Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Июнь
2020

Новости за 02.06.2020

Али Токтакунов: УКМК карандай калпты таратты

Azattyk.org 

Кытайдын жараны Айеркен Саймаитиге байланыштуу маалыматтарды иликтөө үчүн түзүлгөн убактылуу депутаттык комиссияга УКМКнын тергөөчүлөрү журналистке каршы көрсөтмө берген эки күбөнүн видео көрсөтмөсүн көрcөттү. Эки күбөнүн бири, Кыргызстандын мурдагы башкы консулу Эркин Сопоков. Ал Айеркен Саймаити «Азаттыктын» кабарчысы Али Токтакуновго Стамбул шаарында 50 миң доллар бергенин Саймаитиден укканын айткан. "Азаттыктын" журналисти Али Токтакунов мындай айыптоону толук четке кагып, "карандай калп жана каралоо" деп баалады.

Кундуз провинциясындагы жардыруудан кеминде жети киши өлдү

Azattyk.org 

Ооганстандын түндүгүндөгү Кундуз аймагында жолго коюлган бомба жарылганда кеминде жети карапайым киши өлдү, алтоо жарадар болду. Бомбага жумушчуларды ташып бараткан чакан автобус кабылган. 1-июнда болгон ал кан төгүү үчүн эч ким жоопкерчиликти өзүнө алган жок. Бирок Кундуз бийлигинин басма сөз катчысы Эсматулла Муради жардыруунун артында талибдер турат деп шектелгенин айтты. Өткөн жумада «Талибан» кыймылы менен Кабул өкмөтү ок атышууну убактылуу токтотуу тууралуу макулдашкан. Мурадинин айтымында... Читать дальше...

Сот якутиялык бакшыны ооруканага жаткырууну чечти

Azattyk.org 

Якутиянын соту бакшы Александр Габышевди күчтөп псиохоневрологиялык ооруканага жаткыруу чечимин чыгарды. Маалыматты "Сибирь.Реалии" сайтына укук коргоочу Александр Прянишников бышыктады. Бакшы “Путинди кетирүү үчүн” Москвага жөнөгөн. Габышев канча убакытка жаткырылары айтылган жок. Анын саламаттыгы тууралуу бүтүмдө “өзүн өтө жогору баалап”, “мыйзамдуу жол менен шайланган бийликти кулатууга чакырган” деп айтылган. Прянишников бакшынын акылындагы мандемдин далили катары бийликти кулатуу ниети гана белгиленгенин айтты. Читать дальше...

Карашев: Эки күбөнүн айтканы чындыкты аныктоо үчүн жетишсиз

Azattyk.org 

Кытайдын жараны Айеркен Саймаитинин ишин иликтеген убактылуу депутаттык комиссиянын отурумунда көрсөтүлгөн эки күбөнүн видеокөрсөтмөсү аркылуу чындыкты аныктоого болбойт. Мындай пикирин комиссия мүчөсү, депутат Аалы Карашев "Азаттыкка" билдирди: “Тергөө уланып жатат. Бүгүн күбөлөр видеокөрсөтмөдө аттарын атаган кишилерди да суроо зарылчылыгы бар. Алардын да сөзүн, көрсөтмөсүн угуп, ошондон кийин гана жыйынтык чыгарып, чындыкты айтууга болот”. 2-июнда кытай жараны Саймаитиге байланыштуу Жогорку... Читать дальше...

Чечмедеги чыр анклав алмашууну эске салды

Azattyk.org 

Өзбекстандын Сох анклавы менен чектеш Кыргызстандын Чечме айылындагы чатак жер, жол, суу, жайыт темаларын кайрадан күн тартибине чыгарды. Өзбекстандын өкмөт башчысы бул маселелер боюнча Кыргызстанга талап койгонун билдирсе, кыргыз тарап макулдук бериле элек экенин кабарлоодо.

УКМК: Журналисттик иликтөөдө аты аталгандардын көбү акча ташууга тиешеси жок экенин айтышты

Azattyk.org 

Кыргызстандан сыртка чыгарылган мыйзамсыз акча тууралуу журналисттик иликтөөдө аты аталган адамдардын көбү бул ишке тиешеси жок экенин айтышты. Бул тууралуу 2-июнда кытай жараны Айеркен Саймаитиге байланыштуу маалыматтарды иликтеш үчүн түзүлгөн депутаттык комиссиянын жыйынында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Тергөө башкармалыгынын башчысы Самидин уулу Сагынбек билдирди: «Журналисттик иликтөөдө аты аталган сегиз адамды сурадык. Алардын көпчүлүгү курьер болуп иштегенин тастыктаган жок. Читать дальше...

Мирзиёев чек ара чатагы чыккан Фергана облусуна барат

Azattyk.org 

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев аптанын аягына чейин Фергана аймагына барганы жатат. Өзбек премьер-министри Абдулла Арипов бул жөнүндө 1-июнда Фергана облусунун курамына кирген Сох эксклавынын жашоочулары менен жолугушууда айтты. 31-майда Кадамжайдын Чечме айылы менен Өзбекстандын Сох районунун Чашма айылынын ортосунда булак талаштан келип чыккан чырдан улам Арипов 1-июнь күнү Баткен облусундагы «Чечме» өткөрмө пунктунда Кыргызстандын биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов менен кездешкен. Читать дальше...

Депутат Бекешев: «Азаттыкты» каралоо аракети жүрүп жатат

Azattyk.org 

Кытайдын жараны Айеркен Саймаитинин иши боюнча тергөө жүргүзүп жаткан Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет «Азаттыктын» журналистин акча алганын күбөлөр айтканы тууралуу маалымат менен «Азаттык» радиосун каралоого аракеттенүүдө. Мындай пикирин КСДП фракциясынын мүчөсү, Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев «Азаттыкка» билдирди:  «Адатта күбөлөрдүн көрсөтмөсү сот процессине чейин ачыкка чыгарылбайт. Дайыма атайын сурам жиберип сураганыбызда да тергөөчүлөр «тергөөнүн кызыкчылыгы, ачыкка... Читать дальше...



Сейтек Атамбаев: Атамдын катасы - журналисттерге асылганы болду

Azattyk.org 

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин ортончу уулу Сейтек Атамбаев атасы журналисттерди сотко бергени туура эмес болгон деп эсептейт. Мындай пикирин ал журналист Майраш Базлакунова менен видео маегинде билдирди. Ал журналисттин суроосуна жооп берип жатып, тилге сак болуш керек экенин белгиледи: «Эмне сүйлөш керек экенин билип, токтоо болуш керек экен. Бирөө бирдеме деп койсо ошого асылып эле... Атамдын катасы ошол болду. Канча журналистке Башкы прокуратура менен жөн эле айып салды. «Кактус медиа»... Читать дальше...

УКМК: Абдыкадыр менен Саймаитинин ортосунда тирешүү болгон

Azattyk.org 

УКМК өкүлү журналисттерге 100 миң доллар берилгени тууралуу айтып, бирок кайсы журналист тууралуу сөз болуп жатканын белгилеген жок. Тергөө муну эки күбөнүн көрсөтмөсүнө таянып берип жатканын кошумчалады.

Комиссия төрагасы УКМКны тергөөнү калыс, бейтарап жүргүзүүгө чакырды

Azattyk.org 

Кытайдын жараны Айэркен Саймаитиге байланыштуу маалыматтарды иликтеш үчүн түзүлгөн убактылуу депутаттык комиссия кечки кыска танапистен кийин күбөлөрдүн видео көрсөтмөсүн көрдү. УКМК сунуш кылган видео көрсөтмөдө эки адам «Азаттыктын» журналисти Али Токтакуновго Айэркен Саймаити акча бергенин айтышты. Өзүн «Медина шаарында гид болуп иштейм» деп тааныштырган адам Саймаити Хабибулло деген адамдан карызын өндүрүп алыш үчүн «Азаттыкка» документтерди бергенин, ал үчүн «журналистти ыраазы кылам» деп айтканын укканын билдирген. Читать дальше...

Башкы штаб Канттагы базага байланышкан протокол тууралуу түшүндүрмө берди

Azattyk.org 

Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы Орусиянын Канттагы аба базасына байланышкан протоколдун парламентте талкууланышы тууралуу комментарий берди. Башкы штабдын 2-июндагы маалыматында протоколдо ижара акысы боюнча маселелерди тактоо, учкучсуз аппараттарды Кыргызстандын аймагында биргелешип колдонуу, базанын учуу-конуу тилкесин реконструкциялоо боюнча эки өлкө ортосундагы 2012-жылы түзүлгөн келишимге киргизилген өзгөртүүлөр, толуктоолор камтылганы айтылат.  Протоколдун долбоорун Кыргызстандын... Читать дальше...

УКМК: Журналисттерге акча берүү боюнча документ жок

Azattyk.org 

УКМК өкүлү журналисттерге 100 миң доллар берилгени тууралуу айтып, бирок кайсы журналист тууралуу сөз болуп жатканын белгилеген жок. Тергөө муну эки күбөнүн көрсөтмөсүнө таянып берип жатканын кошумчалады.

Вакцинага каршы чыккан блогер кармалды

Azattyk.org 

АКШнын президенти Дональд Трамп бир канча күндөн берки башаламандыкты токтотуу үчүн армияны колдонорун эскертти. Орусияда жашаган тажикстандык блогер Фахриддин Мирзомуратов коронавирус тууралуу жалган маалымат таркатты деген жүйө менен кармалды.

Азамат Жамангулов: ар бир мааракеге миллион сомдон ашык акча кетет

Azattyk.org 

Кыргызстанда ар бир мааракелик иш-чарага бир-эки миллион сомдон каражат жумшалат.  Бул тууралуу маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жамангулов парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелери жана регламент боюнча комитетинин 2-июндагы жыйынында билдирди. Комитет маарекелерди чектөө тууралуу боюнча мыйзамга сунушталган өзгөртүүлөрдү талкуулады.  Талкуу учурунда демилгечи депутат Зиядин Жамалдинов өз сунушун бюджеттен бөлүнгөн акчаны туура пайдалануу... Читать дальше...

Флай: «Азаттыктын» журналисттерин каралоо уланып жатат

Azattyk.org 

«Эркин Европа/Азаттык» радиосунун президенти Жейми Флай 2-июнда Жогорку Кеңештеги депутаттык комиссиянын жыйынында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөөчүлөрүнүн «журналисттер акча алган» деген билдирүүсүн «журналисттерди каралоо» деп баалады. Эл аралык медианын президенти: «Бул айыптоо журналисттерге каршы өз байлыгын жана бийлигин сактап калууга умтулган коррупциялашкан адамдардын буга чейин жүрүп жаткан өнөктүгүнүн акыркы аракетиндей көрүнөт. Матраимов мырза журналист... Читать дальше...

Жалал-Абадда 78 миңден ашык түтүн медициналык текшерүүдөн өттү

Azattyk.org 

Облус аймагында саламаттык сактоо кызматкерлеринен түзүлгөн атайын топтун жардамы менен өткөн айда 78 миңден ашык түтүндөгү 393 миңден ашык адам медициналык кароодон өттү. Мындай маалыматты өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурболот Мирзахмедов 2-июнда Жалал-Абаддагы онлайн брифинг учурунда билдирди. Өкмөт өкүлү медицина кызматкерлери элди үймө-үй кыдырып текшерип чыгышканын кошумчалады. Ал эми санитардык дарыгерлер кирген топ ишкер чөйрөнү текшерип, санитардык талаптарды аткарбаган 327 ишкерге эскертүү берген. Читать дальше...

Укуктук коом курууга каада-салттын тийгизген таасири талкууланды

Azattyk.org 

Кыргызстанда жаңыдан иштеп жаткан “Онлайн университеттин” Изилдөө лабораториясында кыргыз коомунда жана жалпы эле Борбор Азия аймагында маселелерди каада-салттын негизинде чечүү сыяктуу көрүнүш талкууланды. «Борбор Азиядагы мыйзамдык плюрализм: жергиликтүү укук таануу жана салттык практикалар» (Legal Pluralism in Central Asia: Local Jurisdiction and Customary Practices ) деген китептин автору - Германиянын Макс Планк институтунун изилдөөчүсү Махабат Садырбек менен вебинар-маек уюштурулду. Маекте... Читать дальше...

Ички иштер министринин орун басары: Түркия ФЕТО боюнча талап коюп жатат (видео)

Azattyk.org 

Түркия менен Кыргызстан ортосундагы укуктук маалымат алмашуу келишими аткарылбай жатат, буга Түркиянын Кыргызстанга койгон «ФЕТО боюнча талаптары» себеп болууда. Бул тууралуу ички иштер министринин орун басары Мирлан Каниметов Түркияда өлтүрүлгөн уйгур улутундагы Кытай жараны Айэркен Саймаитинин ишин иликтеп жаткан депутаттык комиссиянын 2-июндагы отурумунда билдирди: «Өз ара укуктук жардам боюнча келишим бар. Ошонун негизинде өтүнүч жибергенбиз. Акыркы убакта ФЕТО боюнча талаптарды коюп атышат. Читать дальше...

Түркиядан дагы бир чартердик каттам уюштурулат

Azattyk.org 

Бул тууралуу Кыргызстандын Анкарадагы элчилиги маалымат таратты. Анда 9-июнда Стамбул-Бишкек каттамы боюнча атайын чартердик рейс пландаштырылганы жазылган.  Буга чейин коронавирус пандемиясынан улам аба каттамдары жабылгандыктан Түркиядагы миңден ашык жаран 24-мартта, 17-апрелде, 24-апрелде жана 15-майда атайын уюштурулган чартердик каттам менен Кыргызстанга кайткан. Түркияда коронавирус илдетин жугузуп алгандар күндөн күнгө азаюуда. 1-июндагы расмий маалыматка ылайык өлкөдө коронавирус жугузуп алгандар 164 миң адамдан ашты. Читать дальше...

ИИМ: Түркия Саймаитинин өлүмү тууралуу толук маалымат бере элек (видео)

Azattyk.org 

Кыргызстандын Ички иштер министрлиги кытай жараны Айеркен Саймаитиге байланыштуу Түркияга эки тергөө тапшырмасын жөнөткөн, бирок түрк тарап азырынча расмий маалымат бере элек. Бул тууралуу бүгүн Саймаитинин иши боюнча депутаттык комиссиянын жыйынында Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматынын башчысы Сыргак Айткурманов билдирди. ИИМдин өкүлү Кыргызстанда «Манас» аэропортунун жанындагы таксисттин өлүмүнүн Саймаитиге байланышы жок экени аныкталганын айтты. «Түркия Кыргызстан талап кылган маалыматтарга... Читать дальше...

Орусияда тажикстандык киши коронавирус жөнүндө калп маалымат таратканы үчүн кармалды

Azattyk.org 

Орусияда жашаган тажикстандык блогер Фахриддин Мирзомуратов коронавирус тууралуу жалган маалымат таратканы үчүн кармалды. Тергөөнүн версиясына караганда, 40 жаштагы Мирзомуратов «Instagram» аркылуу тараткан видео кайрылуусунда борбор азиялыктарды коронавируска каршы эмделбөөгө, COVID-19га анализ тапшырбоого жана оорунун белгилери пайда болгондо «Тез жардам» чакырбоого үндөгөн. «Болбосо иштен чыгарып салышат», - дейт ал видеодо. Мыйзамга ылайык, бул үчүн Мирзомуратов үч жылга кесилиши же 700 миң рубль айыпка жыгылышы ыктымал. Читать дальше...

Абылгазиевдин эс алуусу талкууга түштү

Azattyk.org 

Чек арада чыр чыгып, өлкөдө коронавирус илдети басаңдай электе өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиевдин эмгек өргүүсүндө болуп жатышы сынга кабылууда.

Аксыда үч айыл карантинге алынды

Azattyk.org 

Аксы районунда Орусиядан «Жүк 200дү» коштоп келген эки тургун менен байланышта болгон үч айылдын тургундары карантинге алынды. Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Ырысбек Ызабеков «Азаттыкка» билдиргендей, айылдагы 31 адам обсервацияга алынган. Ызабеков: «25-майда Орусияда каза болгон Аксы районунун тургунунун сөөгүн эки тууганы коштоп алып келген. Чет жактан келген тургун сөөктү көмүүгө жана айылга кирип чыгууга уруксат алган. Бир күндөн кийин алардын бирөөсүнөн... Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *