Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Август
2021

Новости за 18.08.2021

Кыргызстанда коронавируска каршы эмделгендер 900 миңден ашты

Azattyk.org 

Кыргызстанда коронавируска каршы эмделгендер 900 миңден ашты. Бул талап кылынган көрсөткүчтүн 38% түзөт. Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин сайтындагы соңку маалыматка караганда, алардын 614 миңи вакцинанын биринчи дозасын, ал эми 304 миңи экинчи да дозасын алгандар. Өлкөнүн калкы 6,5 миллионду түзөт, анын 3,4 миллионун өкмөт COVID-19га каршы эмдөөдөн өтүшү керек болгон максаттуу топ деп аныктаган. Максаттуу топко 18 жашка чейинки курактагылардан жана тыштагы эмгек мигранттарынан башкалардын баары кирген. Читать дальше...

ИИМ: Чолпон-Атадагы саммитке байланыштуу жолдор улам жабылып турат

Azattyk.org 

Бүгүн 19-августта Чолпон-Ата шаарында Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мүчө өлкөлөрдүн өкмөт башчыларынын саммити өтөт. Буга байланыштуу Чүй жана Ысык-Көл облустарынын аймагындагы негизги автожолдорго убактылуу чектөө киргизилип турарын Ички иштер министрлигинин жол коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы билдирди. Мекеме айдоочуларды ыңгайсыздык жаралганын түшүнүү менен мамиле кылууга, каттамдарды алдын ала тактап алууга, тыгын пайда болбошу үчүн эрежелерди жана жолдо жүрүү маданиятын так сактоого чакырды. Читать дальше...

УКМК: Ниязов өзүн саясий туткун катары көрсөткүсү келүүдө

Azattyk.org 

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) президенттик аппараттын мурдагы башчысы, учурда тергөө абагында жаткан Фарид Ниязовдун 18-августтагы билдирүүсүнө жооп кайтарып, ал өзүн элге саясий туткун жана күнөөсү жок болсо да жабыркап турган адам катары көрсөткүсү келип жатканын билдирди. Мекеменин басма сөз кызматы өз комментарийинде Ниязовдун азыркыдай абалга туш болушунун себеби анын мурдагы бир катар мыйзамсыз иштеринде экенин белгилеп, аны жеке көйгөйлөрүнүн башаты сот жообуна тартылбай... Читать дальше...

ТИМ: Кыргызстан-АКШ кызматташтыгы талкууланды

Azattyk.org 

Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев 18-августта АКШнын Кыргызстандагы убактылуу ишенимдүү өкүлү Алан Мельтцер менен жолугуп, кызматташтык маселелерин талкуулаганын мекеменин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматта айтылгандай, министр Казакбаев Кошмо Штаттарга Ооганстандан Кыргызстандын 15 жаранын Казакстан менен бирге коопсуз эвакуация кылууга, андан мурдараак кыргыз жарандарын үчүнчү өлкөгө чыгарып кетүүгө жардам бергени үчүн ыраазычылык билдирди. Ошону менен катар Сириядагы жана Ирактагы... Читать дальше...

Сайназаров: Ооганстанды изоляцияда калтырбаганга аракет кылуу керек

Azattyk.org 

Эл аралык коомчулук, анын ичинде Кыргызстан Ооганстанды азыркы абалда жалгыз калтырса кесепети жакшы болбойт. Мындай пикирин 18-августта “Азаттыктын” “Эксперттер талдайт” көрсөтүүсүндө сүйлөп жатып Search for Common Grounds уюмунун Кыргызстандагы жетекчиси Кеңешбек Сайназаров билдирди: “Жалпы адамзатка караштуу баалуулуктар бар. Кайда болбосун, ким кайсы улутта болбосун, баары адам. Адамдардын бейпилдигине тоскоолдук болбошу керек. Ооба, талибдер келди, бул реалдуулук. Изоляцияга түрткөндүн ордуна аларга ачылып... Читать дальше...

"Талибандын" күмөн жараткан убадасы

Azattyk.org 

18-августта Ооганстандын Жалалабад шаарында ооган желегин көтөрүп, акцияга чыккан ондогон адамдарды талибдер күч менен таратты. Андан бир күн мурда "Талибан" кыймылы алгачкы маалымат жыйынын өткөрүп, адам укугун сактоону убада кылган эле.

Ооганстандагы кырдаал: Борбор Азияга таасири кандай болот?

Azattyk.org 

Ооган өкмөтү кулап, талибдер Кабулду ээлегенден кийинки кырдаал коңшу өлкөлөрдө кооптонуу жаратууда. Ооганстандагы соңку абал Борбор Азия өлкөлөрүнө, анын ичинде Кыргызстанга кандай таасир этиши мүмкүн? Алдыда кандай тобокелчиликтер бар жана алдын алуу аракеттери кандай болушу керек? “Эксперттер талдайт” программасы ушул теманы талдады.

Иманкулов: Талибдерди көрүп "шыктангысы келген" радикал күчтөргө мүмкүнчүлүк бербейбиз

Azattyk.org 

“Талибан” кыймылы башка мамлекеттерге кол салбай турганын айтканы менен Ооганстанда буга чейин түзүлгөн ири террордук уюмдар ишмердүүлүгүн дале улантууда, андыктан коркунуч ошолордон болушу ыктымал. Мындай пикирин “Азаттык” радиосуна Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов билдирди. 18-августта “Эксперттер талдайт” көрсөтүүсүндө сүйлөп жатып Иманкулов кыргыз бийлиги радикалдуу күчтөргө мүмкүнчүлүк бербей турганын, ички да, тышкы да абал кылдат анализденип жатканын айтты: “Кээ... Читать дальше...



Иран уран байытууну тездеткенин ырастады

Azattyk.org 

Иран уранды байытуу жараянын тездетти деген МАГАТЭнин маалыматтарын ырастады. Өлкөнүн Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Саид Хатибзаде 18-августта бул аракет АКШнын “өзөктүк келишимдин” шарттарын аткарбаганына жана санкцияларына жооп экенин билдирди. Буга чейин Бириккен Улуттар Уюмунун Атомдук коопсуздук боюнча агенттиги (МАГАТЭ) Иран Натанз шаарындагы ишканасында центрифугалардын экинчи каскадын колдонуп, тазалыгы 60%  жеткен уранды байытып жатканын кабарлаган. ISNA маалымат агенттиги  жазгандай... Читать дальше...

Ооган качкындары макам берүүнү талап кылды

Azattyk.org 

Кыргызстанда бир канча жылдан бери жашап жаткан ооганстандык жарандар Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Бишкектеги кеңсесинин жана АКШнын элчилигинин алдына пикетке чыгышты.

Орозобекова: Коррупция тыйылбаса элдин радикалдашуусу күчөйт

Azattyk.org 

Мамлекеттик система коррупцияны токтотпосо, тазаланбаса эл арасында радикалдашуу маанайы күчөй бериши ыктымал. Мындай пикирин 18-августта “Азаттыкка” Булан институтунун директору Чолпон Орозобекова билдирди. Ооганстандагы соңку окуялар талданган “Эксперттер талдайт” көрсөтүүсүндө сүйлөп жатып Орозобекова “Талибандын” Борбор Азияга кол салуу ниети жоктугун, бирок дагы эле сакталып турган  “Ислам мамлекети”, “Ал-Каида” террордук уюмдарына колдоо көрсөтөрүн, себеби түпкү идеясы бир экенин, талибдердин... Читать дальше...

"Качкын" макамын алгысы келгендердин кайгысы

Azattyk.org 

Кыргызстанда жашап жаткан Ооганстандын жарандары 18-августта Бишкекте Бириккен Улуттар Уюмунун имаратынын жана Америка Кошмо Штаттарынын элчилигинин алдына пикетке чыкты. Алардын арасында 20 жылдан бери Кыргызстанда жашап жаткандар дагы бар. Акцияга чыккандар Кыргызстанда расмий "качкын" макамы берилишин же болбосо Канада, АКШга жиберүүнү талап кылышууда.

Ооганстан: биринчи вице-президент Салих "Талибанды" тааныбайт

Azattyk.org 

Ооганстандын биринчи вице-президенти Амрулла Салих "Талибанды" тааныбай турганын жарыялады. Ал Баш мыйзам боюнча убактылуу мамлекет башчысы экенин айтып, тарапташтарын "Талибанга" каршы турууга үндөдү. Тажикстандагы ооган элчиси аны мыйзамдуу президент деп атады. Бул арада тажик тектүү аскер башчысы маркум Шах Масуддун уулу Ахмад Масуд талибдерге каршылык көрсөтүү кыймылы түзүлгөнүн жарыялады. Ал тапта "Талибан" көпчүлүк күчтөрдүн башын кошкон жаңы өкмөт түзүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө.... Читать дальше...

Ооган президенти БАЭде экени дайын болду

Azattyk.org 

Ооганстанда “Талибан” кыймылы баш калаа Кабулду ээлеген соң өлкөдөн чыгып кеткен президент Ашраф Гани үй-бүлөсү менен Бириккен Араб Эмирлигинде экени белгилүү болду. Бул тууралуу БАЭнин Тышкы иштер министрлиги 18-августта жарыялаган билдирүүдө айтылат. Анда Гани жана үй-бүлөсү “гуманитардык негизде” өлкөгө киргизилгени белгиленген. Ашраф Гани 15-августта Кабулду “Талибан” кыймылы басып алган соң өлкөдөн чыгып кеткен. Ал "Фейсбуктагы" баракчасына “кан төгүүнү болтурбоо үчүн ушундай кадамга барганын” жазган. Читать дальше...

Молдалиев: Талибдерде биригип иштеп кетүү мүмкүнчүлүгү бар, бирок ички айырмачылыктары да көп

Azattyk.org 

“Талибан” кыймылы Ооганстанда абалды турукташтыруу боюнча убадаларын толук аткарар-аткарбасын убакыт көрсөтөт. Мындай пикирин 18-августта “Азаттык” радиосуна саясат талдоочу, коопсуздук маселелери боюнча эксперт Орозбек Молдалиев билдирди. Талдоочунун пикиринде, талибдерде биригип иштеп кеткенге мүмкүнчүлүк бар, бирок ички айырмачылыктары да көп: “Ооганстанда элдин чочулаганынан, учакка жармашып качканынан тынчытыш үчүн айтылып жатат. Коркутуп-үркүткөндөн пайда чыкпасын билишет, булар 20 жылдан бери кыйла тажрыйбалуу болуп калышты. Читать дальше...

Ооганстан: талибдер Жалалабадда акцияга чыккандарга ок атты

Azattyk.org 

18-августта талибдер Ооганстандын Жалалабад шаарында ооган желегин көтөрүп, акцияга чыккан адамдарды күч менен таратканы белгилүү болду. Интернетке тараган видеолордон чогулгандарга ок атылганын көрүүгө болот. Reuters агенттиги демонстранттар тууну шаардагы аянтка орнотууга аракет кылган учурда талибдер ок чыгарып, үч адам каза болгонун жазды. Башка маалымат каражаттары Жалалабаддагы демонстрация учурундагы жабыркагандардын саны боюнча карама-каршы маалыматтарды таратууда. Ошондой эле, бул күнү... Читать дальше...

Ооган жарандары Бишкекте пикетке чыкты

Azattyk.org 

"Талибан" кыймылынын бозгунда жүргөн негиздөөчүлөрүнүн бири Абдул Гани Барадар Ооганстанга кайтып келди. Ушул тапта талибдердин лидерлери Кандагар шаарында жаңы өкмөттү куроо боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөрүп жатат. Акыркы 20 жылдан бери Кыргызстанда жашап жаткан ооган жарандары Бишкекте Бириккен Улуттар Уюмунун имаратынын жана АКШнын элчилигинин алдында пикетке чыгышты. Айбек Жунушалиев Бишкек шаарынын, Алмаз Мамбетов Ош шаарынын, Жогорку Кеңештин депутаты Урматбек Самаев Токмок шаарынын мэрлигине сунушталып жатат. Читать дальше...

Казакстандагы жуттун азабы

Azattyk.org 

Казакстандын кең талааларга жайылган айрым аймактарына жаздан бери бир тамчы жамгыр жаабай, катуу кургакчылык каптады. Анын айынан Мангыстау жана Кызылордо облустарында миңдеген мал-жан жуттан кырылды. "Азаттык" радиосунун казак кызматынын кабарчылары табияттын татаал сыноосуна кабылган Мангыстау облусундагы айрым айылдарды кыдырып, элетте кыйналган элден кабар алды.

Мэрлик кызматка Бишкек менен Ошто бирден, Токмокто эки талапкер катталды

Azattyk.org 

Кыргызстанда ири үч шаарда мэрликке талапкерлерден документ кабыл алуу мөөнөтү бүгүн 18-августта кечки саат алтыда аяктады. Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы “Азаттык” радиосуна билдиргендей, Бишкекте жана Ошто бирден гана талапкер чыкты. Алар – азыр мэрдин милдетин аткарып жаткан Айбек Жунушалиев менен Алмаз Мамбетов. Жунушалиевдин талапкерлигин Министрлер кабинети жана шаардык кеңештин көпчүлүк коалициясы, ал эми Мамбетовду шаардык кеңештеги "Аманат" көпчүлүк  коалициясы көрсөттү. Читать дальше...

Инандынын өлкөдөн кантип чыгарылганы иликтене баштады

Azattyk.org 

Аскер прокуратурасы Кыргызстандан уурдалып, Түркияга жеткирилген кыргыз жараны, түрк тектүү  Орхан Инандынын өлкөдөн чыгарылып кетиши боюнча кылмыш ишин тергей баштады.   Башкы прокуратура факт Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 331-беренеси (“Шалаакылык”) жана 371-беренеси (“Чек ара кызматын өтөө эрежелерин бузуу”) боюнча катталганын ырастады. Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы тергөө жөнүндө мындан башка кененирээк маалымат берген жок.  Чек ара кызматын жоопко... Читать дальше...

Өмүрбек Текебаев абактагы Темир Сариев боюнча билдирүү жасады

Azattyk.org 

"Ата Мекен" партиясынын лидери, саясатчы Өмүрбек Текебаев учурда абакта жаткан экс-премьер-министр Темир Сариевдин баш коргоо чарасы тууралуу билдирүү жасады. Текебаев Сариевдин коркунучтуу кылмышкер эместигин, ал жоопкерчиликтен, тергөөдөн качпай турганын белгилеген. "2007-жылы Бакиевдин атайын кызматы аянттагы митингчилерди кууп таратып жаткан учурда Темир Сариев качпастан, аянтта эл менен турган. 2010-жылы Бакиевдин бийлиги оппозицияны кармап, камап жатканын билип турса да, Москвадан келип, өзү УКМКнын колуна түшүп берген. Читать дальше...

Ооганстандагы кыргыз жарандары Казакстандын чартердик учагы менен эвакуацияланды

Azattyk.org 

Кабулдагы кыргызстандык 14 жаранды эвакуациялоого Казакстандын Ооганстандагы элчилиги көмөктөштү. Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Казакстандын тышкы иштер министри Мухтар Тлеуберди менен телефон аркылуу сүйлөшкөн учурда ыраазычылыгын билдирди.   Тлеуберди өз өлкөсү бул сыяктуу маселелер боюнча жардам көрсөтүүгө даяр экендигин белгиледи. Тараптар ошондой эле кыргыз-казак мамилелерин да талкуулап, Ооганстандагы аскердик-саясий абалга байланыштуу эл аралык жана аймактык маселелер... Читать дальше...

Кабулдан чыгып кеткен оогандыктар көбөйдү

Azattyk.org 

Ооганстандын борбору Кабулдан эвакуацияланган чет элдиктер менен  оогандыктардын саны көбөйдү. Борбор калааны “Талибан” басып алган соң бир катар өлкөлөр элчиликте иштеген кызматкерлерин, жарандарын жана айрым оогандыктарды чыгарып кетүүнү улантууда. Аталган өлкөлөр буга чейин адам укуктарын бузуп, зомбулук менен айырмаланган талибдер эл аралык укукту, мыйзамды жана эрени сактарына ишенбей турушат. “Талибандын” өкүлдөрү 17-августта Кабулду басып алгандан кийинки алгачкы маалымат жыйынында АКШ баштаган... Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *