Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Июнь
2020

Новости за 07.06.2020

Казакстан: COVID-19га чалдыккан миңдей адам расмий статистикага кирген эмес

Azattyk.org 

Казакстанда анализдеринен коронавирус аныкталган миңдей адам ооругандардын саны боюнча расмий статистикага кирбей калган. 3-июндан бери Саламаттык сактоо министрлиги коронавирус анализинен аныкталса да, оорунун белгилери чыкпаган жарандардын эсебин өзүнчө жүргүзүп жатат. Оорунун белгилери билинбеген адамдардын саны миңден ашат. 6-июнда эле оорунун белгилери билинбеген 357 адам катталган. Министрлик өз алдынча эсептин ачылышы өлкөдөгү реалдуу эпидемиологиялык кырдаалды көрсөтөт деген ишеничте. Читать дальше...

Орусиядан 460 кыргызстандык кайтып келди

Azattyk.org 

7-июнда Кыргызстанга «Аэрофлот» авиакомпаниясынын Москва - Бишкек каттамы менен 460 кыргызстандык учуп келди. Алардын ичинен 68и 2 жашка чыга элек балдар. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги кабарлады. Орусиядан кайткандардын тизмесин атайын комиссия түзүп жатат. Ал тизмеге кошууда кош бойлуу, баласы бар аялдарга, майыптарга, ооруп жаткандарга, карыларга артыкчылык берилет. Ошондой эле пандемияга чейин «Аэрофлоттун» билетин сатып алып, бирок уча албай калгандар да эске алынат. Учуп келгендер Кыргызстанда обсервацияга алынды. Читать дальше...

ОПЕК+ тобуна кирген өлкөлөр мунай өндүрүшүн кыскартууну улантышат

Azattyk.org 

Сауд Арабиясы башында турган 13 мамлекеттен турган топ июль айында мунай өндүрүүнү суткасына 9,6 миллион баррелге чейин азайтуу боюнча макулдашууга кол коюшту. Өндүрүштү кыскартуу боюнча келишим мамлекеттер ортосунда апрель айында кабыл алынган. Жаңы келишимге ылайык, ушундай эле чаралар июль айында да уланат. Карантин чаралары жумшартылып, ишканаларда жумуш жандангандан бери кара майдын баррелинин баасы 40 доллардын тегерегинде кармалууда. Апрель айында баа кескин төмөндөп кеткен эле. Орусиянын... Читать дальше...

Аба ырайы: жамгыр жаайт

Azattyk.org 

6-июндан 10-июнга чейин Кыргызстандын аймагында туруксуз аба ырайы болот. Мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөп, бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 11…16, күндүз 22…27; Талас жергесинде түнкүсүн 9…14, күндүз 21…26; Ош, Баткен, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн 15…20, күндүз 22…27; Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 7…12, күндүз 17…22; Нарын облусунда түнкүсүн 5…10, күндүз 17…22 ; Бишкекте күндүз мезгил-мезгили менен жамгыр жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн 12…14... Читать дальше...

АКШда ири демонстрация өттү

Azattyk.org 

АКШда 6-июнда он миңдеген адамдар расалык теңсиздикке жана полициянын зөөкүрлүгүнө каршы демонстрацияга чыгышты.

Күзөтчүнүн күркөсүн сүзгөн жол тандабастын айдоочусу камакка алынды

Azattyk.org 

Бишкектин Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгы шаардагы кабат үйлөрдүн биринин күзөтчүлөр отурган күркөсүн машинеси менен сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен айдоочуну кармады. Ага Жазык кодексинин 266-беренесине ("Бейбаштык") ылайык иш козголуп, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Милициянын маалыматына ылайык, 6-июнда саат 17:30 чамасында 102 кызматына мас абалындагы айдоочу күркөнү сүзүп, күзөтчүгө кол салганы тууралуу маалымат түшкөн.   Милиция айдоочуну кууп отуруп, Чүйдүн Кемин районунда кармаган. Читать дальше...



АКШ: Он миңдеген адамдар расалык теңсиздикке каршы жүрүшкө чыгышты

Azattyk.org 

Кошмо Штаттарда 6-июнда он миңдеген адамдар расалык теңсиздикке жана полициянын зөөкүрлүгүнө каршы демонстрацияга чыгышты. Баш калаа Вашингтондо 25-майдан берки эң ири демонстрация өттү. Миңдеген адамдар шаар борборуна ар кандай ураандарды чакырып жүрүш жасашты. Ири акциялар Нью-Йорк, Филадельфия, Сиэтл, Чикаго жана Лос-Анжелес шаарларында да уюштурулду. Бул президент Дональд Трамп мамлекет башына келгенден берки эң ири нааразычылык акциясы болуп калды. Кошмо Штаттарда демонстрациялардын уланып жатканына 12 күн болду. Читать дальше...

Бурятияда коронавирус менен ооругандар даттанышты

Azattyk.org 

Бурятиянын борбору Улан-Удэдеги Республикалык инфекциялык ооруканада коронавируска кабылгандарга дааратканага барууга тыюу салынды. Бул тууралуу "Подъем" жергиликтүү басылмасы бейтаптарга таянып жазды. Ал бөлмөлөргө атайын чакалар орнотулганын билдирген. Бурятиянын Саламаттык сактоо министрлиги оорукана 1940-жылы курулганын, канализация түтүгү жакшы иштебей турганын билдирди. «Ар бир бейтаптын өзүнүн чакасы бар. Ал атайын көшөгө менен бөлүнүп турат”,-деди мекеменин өкүлү. Орусиянын Бурятия... Читать дальше...

Жеңилгис экен! Шевченконун эзелки каршылашы Нуньестин жаңы жеңиши видеодо

Sputnik Кыргызстан (sport) 

Кыргызстандык мушкер Валентина Шевченко менен бразилиялык чемпион кыз Аманда Нуньес октагонда эки ирет кез келип, баарында тең атаандаш тарап жеңишин майрамдаган.

Пашинян: «Биз тозоктон өтүп жаткандайбыз»

Azattyk.org 

Армениянын премьер-министри Никол Пашинян өлкөнүн саламаттык системасы пандемияга туруштук бере албай жатканын билдирди. Анын айтымында, эки жүздөй адамга ооруканаларда орун жетпей жатат. Пашинян ооруканага батпай, тиешелүү жардам ала албай калып, үйдөн каза болгондор бар экенин билдирди. "Биз тозоктон өтүп жаткандайбыз",-деди Пашинян 6-июндагы брифинг маалында. Өкмөт башчы өзү жана анын үй-бүлө мүчөлөрү да коронавирус жуктуруп алганы маалым болгон. Саламаттык сактоо министрлиги билдиргендей... Читать дальше...

Дүйнөдө COVID-19дан өлгөндөрдүн саны 400 миңден ашты

Azattyk.org 

7-июнга карата дүйнөдө коронавирустан көз жумгандардын саны 400 миңден ашты. Ал эми жуктуруп алгандардын жалпы саны жети миллионго чамалады. Учурда бул илдетке кабылгандардын саны Латын Америкасында, Индияда жана Индонезияда өсүп жатат. Бразилияда коронавирустан каза болгондордун саны 35 миңден ашты, күн сайын миңдей адам жашоо менен кош айтышууда. Бул мамлекет коронавирустун жайылышы боюнча дүйнөдө АКШ менен Орусиядан кийинки эле үчүнчү орунда турат. Индияда инфекциядан жабыркагандардын саны 237 миңге чамалады. Читать дальше...

Пандемияга байланыштуу мечиттердин иштөө эрежеси даярдалды

Azattyk.org 

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын жана Мусулмандар дин башкармалыгынын чечимине ылайык, 8-июндан тартып мечиттер жана намазканалар санитардык чараларды сактоо шарты менен иштей баштайт. Саламаттык сактоо министрлиги мечитке келген адамдардан төмөнкү эрежелерди так аткарууну талап кылат: - Беш убак намазга жана жумага келген адамдар беткап тагынышы керек; - Мечиттин айланасына дезинфекциялоочу каражаттарды коюп, адамдардын дене табы текшерилип турушу керек; - Мечитте адамдардын... Читать дальше...

Штаб: тойлордо, тажияларда инфекция жайылууда

Azattyk.org 

Республикалык ыкчам штабдын жыйынында Саламаттык сактоо министрлигинин кызматкерлери той-топур маалында COVID-19 илдетин жуктуруп алган адамдар көбөйүп жатканын билдиришти.   Адистер үй-бүлөлүк иш-чараларды өткөрүүгө тыюу салынганына карабай, жарандар кайдыгер мамиле жасап жатканын белгилешти. Акыркы учурда жарандар илдетти тойлордо, тажияларда жуктуруп жатышат.   Жыйында биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов бул маселени көзөмөлгө алуу керек экенин белгилеп, борбор калаада эпидемиологиялык... Читать дальше...

Бала бакчанын үч кызматкеринен коронавирус табылды

Azattyk.org 

Бишкекте бала бакчалардын кызматкерлери COVID-19 вирусуна жапырт текшерүүдөн өтүп жатышат. Учурда үч кызматкерден коронавирус аныкталды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев маалымдады. Анын айтымында, жумушка чыга турган 2500 адис текшерүүдөн өтөт. Анализдери таза чыккандар гана иштөөгө уруксат алат.  Буга чейин Бишкекте бала бакчалардын ишин жандандыруу үчүн кызматкерлери COVID-19 вирусуна жапырт текшерилери кабарланган. Мындай текшерүүлөр бала бакчалардын менчик түрүнө карабай жүргүзүлөт. Читать дальше...

Ала-Арча суусуна түшүп кеткен аялдын сөөгү табылды

Azattyk.org 

6-июнь күнү саат 14:00 чамасында 112 кызматына Аламүдүн районунун Кашка-Суу айылындагы Ала-Арча жаратылыш сейил багындагы Ала-Арча суусуна аял агып кеткени тууралуу маалымат түшкөн. Издөө иштерине Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Чүй облустук башкармалыгынын төрт куткаруучусу тартылып, 1,5 сааттан кийин суудан аялдын сөөгүн табышты. Маркумдун сөөгү милицияга өткөрүлүп берилди. (TSh)

Саламаттык сактоо министрлигинин беш кызматкеринен коронавирус аныкталды

Azattyk.org 

Саламаттык сактоо министрлигинин беш кызматкери COVID-19 вирусун жугузуп алганы аныкталды. Учурда алардын абалы туруктуу, ооруканада жатышат. Бул тууралуу министрдин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди. Министрликтин имаратында эпидемияга каршы тийиштүү иш-чаралар  жүргүзүлдү. Отуздан ашык кызматкер обсервация шартында иштеп жатат. 7-июнга карата алты медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алганы аныкталды, эки медкызматкер айыгып чыкты. Республика боюнча COVID-19 395 медициналык кызматкерден аныкталып... Читать дальше...

Кыргызстан: 7-июнда коронавирус 33 кишиден табылды (видео)

Azattyk.org 

Кыргызстанда соңку бир сутка ичинде коронавирус жуккан 33 адам жаңы катталды. Бул тууралуу 7-июнда саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди. Инфекция жуккандардын саны: Бишкек шаары – 9, Чүй облусу – 3, Нарын облусу – 8, Ош шаары – 9, Ош облусу – 3, Жалал-Абад облусу – 1 киши.   Жалпысынан 7-июнга карата Кыргызстанда коронавирус 2007 адамдан табылды, алардын ичинен 1425 бейтап сакайып кетти. COVID-19 вирусу табылган 22 бейтап кайтыш болгон. Бир сутка ичинде 65 бейтап айыгып чыкты. Читать дальше...

Таласта “3-каналдын” кеңсеси өрттөлдү

Azattyk.org 

7-июнда Талас шаарындагы “3-канал” деп аталган телеканалдын кеңсесине өрт коюп кетишкен. Бул тууралуу “Азаттыкка” телеканалдын жетекчиси Жаннат Токтосунова билдирди. Ал кеңсе атайын өрттөлгөнүн, бардык техникалар күйүп кеткенин айтты. “Атайын жасалган иш деп ойлоп турамын, себеби терезени сындырып, өрт чыгаруучу каражатты ыргытышыптыр. Эмнеге байланыштуу экенин билбейм. Эч ким менен деле чырдашкан эмеспиз”, - деди Токтосунова.  Окуя боюнча милицияга кабарлашкан. Азырынча укук коргоо органдары расмий кабар тарата элек. Читать дальше...

Мирзиёев: Сохтогу окуя кыргыз эли менен достук мамилеге таасир этпеши керек

Azattyk.org 

6-июнда Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Фергана облусундагы тургундар жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен өткөргөн жыйында 31-майда Кадамжайдын Чечме айылы менен Өзбекстандын Сох районунун Чашма айылындагы тургундарынын окуясына токтолду. Мамлекет башчынын басма сөз кызматынын кабарлашынча, Мирзиёев кыргыз-өзбек чек арасындагы окуя кыргыз эли менен болгон достук мамилеге таасир этпеши керек деп айтты.  “Акыркы жылдары коңшу өлкөлөр менен чек арадагы көптөгөн маселелерди чечүүгө жетиштик. Читать дальше...

Атчандардын каршылыгы, байлардын салымы

Azattyk.org 

Кытайды атчан тоскон кыргыздар. Мухаммед Алинин 60 жыл мурда расизм тууралуу айткандары азыр популярдуу болуп жатат. (Дүйнөлүк басма сөзгө сереп, 1-7-июнь)





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *