Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Июнь
2020

Новости за 06.06.2020

Токаевдин пресс-катчысынан коронавирус табылды

Azattyk.org 

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин маалымат катчысы коронавирус жуктуруп алды. Бул тууралуу Берик Уали “Фейсбуктагы" баракчасына жазып, абалы канааттандырарлык экенин билдирди. 43 жаштагы Уалинин айтымында, президенттин резиденциясы Акордодо санитардык абал күчөтүлдү. “Президенттин саламаттыгына коркунуч жок, ал графикке ылайык ишин улантууда» деп жазды маалымат катчы. Буга чейин Орусиянын президентинин пресс-катчысы Дмитрий Песков да COVID-19га кабылган. Инфекцияны Орусиянын өкмөт... Читать дальше...

Алматыдагы митинг: "Чал кетсин!"

Azattyk.org 

Ишембиде Казакстандын бир нече шаарында “Тынч жыйындар жөнүндө” мыйзамга нааразылык билдирүү үчүн митингге чогулган ондогон адам кармалды. Нур-Султанда полиция акция өтөрү айтылган аянтка эрте келген онго чукул кишини кармап кетти. Алматыды да полиция жолду тороп, өлкөдө тыюу салынган “Көчө партиясынын” митингге чыккан ондогон мүчөсүн алып кетти. Кызыл-Ордо, Чымкент, Семей шаарларында да ондогон адам кармалды. "Азаттыктын" казак кызматынын видеосу.

7-июнга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Azattyk.org 

6-июндан 10-июнга чейин Кыргызстандын аймагында туруксуз аба ырайы болот. Мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөп, бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн.   Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 9…14, күндүз 23…28; Талас жергесинде түнкүсүн 7...12, күндүз 23…28; Ош, Баткен, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн 14…19, күндүз 28…33; Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 7…12, күндүз 19…24; Нарын облусунда түнкүсүн 4…9, күндүз 18…23; Бишкекте жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 12…14, күндүз 26…28 градус болот.

Нарында жайыт талаштын айынан жол буулду

Azattyk.org 

Нарында облусунда жайыт талаш кайрадан курчуду. Айрыкча Нарын менен Кочкор районунун малчылыры талаштын айынан жолду бууп, жакалашып урушканга чейин жетишти. Милиция менен облустук бийлик бул кырдаалды эки жылдан бери чече албай келет. Бул көрүнүш малчыларга кылмыш иши да козголгон учурга жеткирди.

Кыргыз өкмөтү чек арадагы тыгынга байланыштуу билдирүү таратты

Azattyk.org 

Кыргыз өкмөтү тараткан маалыматка ылайык, «Актилек-автожол» көзөмөл-өткөрмө жайынын Кыргызстан тарабында 8 чакырымга чейин тыгын пайда болуп, 500дөн ашуун жүк ташуучу автоунаалар өтө албай турган. Мунун себебин кыргыз өкмөтү Казакстандын Финансы министрлигинин Мамлекеттик кирешелер комитетинин текшерүү иш-чараларынын күчөтүлгөнүнөн улам деп түшүндүрдү. Айдоочулар чек арада 3-4 күндөн бери турганын айтышкан. 3-июнда «Актилек-автожол» (Кыргызстан) жана «Карасу» (Казакстан) көзөмөл-өткөрмө жайларында... Читать дальше...

Кыргызстан Кытайга «Торугарт» чек ара бекети боюнча өз сунушун берди

Azattyk.org 

Кыргызстандын мамлекеттик бажы кызматы Кытайдын бажы башкармалыгы менен кыргыз-кытай чек арасындагы «Торугарт» көзөмөл-өткөрүү жайынын ишин жандандыруу маселесин талкуулашты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы маалымдады. Онлайн өткөн жыйында кыргыз тарап жүк ташуучу автоунаалардын айдоочуларынын ПЧР-тесттерди тапшыруусу каралган алгоритмди сунуш кылды. Кытайдын тиешелүү органдары алгоритмди кыска мөөнөттө карап чыгып, өз шарттарынын тизмесин жөнөтөрүн билдирди. Буга чейин Тышкы иштер министрлиги... Читать дальше...

Өзгөрбөгөн системадан тажаган жаштар

Azattyk.org 

5-июнда Кыргызстанда «тажадым» деп аталган онлайн митинг өттү. Анда жарандык активисттер өлкөдөгү коррупция, чек ара маселеси, билим берүү, кадр саясаты боюнча бийликке сын айтышты.

Жарыгы жок отурган Жазы-Кечүү айылына электр линиясы тартылып жатат

Azattyk.org 

Базар-Коргон районунун Жазы-Кечүү айылына электр жарыгы тартыла баштады. 1960-жылдан бери эл жашаган айылга 1-сентябрда биринчи жолу электр жарыгы келет. Жалал-Абад электр ишканасы Сузак районунун Кыз-Көл айылы тараптан 18 чакырым аралыктагы линия тартууга киришти. 25 млн. сомдук долбоорду аталган мекеме өз каражатынын эсебинен жүргүзүүдө. 6-июнда Жазы-Кечүү айылында алгачкы мамычаларды орнотуу иш- чарасына Улуттук энергохолдингдин төрагасы Айтмамат Назаров жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты. Читать дальше...



Роухани: Үйлөнүү той вирусту күчөттү

Azattyk.org 

Ирандын президенти Хасан Роухани үйлөнүү тойлордун айынан өлкөдө басаңдап калган коронавирус кайра күчөгөнүн билдирди. Ал вирустун экинчи толкуну болот деген коркунучка карабай, экономиканын кармап туруу керектигин белгиледи. Иран апрель айынын ортосунда карантин чараларын жумшарткан. Февралда бул өлкөдө оору күчөгөн. 4-июнда оору жуккандар 3574 адам деп катталып, февралдагы көрсөткүчтөн көп болду. Бийлик эпидемиянын күчөшүнө чет жактан баргандар жана той-топурлар себеп болуп жатканын белгилөөдө. Читать дальше...

Асангариев: Жарандык коому жок мамлекет өнүкпөйт  

Azattyk.org 

5-июнда «Жарандык платформа» уюму өкмөттүк эмес уюмдардын (ӨЭУ) ишин көзөмөлдөөгө багытталган мыйзам долбоору боюнча онлайн талкуу өткөрдү. Ага долбоордун демилгечи депутаттары, жарандык коомдун өкүлдөрү катышты. Талкууда ишкер Мирбек Асангариев бул мыйзам долбоору өлкөнүн өнүгүшүнө тоскоол болорун белгилеп, депутаттардан демилгени чакыртып алууну сунуштады. “Депутаттар туура эмес демилге көтөрүп жатат. Өз жарандарын бөлүп, “силер башка пропаганда кылып жатат окшойсуңар” деп шек санап жатат. Читать дальше...

Окумуштуу Арапбай Марипов дүйнө салды

Azattyk.org 

5-июнда кыргызстандык белгилүү илимпоз, маалымат технологиясы боюнча адис, физика-математика илимдеринин доктору, Кыргызстандын илимине эмгек сиңирген ишмер Арапбай Марипов 81 жаш курагында дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу анын жакындары маалымдашты. Профессор Марипов Нью-Йорк илимдер академиясынын академиги, Эл аралык оптика коомунун мүчөсү болгон. А.Марипов изилденген объекттин сүрөтүн башка өңүттөн өлчөө аркылуу бул нерсени таануунун жаңы ыкмаларын илимге киргизген. Арапбай Марипов 1939-жылы... Читать дальше...

Кыргыз-Түрк ооруканасы иштей баштады

Azattyk.org 

Кыргызстандын саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев Кыргыз-Түрк ооруканасы коронавирус жугуп, дарты өтүшүп кеткен бейтаптарды кабыл ала баштаганын айтты. “Ооруканада 72 орун даярдалды, анын 12си - ыкчамдатылган терапия палаталары. Жалпысынан 35 медициналык кызматкер тартылып, алардын арасында кардиолог, пульмонолог жана реаниматолог дарыгерлер бар. Жаңы оорукана бардык керектүү жабдуулар менен камсыздалган”, -- деди Үсөнбаев. Бишкекте курулушу 2016-жылы аяктап, бирок башкаруу... Читать дальше...

Казакстанда митингге чогулгандар кармала баштады (видео)

Azattyk.org 

Казакстандын бир нече шаарында “Тынч жыйындар жөнүндө” мыйзамга нааразылык билдирүү үчүн митингге чогулган ондогон адамдар кармалды. Нур-Султан шаарында полиция акция өтөрү айтылган аянтка эрте келген онго чукул кишини кармап кеткенин “Азаттыктын” казак кызматынын кабарчысы билдирди. Анын айтымында, полиция аянтта коронавируска каршы дезинфекция иштери жүргүзүлө турганын жүйө келтирген. Алматы шаарында да полиция жолду тороп, өлкөдө тыюу салынган “Көчө партиясынын” митингге чыккан ондой мүчөсүн алып кетти. Читать дальше...

ДССУ беткап тууралуу эрежесин өзгөрттү

Azattyk.org 

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДССУ) беткап тууралуу мурдагы эрежесин өзгөртүп, коронавирус көп жайылып жаткан аймактарда жана социалдык обочолонуу эрежесин сактоо мүмкүн болбогон жерлерде беткап тагынуу зарыл экенин билдирди. Уюм 5-июндагы билдирүүсүндө беткапты вирустун жайылышын алдын- алган ыкмалардын бири деп мүнөздөдү. Ошол эле учурда бетти жаап жүрүү менен гана COVID-19дан толук сактануу мүмкүн эмес экенин эскертти. Буга чейин Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму медицина кызматкерлерине... Читать дальше...

Жар издеген кыз, жесил эркек

Azattyk.org 

Качкыналы Сыдыгалиев отузга жакын китептердин автору, адабияттын биртоп жанрларында калемин сынаган жазуучу.

ЖАМК №1 тергөө абагындагы окуя боюнча жооп берди

Azattyk.org 

5-июнь күнү кечинде №1 тергөө абагында жаткандар камерадагы темирлерди чапкылап үн чыгарышкан. Айрым жергиликтүү сайттар муну менен абактагылар нааразылык билдирип жатышканын жазышты. Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын басма сөз катчысы Самат Калыков “Азаттыкка” түшүнбөстүк болгон деп билдирди. “Бир соттолуучунун туулган күнү экен. Экинчи камерадагы аны куттуктап тыкылдаткан экен. Анан башкалары түшүнбөй эле тыкылдата берген. Эч кандай нааразычылык болгон эмес”, - деди Калыков. №1 тергөө... Читать дальше...

Жаштардын бийликке сыны онлайн жаңырды

Azattyk.org 

5-июнда Кыргызстанда «тажадым» деп аталган онлайн митинг өттү. Анда жарандык активисттер өлкөдөгү коррупция, чек ара маселеси, билим берүү, кадр саясаты боюнча бийликке сын айтышты.

Интернетте жаңырган жаштар үн

Azattyk.org 

5-июнда Кыргызстанда «тажадым» деп аталган онлайн митинг өттү. Анда жарандык активисттер өлкөдөгү коррупция, чек ара маселеси, билим берүү, кадр саясаты боюнча бийликке сын айтышты.

Нарында жол тоскондорго кылмыш иши козголду

Azattyk.org 

Бул тууралуу Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Кундуз Эсенгулова билдирди. Маалыматка ылайык, 5-июнь күнү Нарын районунун Жерге-Тал айыл өкмөтүнө караштуу Кырк-Боз үй аймагына 150дөй киши жайлоого барчу жолду тосуп алган. Алар "Кочкор районунун малчыларын жайытка киргизбейбиз" деп чогулушкан. Аларга өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлү Эмилбек Алымкулов жолукту. Бирок топтолгондой тарабай турат.   Кум-Бел жайлоосу негизинен Нарын районунун Жерге-Тал айылына караштуу. Бирок... Читать дальше...

Ички авиа каттамдагы жүргүнчүлөр аэропорттон тыкыр текшерилет

Azattyk.org 

6-июнда премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов «Манас» аэропортунун ички аба каттамдарды жандандырууга даярдыгын көрдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы маалымдады. Аэропорт кызматкерлери жүргүнчүлөрдү текшерүү тартиби тууралуу айтып беришти. Ага ылайык, «Манас», «Ош» жана «Ысык-Көл» аэропортторунун имаратына билети бар жүргүнчүлөр, майыптарды коштогондор гана киргизилет. Узатуучу жана тосуп алгандар үчүн өзүнчө орун даярдалган.  Аэробекеттерге... Читать дальше...

Башкы прокуратура Бакиевдерди эстеди

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин депутаты Кыргызстандагы интернет-сайтка чыккан мурдагы президент Курманбек Бакиевдин кайрылуусун териштирүүнү суранып Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) кайрылды.

Үсөнбаев: коронавирус жаңы аныкталгандардын үчөө кайдан жуктурганы белгисиз

Azattyk.org 

Кыргызстанда соңку бир сутка ичинде коронавирус жаңы аныкталган 38 адамдын 29у үй карантинде болгон. Үчөө чет өлкөдөн кайтып келгендер. Ал эми дагы үч киши кайдан жуктурганы белгисиз. Бул тууралуу 6-июнда саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди. Анын айтымында, үч кишинин вирусту кайдан жуктурганы боюнча изилдөө жүрүп жатат. Жалпысынан 6-июнга карата Кыргызстанда коронавирус 1974 адамдан табылды, алардын ичинен 1360 бейтап сакайып кетти. COVID-19 вирусу табылган 22 бейтап кайтыш болгон. Читать дальше...

Кыргызстанда коронавирус дагы 11 медициналык кызматкерден аныкталды

Azattyk.org 

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 11 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу республикалык штабдан маалымдашты.   6-июнга карата бир медкызматкер айыгып чыкты. Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 389 учур катталды, алардын ичинен 273 медкызматкер айыгып чыккан. Эки дарыгер кайтыш болду. Жалпысынан 6-июнга карата Кыргызстанда коронавирус 1974 адамдан табылды, алардын ичинен 1360 бейтап сакайып кетти. COVID-19 вирусу табылган 22 бейтап каза тапкан. Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *