"Талибандын" ардагерлери жогорку кызматтарга дайындалды
Жалпыга маалымдоо каражаттары “Талибандын” ардагерлери Ооганстанда чечүүчү кызматтарга дайындалып жатканын жазышты. «Пажхвок» агенттигинин маалыматына караганда, 25-августта ардагер талибдер - Гүл Ага финансы министри болсо, Садр Ибрагим ички иштер министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды. «Аль-Жазира" телеканалы мурда Гуантанамодо түрмөдө отуруп чыккан молдо Абдул Кайюм Закир коргоо министри болгонун кабарлады. Reuters агенттиги “Талибандын”мүчөсү бул дайындоолорду тастыктаганын билдирди. Читать дальше...