Назгүл: Коронавирус кантип жукканын билбейм
Бишкек шаарынын тургуну Назгүл Бодбаевага 3-июнда коронавирус диагнозу коюлган. Ал азыр Ысык-Ата райондук жугуштуу оорулардын клиникасында дарыланып жатат.
Бишкек шаарынын тургуну Назгүл Бодбаевага 3-июнда коронавирус диагнозу коюлган. Ал азыр Ысык-Ата райондук жугуштуу оорулардын клиникасында дарыланып жатат.
Чеченстандын лидери Рамзан Кадыров үйлөнө турган 207 жигитке калың төлөгөнгө 50 миң рублдан берүүнү тапшырды. Каражат анын атасы Ахмат Кадыровдун атындагы фонддон бөлүнөрүн Чеченстандын Дин башкармалыгы 7-июнда "Инстаграмдагы" баракчасында кабарлады. Акча үйлөнүүгө камынып жатып коронавирус пандемиясына байланыштуу акчадан кыйналып калган жигиттерге берилет. Пандемияга байланыштуу аймакта той өткөрүү эрежелери да өзгөрдү. Муфтият 25-майга чейин тойлорду чоң шаан-шөкөт менен өткөрүүгө тыюу салган. Читать дальше...
6-июнда Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Сох чатагы чыккан Фергана облусуна келди. Жергиликтүү тургундар жана бийлик өкүлдөрү менен жолугуп, кыргыз-өзбек чек арасындагы Чечме айылындагы окуяга да токтолду.
Тажикстандын түштүгүндөгү Куляб шаарынын мэри Бахром Иноятзода коррупцияга айыпталып, камакка алынды. Өлкөнүн Улуттук коопсуздук кызматы Иноятзода 8-июнда, ал эми анын айдоочусу Хурсандали Хуррамов менен катчысы Фируз Курбанов анын алдында кармалганын билдирди. "Баштапкы тергөөнүн жүрүшүндө Хуррамов Х.П. менен Курбанов Ф.Д. кылмышка Куляб шаарынын мэри Бахром Иноятзоданын көрсөтмөсү менен барган",-деп айтылат Тажикстандын Улуттук коопсуздук кызматы тараткан билдирүүдө. Иноятзода Куляб шаарынын башына өткөн жылы жазында келген. Читать дальше...
Кыргызстандыктар 10 жыл мурун өлкө түштүгүндө болгон кооганы эскерип жатышат. Июнь окуяларында 400дөн ашуун адамдын өмүрү кыйылып, жүздөгөн үй-жай, имараттар өрттөнгөн. Ал каргашалуу окуя жалпы элге тынчтыктын баасы кандай кымбат экенин көрсөттү. “Данистенин” бул жолку чыгарылышында ордолуу Ошту аралап, шаар тургундары менен баарлаштык.
Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 9-июнда парламенттеги "Кыргызстан" фракциясынын депутаты Руслан Чойбековдун мандатын мөөнөтүнөн мурда токтотуу тууралуу арызын карайт. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка караганда, Чойбеков өзү мандатын тапшыруу тууралуу арыз менен БШКга кайрылган. Депутаттын өзүнөн арыз боюнча комментарий алууга мүмкүн боло элек. Чойбеков Казакстанда кармалган мурдагы депутат Дамирбек Асылбек уулунун ордуна 2018-жылдын апрелинде келген. "Кыргызстан"... Читать дальше...
Кыргыз-казак чек арасындагы тыгындан улам эки өлкөнүн өкмөттөрү кайым айтышууда.
8-июнда Ош шаарындагы жарандык коомдун бир нече өкүлү президент Сооронбай Жээнбеков Ошко келгенде кабыл алуусун талап кылып акция өткөрүштү. Алар облустук администрациянын алдында президенттин сүрөтүн кармап турушту. «"Президент Ошко келет" деп укканбыз. Ошондон бери кайрылып келатабыз. Биз менен жолугушуп, Оштогу социалдык көйгөйлөрдү угуп коюшун суранабыз. 10 жыл ичинде тынчтыкты сактоодо коомдук уюмдардын салымы чоң. Мындан ары да тынчтыкты бекем сактоого байланышкан сунуштарыбыз бар. Ошолор тууралуу айтып берели дегенбиз»... Читать дальше...
Кошмо Штаттардын Ооганстан боюнча атайын чабарманы Залмай Халилзад Катарда “Талибан” кыймылынын саясий лидерлери менен жолукту. Абдул Гани Барадар менен Халилзад туткундагыларды бошотуу жараянын жана Оогандардын ички сүйлөшүүсүн баштоо тууралуу сүйлөшкөнү маалым болду. Февраль айында Кошмо Штаттар менен талибдер 18 жылдан бери уланып келе жаткан согушту токтотуу боюнча тынчтык келишимине кол коюшкан. Андагы шарттардын бирине ылайык, Кабул камактагы беш миң талибди коё бериши керек эле. «Талибан»... Читать дальше...
Азербайжандын баш калаасында полиция кызматкерлерин көздөй таштанды толгон баштыктарды, желим бөтөлкөлөрдү ыргыткан 11 адам кармалды. Ички иштер министрлигинин маалыматына ылайык, карантин шарттарын бузган адамды кармоо үчүн көп кабаттуу үйлөрдүн бирине 7-июнда барган полицияга тургундар терезелеринен таштанды ыргыта башташкан. Көп өтпөй кошумча күч келип, тартип бузган жашоочулардын көбүн кармаган. Turan.az. басылмасы “Полициячылар батирлерге кирип барып, тургундардын колун кайрып, рецидивисттердей алып чыгышты” деп жазды. Читать дальше...
Расалык теңсиздикке жана полициянын зомбулугуна каршы жүрүштөр дем алышта дүйнөнүн бир катар мамлекеттеринде да өттү. Казакстанда митингге чыккан жүздөн көп киши кармалды. Конор Макгрегор карьерасын аягына чыгарып жатканын жарыялады.
Кыргызстандагы медиа коомчулук өлкө жетекчилигине, Ички иштер министрлигине кайрылып, Талас шаарындагы «3-каналдын» кеңсесиндеги өрттү ыкчам, калыс иликтөөнү, күнөөлүүлөрдү жоопко тартууну көзмөлгө алууга чакырды. Медиа коомчулук «Журналисттин кесиптик ишмердигин коргоо жөнүндөгү" мыйзамда журналисттерге карата коркутуп-үркүтүү, зомбулукка тыюу салынарын эскертти. Кайрылуу Кыргызстандагы радио жана телеканалдардын, маалымат сайттарынын, медиа тармагындагы коомдук фонддордун жана журналисттердин атынан жарыяланды. Читать дальше...
Блогер Элмир Сыдымановдун иши боюнча соттук териштирүү экспертиза аяктаганга чейин убактылуу токтотулду. Анын иши комплекстүү психологиялык-лингвистикалык экспертизанын жыйынтыгы чыкканда улантылат.
Кыргызстандын футбол союзу спортчуларга медициналык кароодон өтүүнү, санитардык нормаларды сактоону сунуштады.
Талас шаарында кеңсесине өрт коюлган «3-каналдын» техникалары иштебей калып, телеканал убактылуу эфирге чыкпай турат. Милиция азырынча шектүүлөрдү кармай элек.
Жогорку Кеңештеги Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитети 8-июндагы жыйынында Орусиянын "1-канал" жана "РТР" телеканалдарынын берүүлөрүн Кыргызстандын акысыз санарип куржунунда көрсөтүү мөөнөтүн 2023-жылга чейин узартууга багытталган мыйзам долбоорун экинчи окууда колдоду. Долбоордун демилгечиси - Маданият, маалымат жана туризм министрлиги. 27-майдагы жалпы сессияда айрым депутаттар Кыргызстандын акысыз санарип куржунуна Орусиянын "1-канал" жана... Читать дальше...
Талас шаарындагы «3-канал» деп аталган телеканалдын кеңсесиндеги өрткө байланыштуу сотко чейинки териштирүү Жазык кодексинин 210-беренесинин 2-бөлүмүнүн (Бөтөн мүлктү өрттөө жолу менен жок кылуу же бузуу) негизинде жүрүп жатат. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна Талас облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Динара Сарногоева билдирди. Анын айтымында, учурда кылмыштын бетин ачуу максатында текшерүү жана иликтөө иштери жүрүүдө: "7-июнда таңкы саат 6:55те Талас шаардык ички иштер бөлүмүнө чакыруу түшкөн. Читать дальше...
8-июнда коронавирус менен ооругандардын саны жети миллиондон ашты. Жон Хопкинс университетинин статистикасына ылайык, бул илдеттен 402 миңдей киши көз жумду. Орусияда бир күндө бул илдетке тогуз миң адам кабылып, COVID-19 менен ооругандардын жалпы саны 476 миңге жетти. Орусия учурда Кошмо Штаттар менен Бразилиядан кийинки эле үчүнчү орунда турат. Бразилияда инфекцияны жугузгандардын саны 691 миңден ашты. Жаңы Зеландиянын премьер-министри Жасинда Ардерн 9-июндан баштап өлкөсүндө бардык чектөөлөр жоюларын билдирди. Читать дальше...
Ош мамлекеттик университетинин студенттери академиялык мобилдүүлүк программасынын алкагында Франциянын жогорку окуу жайларында билим алат. Бул тууралуу 8-июнда ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобековдун Франциянын Кыргызстандагы элчиси Микаэл Ру менен жолугушуусу учурунда айтылды. Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Кыргызстан менен Франциянын билим берүү багыты боюнча эки тараптуу кызматташтыгы, ОшМУда француз тилин үйрөтүүнү өркүндөтүү маселелери талкууланды. Ректор Кудайберди Кожобеков ОшМУ жөнүндө кенен маалымат берип... Читать дальше...
Парламенттин Бюджет жана финансы комитетинин 8-июндагы жыйынында “Келечек үчүн билим берүү” долбоорун каржылоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” мыйзам долбоору талкууланып, биринчи окуудан өттү. Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова билдиргендей, долбоорго 50 миллион доллар бөлүнөт. Анын 50 пайызы - грант, 50 пайызы - насыя болуп саналат. Макулдашууга кыргыз өкмөтү менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы 2020-жылдын 7-майында Бишкекте кол коюшкан. “Келечек... Читать дальше...
“Ата Мекен” партиясынын шайлоо алдындагы өнөктүгүнүн лидери Жанарбек Акаев болот. Бул тууралуу 24.kg маалымат агенттигине берген маегинде партия лидери Өмүрбек Текебаев айтты: «Демек, парламентте ал фракция лидери болот. А эгер биздин фракция коалицияга кирсе, анда Жанарбек спикердин же балким, премьер-министрдин кызматына талапкер болот». Текебаев Акаевге "тизменин башында символикалык, формалдуу түрдө гана турбастан, жеңишке жетүү, жеңиштин башында болуу деген жооптуу миссия жүктөлүп жатканын" кошумчалады. Читать дальше...
Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин мүчөлөрү 8-июнда үч жылдан бери бүтпөй жаткан Бишкек-Кара-Балта жолунун курулушу менен таанышты. Көчмө жыйында комитет төрагасынын орун басары, депутат Тынчтыкбек Конушбаев карантин маалында жол курулушун арбытып алса болмок деген сын айтты. "Илдетке байланыштуу киргизилген карантиндик режимден пайдаланыш керек болчу. Автоунаа каттамдары азайган маалда жергиликтүү адистер жана жумушчулар тарабынан жасалуучу иштерди улантса, көп иш бүтмөк. Читать дальше...
Кыргызстанда быйылкы Жалпы республикалык тестирлөөгө 41 727 улан-кыз катталды. Бул тууралуу 8-июнда Билим берүү жана илим министрлиги кабарлады. Мекеменин маалыматына караганда, каттоо 15-майда жыйынтыкталган. Кандайдыр бир себептер менен каттоого катыша албай калгандар 20-июнда жана 23-июнда тестирлөө борборлоруна барып, кошумча каттоодон өтсө болот. Тестирлөөнүн өзү эки баскыч менен өтөт: биринчиси 21-22-июнда, экинчиси 24-25-июнда. Бул үчүн жалпысынан республика боюнча 116 борбор уюштурулат. Читать дальше...
Ирандын ISNA маалымат агенттиги билдиргендей, туткундарды айырбаштоо жараянынын алкагында АКШдан камактан бошотулган илимпоз Мажид Тахери 8-июнда Тегеранга кайтты. Ал Америкада түрмөдө 16 ай отургандан кийин 4-июнда эркиндикке чыгарылган. Тахерини Иран АКШ армиясынын ардагери Майкл Уайтка айырбаштады. Уайт Иранда аятолла Али Хаменеинин "беделине доо келтирген деген" жүйө менен 13 жылга кесилген. Тахерини аэропорттон тышкы иштер министринин орун басары Хоссейн Жабери Ансари тосуп алды. Илимпоз камалганга... Читать дальше...
Ош шаарында мектеп бүтүрүүчүсү сууга чөгүп, каза болду. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Жеңиш Аширбаев билдирди. Анын айтымында, кырсык 7-июнда Кара-Суу районуна караштуу Төлөйкөн айылынын аймагында болгон. Куткаруучулар 18 жаштагы жигиттин сөөгүн 8-июнда эртең менен таап, жакындарына өткөрүп беришти. Аширбаев белгилегендей, ыкчам тергөө тобу окуя болгон жерге барганда бүтүрүүчүлөр тобу ата-энесине айтпастан, “Быйыл бүтүрүү кечеси болбой калды... Читать дальше...