Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Август
2021

Новости за 13.08.2021

Октябрда жараат алгандар бийликтен жардам күтөт

Azattyk.org 

Былтыр 5-6-октябрдагы массалык башаламандык учурунда жаракат алгандардын көбү бийликке нааразы. Айрыкча көзүнөн, бутунан жараат алгандар каражат жоктугунан дарылана албай жатканын айтып жатышат. Алар азыркы учурда президентке жолугуунун жолун издеп жатышат. Анткени Садыр Жапаров “эч нерсеге муктаж болбойсунар” деп убада берген дешет.

Ооганстан: паранжанын "кайтып келиши"

Azattyk.org 

"Талибан" Ооганстанга толук көзөмөлүн орноткондон кийин кыз-келиндер арасында тулку бойду жапкан кийимге суроо талап күчөдү. Аялдар исламчыл согушкерлердин каарына калбаш үчүн паранжа кийип, жүзүн жаап жатышат. Мындан улам паранжанын баасы кыйла кымбаттап кетти.

Талибан Исмаил ханды туткундады

Azattyk.org 

Ооганстандын батышындагы Герат шаарын басып алуу учурунда талибдерге каршы күрөшүп келген можахеддердин башчысы, "атактуу жолборс" атыккан абройлуу аскер кол башчысы, кезинде советтик аскерлерге каршы салгылашкан талаа командири Мухаммад Исмал хан туткунга алынды. Бул маалыматты Reuters агенттиги Гераттын коопсуздук күчтөрүндөгү булагына таянып жазып чыкты. Өзүнүн жергиликтүү можахеддерден турган армиясы менен таанымал Мухаммад Исмал хан расмий Кабулдун өлкө Батышындагы өнөктөшү болчу. Ал быйыл... Читать дальше...

Сооронбай Жээнбековдун сурак беришинин сыры

Azattyk.org 

Мурдагы президент Сооронбай Жээнбеков "Кумтөр иши" боюнча иликтөөнүн алкагында атайын кызматка сурак берди. УКМК Жээнбековдон кенге байланыштуу 2017-жылкы Стратегиялык келишим боюнча көрсөтмө алынганын айтты. Бул документке Сапар Исаков премьер-министр кезинде кол коюлган. Бирок Жээнбеков да анын алдында өкмөт башчы катары “Центерранын” лидерлери менен жолуккан. Расмий билдирүү жана макам Экс-президент сурак берип жатканын 12-августта кечинде бир катар ЖМКлар өздүк булактарына таянып жазып чыгышты. Читать дальше...

Баткен: курулушу кечиккен үйлөр

Azattyk.org 

Апрель айынын аягындагы Баткендеги чек ара жаңжалында талкаланган турак жайларды калыбына келтирүү кечигүүдө. Маселен, Баткендеги Тажикстан менен чектешкен Достук, Көк-Терек айылында үйлөрдүн фундаментти гана куюлду. Чатырда жашаган бул айылдын тургундары бийликке кайрылып, күзгө чейин турак жай менен камсыз кылууну суранып жатышат.

Түркиядагы сел: кыргызстандыктар жабыркаган жок

Azattyk.org 

Апта башынан бери көнөктөп жааган жамгырдан улам Түркиянын Карадеңиз аймагында катуу сел жүрдү. Аймактагы төрт облустун тургундары эвакуацияланып, 27 киши каза болуп, 48 киши оор абалда ооруканада жатканы кабарланды. Кыргызстандын Түркиядагы элчилиги "Азаттыкка" табигый кырсык болгон аймактарда кыргызстандыктар жок экенин билдирди. Табигый кырсык өлкөнүн Бартын, Синоп жана Кастамону аймактарына чоң сокку урду. Сел өзгөчө Кастамону облусунун Бозкурт районундагы турак үйлөрдүн дээрлик көпчүлүгүн жууп кетти. Читать дальше...

COVID-19: вакцинанын үчүнчү дозасына уруксат берилди

Azattyk.org 

АКШ иммунитети начар адамдарга COVID-19га каршы вакцинанын кошумча дозасын алууга уруксат берди. Израилде да жашы 60тан жогору жарандар вакцинанын үчүнчү дозасын сайдыра баштады. Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму вакцина жакыр өлкөлөргө жетпей жатканын эскертүүдө.



Тилекмат Кудайберген уулу аны кармоо аракети болуп жатканын айтты

Azattyk.org 

Жарандык активист Тилекмат Кудайберген уулу (Куренов) Ички иштер министрлигинин 10-башкармалыгынын кызматкерлери аны кармаганга аракет кылганын билдирип чыкты. Анын айтуусунда, милиция үй камагынын эрежелерин бузду деп камоого аракет кылып жатат. “12-август күнү кечки саат 22:00дөр чамасында Ички иштер министрлигинин 10-башкармалыгынын кызматкерлери төрт унаа менен үйгө келип кармап кеткенге аракет кылды. Булардын максаты көчөдө жүргөн жеринен кармап кеттик деп айтуу болчу. Бирок жанымда он чакты... Читать дальше...

Эки чет элдикке Орусияга кирүүгө 50 жылга тыюу салынды

Azattyk.org 

Ички иштер министрлиги Азербайжандын Беларустагы мурдагы элчиси Исфандияр Вагабзаде менен Казакстандын жараны Куат Ахметовго Интернетте “улут аралык кастыкты козутканы үчүн” Орусиянын аймагына кирүүгө 50 жылга чейин тыюу салган чечимди кабыл алды. Буга чейин Азербайжандын Беларустагы, Молдовадагы жана Пакистандагы мурдагы элчиси Исфандияр Вагабзаде телеканалдардын биринен Орусиянын Мамдумасынын ЛДПР фракциясынын жетекчиси Владимир Жириновскийди “карыган эшек” жана “чочко” деп атаган. “Силердин сасыгыңар бүт дүйнөгө тарады. Читать дальше...

Ооган бийлиги Кандагар менен Герат талибдерге багынганын ырастады

Azattyk.org 

Ооган бийлиги өлкөнүн экинчи чоң шаары, провинциянын борбору Кандагар талибдердин көзөмөлүнө өткөнүн расмий тастыктады. Бул шаарда 600 миңден ашуун киши жашайт. Ошондой эле Кабул Талибан кыймылы Ооганстандын үчүнчү чоң шаары Гератты дагы басып алганын ырастады. Бул тууралуу эл аралык Reuters агенттиги кабарлады. Буга чейин Талибан кыймылы жогорудагы эки чоң шаарды колго алганын жарыялаган болчу. Анда эки күндөн берки өкмөттүн аскерлер менен айыгышкан салгылаштын натыйжасында 12-август күнү кечке... Читать дальше...

Акыйкатчы абактагы Атамбаевге жолукту

Azattyk.org 

Акыйкатчы Токон Мамытов №47 колонияда отурган мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге жолугуп чыкты. Анда Атамбаев ден соолугу жайында  эмес экенин айткан. Атамбаевдин адвокаты Замир Жоошев сот иштери анын ден соолугуна байланыштуу дайындалган соттук-медициналык экспертизанын айынан төрт айдан бери токтоп турганын 13-августта “Азаттык” радиосуна билдирди. Жактоочунун айтымында, мыйзам боюнча экспертиза бир ай ичинде жыйынтыкталышы керек болчу. Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги... Читать дальше...

БУУ коңшу мамлекеттерди ооган качкындарын кабыл алууга үндөдү

Azattyk.org 

Бириккен Улуттар Уюмунун качкындар боюнча башкармалыгы Ооганстанга кошуна мамлекеттерди башпаанек издеген ооган качкындарына чек араларын ачууну сунуштады. Ооганстанда Талибан кыймылы бир канча аймактар менен шаарларды улам басып алууда. Жоочулар алардын катаал эрежелерине баш ийбеген, же болбосо чет элдик мекемелер менен кызматташканы үчүн жергиликтүү тургундарды өз алдынча жазалаган учурлар дагы катталууда. “Биз гуманитардык кыйроонун алдында турабыз. Миңдеген оогандыктар, алардын арасында... Читать дальше...

