Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Август
2021

Новости за 16.08.2021

Орусиядагы парламенттик шайлоого 14 партия катышат

Azattyk.org 

Орусиянын Борбордук шайлоо комиссиясы 19-сентябрда Мамдумага жана Федералдык жыйынга депутаттыкка өтө турган шайлоо бюллетениндеги партиялардын орду боюнча чүчүкулак кармады. Ага ылайык, Орусиянын Коммунисттер партиясы биринчи, ал эми “Бирдиктүү Орусия” бешинчи катарга коюлду. Шайлоого жалпысынан 14 партия ат салышат. Алардын арасынан төртөө Мамлекеттик думанын азыркы чакырылышына кирген. Калганы жок эле дегенде кайсы бир аймактын мыйзам чыгаруу жыйынында мандатка ээ болгон. Аларга кол топтоосуз эле катталып... Читать дальше...

Гаити: зилзала жүздөгөн өмүрдү алды

Azattyk.org 

Гаитидеги зилзаладан ажал тапкандар 1300гө чамалады. Кариб деңизиндеги бул өлкөдө 14-августтагы жер титирөөнүн күчү 7,2 баллга чейин жетти.

Орусияда саясий туткундардын саны 400дөн ашты

Azattyk.org 

Орусиядагы «Мемориал» укук коргоо борбору саясий негизде кармалып, камакка алынгандардын тизмесин жаңылады. Анда 410 киши бар. 329 киши диний өзгөчөлүгү же болбосо дин тандоо эркиндигинен пайдаланганы үчүн камалса, 81 киши саясий негизде камалган. «Мемориал» укук коргоо борборунун саясий туткундар боюнча тизмесине соңку жети жарым айда көптөгөн жаңы ысымдар кирди. Анда оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйды колдоп акцияга чыккан жарандар да бар. Быйыл сентябрь айында Мамлекеттик Думага шайлоого катышууну көздөп... Читать дальше...

Кыргыз-тажик чек ара сүйлөшүүлөрү өттү

Azattyk.org 

Бүгүн 16-августта кыргыз-тажик чек арасында, Кыргызстандын Лейлек району менен Тажикстандын Исфара району чектешкен тилкеде президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев менен Тажикстандын Согд облусунун аткаруу бийлигинин төрагасы Ражаббой Ахмадзода баштаган делегациялардын жолугушуусу өттү. Облустук администрациянын Укук тартиби, коопсуздук жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы Мусурманбек Турсуматов “Азаттык” радиосуна билдиргендей, жолугушууга чектеш райондордун... Читать дальше...

Орусиядан Тажикстандын 33 жараны чыгарылат

Azattyk.org 

Орусиянын миграциялык кызматы Санкт-Петербургдагы Невский районунда калайман мушташка катышкан деген Тажикстандын 33 жараны жакында депортациялана турганын билдирди. Ал эми атын атагасы келбеген тажик өкмөтүнүн өкүлү "Озоди" тажик кызматына калайман мушташка катышкан жарандар депортациялана турганын ырастаган.  Санкт-Петербург шаарынын эл аралык мамилелер жана миграциялык саясат боюнча комитетинин төрагасы Олег Капитанов соттун чечимин күтүп жатышканын билдирди. Ал эми чет элдиктер учурда убактылуу кармоочу жайда турушат. Читать дальше...

Эгемендиктин балдары: кусага толгон жылдар

Azattyk.org 

"Азаттык" Кыргызстандын эгемендигинин 30 жылдыгына арналган "Эгемендиктин балдары" түрмөгүн баштады. 30 жаштагы Данияр Назаралиев 1990-жылдардагы каатчылыктан улам мекенин таштап, мигрант болуп кеткен үй-бүлөнүн уулу. Тестиер кезинде Алматыдагы базарда иштеген ата-эненин жанында, кийинчерээк чоң ата, чоң апасынын колунда чоңойгон. Ал миграция өзүнө окшогон бир муунду ата-эне мээриминен өксүткөнүнө кейийт.

Кабул: аэропорттогу башаламандыкта жети киши каза болду

Azattyk.org 

16-августта Кабул аба майданында өлкөдөн чыгып кетүүгө ашыккан адамдар кымгуут түшүп, аэропортто тыгын пайда болду. Аэропортко агылып, учуу тилкесине чейин кирип барган кишилердин башаламандыгы учурунда жети адам тебелендиде калып каза болду. Интернетке тараган тасмада адамдар жылып бараткан учакка жармашып, ичине кирүүгө аракет жасаганын көрүүгө болот. Президент Ашраф Гани өлкөдөн чыгып кеткени айтылганы менен анын азыр каякта экени белгисиз. Гани "кан төгүлүшүн алдын алуу үчүн" өлкөдөн чыгып... Читать дальше...

Ошто айдоочуга кол салган милиция кызматкеринин иши тергелүүдө

Azattyk.org 

Ош шаардык ички иштер башкармалыгы (Ош ШИИБ) айдоочуга кол салган милиция кызматкеринин окуясын иликтеп баштады. Ош ШИИБдин басма сөз кызматы жыйналган материалдар прокуратурага юридикалык баа берүү үчүн жөнөтүлөрүн билдирди. Окуя шаардагы Ленин көчөсүнүн базарга жакын бөлүгүндө болгон. Милиционердин опузасына кабылган айдоочу милиция кызматкери бир тараптуу жол менен келе жатканы үчүн эскертүү берген. Бирок милиционер автоунаасынан түшүп келип, анын телефонун тартып алууга аракет кылып, кол көтөргөн. Читать дальше...



Түркия 324 жаранын Ооганстандан чыгарып кетти

Azattyk.org 

Түрк бийлиги Ооганстандагы түркиялыктарды чыгарып кетүү үчүн атайын учак жөнөттү. 16-августта бул учак менен 324 түрк жараны Кабулдан Стамбулга кайтты. Негизинен Түркиянын Ооганстандагы элчилигинин дипломаттары, инжинерлер жана курулушчулар эвакуацияланды. Стамбул аэропортуна конгон учактагы жарандар толугу менен обсервацияга алынары кабарланды. Ооганстанда учуп-конууларды аскерлер көзөмөлгө алууда. Бир катар мамлекеттер өздөрүнүн жарандарын өлкөдөн чыгарып кетүүгө аракеттенүүдө. 16-августта... Читать дальше...

Өзбекстанда чек араны бузган учак атып түшүрүлдү

Azattyk.org 

Өзбекстандын Сурхандарыя облусунун Шерабад районунда 15-август күнү кечинде Ооганстандын аскер аба күчтөрүнө таандык учак кулап түшкөн. Өзбекстандын Коргоо министрлиги бул аскер учагы мамлекеттин аба мейкиндигинен өтүп, аймакка кирип баратканда токтотулганын ырастады. Бирок бул жерде министрлик Өзбекстандын абадан коргонуу күчтөрү учакты атып түшүргөнүн тактаган эмес. Жергиликтүү маалымат каражаттары коргоо министрлигиндеги булактарына таянып, учак атып түшүрүлгөн маалда анын эки учкучу парашют менен секирүүгө үлгүргөнүн жазып чыгышты. Читать дальше...

Кыргызстан ооган качкындарын кабыл ала алат

Azattyk.org 

“Талибан” кыймылы Ооганстанда согуш аяктаганын жарыялап, жакын арада өлкөнү башкаруу формасы аныкталарын билдирди. Кыргызстан Ооганстандан 1200 качкынды кабыл ала алат. Азырынча Кыргызстанга "качкын" макамын сурап кайрылгандар жок. Бишкекте орус тилинде сүйлөгөн тейлөөчү кызды калкульятор менен чапкан киши №1 тергөө абагына бир айга камалды.

Ооганстан: Кыргызстанга туулган коркунуч

Azattyk.org 

Кыргызстан Ооганстанга гуманитардык жардам катары 500дөй студенттик виза бергенге даяр. Ошондой эле расмий Бишкек 1200 качкынды кабыл алууга мүмкүнчүлүгү бар экенин билдирди. Кыргыз бийлиги Ооганстандагы чукул өзгөргөн кырдаалга кылдат жана астейдил көз салып жатканын маалымдады. Ооган президенти Ашраф Гани өлкөдөн чыгып кеткенден бир суткадан соң жасалган расмий билдирүүдө Садыр Жапаров ал жактагы кырдаалды байкап турганы айтылат. “Президент Садыр Жапаров тиешелүү мамлекеттик органдарга Ооганстандагы... Читать дальше...

БАЭден Кыргызстанга өкмөттүк делегация келет

Azattyk.org 

Бириккен Араб Эмирлигинин (БАЭ) өкмөттүк делегациясы Кыргызстан менен соода-экономикалык алаканы жакшыртуу жана кыргыз тараптын инвестициялык долбоорлору менен таанышуу максатында жакын арада келет. Бул маалыматты БАЭнин шейхи Мухаммед бин Заид бүгүн, 16-августта Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен телефон аркылуу сүйлөшкөн учурда билдирди. Сүйлөшүүдө тараптар соода-экономика жана инвестиция чөйрөсүндөгү кызматташууну өнүктүрүү, коронавируска каршы күрөшүү боюнча биргелешкен чараларды талкуулады. Читать дальше...

Кабул аэропортундагы дүрбөлөң

Azattyk.org 

24 саатка жетпеген убакыттын ичинде Кабул шаарындагы кырдаал чукул өзгөрдү. Бир күн мурда эле Кабулдун көчөлөрүндө ооган коопсуздук күчтөрү элди дүрбөлөңгө түшпөөгө чакырып жатса, бүгүн алардын ордун талибдер ээледи. "Дүкөндөр кайра ачылып жатат. Тургундар үйлөрүнөн чыгышты. Жашоо өз калыбына түшүп баратат. Бирок эл келечегин ойлоп, тынчсызданып турат", - деп билдирди "Эркин Европа / Азаттык" радиосунун Кабулдагы кабарчысы. Өкмөт кулады, талибдер Кабулду ээледи Бирок өлкөдөн чыгып кетүүнү... Читать дальше...

Казакбаев менен Лавров оюн-зоок борборундагы окуяны талкуулады

Azattyk.org 

Кыргызстандын жана Орусиянын тышкы иштер министрлери Руслан Казакбаев менен Сергей Лавров Бишкектеги балдар аянтчасында болгон окуяны телефон аркылуу талкуулады.  Тышкы иштер министрлиги маалымдагандай, Казакбаев бул окуядан улам Орусиянын айрым саясатчылары эки элдин карым-катышына доо кетирүүчү чараларды көрүүгө чакырган билдирүү жасаганы өкүндүргөнүн айтты. Мындан тышкары Кыргызстанда русофобия жана башка улутчулдук жек көрүү жоктугун, тарыхты кайра көчүрүү, эстеликтерди жана орус тилин кысымга алуу болбогонун белгилеп... Читать дальше...

17-августтун аба ырайы

Azattyk.org 

17-августта Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда түнкүсүн өткүн өтүп, күн күркүрөп, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Күндүз Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт.  Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн 9…14, күндүз 25…30; Талас жергесинде түнкүсүн 5…10, күндүз 22…27; Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 14…19, күндүз 29…34; Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 6…11, күндүз 18…23; Нарын облусунда түнкүсүн 4…9... Читать дальше...

Өзбекстандын муфтийи Усманхан Алимов кайтыш болду

Azattyk.org 

Өзбекстандын Дин иштери башкармалыгынын башчысы, муфтий Усманхан Алимов 71 жашында узакка созулган оорудан улам дүйнөдөн өттү. Башкармалыктын басма сөз кызматынын маалымдашынча, Алимов өпкө оорудан улам Москвадагы клиникалардын биринде дарыланып жаткан. Дарылануу учурунда анын өпкөсү кагынып, оорусу күчөп кеткен, анын кесепетинен көз жумганы кабарланды. Усманхан Алимов 1950-жылы Самарканд облусунда туулган. Ал Бухарадагы медресени аяктап, андан соң Имам аль-Бухари атындагы Ташкенттеги Ислам институтун артыкчылык менен бүтүргөн. Читать дальше...

Учур жана келечек алдындагы кымбат жоопкерчилик

Azattyk.org 

Көз карандысыз, өз алдынча мамлекет - Борбордук Азиядагы байыркы элдердин бири кыргыздардын түп максаты, улуттук идеясы. Ушул идея, пассионардык мотивация ар кай мезгилде ар түрдүү кармашта элдин элдүүлүгүн сактап, кыргыздын тарыхый аренада барчылыгын аныктап келген фактор. Кыргыздардын ар бир мууну ушул миссияны моюнуна алып, ар бир мууну тарыхый шартка, кырдаалга жана өз дараметине жараша аткарып келген. Биздин муундун маӊдайына жазган миссияны кандай аткардык? Буга жоопту тарых берет, кийинки муун баасын берет. Читать дальше...

Кулакка тартуу саясаты жана сүргүн

Azattyk.org 

“Эсимде: өткөн тарыхты эстеп” изилдөө аянтчасы тарабынан даярдалып жаткан “Чиеш тагдырлар II” китебиндеги Алагөз кызы Гүлзаттын кулакка тартылып, сүргүнгө айдалган үй-бүлө тагдырын чагылдырган макаласын сунуштайбыз. Буга чейин жашырын-жабык келген тарыхты айрым адамдардын өмүр таржымалы аркылуу ачып беребиз. Трагедияны алдын алуунун бирден-бир жолу - көмүскөдөгү тарыхты, сынган тагдырларды эскерүү. Жеке адамдардын, үй-бүлөлөрдүн тагдырларынан гана өлкөнүн бурмаланбаган тарыхын көрүүгө болот. Бир адамдын таржымалы бир доордун саясатын... Читать дальше...

Учактар Ооганстандын аба мейкиндигин айланып өтүүдө

Azattyk.org 

Ооганстандын жарандык авиация башкармалыгы коммерциялык рейстерди аткарган учактарга өлкөнүн аба мейкиндиги аркылуу учпай, каттамды өзгөртүүнү сунуштады. Ооганстандан учуп-конууларды аскерлер көзөмөлгө алууда. Бир катар мамлекеттер өздөрүнүн жарандарын өлкөдөн чыгарып кетүүгө аракеттенүүдө. 16-августта Ооганстандын жарандык авиация башкармалыгы Кабулдун үстүнөн учуп өтүү “көзөмөлсүз жана коопсуз” экенин билдирди. Айрым чет элдик авиакомпаниялардын учактары Ооганстандан айланып учуп, бул өлкөнүн аба мейкиндигине кирүүдөн абайлап жатышат. Читать дальше...

Орусия: аянт жөнүндө билдирүү жазган мугалим тергөөгө чакыртылды

Azattyk.org 

Новосибирск шаардык ачык коллежинин директору Сергей Чернышев Свердлов аянтын Невский аянты деп өзгөртүү боюнча жазган билдирүүсү үчүн Тергөө комитетине чакырылганын "Фейсбук" баракчасына жазды.   Чернышев ага карата “улутчулдукту калыбына келтирүү” беренеси боюнча текшерүү жүрүп жатканын белгиледи. Быйыл июнь айында коллеждин директору Сергей Чернышев Новосибирск облустук кеңешинин вице-спикери Андрей Панферовдун Свердлов аянтына Александр Невскийдин ысымын ыйгаруу тууралуу сунушуна карата билдирүү жазган болчу. Читать дальше...

Талибан Ооганстанда согуш аяктаганын жарыялады

Azattyk.org 

Ооганстанда 20 жылдык согуш аяктаганын талибдердин өкүлү Мухаммад Наим Al Jazeera телеканалына курган маегинде билдирди. Ошондой эле, жакын арада өлкөнү башкаруу формасы аныктала турганын айтты. Ооганстандагы бир дагы чет элдик дипломатиялык миссия, дипломат же чет элдик жаран Талибандын бутасына алынбай турганын билдирди. "Биз бардыгы менен диалог жүргүзүп, аларды коргоого кепилдик беребиз", - деди ал. Ошол эле кезде азыркы учурда Ооганстандын борбору - Кабулдун аэропортунда кымгууттук орун алганы белгилүү болду. Читать дальше...

Токтогул суу сактагычында 11, 948 млрд. куб метр суу бар

Azattyk.org 

16-августка карата өлкөнүн башкы суу чөйчөгүндө чогулган суунун көлөмү 11 млрд. 948 млн. куб метрге жетти. "Электр станциялары" ишканасынын маалыматына караганда, ушул тапта суу сактагычка секундасына 461 куб метр суу агып кирип, кайра 357 куб метр суу агып чыгууда. Былтыр августта суу сактагычта 14,5 млрд. чукул суу топтолгон. Быйыл март айынын аягында "Токтогулда" суунун көлөмү 8 миллиард куб метрге чейин азайган. Суу 6 миллиард куб метрге түшсө, ГЭС авариялык абалга кабыла турганын энергетиктер эскертип келет. Читать дальше...

Бишкекте түнкү клубда кызга кол көтөргөн чет элдик жаранга иш козголду

Azattyk.org 

Милиция 3-августка караган түнү Бишкектеги клубдардын биринин алдында болгон чатакка байланыштуу сотко чейинки өндүрүштү баштады. Ага түнкү клубда администратор болуп иштеген кыздын арызы себеп болгон. Бишкектеги Ленин райондук ички иштер бөлүмүнүн (РИИБ) басма сөз кызматы кабарлагандай, клубдун администратору эс алуучулардын бири өзүнө кол көтөргөнүн айтып, милицияга кйрылган. Бул окуя боюнча Жоруктар кодексинин 119-беренеси ("Майда ээнбаштык") менен иш козголуп, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *