Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Июнь
2020

Новости за 25.06.2020

«Талаштуу мыйзамга» он гана депутат каршы болду

Azattyk.org 

Жогорку Кеңеш 25-июндагы сессиясында «Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө» талаштуу мыйзам долбоорун экинчи жана үчүнчү окууда карап, кабыл алды. Ага 79 депутат “макул”, ону “каршы” добуш берди. Эми мыйзам долбоору президенттин кароосуна жөнөтүлөт.

Өмүрбек Текебаевдин иши боюнча сот 1-июлга жылды

Azattyk.org 

25-июнда «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен мурдагы өзгөчө кырдаалдар министри Дүйшөнкул Чотоновдун жактоочулары келбегендигине байланыштуу Бишкектин Биринчи май райондук сотундагы отурум 1-июлга жылды. Бул тууралуу райондук соттон кабарлашты. 28-майдагы отурумда дагы ушундай эле жүйө менен сот дээрлик бир айга жылдырылган. Саясатчылар Өмүрбек Текебаев жана Дүйшөнкул Чотонов «орусиялык жарандар Леонид Маевский менен Алексей Модинден пара алган» деген көрсөтмөнүн негизинде 2017-жылы ар бири сегиз жылдан түрмөгө кесилген. Читать дальше...

“Кабар”: Жээнбековдун Орусияга сапары кырдаалга жараша болот

Azattyk.org 

“Кабар” улуттук маалымат агенттиги президенттин басма сөз катчысы Толгонай Стамалиевага шилтеме кылып, мамлекет башчы Сооронбай Жээнбековдун Орусиянын Ржев шаарына 30-июнга белгиленген иш сапары мындан аркы эпидемиологиялык кырдаалга жараша болорун жазды. “Ржев шаарына болгон иш сапардын алкагында согуш жылдарында курман болгон кыргыз жоокерлерине арналган эстеликти ачуу пландаштырылган. Бул иш сапардын болор-болбостугу Кыргызстан менен Орусиядагы мындан аркы эпидемиологиялык кырдаалдан көз каранды”, - деп билдирген Стамалиева. Читать дальше...

Парламент «Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө» мыйзам долбоорун кабыл алды

Azattyk.org 

Жогорку Кеңеш 25-июндагы сессиясында «Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө» талаштуу мыйзам долбоорун экинчи жана үчүнчү окууда удаа карап, кабыл алды. Ага 79 депутат “макул”, ону “каршы” деген добуш берди. Эми мыйзам долбоору президенттин кароосуна жөнөтүлөт.  Мыйзам долбоорунда Интернет колдонуучулардан баштап сайттын кожоюндарынын, интернет-провайдерлердин укук-милдеттери жазылган. Мыйзам бузулган учурда сайттарды ыйгарым укуктуу органдар сотко чейин эле чектей алары белгиленген. Мыйзам долбооруна... Читать дальше...

Жер көйгөйүн айткандар талаада түнөштү

Azattyk.org 

Аламүдүн жана Сокулук райондорунун 50 чакты тургуну парламенттен жерди трансформациялоону талап кылып, 25-июнга караган түнү Ак үй алдында түнөштү.

Депутат Маматалиев "118" түз байланышы иштебей жатат деп сынга алды

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев сырттан келген акчанын көпчүлүгү Саламаттык сактоо министрлигине бөлүнгөнүнө карабай, айрым уюштуруу иштеринде алешемдиктер болуп жатканын сындады. Ал 25-июндагы сессия учурунда "118" номуруна чалып, ала албай койгонун айтты. “Акчаны алып эле жатасыңар, бирок жыйынтык чыкпай эле күндөн-күнгө күчөп атат. Жөнөкөй эле уюштуруу маселеси, мына сиздин көзүңүзчө "118" номуруна чалып атам. Албайт, жооп бербейт. "103кө" чалсаң, алар келбейт. Ушундай маселелерди чечип койсоңор. Читать дальше...

Маалымат манипуляциясы: парламентте үч окуудан өттү

Azattyk.org 

Жогорку Кеңеш 25-июндагы сессиясында «Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө» талаштуу мыйзам долбоорун экинчи жана үчүнчү окууда удаа карап, кабыл алды. Ага 79 депутат “макул”, ону “каршы” деген добуш берди. Эми мыйзам долбоору президенттин кароосуна жөнөтүлөт.

"Талаштуу мыйзам" үч окуудан өттү

Azattyk.org 

Жогорку Кеңеш 25-июндагы сессиясында «Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө» талаштуу мыйзам долбоорун экинчи жана үчүнчү окууда удаа карап, кабыл алды. Ага 79 депутат “макул”, ону “каршы” деген добуш берди. Эми мыйзам долбоору президенттин кароосуна жөнөтүлөт.



Депутат сырттан келген акчага оорукана курулбай жатканын сындады

Azattyk.org 

Парламентке 25-июнда Азия өнүктүрүү банкынан Кыргызстандын Саламаттык сактоо системасына берилүүчү 20 млн. долларды ратификациялоону үч окуудан кабыл алуу сунушу киргизилди. Саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаевдин айтымында, бул каражаттын 10 млн. доллары грант катары берилет. Ал эми 10 млн. доллары 10 жылдык мөөнөткө, жылына 0,1% менен насыя катары берилип жатат. Бул акча коронавирустун жайылышын алдын алуу үчүн сарпталат.  Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаров бул каражаттын... Читать дальше...

Бердымухамедов түркмөн улуттук мессенжерин түзүүнү сунуштады

Azattyk.org 

Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов шаршембиде өкмөттүк жыйында "элге туура маалымат жеткирүү максатында Интернеттеги билдирүү жөнөтүүнүн улуттук заманбап системасын түзүүнү" сунуштады. Ал ошондой эле жалпыга маалымдоо каражаттарына белгилүү социалдык тармактарда баракча ачып, "дүйнө коомчулугуна улуттук экономикадагы жетишкендиктерди даңазалап турууну" тапшырды. Түркмөнстан дүйнөдөгү эң жабык өлкөлөрдүн бири болуп саналат. "Чек арасыз кабарчылар" уюмунун сөз эркиндиги боюнча көрсөткүчүндө эң акыркы... Читать дальше...

Песков: Путин менен Жээнбековдун жолугушуусу пландалган эмес

Azattyk.org 

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков менен Орусия президенти Владимир Путиндин 30-июнда Ржев шаарында жолугушуусу пландалган эмес. Бул тууралуу орус президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песковго таянуу менен “РИА Новости” агенттиги жазды. Журналисттин “иш-чарага кыргыз президенти конок катары чакырылган, Орусия мамлекет башчысынын катышуусунда эстелик ачуу аземинин убактысы жылышы мүмкүнбү” деген суроосуна Песков мындай жооп берген.  “Мындай пландар болгон эмес. Чынында, 30-июнда Ржев... Читать дальше...

Коронавирус жуктургандар кантип дарыланат?

Azattyk.org 

Казакстандын баш калаасы Нур-Султан шаарында COVID-19 илдетине чалдыккан бейтаптар үчүн атайын оорукана курулган. "Азаттыктын" казак кызматынын журналисттери ооруканага кирип, жугуштуу илдет менен кармашып жаткан адамдарды көрүп, аларды дарылаган медиктердин иши менен таанышып чыкты. 200 орундуу оорукана бейтапка толгон. Ал жерде 400дөй дарыгер күндүр-түндүр иш үстүндө. "Азаттыктын" казак кызматынын видеосу.

Казакстанда саламаттык сактоо министри алмашты

Azattyk.org 

Казакстанда президент Касым-Жомарт Токаевдин жарлыгы менен Алексей Цой саламаттык сактоо министри болуп дайындалды. Президенттин дагы бир буйругу менен 2017-жылдан бери саламаттык сактоо министри болуп иштеп жаткан Елжан Биртанов кызматтан алынды. Мындай кадрдык өзгөрүүлөрдүн себеби ачык айтылган жок. Биртановго мындан он күндөй мурун коронавирус жукканы белгилүү болгон, кийинчерек анын өпкөсү сезгенгени маалымдалган. Ага чейин Казакстанда коронавируска байланыштуу жагдай тууралуу расмий маалыматтарды Биртанов берип келген. Читать дальше...

Орусияда добуш берүү башталды

Azattyk.org 

Москвадан парадга катыша албай кайткан президент Сооронбай Жээнбековдун анализи таза чыкканы кабарланды. Орусияда талаштуу конституциялык реформа боюнча добуш берүү башталды. Беларус президенти Лукашенко Кыргызстандын мурдагы мамлекет башчысы Курманбек Бакиевге жер тилкесин бөлүп берди.

Лукашенко Бакиевге жер бөлүп берди

Azattyk.org 

Москвадан парадга катыша албай кайткан президент Сооронбай Жээнбековдун анализи таза чыкканы кабарланды. Орусияда талаштуу конституциялык реформа боюнча добуш берүү башталды. Беларус президенти Лукашенко Кыргызстандын мурдагы мамлекет башчысы Курманбек Бакиевге жер тилкесин бөлүп берди.

Бишкек: абал өзгөрбөсө, мэрия шаарды 15-20 күнгө жабуу тууралуу сунуш берет

Azattyk.org 

Бишкек шаардык мэриясынын аппарат жетекчиси Балбак Түлөбаев 25-июндагы онлайн брифингде илдеттин жайылуусу күчөп кетсе борбордук штабга калаанын 15-20 күнгө жабуу тууралуу сунуш берилерин билдирди. "Эгерде бул оору жайыла берсе, анда биз борбордук штабга Бишкекти 15-20 күнгө жабууга сунуш беришибиз мүмкүн. Бул биздин укугубуз. Себеби, элдин ден соолугун, өмүрүн ойлошубуз керек", - деген Түлөбаев шаардагы бардык коомдук жайлар санитардык эрежени сактабаса кечки саат 22:00дон таңкы 05:00го чейин жабылышы мүмкүн экенин кошумчалады. Читать дальше...

ВИЧ жуккан балдарга кенемте төлөө долбоору парламентте үчүнчү окуудан өттү

Azattyk.org 

Жогорку Кеңеш 24-июндагы отурумунда “ВИЧ/СПИД тууралуу мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоорун үчүнчү окууда карап, добуш берүүгө жөнөттү. Мыйзамдын демилгечилери - Дастан Бекешев менен Бактыбек Турусбеков. Өзгөртүүгө ылайык, өкмөт ВИЧ-инфекциясын ооруканадан жуктуруп алган балдардын ата-энелерине кенемте төлөп берүүгө милдеттүү болот. Өкмөт мыйзам долбоорун колдоого алган, бирок корутундуда кенемтелер 2022-жылдын 1-январынан тарта төлөнөрү белгилеген. Дастан Бекешевдин “Азаттык” оадиосуна билдиргени боюнча... Читать дальше...

Москвадагы окуя тесттен күмөн саноого түрттү

Azattyk.org 

Мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков Москвадагы Жеңиштин 75 жылдыгына арналган парадга аны коштоп барган делегациядагы эки кишиден коронавирус чыкканы үчүн катышпай калды. Бул Кыргызстандагы COVID-19 вирусун текшерген тесттердин сапатынан күмөн саноону күчөттү.

Улуттук гвардияда ант берүү салтанаты өттү

Azattyk.org 

25-июнда Кыргызстандын Куралдуу Күчтөрүнүн Улуттук гвардиясынын 10126-аскер бөлүгүндө жаш жоокерлердин ант берүү аземи болуп өттү. Башкы штабдын басма сөз кызматы кабарлагандай, үч жума ичинде алар офицерлердин жана старшиналардын жетекчилиги менен жаш жоокерлердин курсунан күчөтүлгөн даярдыктан өтүштү. Жаңы шарттарга, күн тартибине көнүгүп, алдыда аскердик милдеттерди аткарууга даярданып, жалпы аскердик уставды окушту жана тактикалык, саптык, дене-тарбия даярдыктан өтүштү. Ант берүү аземинде 75 жоокер аскердик милдетин татыктуу аткарып... Читать дальше...

Ооруканалар оор абалдагы бейтапты кабыл албай жатат

Azattyk.org 

Темир жол ооруканасынын алдында турган бейтап "Азаттыкка" кайрылып, түштөн бери эч ким кабыл албай, ооруканага кире албай жатканын айтып, даттанды. Бул жаран эки жума мурда коронавируска тест тапшырып, анализи таза чыккан. Акыркы үч күндүн ичинде абалы кескин оорлошуп, эки тараптуу пневмония болгону аныкталды. Дарыгерлер "орун жок" деген жүйө менен ооруканага киргизбей койгондуктан, ал учурда дарбазанын алдында турганын, абалы улам оорлошуп, дем алуусу кыйындап жатканын айтты. "Азаттыкка" кайрылган... Читать дальше...

Өкмөт: Өзгөчө абалда иштеген күч кызматкерлерине кошумча акы төлөнөт

Azattyk.org 

Коронавирус пандемиясына байланыштуу өзгөчө абал учурунда иштеген аскер кызматкерлерине жана укук коргоо органдарынын кызматкерлерине кенемте төлөнүп берилет. Бул тууралуу чечимге премьер-министр Кубатбек Боронов кол койгонун өкмөттүк аппарат 25-июнда маалымдады. Чечим өкмөттүн 2000-жылдын 26-октябрдагы өзгөчө абалдын шарттарында иштеген аскер кызматчыларына кошумча кепилдиктер жана компенсация төлөп берүү тууралуу токтомунун негизинде кабыл алынды. Өзгөчө абал учурунда иштеген күч кызматкерлеринин... Читать дальше...

«Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө» мыйзам долбоору үчүнчү окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү

Azattyk.org 

Бүгүн, 25-июнда Жогорку Кеңеш «Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө» талаштуу мыйзам долбоорун үчүнчү окууда карап, добуш берүүгө жөнөттү. Парламенттин регламентине ылайык, добуш берүү бүгүн – бейшемби күнү жалдпы жыйындын акырында болушу керек.   Документте Интернет колдонуучулардан баштап сайттын кожоюндарынын, интернет-провайдерлердин укук-милдеттери жазылган. Мыйзам бузулган учурда сайттарды ыйгарым укуктуу органдар сотко чейин эле чектей алары белгиленген. Мыйзам долбооруна каршы активисттер... Читать дальше...

Министрлик: Кыргызстанга кетчүлөрдүн тизмесине кошууну убада кылган шылуундар пайда болду

Azattyk.org 

Орусиядан Кыргызстанга кете албай жүргөн мигранттар жана студенттердин ишеничине кирип, “элчиликте тууганым, жакыным иштейт” деп алдап, акчасын алган адамдар пайда болгонун Тышкы иштер министрлиги эскертүүдө. Министрликтин Орусиядагы элчиликке таянып тараткан маалыматына караганда, учурда белгисиз жаран алдамчылык менен үч кишинин 54 миң рубль акчасын алып койгону белгилүү болду. Ошондой эле мигранттар айрым диаспоралык уюмдар өздөрүнө бөлүнгөн квоталык орундар үчүн ортомчулук кылганына акча талап кылганы тууралуу да дооматтарды айтышкан. Читать дальше...

COVID-19: Күчөгөн илдетке күч жетеби?

Azattyk.org 

Кыргызстанда акыркы 25 күндө эле COVID-19га чалдыккандар менен андан кайтыш болгондордун саны 2-2,5 эсе көбөйдү. Казакстанда да бир күндө  коронавирус табылган адамдардын саны бир жарым миңге чейин жетип жатат. Эки өлкөдө эпидемиологиялык абал көзөмөлдөн чыгып бараткан жокпу?





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *