Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Август
2021

Новости за 15.08.2021

"Талибан" Кабулдагы президенттик сарайды ээледи

Azattyk.org 

"Талибан" кыймылы Ооганстандын баш калаасы Кабулдагы президенттик сарайды ээлегени белгилүү болду. "Аль-Жазира" телеканалы президенттик сарайдан түз алып көрсөттү. Видеодон талибдердин лидерлери куралчан адамдардын коштоосунда президенттик сарайдын негизги бөлмөлөрүнүн биринде отурганын көрүүгө болот. Кыймылдын өкүлдөрү президент отурган имарат кан төгүүсүз талибдердин колуна өткөнүн билдиришти. "Талибан" жекшемби күнү кечки саат 18:30дар чамасында, Кабулга кирип жатканын жарыялаган. Андан... Читать дальше...

Ооган президенти эмне үчүн өлкөдөн чыгып кеткенин түшүндүрдү

Azattyk.org 

Ооган президенти Ашраф Гани "кан төгүлүшүн алдын алуу үчүн" өлкөдөн чыгып кеткенин билдирди. Ал бир аз мурда "Фейсбукка" өз кайрылуусун жарыялап, бүгүн оор чечимди кабыл алууга туура келгенин белгиледи. Ал эгерде Кабулда кала берсе, "көп адам мерт болуп, баш калаа кыйроого учурамак" деп айтты. "Талибдер кылычынын жана мылтыгынын өкүмү менен жеңип чыкты. Эми алар мекендештеринин намысы, мүлкү жана коопсуздугу үчүн жооптуу", - деп жазды Гани. Буга чейин Ооганстандын Улуттук жарашуу боюнча... Читать дальше...

"Озоди": Ооганстандын президенти Ашраф Гани Душанбеге келди

Azattyk.org 

"Эркин Европа / Азаттык" радиосунун тажик кызматы ("Озоди" радиосу) Ооганстандын президенти Ашраф Гани Душанбеге келгенин кабарлады. Бул маалыматты Тажикстандын өкмөтүнө жакын эки булак ырастады. Аттарын атабаган бул адамдар Гани жакын арада үчүнчү өлкөгө чыгып кетерин билдиришти. Президент Гани 15-августта өлкөдөн чыгып кеткенин Ооганстандын Улуттук жарашуу боюнча жогорку кеңешинин төрагасы Абдулла Абдулла ырастаган. "Ал оор кырдаалда Ооганстандан чыгып кетти. Кудай өзү жоопко тартсын. Эл өзү баа берсин", - деп билдирген Абдулла. Читать дальше...

Талибдер Кабулга киргени кабарланууда

Azattyk.org 

"Талибан" кыймылы Ооганстандын баш калаасы Кабулга киргени кабарланууда. Кыймылдын басма сөз өкүлү Забиулла Мужахид жекшембиде жергиликтүү убакыт боюнча саат 18:30дар чамасында билдирүү таратып, талибдер шаардын коопсуздук күчтөрү таштап кеткен аймактарын өз көзөмөлүнө ала турганын маалымдады. Ал мындай чечим Кабулдагы талап-тоноочулукту алдын алуу үчүн кабыл алынганын белгиледи. "Биздин күчтөр Кабул шаарына этияттык менен кирип жатат", - деди Забиулла Мужахид. BBC талибдер президенттик сарайды... Читать дальше...

Гаитидеги зилзаланын курмандыктарынын саны 700дөн ашты

Azattyk.org 

Гаитинин Жарандык коргонуу агенттиги 14-августтагы зилзаладан 724 киши каза таап, 2800дөйү жараат алганын билдирди. Агенттиктин маалыматына ылайык, курмандыктардын көбү өлкөнүн түштүгүндө катталууда. Жереми жана Ле-Ке шаарларындагы турак жайлардын көбү кыйрап калганы кабарланды. Премьер-министр Ариэл Анри Ле-Ке шаарына учуп кетер алдында Гаитиде бир айлык өзгөчө кырдаал жарыялады. АКШнын Геологиялык кызматы билдиргендей, магнитудалык күчү 7,2 баллга жеткен жер титирөө ишемби күнү таңкы саат 8:30 чамасында болгон. Читать дальше...

Блинкен Ооганстандагы абалды Вьетнам согушу менен салыштырууларды четке какты

Azattyk.org 

Кошмо Штаттардын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен америкалыктардын Кабулдан чыгып кетип жатышын Вьетнам согушуна салыштырган билдирүүлөрдү четке какты. Ал АКШнын Ооганстандагы миссиясы ийгиликтүү болгонун 15-августта ABC телеканалына курган маегинде билдирди. "Бул Сайгон (Хошимин) эмес. Биз 20 жыл мурда Ооганстанга бир миссия менен барганбыз. Бул бизге [2001-жылы] 11-сентябрда чабуул койгон адамдардын маселесин чечүү болчу. Ал миссия ийгиликтүү болду", - деди ал. Эстония менен Норвегия Бириккен... Читать дальше...

Жоочулардын курчоосундагы Кабулда кыргыздар да бар

Azattyk.org 

Кыргыз бийлиги Ооганстандагы жарандарын жана дипломаттарын аймактан чыгара элек. Учурда Кабулда 20дай кыргызстандык бар экени кабарланууда. Элчилик алар коопсуз аймакта турганын билдирип жатат. Ошол эле кезде Кабулдагы кыргызстандыктар өз коопсуздугунан кооптонуп жатканы тууралуу маалыматтар бар. "Ооган кыргыздары" бирикмесинин жетекчиси Бүнямин Токер Кабулда калып кеткен кыргызстандыктардан кабар алган. Алар "Талибан" кыймылы Кабулду курчоого алгандан бери коркуп жашап жатканын айтып, Токерден Кыргызстан менен байланышууну өтүнүшкөн. Читать дальше...

Ысык-Көлдө Үркүн окуялары эскерилди

Azattyk.org 

“Тосор коому” бирикмеси 15-августта Үркүн окуяларын эскерип, жөө жүрүш уюштурду. Аталган уюм 2021-жылдын август айынын экинчи жарымынан тарта жыл сайын жөө жүрүш өткөрө турган болду. Бул тууралуу уюмдун төрагасынын милдетин аткаруучу Тыныбек Жукешов билдирди. “Тосор жана Тамга айылдарынын ортосунда Кыргын-Сай деген жерде 1916-жылы орус жазалоо отряды көл өрөөнүнөн колго түшүрүлгөн кыргыздарды жок кылган. Биз ошол ата-бабаларыбыз каза тапкан жерге келип, аларды эскердик, алар баскан жолдор менен жөө жүрүш кылдык. Читать дальше...



Чек ара жаңжалын чагылдырган жаш сүрөтчү

Azattyk.org 

Бишкектеги Эмен паркында кыргызстандык Арууке Сыдыкалы кызынын сүрөт-көргөзмөсү өтүүдө. Пейзаж жанрына басым жасаган сүрөтчү быйыл жазында кыргыз-тажик чек арасында болгон кандуу окуяларды да өз эмгектеринде чагылдырган.

Батыш өлкөлөрү Кабулдагы жарандарын чыгарып кетүүдө

Azattyk.org 

АКШнын Кабулдагы элчилигинин кызматкерлери аэропортко жеткирилүүдө. Бул тууралуу Кошмо Штаттардын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен 15-августта ABC телеканалына билдирди. "Франс-пресс" жаңылыктар агенттиги жазгандай, Блинкен Кабулга жөнөтүлгөн аскерлер эвакуацияны "коопсуз жана ырааттуу" шартта жүргүзө турганын айткан. Канаданын Тышкы иштер министрлиги Кабулдагы дипломатиялык аракеттерин убактылуу токтотконун, ал жактагы кызматкерлери мекенине кайтып келе жатканын жарыялады. Нидерланд Кабулдагы... Читать дальше...

Ооган президенти өлкөдөн чыгып кеткени кабарланууда

Azattyk.org 

Ооганстандын президенти Ашраф Гани өлкөдөн чыгып кеткени тууралуу кабар тарады. Бул тууралуу алгачкылардан болуп Ооганстандагы эң ири Tolo News телеканалы жазып чыкты. BBC, Reuters сыяктуу эл аралык маалымат каражаттары да Tolo News телеканалына шилтеме кылып, Ганинин Ооганстандан чыгып кеткени кабарланып жатканын билдиришти. Ооганстандын Улуттук жарашуу боюнча жогорку кеңешинин төрагасы Абдулла Абдулла "Фейсбукка" жазган билдирүүсүндө "президент өлкөдөн чыгып кеткенин" белгилеп, анын кадамын сынга алды. Читать дальше...

Баграм аба базасы "Талибандын" колуна өттү

Azattyk.org 

"Талибан" кыймылы Ооганстандын баш калаасы Кабулдун түндүгүндөгү Баграм аба базасын эч каршылыксыз ээлеп алды. Бул маалыматты 15-августта базанын командири, генерал Навидулла Мирзайе "Азаттыктын" ооган кызматына ырастады. "Талибдер базага кирип келгенде ооган күчтөрү чыгып кетишти. Баграм аэропорту "Талибандын" көзөмөлүндө", - деп айтты генерал Мирзайе. Баграм - Ооганстандагы эң ири аба базасы. Бул базада миңдеген адамдар камалган түрмө да бар. Бул аскердик жайды 1980-жылдары советтик күчтөр курган. Читать дальше...

Абанын ысышынан айрым өлкөлөр жоголот

Azattyk.org 

Польшада куруучулар кара тумоодон каза тапкандардын көрүстөнүн кокусунан таап алышты. Климаттын өзгөрүшүнөн улам жоголуп кетиши мүмкүн делген өлкөлөрдүн аты аталды. Тарыхый окуялардын жүрүшүн өзгөрткөн Манцикерт беттешинин орду аныкталды. "Азаттыкта” бул жумадагы илим жаңылыктары.

"Кыргызстандын Кабулдагы элчилиги эвакуация болгонго даяр"

Azattyk.org 

Ооганстандагы абал саат сайын өзгөрүүдө. АКШ баштаган бир катар өлкөлөр ал жактагы элчиликтеринде иштеген дипломаттарын, жарандарын эвакуация кылып жатат. Кыргызстандык жарандардын, дипломаттардын абалы тууралуу Кыргызстандын Ооганстандагы элчиси Мирослав Ниязов "Азаттыкка" маек курду.

Түркия: эмдөө сертификатын алгандардан ПЧР-тест талап кылынбайт

Azattyk.org 

Мындай маалыматты "Түрк аба жолдору" компаниясынын расмий сайтында жарыяланды. Анда 14 күн мурун коронавируска каршы эмдөөдөн өткөнүн тастыктаган сертификат  (англисче котормосу менен) алган жарандар Түркияга кирерде ПЧР-тест  тапшырбай турганыжазылган. Компаниянын Кыргызстандагы өкүлчүлүгү "Азаттыкка" эмдөө сертификатын алган кыргызстандыктар Түркияга тест тапшырбай кире аларын жана кайра Бишкекке учуп келерин ырастады. Бул эреженин транзит аркылуу учуп жаткан жүргүнчүлөргө тиешеси жок. Бангладеш... Читать дальше...

Кабул: "Талибандын" өкүлдөрү ооган өкмөтү менен сүйлөшөт

Azattyk.org 

"Талибан" кыймылынын өкүлдөрү ооган өкмөтү менен сүйлөшүүлөрдү өткөрүү үчүн Кабулдагы президенттик сарайга келе жатышат. Бул тууралуу ооган өкмөтүндөгү расмий жетекчилердин бири Associated Press  агенттигине билдирди. Коопсуздугунан улам атын атагысы келбеген бул жетекчинин айтымында, тараптар өкмөттү талибдерге өткөрүп берүү маселеси жөнүндө сүйлөшөт. "Талибан" кыймылынын өкүлдөрү бийликти тынч жол менен өткөрүп берүү маселеси боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын "Азаттыктын" ооган кызматына ырастады. Читать дальше...

Ооганстан: талибдер Кабулга кирди, Гани өлкөдөн чыгып кетти

Azattyk.org 

"Талибан" кыймылы соңку 20 жылда биринчи жолу баш калаа Кабулга кирди. Жоочулар президенттик сарайды ээлегени белгилүү болду. Ооганстандын президенти Ашраф Гани өлкөдөн чыгып кетти. АКШ баштаган Батыш өлкөлөрү Кабулдагы дипломаттарын эвакуациялап жатат. Ооган президенти Ашраф Гани "кан төгүлүшүн алдын алуу үчүн" өлкөдөн чыгып кеткенин билдирди. Ал дүйшөмбүгө караган түнү "Фейсбукка" өз кайрылуусун жарыялап, оор чечимди кабыл алууга туура келгенин белгиледи. Ал эгерде Кабулда кала берсе, "көп адам мерт болуп... Читать дальше...

“Талибандын” үрөй учурган зомбулугу

Azattyk.org 

Ооганстандагы жайкын тургундар талибдерден эмне үчүн кооптонот? Борбор Азияда интеграциянын жаңы барагы ачылабы? Орусияда улутчул риторика эмнеге күчөп жатат? Дүйнөлүк басма сөзгө баяндамадан окуңуз.

Жаңы конуштар мыйзамдаштырылат

Azattyk.org 

Президент "Жер тилкелерин которуу (трансформациялоо) жөнүндө" мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу" мыйзамга кол койду. Ага ылайык, бир жарым миң гектар жерге документ берилгени жатат.  "Өкмөттүн өгөй баласына айландык" 29 жаштагы Нурлан Шадыманов сегиз жылдан бери Ак-Ордо жаңы конушунда жашайт. Убагында жер тилкени жети миң долларга сатып алган. Ал үйдү салып, тегерек четин ирээтке келтиргени менен, документтин жоктугунан бир катар көйгөйлөргө туш болууда. Жаңы конушта суу тартыш, газ түтүктөрү да чуркатыла элек. Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *