Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Июнь
2020

Новости за 27.06.2020

Байлык колдун кири

Azattyk.org 

Кыргызда байларды мүнөзүнө, адамдарга жасаган мамилесине жараша атап келишкен.

Кыргыз өкмөтүнүн 26 кызматкеринен коронавирус аныкталды

Azattyk.org 

Коронавирус кыргыз өкмөтүнүн 15 кызматкеринен жаңы, 11 кызматкеринен эки күн мурда аныкталганын өкмөттүн маалымат кызматы 27-июнда кабарлады. Маалыматка караганда вирус аныкталгандардын ичинде премьер-министрдин кеңешчиси Артем Новиков жана анын жардамчысы бар. Вирус табылган кызматкерлер санитардык-эпидемиологиялык алгоритмге ылайык үй карантининде дарыланып жатышат. Алар менен байланышта болгон өкмөттүн аппаратынын жетекчиси – министр Таалайбек Темиралиев обочолонду. Өкмөттүн аппаратындагы... Читать дальше...

Күчүн пайдалана албай койгонбуз... Олимпиада чемпиону Мелентьев жөнүндө 6 факты

Sputnik Кыргызстан (sport) 

Бүгүн, 27-июнда, Кыргызстанга Олимпиада оюндарынан алтын байге алып келген спортчу жана убагында көп баланы бийиктикке жеткирген машыктыруучу Александр Мелентьевдин туулган күнү. Ааламды багындырган спортчунун көзү тирүү болгондо быйыл 66 жашка толмок.

Кинорежиссер Бакыт Карагулов дүйнө салды

Azattyk.org 

Кыргыз эл артисти, белгилүү кинорежиссер, сценарист, "Кыргызфильм фондунун" директору Бакыт Карагулов 27-июнда 70 жаш курагында катуу оорудан каза болду. Мындай маалыматты маркумдун уулу Нурдин Карагулов "Азаттыкка" ырастады. Нурдин Карагулов "режиссер коронавирустун кесепетинен көз жумду" деп буга чейин тараган маалыматты төгүндөп, атасынын COVID-19 инфекциясына тапшырган анализи таза чыкканын билдирди. Анын айтымында, кинорежиссер пневмония илдети менен 26-июнда ооруканага жаткырылган. Ушул... Читать дальше...

Пандемияда Боршайкомго суроо көбөйдү

Azattyk.org 

26-июндан баштап он күн аралыгында күзүндө боло турган парламенттик шайлоо боюнча президенттин жарлыгы чыгыш керек. Эгер президент шайлоонун мөөнөтү боюнча үн катпаса, бул милдет Борбордук шайлоо комиссиясына өтөт.

ДИАСПОРА: Мургаптык кыргыздар баяны

Azattyk.org 

Тажикстандагы кыргыздар байырлаган жерлердин бири -- Памирдеги сарыколдук (мургабдык) бийик тоолуу кыштактар. Журналист, жазуучу жана публицист Мирзохалим Каримовдун кезектеги блогу.

БШК шайлоону каржылоонун ачыктыгын камсыздоо боюнча жоболорду кабыл алды

Azattyk.org 

26-июндагы отурумунда Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоонун ачыктыгын камсыздоо боюнча жоболорду кабыл алды. Бул жоболор шайлоого сарпталган бюджеттик акча тууралуу маалымат берүү гана эмес, саясий партиялардын шайлоо фондунда иштетилген акчанын булагын, чыгашаларын ачык көрсөтүшүнө жол ачат. БШКнын басма сөз кызматынын маалыматына караганда, мындай жоболор БШКнын көзөмөл-ревизиялык тобунда иштелип чыккан. Биринчи жободо атайын эсеп ачуу, шайлоо фондун түзүүнүн эрежеси, келип түшкөн каражат менен чыгышталган каражаттын эсеби... Читать дальше...



Түркияда түркмөн бийлигине каршы акция өттү

Azattyk.org 

26-июнда Түркиянын Стамбул шаарында жашаган 50дөй түркмөнстандык пикетке чыкты. Алар түркмөн президенти Гурбангулы Бердымухамедовдун кызматтан кетишин жана Түркиядагы түркмөн мигранттарын тез арада мекенине жеткирүүнү талап кылышты.

Жүздөн ашкан Алима апанын насааты

Azattyk.org 

Сузактын Кыр-Жол айылынын тургуну Алима Ташиева быйыл 115 жашка толду. Бир кылымдан ашык өмүр сүргөн байбиченин акылы тунук, алдан-күчтөн тая элек. Замандын далай оор сыноолорун баштан кечирген Алима апа ачарчылык жылдарын көп эстейт. Ал балдарына нандын кадыры жөнүндө көп айтып берет экен.

Стамалиева: Президенттин эки анализи тең таза чыкты

Azattyk.org 

Президенттик аппараттын кызматкерлеринен коронавирус илдети аныкталгандан кийинки президент тапшырган ПЧР-анализдин жыйынтыгы таза чыккан. Президенттин басма сөз катчысы Толгонай Стамалиеванын “Азаттык” радиосуна билдиргенине караганда, мамлекет башчы биринчи тестти Москвадан Бишкекке учуп жатканда, экинчисин Бишкекке келгенден кийин тапшырган. “ПЧР-анализдин экөө тең таза чыкты. Президент учурда өз алдынча обочолонуу шартында иштеп жатат”, - деди Толгонай Стамалиева. 27-июнда президенттик... Читать дальше...

Кыргызстандын куулган, камалган ажолору

Azattyk.org 

Экс-президентин камап, медианын оозун баскан кыргыз бийлиги. Пандемия маалында Борбор Азияда элди кечирим сураткан көрүнүш күч алды. Быйылкы ажылык онлайн өтүшү мүмкүн. Коронавирустун ден соолукка залалы оор. Жума ичинде дүйнөлүк басылмаларга чыккан макалаларга баяндама.

2019-жылы 62 өспүрүм өз өмүрүнө кол салган

Azattyk.org 

2019-жылы 62 өспүрүм өз өмүрүнө кол салган. Ички иштер министрлигинин маалыматына караганда, алардын ичинен 29у кыз, 33ү – эркек. Беш баланын ата-энеси миграцияда болгон. Ош облусунда 12 жашы жете элек бала өз өмүрүнө кол салган. Ысык-Көл, Чүй, Жалал-Абад облустарынын ар биринде 10дон өспүрүм түрдүү жолдор менен өз жанын кыйган. Бишкекте – 9, Талас облусунда – 4, Баткен облусунда -4, Ош шаарында -2, Нарын облусунда бир бала өз өмүрүнө кол салып, жашоо менен кош айтышкан. Коронавирус пандемиясына байланыштуу карантин жарыяланып... Читать дальше...

АКШда орусиялык хакер тогуз жылга соттолду

Azattyk.org 

АКШ соту киберкылмыш үчүн айыпталган орусиялык хакер Алексей Бурковду тогуз жылга эркинен ажыратты. Айыптоочу тарап аны 15 жылга эркинен ажыратууну сураган. Бул тууралуу РИА Новости маалымдады. Бурков өзүнө тагылган айыптын айрымдарын – кредиттик картанын ээлеринин маалыматын жана андан акча уурдаганын мойнуна алган. Аягында хакерден башка айыптары алынган. Программист Алексей Бурков 2015-жылы Вашингтондун суроосу менен Тель-Авив аэропортунда кармалган. 2019-жылы ноябрда ал Орусиянын каршылыгына карабай, АКШга экстрадицияланган. Читать дальше...

Аба ырайы: Жамгыр жаайт

Azattyk.org 

28-июнда күндүз Чүй, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаап, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу аймактарда карга айланат. Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда өткүн өтүшү ыктымал. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 20 метрге жетет. Абанын температурасы: Нарын облусунда түнкүсүн 3...8, күндүз 14...19, Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 6...11, күндүз 15...20, Баткен, Ош... Читать дальше...

Президенттик аппараттын башчысы Досалы Эсеналиев коронавируска чалдыкты

Azattyk.org 

Президенттик аппараттын башчысы Досалы Эсеналиев коронавируска чалдыкты. Бул маалыматты аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү таратты. Ага ылайык, 27-июнга карата коронавирус жугузганы аныкталгандардын ичинде президенттик аппараттын тогуз кызматкери жана аппарат жетекчиси Досалы Эсеналиев да бар. 26-июнда президенттик аппараттын сегиз кызматкеринен коронавирус инфекциясы аныкталгандан кийин бардык кызматкерлер анализ тапшырган. Маалыматта “Бүгүнкү күндө президенттик аппараттын илдетке чалдыккан кызматкерлеринин жалпы саны 17 болду. Читать дальше...

Профессор Мария Нанаева дүйнөдөн кайтты

Azattyk.org 

Улуттук илимдер академиясынын ардактуу академиги, Кыргызстандын эмгек сиңирген дарыгери, медицина илимдеринин доктору, профессор Мария Нанаева 26-июнда, 93 жаш курагында дүйнөдөн кайтты. Мария Нанаева – белгилүү коомдук ишмер, окумуштуу Кайып Оторбаевдин жубайы, мурдагы премьер-министр, экс-депутат, экс-министр Жоомарт Оторбаевдин энеси. "Азаттык" радиосунун жамааты маркумдун жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.

«Иним оорукананын алдында каза тапты...»

Azattyk.org 

Акыркы бир суткада Кыргызстанда COVID-19га 309 адам чалдыкканы маалым болду. Бул пандемия башталгандан берки эң көп учур. Вируска чалдыккандардын саны күн санап өсүп жатат.

Черногория кайрадан карантин киргизди

Azattyk.org 

Черногориянын бийлиги "өлкө коронавирустан арылды" деп жарыялагандан бир ай өтпөй, кайрадан карантин киргизүүгө аргасыз болду. Ачык жерде спорт оюндарын, саясий акцияларды өткөрүүгө тыюу салынды. Бийлик бул кадамы менен коронавирус жугузуп алгандардын санын азайтууга аракеттенүүдө. Өлкөдө акыркы он күндө коронавирус илдетин жуктуруп алган жүздөн ашуун адам катталды. Пандемия башталгандан бери бул өлкөдө COVID-19 илдетине чалдыккан 420 адам катталган. Тогуз адам оорудан көз жумган. Коңшулаш Сербияда да абал ушундай. Читать дальше...

Ошко Москвадан 326 кыргызстандык кайтып келди

Azattyk.org 

Москва-Ош багытындагы чартердик учак менен 326 кыргызстандык  27-июнда учуп келип, Ош эл аралык аэропортуна конду. Кайтып келген жүргүнчүлөрдүн арасында эки жашка чейинки 41 бала бар. Келгендердин баары маанилүү себептерге байланыштуу кайткан жарандар экенин Тышкы иштер министрлиги маалымдады. Коронавируска каршы ыкчам штабдын маалымдашынча, Москвадан келгендер тиешелүү медициналык текшерүүдөн өтүү үчүн Оштогу обсервацияларга жайгаштырылат. Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин маалыматына караганда... Читать дальше...

Экс-депутат Каныбек Осмоналиев үй камагына чыгарылды

Azattyk.org 

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) тергөө абагында отурган экс-депутат Каныбек Осмоналиев үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу анын жактоочусу Шарабидин Токтосунов “Азаттык” радиосуна билдирди: “Каныбек Осмоналиев 26-июнда Биринчи май райондук сотунун чечими менен ден соолугуна байланыштуу үй камагына чыгарылды. Учурда ал үйүндө дарыгерлердин көзөмөлүндө”. Бир нече күн мурда Каныбек Осмоналиев коронавируска ПЧР-анализ тапшырган. Адвокаттын айтуусунда, азырынча анализдин жыйынтыгы чыга элек. Читать дальше...

New York Times: Орусия америкалык аскерлерди өлтүрүү үчүн акча төлөгөн

Azattyk.org 

АКШнын чалгын кызматы Орусиянын чалгын башкармалыгы Ооганстандагы согушкерлерге америкалык аскерлерди өлтүргөнү үчүн акча төлөп бергени аныкталганын маалымдады. Бул тууралуу New York Times басылмасы ЦРУдагы булактарына таянып жазды. Маалыматка караганда, радикал согушкерлер жана аларга байланышы бар кылмышкерлер ар бир өлтүрүлгөн америкалык аскер үчүн акчалай сыйлык алып турган. Бул маалымат талибдерди суракка алган учурда анык болгон. Мунун артында ким турганы азырынча так белгисиз, бирок америкалык... Читать дальше...

Түркияда 121 киши өмүр бою абакка кесилди

Azattyk.org 

Анкара соту 2016-жылкы аскердик төңкөрүшкө айыпталган 121 адамды өмүр бою абакка кести. Бул тууралуу мамлекеттик Анадолу агенттиги кабарлады. Өкүм кылынгандардын ичинен 86 адам “Конституцияны бузууга аракет кылганы үчүн” өмүр бою “катаал режимдеги” камерага камалышат. Кесилген адамдардын баары 2016-жылы июлда Анкарадагы жандармериянын штабына кол салган деп айыпталгандар. Булардын ичинде полковник “атайылап өлтүрүү” беренеси менен айыпталган. Ага полициянын антитеррордук бөлүмүнүн командирин жансакчысы... Читать дальше...

Жол кырсыгына кабылган ырчы Асел Кадырбекованын абалы оор

Azattyk.org 

26-июнда автокырсыкка учурап, Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна жеткирилген ырчы Асел Кадырбекованын абалы оор. Учурда ал оорукананын жандандыруу бөлүмүндө, эс-учун билбеген абалда жатат. Бишкек шаардык травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунун башкы дарыгери Алмазбек Кубатбеков “Азаттык” радиосуна ырчынын баш мээси чайкалып, моюн омурткасы жана акыреги сынганын билдирди.  26-июнда Бишкектин Медеров жана Тыныстанов көчөсүндө саат 15:30 чамасында жол кырсыгы катталган. Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *