенин, иш качан каралары азырынча белгисиз экенин айтты.

Орусия: COVID-19 аныкталган борбор азиялыктар

Azattyk.org 

Дүйшөмбүгө карата дүйнөдө коронавирус жуктургандардын саны 4 миллиондон ашты. Орусияда коронавируска жүздөгөн борбор азиялыктар кабылды. Соцтармактарды тажикстандык мигранттар бул оорудан көз жумган мекендештери тууралуу жазып жатышат. Түркияда коронавирустун дарысын сатууга уруксат берилди.

ЖК комитети өкмөттүн отчётун канааттандырарлык деп тапты

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин 11-майдагы жыйынында өкмөттүн 2019-жылдагы иши канааттандырарлык деп табылды. Комитет мүчөлөрү акыркы кырдаалга жараша өкмөттүн иши көптүгүн эске алуу менен отчётту кабыл алып берүү тууралуу чечимге келишти. Жыйында айтылган сын-пикирлер эске алынмай болду.  Депутаттарга вице-премьер-министр Аида Исмаилова баштаган өкмөт өкүлдөрү жүргүзүлүп жаткан иштер, коронавируска каршы күрөш тууралуу маалымат беришти. Читать дальше...

Коомдук транспортко уруксат берилбей жатканынын себеби айтылды

Azattyk.org 

Бишкек мэриясы автобус менен троллейбустун иштешине уруксат берилбей жаткан себебин түшүндүрдү. Мэр Азиз Суракматов коомдук автотранспорттун бул түрүнө 11-майдан тартып уруксат берүү пландалганын, бирок оорунун жайылуу коркунучу дагы эле сакталып жаткандыктан маселе ачык бойдон турганын билдирди: «Коронавирустун жугуу коркунучу уланып, аны жугузуп алгандар көбөйүп жаткандыктан бул маселе чечиле элек. Уруксат берүү оору жуккандардын санына жараша болот. Балким, 20-майга жакындаганда бул маселе республикалык штабда каралышы ыктымал». Читать дальше...

Дагы бир Стамбул-Бишкек атайын каттамы уюштурулат

Azattyk.org 

Бул тууралуу Кыргызстандын Анкарадагы элчилиги маалымат таратты. Анда 15-майда Стамбул-Бишкек каттамы боюнча атайын чартердик рейс пландаштырылганы жазылган.  Буга чейин Түркиядан Кыргызстанга кетиш үчүн атайын чартердик каттамды күткөн 629 кыргызстандык жаран тизмеде турганы жазылган. Коронавирус пандемиясынан улам аба каттамдары жабылгандыктан Түркиядагы жүздөгөн кыргызстандыктар 24-мартта, 17-апрелде жана 24-апрелде атайын уюшулган чартердик каттам менен Кыргызстанга кайткан.  Түркия - коронавирус... Читать дальше...

Жардыны жарга такаган жабык базар

Azattyk.org 

Жабык “Дордой” миңдеген адамдын турмушуна таасир этти. Айрыкча базарды ыктап жашаган конуштарда жашагандардын айласы куруду. "Азаттык" Эл акыны Элмирбек Иманалиевдин керээзин кантип аткарды?





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *