Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Июнь
2020

Новости за 15.06.2020

ЖККУнын парламент жетекчилери жыйын курду

Azattyk.org 

15-июнда Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун Парламенттик ассамблея (ЖККУ ПА) кеңешинин онлайн конференциясына катышты. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин сайтында жазылды.   Жыйында 2016-2020-жылдардагы уюмга мүчө мамлекеттердин улуттук мыйзамдарын бири-бирине шайкеш келтирүү боюнча жасалган программанын жыйынтыгы жөнүндө сөз болду. Парламенттик ассамблеянын 2021-2025-жылдарга карата программасынын долбоору талкууланды.  Кыргыз парламентинин төрагасы Дастанбек Жумабековдун айтымында... Читать дальше...

Премьер-министр Абылгазиев кызматтан кетүү тууралуу арыз жазды

Azattyk.org 

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кызматтан кетүү тууралуу арызын берди. Бул тууралуу өкмөттүн сайтында жарыяланды. Абылгазиевдин арызында радио жыштык боюнча иликтенип жаткан иштер аягына чыга электигине байланыштуу кызматтан кетүү тууралуу чечимди кабыл алганы белгиленген.   “Иликтөө иши соңуна чыга элек. Бүгүн өлкө коронавирус инфекциясына каршы туруп жана анын экономикага келтирген кесепеттери менен күрөшүп жаткан татаал шартта өкмөт туруктуу иш алып барып, жарандардын толук ишенимине ээ болуусу зарыл. Читать дальше...

Түркмөн аскерлери жана күч кызматкерлери мөмө-жемиш өстүрө баштайт

Azattyk.org 

Түркмөнстандагы мамлекеттик маалымат агенттиги тартип коргоо органдарына, аскердик мекемелерге мөмө-чөмө, жер-жемиш өстүргөнгө жер бөлүнүп берилгенин жазды. Ал маалыматта кайсы органга канча гектар жер берилгени, түшүм жыйноо боюнча мамлекеттик пландын болор-болбосу көрсөтүлгөн эмес. Мындай тажрыйба мурдагы президент, маркум Сапармурат Ниязовдун тушунда да болгон. Ал да аскерлер менен тарип коргоо органдарынын кызматкерлерин мөмө-жемиш өстүрүүгө милдеттендирген жана айва кыямынын пайдасы тууралуу айтып жүргөн. Читать дальше...

Жалал-Абад: Коогадан кийинки турмуш

Azattyk.org 

2010-жылдын 12-июнундагы каргашалуу окуяда Жалал-Абад облусунда 750дөн ашык имарат күйүп кеткен. Алардын көпчүлүгү Жалал-Абад шаарында өрттөлгөн. Шаар бийлиги калааны калыбына келтирип жатканы менен дагы деле ал кооганын тагы кете элек. Өткөн 10 жыл аралыгында Жалал-Абад кандай өзгөрдү?

Президент: Бишкек оорунун очогуна айланып баратат

Azattyk.org 

Президент Сооронбай Жээнбеков коронавирус илдетин жуктуруп алгандар өлкөнүн баш калаасында көп каттала баштаганын белгилеп, Бишкек оорунун очогуна айланып баратканын айтты. Бул тууралуу президент 15-июнда премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов менен жолугушуп, эпидемиологиялык кырдаалды талкуулап жатканда билдирди. “Эл вирусту базарлардан, коомдук транспорттон жана башка коомдук жайлардан жугузуп алууда. Бишкек шаары бара-бара өлкөдөгү оорунун очогуна айланып баратканын көрүп жатабыз”... Читать дальше...

Навальныйга согуш ардагерине "жалаа жапты" деген айып коюлду

Azattyk.org 

Орусияда Тергөө комитети Коррупцияга каршы күрөш фондунун негиздөөчүсү, оппозициялык саясатчы Алексей Навальныйга кылмыш ишин козгоду. Ага Конституцияны өзгөртүү боюнча референдумду колдогон жарнамага тартылган Экинчи дүйнөлүк согуштун ардагерине "жалган жалаа жапты" деп айып коюлду. Навальный соңку жагдай боюнча азырынча үн ката элек. Соңку жылдары Навальный ар кандай себептер менен 12 жолу камалып, жалпысынан 200дөй күн абакта отурган. Анын Коррупцияга каршы күрөш фонду мурдагы премьер-министр... Читать дальше...



Украина: "Эл кызматчысы" фракциясынын депутаттарынын теңи миллионер

Azattyk.org 

Украинада президент Владимир Зеленскийдин "Эл кызматчысы" партиясынын тизмеси менен Жогорку Радага депутат болгондордун теңинен көбү миллионер. Бул тууралуу "Украинанын шайлоочулар комитети" деп аталган жарандык уюм депутаттардын декларацияларын иликтеп-талдап чыккандан кийин билдирди. Ага ылайык, "Эл кызматчысы" фракциясындагы 247 депутаттын 153үндө миллиондон көп гривен акчасы бар экени аныкталган. Тизменин сап башында мурдагы ишкер Олег Воронько турат жана анын декларациясында 123 миллион гривен, же 4,6 миллион долларын көрсөткөн. Читать дальше...

Кыргызстанда коронавирус күчөдү

Azattyk.org 

Кыргызстанда 15-июнда 87 адамдан коронавирус табылды. Бул пандемия башталгандан берки эң жогорку көрсөткүч болуп калды. Президент Сооронбай Жээнбеков 15-июнда "Бишкек шаары бара-бара өлкөдөгү оорунун очогуна айланып баратканын" билдирди.

Орусияда мигранттарга берилген жеңилдиктердин мөөнөтү узартылды

Azattyk.org 

Орусиянын президенти Владимир Путин коронавирус пандемиясына байланыштуу чет өлкөлүктөргө 15-марттан 15-июнга чейин жарыяланган миграциялык жеңилдиктердин мөөнөтүн 15-сентябрга чейин узартты.   COVID-19 илдетинин жайылуу коркунучуна байланыштуу Орусиядагы чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жоктордун укуктарын жөнгө салуу тууралуу 18-апрелде жарыяланган жарлыкка ылайык, бул мезгил аралыгында чет өлкөлүктөргө миграциялык мыйзам бузуулар үчүн административдик чара колдонулбайт. Патент, виза... Читать дальше...

Жогорку сот Аскаров менен өкмөттүн соттук талашы токтотулганы боюнча түшүндүрмө берди

Azattyk.org 

Жогорку сот укук коргоочу Азимжан Аскаровдун кыргыз өкмөтүнө каршы доо арызы боюнча билдирүү таратып, медиа каражаттарындагы «сот ишти кароодон баш тартты» деген маалыматты төгүндөдү. Мекемеден кабарлашкандай, Бишкек шаарынын административдик соту 12-июнда Аскаровдун өкмөттүн үстүнөн жазган административдик арызы боюнча ишти кароону токтотуу тууралуу чечим кабыл алган. Билдирүүдө белгиленгендей, сот бул иш өкмөт менен Аскаровдун ортосундагы административдик-укуктук мамиледен улам чыкпаганын, өкмөт... Читать дальше...

Кошумча төлөмдү күткөн милиция

Azattyk.org 

Кыргызстанда пандемия учурунда милиция кызматкерлерине кошумча акы төлөнбөгөнү көйгөйлүү маселе бойдон кала берүүдө.

Швейцария - Кыргызстан: Аял укугун коргойлу!

Azattyk.org 

Кыргызстанда COVID-19 илдетинин кооптуу экенине ишенбей, аны тоготпогон мамиледен улам ооруга чалдыккандардын саны көбөйгөнүн Саламаттык сактоо министрлиги билдирди. Кыргызстан менен Швейцарияда үй-бүлөдөгү зомбулукту токтотууга, аялдардын укугун коргоого чакырган акциялар өттү.

Үй-бүлөлүк зомбулукка каршы пикет жөө жүрүш менен жыйынтыкталды

Azattyk.org 

Бишкектеги Акүйдүн алдында үй-бүлөлүк зомбулукка каршы уюштурулган пикет милициянын кийлигишүүсүнөн кийин “БУУнун аялдары” кеңсесине чейин жөө жүрүш менен жыйынтыкталды. Бул тууралуу “Азаттыкка” пикетке чыккан активисттердин бири, "Бишкек феминисттик демилгелер" коомдук фондунун өкүлү Айжамал Бектенова билдирди: “Биз пикетте санитардык талаптарга ылайык беткап кийип, аралыкты сактап турганбыз. Милиция келип, биздин колубуздагы транспаранттарды алууга аракет кылганда айласыз топтолуп калдык. Ошол... Читать дальше...

«Кыргыз темир жолу» ишканасынын экс-директору кармалды

Azattyk.org 

«Кыргыз темир жолу» улуттук компаниясы» мамлекеттик ишканасынын мурдагы башкы директору (А.К.А.) коррупциялык аракеттерге шектелип кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) кабарлады. Маалыматка ылайык, атайын кызматтын башкы тергөө башкармалыгы Коррупцияга каршы кызматтын материалдары боюнча аталган ишкананын бир катар жооптуу кызмат адамдары жасаган коррупция жана ири көлөмдө уурдоо фактылары боюнча сотко чейинки тергөө иштерин жүргүзүүдө. Тергөө тактагандай, «Кыргыз... Читать дальше...

Нарындагы жайыт талаш боюнча мекеме аралык комиссия түзүлдү

Azattyk.org 

Кочкор жана Нарын райондорунун тургундарынын ортосундагы жайыт маселесин териштирүү үчүн мекемелер аралык комиссия түзүлдү. Бул комиссия эки апта ичинде жайыттардын кайсы тарапка таандык экендигин мыйзам чегинде аныктайт. Бул тууралуу премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов президент Сооронбай Жээнбеков менен 15-июндагы жолугушуусунда билдирди.   5-6-июнда Нарын облусундагы Нарын районунун Жерге -Тал айыл өкмөтү менен Кочкор районунун Ак-Кыя айыл өкмөтүнүн малчылары жайыт талашып, жол тосушкан. Читать дальше...

Милиция акцияга чыккан активисттерди таратты

Azattyk.org 

15-июнда Бишкекте Жогорку Кеңеш жана президенттик аппарат жайгашкан имараттын алдында аялдардын укугун коргогон активисттер акцияга чыгышты. Алар “Мени өлтүрбө!”, “Зомбулукка жол жок!”, “Зомбулукту токтоткула!” деген өңдүү жазууларды кармап турушту. Милиция санитардык чараларды шылтоолоп, чогулгандарды тарап кетүүгө мажбур кылды. Акциянын катышуучулары 1,5 метрден кем эмес аралыкты сактап, беткап, колкап менен турушкан. Милициянын маалыматында быйыл жыл башынан бери өлкөдө 2019 үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталган. Читать дальше...

Бишкекте тез тамактануучу жайда чыккан өрттөн бир адам каза тапты (видео)

Azattyk.org 

Бишкектеги 6-кичи районунун аймагындагы Сухэ-Батор жана Юнусалиев көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан тез тамактануучу жайда өрт чыгып, анда бир киши каза болду. Каза болгон жарандын тек-жайы, өрттүн себептери такталууда.  Өрт өчүрүү кызматынын маалыматына ылайык, 15-июнда түштөн кийин чыккан өрт тандыр нан жапкан жерди, дарыкананы жана тез тамактануучу жайды каптаган.  Бишкекте коомдук тамактануучу жайларда маал-маалы менен өрт кырсыгы катталып келатат.  Буга чейин май айынын башында Жибек-Жолу... Читать дальше...

Президент коомдук транспортторду дезинфекциялоону күчөтүүнү тапшырды

Azattyk.org 

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 15-июнда премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов менен жолугушуп, эпидемиологиялык кырдаалды турукташтыруу боюнча чараларды талкуулады. Бул тууралуу президенттик аппараттан кабарлашты. Кубатбек Боронов акыркы күндөрү коронавирус инфекциясын жуктуруп алгандардын саны кескин көбөйгөнү байкалып жатканын белгиледи. Эпидемиологиялык оор кырдаал Бишкек, Ош шаарлары менен Чүй облусунда байкалып жатат. Буга өлкөдөгү экономикалык... Читать дальше...

Тармактык комитет өкмөттүк эмес уюмдар жөнүндө мыйзам долбоорун экинчи окууда колдоду

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитети «Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө» жана «Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө» мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоорун экинчи окууда жактырды. Комитеттин мүчөсү, депутат Дастан Бекешев долбоорду сынга алып, аны кабыл албоого чакырды. Бекешевдин сунушу колдоо тапкан жок. Мыйзам долбоорун Жогорку Кеңеш быйыл 4-мартта биринчи окууда кабыл алган. Читать дальше...

Бээжинде COVID-19дун жаңы очогу пайда болду

Azattyk.org 

Кытайдын баш калаасында 15-июнда 49 адамдан коронавирус табылды. Бул Бээжиндеги соңку бир нече ай ичиндеги эң жогорку көрсөткүч болуп калды. Шаардагы вирус "Синьфади" тамак-ашты дүңүнөн саткан базардан тараганы белгилүү болду. Натыйжада баш калаанын 11 конушу карантинге алынды. Ошондой эле бийлик Бээжиндеги бардык мекеме-ишканаларды кызматкерлерин, жумушчуларын 14 күндүк карантинге жөнөтүүгө милдеттендирди. Андан сырткары бул жагдайдан улам айрым муниципалдык аткаминерлер кызматтан алынды. Өткөн... Читать дальше...

Бизнес-акыйкатчы ишкерлерди ашыкча текшерүүнү айыптады

Azattyk.org 

Кыргызстандын бизнес-акыйкатчысы Робин Орд-Смит ишкерлерди жана бизнестин өкүлдөрүн ашыкча текшерүү жана айыппул салуу боюнча медиа каражаттарында жарыяланган кабарларга камтамачылыгын билдирди. Бул тууралуу анын расмий кайрылуусунда айтылат. Орд-Смит өзгөчө абал жана карантин учурунда аргасыз жабылып, жабыр тарткан ишкерчилик чарбалары али өзүнө келе электигин белгилеген: «Алар бардык күчүн экономикалык ишмердүүлүктү калыбына келтирүүгө, жумуш орундарын сактап калууга жана өлкө экономикасына салым кошууга жумшап жатат. Читать дальше...

Европада ички чек аралар ачыла баштады

Azattyk.org 

Европанын бир катар өлкөлөрү дүйшөмбүдөн тартып март айынан бери жабык турган чек араларын ача баштады. Убагында коронавирустун очогуна айланган Италия менен Швейцарияда жарандарга 15-июнда эки жакка эркин каттаганга уруксат берилди. Германия, Бельгия, Франция, Греция жана Чехия да бул күнү европалыктарга чек араларын ачты. Австрия шейшембиден тартып Европанын 30дай өлкөсүнөн келгендерди карантинге албай турган болду. Европада коронавирустан катуу жабыркаган өлкөлөрдүн катарында турган Испания чек арадагы чектөөлөрдү 21-июнда алганы турат. Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *