Кыргызстанда бүгүндөн тартып «Бактылуу балалык» жумалыгы башталды. Маданият, маалымат жана туризм министрлиги уюштурган бул акция 1-июнь - Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө арналууда.
Жумалыктын алгачкы күнү Бишкекте Касымалы Баялинов атындагы китепканада «Бала - бакыт» деген поэзия кечеси менен башталганын министрдин орун басары Кайрат Иманалиев билдирди:
«Буга биздин Кыргызстандагы бардык маданият мекемелери, театрлар, оюн-зоок жайларынын артисттери катышат. Иш-чараны Балдар жана өспүрүмдөр китепканасынан баштап отурабыз». Читать дальше...