Кыргызстанда коронавируска каршы вакцина алгандар 820 миңден ашты

Azattyk.org 

Кыргызстанда коронавируска каршы вакцина алгандардын саны 820 миңден ашты. Алардын 248 миңден көбү эки дозаны тең сайдырышты. Учурда өлкөдө вакциналардын 2,2 миллион запасы бар. Бул 13-август саат 16:00гө карата маалымат. Эмделгендердин эсеби Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин Электрондук саламаттык борборунун маалымат базасында күнү-түнү жаңыртылууда. Кыргызстандыктарды эмдөөгө негизинен Кытайдын Sinopharm компаниясынын вакцинасы, Европа өндүрүшүндөгү AstraZeneca жана Орусиянын Sputnik-V препараттары колдонулууда. Читать дальше...

Акжол Махмудовдун атасы: уулума алгач таарынып сүйлөшпөй койдум

Sputnik Кыргызстан (sport) 

Кыргызстандык балбан Акжол Махмудов 22 жашка толгон курагында Олимпиада дүйнөсүнө дүрбөлөң салды. Грек-рим күрөшүнөн 77 килограмм салмактагы кыргызстандык балбан Токио Олимпиадасында күмүш медаль утту. Бул өлкө тарыхындагы олимпиадалык экинчи күмүш байге болду.

Талибан эки ири шаарды басып алды

Azattyk.org 

Талибан кыймылы жума күнү Ооганстандагы аянты боюнча Кабулдан кийинки эле экинчи ири шаар Кандагарды басып алды. Ошондой эле өлкө батышындагы Герат шаары бир нече күнгө созулган айыгышкан кармаштан кийин талибдерге өттү. АКШ элчиликтеги кызматкерлерин чыгарып кетүү үчүн Ооганстанга үч миң кошумча аскер жиберерин билдирди. Талибан Кандагар менен Гератты ээледи Соңку бир сутканын ичинде Талибан кыймылы Ооганстандагы беш провинциянын борборун басып алды. Анын ичинде аянты боюнча экинчи чоң шаар... Читать дальше...

Түркияда демократиянын өзөгү элдик шайлоодо

Azattyk.org 

Стамбул шаары - дүйнөдөгү эң чоң, эл көп жашаган он шаардын катарына кирет. Учурда расмий каттоодо турган 16 млн. эли болсо, каттоодо турбаган жана кыска мөөнөткө кирип чыккан адамдарды эсептегенде 20 миллиондон кыйла ашканы айтылат. Башкача айтканда, орто эсеп менен Түркия жарандарынын ар бир бешинчиси Стамбулда жашайт. 1960-70-жылдарда Стамбулда 1,5 миллион эле киши жашаган экен. Өткөн кылымдын 80-жылдарынын жарымынан баштап Түркиянын башка аймактарынан, чет өлкөлөрдөн жакшы жашоо, жумуш... Читать дальше...

Кыргызстанда Орусиянын Маданият күндөрү өтүүдө

Azattyk.org 

Бишкекте “Орусия маданиятынын Кыргызстандагы күндөрү” иш-чарасы өтүүдө. Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда 12-августта расмий ачылыш салтанаты уюштурулуп, Орусиядан келген фольклор топторунун концерти, кол өнөрчүлүк көргөзмөсү, түрдүү мастер-класстар болду. Бүгүн 13-августта Бишкекке иш сапар менен Орусиянын маданият министринин орун басары Ольга Ярилова келди. Гапар Айтиев атындагы Улуттук көркөм өнөр музейинде Орусиянын руханий-маданий мурасына арналган көргөзмөлөр ачылды. Ага... Читать дальше...

УКМК Кыргызстанда террор уюштурууну пландаган кишини кармады

Azattyk.org 

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) 11-августта Ооганстандагы «Ислам мамлекети» террористтик уюмунун лидерлеринин тапшырмасы менен Кыргызстанда террор уюштурууну пландаган Кыргызстандын жараны кармалганын билдирди. Такталган боюнча, кармалган киши 1983-жылы туулган. 2019-жылы эл аралык террористтик уюмдун бандиттик түзүлүштөрүнүн катарында куралдуу чыр-чатакка катышуу максатында Кыргызстандан чыгып кеткен. Кармалган киши Баткен облусундагы убактылуу кармоо жайына киргизилди. Коопсуздук... Читать дальше...

Чүй: тартылган суу, кырылган балык

Azattyk.org 

Кыргызстанда быйылкы жайда кургакчылык болуп, суу таңкыстыгы жаралды. Эң көп суу тартыштыгы Чүй аймагында байкалды. Айрым эксперттер Чүй өрөөнүнүн экологиялык кырсыктын жана экоциддин аймагы катары эсептөөдө.

Өзбекстанда бала бакчадан 25 бала ууланды

Azattyk.org 

Ташкент облусунун Аккурган районундагы №5 бала бакчасында 25 бала ууланып, ооруканага жаткырылганы белгилүү болду. Билим берүү министрлиги окуя 11-августта болгонун белгилеп, кечки тамактануудан кийин уулануунун белгилери менен балдар ооруканага түшкөнүн ырастады. Ооруканага жаткан балдардын алтоо реанимацияга жаткырылып, бирөөнүн абалы оор болгондуктан жасалма дем алдыруучу аппаратка кошулган. Ал эми тогуз баланын абалы ортодон жогору деп бааланган. Балдар жеген тамактын анализдери лабораторияга бактериогиялык изилдөөгө жиберилип... Читать дальше...

Прокуратура журналист Канат Каниметовго иш козгогон милициянын аракетин мыйзамсыз деп тааныды

Azattyk.org 

Ысык-Көл облустук прокуратурасы журналист Канат Каниметовго карата сотко чейинки териштирүү жүргүзгөн Аламүдүн райондук милициясынын кызматкерлеринин аракетин мыйзамсыз деп тааныды. Прокуратура милиционерлерге карата прокурордук чара көрүү тууралуу акт чыгарганын 13-августта “Медиа Полиси Институту” уюму билдирди. Уюм прокуратурага милицонерлердин аракетинин мыйзамдуулугун текшерип берүү өтүнүчү менен кайрылганын, Ысык-Көл облустук прокуратурасынын 5-августтагы катында “Аламүдүн райондук Ички иштер... Читать дальше...

Орусия: Фургалдын уулун Мамдумага талапкер катары каттоодон баш тартышты

Azattyk.org 

Хабаровск крайынын аймактык шайлоо комиссиясы учурда саясий себептер менен камакта отурган крайдын экс-губернатору Сергей Фургалдын уулу Антонду быйыл күздөгү Мамлекеттик Думага депутаттыкка талапкер катары каттабай койду. Комиссиянын мүчөлөрү Антон Фургалдын топтогон колдорун туура эмес толтурулган бланктардын айынан жараксыз деп таап, каттоодон баш тартты. Аймактык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү коюлган колдордун сыясынын түсү бирдей экенин билдирди. Ушул нерсе Фургалды каттоого албоого негиз болгонун белгилешти. Читать дальше...

Бишкектеги ЖЭБ-2 беш жыл аралыгында ишке кирери айтылды

Azattyk.org 

Президент Садыр Жапаров Бишкектеги Жылуулук электр борбору — 2нин (ЖЭБ-2) абалы менен таанышты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди. Анда жакын арада ЖЭБ-2ни реабилитациялоо боюнча болжолдуу техникалык-экономикалык негиздемени иштеп чыгууга тендер жарыялоо пландалып жатканы айтылат. ЖЭБ-2нин курулушун кайра жандандыруу, 2-5 жылдын ичинде куруп бүткөрүү менен анын кубаттуулугун 460 МВтка жеткирүү сунушталып жатканы белгиленген. ЖЭБ-2нин долбоору 1991-жылы иштелип чыккан. Долбоор... Читать дальше...

Воронеждеги кырсыктан эки киши каза болду

Azattyk.org 

Воронежде жүргүнчү ташыган автобус жарылып, эки киши каза болду. Кеминде 19 киши жаракат алды. Жүргүнчү ташыган автобус 12-август күнү кечинде жарылган. Кырсыктан бир кишинин буту жулунуп кетип, ал жеринде каза болгону кабарланды. Автобуста жалпысынан отуздай жүргүнчү болгон. Алдын ала териштирүүнүн жыйынтыгы боюнча автобустун газ жабдуусу жарылган. Транспорттун үстүндөгү газ баллондордун бири бузук болгондуктан андан чыккан газ жарылууга себеп болгону айтылууда. Бирок жүргүнчү ташыган компаниянын... Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *