Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Август
2021

Новости за 02.08.2021

"Кумтөр иши": Акаев сурак бере баштады

Azattyk.org 

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) “Кумтөр” боюнча иликтөөнүн алкагында биринчи  президент Аскар Акаев Бишкекке алынып келгенин жарыялады. Бирок Акаев менен жакын адамдар мурдагы мамлекет башчысы Кыргызстанга өзү келгенин кабарлашты. Аскар Акаев өзү басма сөз жыйынын өткөрүп, тергөө менен кызматташуу үчүн келгенин маалымдады. Акаевдин билдирүүсү, УКМКнын айыбы Кыргызстандын биринчи президенти Аскар Акаев 2-августта Бишкекке келе турганын алгач  жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттары жазып жатышты. Читать дальше...

Аскар Акаев: Садыр Жапаров менен жолуктум

Azattyk.org 

Мурдагы президент Аскар Акаев Кыргызстанга бийлик менен кызматташуу максатында келгенин айтты. Бул тууралуу ал 2-августта Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттен (УКМК) сурактан чыккандан кийин журналисттерге билдирди.

Мамбетов Ошту, Сарыбашов Бишкекти бийлейт

Azattyk.org 

Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов кызматынан бошотулуп, Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Анын ордуна президенттик иш башкармалыктын башкаруучусу Алмаз Мамбетов барды. Адаттан тыш аракеттери менен таанылган саясатчылардын ротациясы коомчулукта кызуу талкууга түштү.

Аскар Акаев: резиденцияда Садыр Жапаров менен жолуктум

Azattyk.org 

Мурдагы президент Аскар Акаев Кыргызстанга бийлик менен кызматташуу максатында келгенин айтты. Бул тууралуу ал 2-августта Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттен (УКМК) сурактан чыккандан кийин журналисттерге билдирди. "Мен кызматташууга, көмөктөшүүгө келдим. Билесиздер, "Кумтөр" долбооруна байланыштуу мага дооматтар бар. "Кумтөр" менин учурумда түптөлгөн. Мен Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасына ыраазычылык билдирем. Мени жакшы кабыл алышты. Албетте, суроолор бар. Алгачкы суракка кирип чыктым. Читать дальше...

Бишкек менен Ош шаарынын мэрлери алмашты

Azattyk.org 

Ош шаарынын мурдагы мэри Таалайбек Сарыбашов Бишкек шаарына башчы болду. Ал эми Ош шаарынын мэринин милдетин аткаруучу болуп президенттин жана өкмөттүн иш башкаруучусу Алмаз Мамбетов дайындалды.

Сарыбашов Бишкек мэриясында иштеген уулун кызматтан алды

Azattyk.org 

Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Таалайбек Сарыбашов мэриянын борбордук аппаратында иштеген уулу Нурсултан Насирбековду кызматтан алды. Тийиштүү буйрукка 2-августта кол койгонун шаардык бийликтен "Азаттыкка" билдиришти. Сарыбашов ушул күнү мэриянын кызматкерлерине тааныштырылып, калаа башчылык кызматка отурган. Анын уулу буга чейин мэриянын Уюштуруу-инспектордук бөлүмүнүн адиси болуп иштеген. 50 жаштагы Таалайбек Сарыбашов 2018-жылдан бери Ош шаарынын мэрлик кызматын аркалап келди.... Читать дальше...



Ош шаарында жаңы мэрге талаптарын айткандар митингге чыкты

Azattyk.org 

Ош шаарында 2-августта жаңы мэр дайындалганына байланыштуу тынчтык митинги өттү. Ага онго чукул шаар тургундары катышып, жаңы мэрге карата өзүнүн талаптарын айтышты. Митингди уюштуруучулардын бири “Улуу Журт” партиясынын лидери Мирлан Орозбаев жаңы жетекчиге болгон элдин талабын айтты. "Жаңы дайындалган мэр ишти ушул мэриянын ичинен башташы керек. Көчөгө чыгып бир эки объекти көрүп, аны коомчулукка пиар кылуунун кереги жок. Азыр мэриянын аппаратына эле онго чукул кылмыш ишин козгосо болот. Жаңы мэр ошолорду иретке келтирип... Читать дальше...

Түркиядагы өрт: дагы бир райондун тургундары көчүрүлөт

Azattyk.org 

Токойлорду өрт каптап жаткан Түркиядагы Манавгат облусунун Гүндогмуш районунун жашоочулары толугу менен көчүрүлөт. Бул тууралуу өлкөнүн айыл жана токой чарба министри Бекир Пакдемирли 2-августта билдирди. Бир жумадан бери Түркиянын алты провинциясындагы токойлорду каптаган өрт кеминде сегиз кишинин өмүрүн алды. 28-июлда Түркиянын Манавгат облусунда токойдо чыккан өрт өлкөнүн туристтик аймактары Мармарис жана Бодрумдагы калктуу конуштарга чейин жетти. Ар кандай тобокелчиликтин алдын-алуу максатында... Читать дальше...

Токио-2020: Акжол жараткан үмүт

Azattyk.org 

Кырызстандык балбан Акжол Махмудов шейшембиде Токио Олимпиадасында алтын медал үчүн килемге чыгат. Ал эми Айпери Медет кызы коло байге үчүн мелдеште жеңилип калды. Бул ирет Олимп оюндарына 9 балбан катышууда.

Садыр Жапаров Акжол Махмудов менен Айпери Медет кызын куттуктады

Azattyk.org 

Президент Садыр Жапаров Токио Олимпиадасына катышып жаткан балбандар Акжол Махмудовду жана Айпери Медет кызын куттуктады. Мамлекет башчысы куттуктоосун "Инстаграмдагы" баракчасына жазды: "Бүтүндөй өлкө демин ичине катып, Акжол чечүүчү күрөштө ийгиликке жетишсе экен деп жан дили менен тилеп отурушат! Ошондой эле, Айпери Медет кызын дагы Олимпиадада ийгиликтүү күрөшкөндүгү менен куттуктайм. Бул жолку күрөштөр ал үчүн чоң тажрыйба жана келечектеги Олимпиадалык медалдардын башталышы болот деп ишенем! Читать дальше...

Беларус спортчусу Тимановская Польшадан башпаанек сурады

Azattyk.org 

Беларус бийлиги күч менен Токиодон чыгарып кетүүгө аракет кылган жеңил атлетчи Кристина Тимановская Польшадан башпаанек сурады. Ал Токиодогу аэропортто түнөгөн соң Жапон баш калаасындагы Польшанын консулдугуна барды. Спортчу мекенине кайтса куугунтукка туш болуп, камакка алынышы мүмкүн деп кооптонууда. Учурда Тимановская туш болгон кырдаалдын үстүнөн БУУнун качкындар боюнча Жогорку Комиссарлыгы жана Эл аралык Олимпиада комитети иштеп жатат. Ал ортодо качкын спортчунун күйөөсү Арсений Жданевич Беларустан Украинага чыгып кеткени кабарланды. Читать дальше...

Токио-2020: Айпери Медет кызы коло байге үчүн беттеште жеңилди

Azattyk.org 

Токиодо өтүп жаткан Олимпиадада кыз-келиндер күрөшүнөн 76 килограмм салмакта килемге чыкккан Айпери Медет кызы коло байге үчүн күрөштө түркиялык Ясемин Адарга жеңилип, 5-орунду ээледи. Медет кызы таймаштарын 1-августта баштаган. Алгач казакстандык Элмира Сыздыкованы 6:1, чейрек финалда Олимпиада чемпиону, Орусиянын Олимпиада комитетинин атынан катышып жаткан Наталья Воробьеваны 12:0 эсебинде утуп алган. Жарым финалда АКШ спортчусу, дүйнөнүн беш жолку чемпиону Аделин Мариа Грейге 2:3 эсеби менен жеңилген. Читать дальше...

Президент Жапаровдун эс алуусу коомчулукта талкуу жаратты

Azattyk.org 

Президент Садыр Жапаровдун Ысык-Көлдө эс алуусу аталган облусту сел каптап турган учурга дал келди. Мындан сырткары аз күн мурда Бостериде эс алуу жайлардын биринде бир адамды суу түтүгү соруп кеткен. Президент жана УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиевдин мындай кырсыктардан катталып жаткан учурда Ысык-Көлдө эс алып жүргөнүн жарыялоосу коомчулукта талкууга жем таштады. Соцтармактарда айрым колдонуучулар президенттин мындай эс алуусун "орунсуз" деп атады. Ошол эле учурда айрымдар ар бир адамдын эс алууга укугу бар экенин айтып чыгышты.

Талгарбеков: Акаев тергөөгө жооп берип, агаларына куран окуткандан кийин Москвага кайтат

Azattyk.org 

Мурдагы президент Аскар Акаев Кыргызстанга Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) “Кумтөр” боюнча суроолорго жооп берүү сунушуна макул болуп келди, андан соң ал кайра Москвага кайтат. Бул тууралуу 2-августта “Азаттык” радиосуна мурдагы министр Бекболот Талгарбеков билдирди. Талгарбековдун айтымында, демилге УКМК тараптан болгон, Акаев сунушту  кабыл алып, баары мыйзам чегинде болоруна кепилдик алгандан кийин келди: “Биринчи максаты – УКМКнын сунушуна макул болуп, коюлган суроолоруна жооп берүү. Читать дальше...

Армения: Пашинян кайрадан премьер-министр болду

Azattyk.org 

Никол Пашинян Армениянын премьер-министрлигине бекиди. Мындай жарлыкка өлкө президенти Армен Саркисян кол койду. Пашинянды премьер-министрликке шайлоодон кийин алгачкы жыйынына чогулган парламенттеги «Жарандык келишим» партиясы көрсөттү. Эми Пашинян 15 күн ичинде өкмөттү курашы керек. Министрликте талапкерлерди депутаттар бекитишет. Маалымат каражаттары өкмөттү куроодо премьер-министрге маселе жаралбай турганын жазышууда. Себеби, учурдагы чакырылыштын үчтөн экисин Пашияндын партиясынын өкүлдөрү ээлеген. Читать дальше...

Ош шаардык кеңешине Салман Назылбеков төрага болду

Azattyk.org 

2-августта Ош шаардык кеңешинин жаңы шайланган депутаттарына мандат берилди. Ага ылайык шаардык кеңештин 5-чакырылышынын депутаттары биринчи сессиясын өткөрүштү. Сессияда Ош шаардык кеңештин төрагасын жана анын орун басарын шайлоо өттү. Ош шаардык кеңешинин төрагасы болуп "Ата-Журт Кыргызстан" партиясынын депутаты Салман Назылбеков шайланды. Аны Ош шаардык кеңешиндеги 45 депутаттын 44тү колдоду. Ал буга чейин Ош шаардык кеңешинин 4-чакырылышында "Кыргызстан" фракциясынан депутат болгон. Ушул... Читать дальше...

Кыргызстандын Түркиядагы элчилиги депутаттардын сынына жооп берди

Azattyk.org 

Кыргызстандын Түркиядагы элчилиги Жогорку Кеңештин депутаттары Шайлообек Атазовдун жана Айбек Осмоновдун быйыл июль айында парламенттин Эл аралык иштер, коргонуу жана коопсуздук боюнча комитетинде аталган дипломатиялык мекеменин дарегине айткан сын пикири боюнча комментарий берди. Элчилик 2-августта тараткан комментарийинде элчи Кубанычбек Өмүралиев 26-июнда Стамбулда Казакстандын жана Өзбекстандын элчилери барган иш-чарага расмий чакыруу болбогондуктан катышпаганы, Өзбекстан үч айда 14 миллион... Читать дальше...

Акжол - финалга чыккан кыргызстандык экинчи спортчу

Azattyk.org 

Токиодо өтүп жаткан Олимпиада оюндарында грек-рим күрөшү боюнча 77 килограмм салмакта кыргызстандык Акжол Махмудов армениялык атаандашы Карапет Чальянды жарым финалда 6:2 эсебинде жеңип, финалга жолдомо алды.





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *