Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Ноябрь
2021

Новости за 01.11.2021

АКШ: Ак үйдүн басма сөз катчысынан коронавирус табылды

Azattyk.org 

АКШда Ак үйдүн басма сөз катчысы Жен Псаки эмдөөдөн өткөнүнө карабай коронавирусту жугузуп алды. Бул тууралуу Псаки 31-октябрда "Твиттерге" жазып, оору жеңил өтүп жатканын билдирди. Псаки үй-бүлө мүчөлөрүнөн коронавирус табылганына байланыштуу өткөн шаршембиде президент менен кошо чет өлкөгө барбай турууну чечкенин, андан бери өзүн обочодо кармап, тест тапшырып келгенин, бирок жекшемби күнкү анализ оң жыйынтык көрсөткөнүн белгиледи. "Мен өткөн шаршембиден бери президент менен же Ак үйдүн иш... Читать дальше...

БШК Талант Мамытовдун иши боюнча Жогорку сотко кайрылды

Azattyk.org 

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) Бишкектин административдик сотунун парламент төрагасы Талант Мамытов боюнча чечимин жокко чыгаруу үчүн Жогорку сотко кайрылды. Иш сотто 2-ноябрда караларын БШКнын басма сөз кызматы "Азаттыкка" билдирди. 24-октябрда Боршайком Талант Мамытовду парламенттик шайлоого талапкер кылып каттоодон баш тарткан. Административдик сот 28-октябрда БШКнын чечимин жокко чыгарган. Быйыл кабыл алынган Шайлоо жөнүндөгү жаңы Конституциялык мыйзамга ылайык шайлоого бараткан мамлекеттик кызматкерлер жумуштан кетиши керек. Читать дальше...

COVID-19: Орусияда бир күндө 1100дөн ашуун адам көз жумду

Azattyk.org 

Орусияда соңку бир сутка ичинде 1158 бейтап COVID-19дан көз жумду. Бул бир күн мурдагы көрсөткүчтөн болгону үч кишиге гана азыраак. Орусиянын Коронавируска каршы күрөшүү штабы 1-ноябрда билдиргендей, акыркы 24 сааттын ичинде дагы 40 402 кишиден коронавирус аныкталды. Өлкөдө соңку үч күндөн бери вирусту жугузуп алгандардын саны 40 миңден ашып жатат. Ушул тапта Орусияда 932 миң киши коронавирустан дарыланууда. 146 миллиондой калкы бар Орусияда пандемия башталгандан бери кеминде 8,5 миллион киши өпкөнү сезгентүүчү бул вирусту жугузуп алды. Читать дальше...

Шайлоо-2021: Усубалиев Шыкмаматов тууралуу БШКга арызданды

Azattyk.org 

"Социал-демократтар" партиясынын катчылыгынын башчысы Таалайбек Усубалиев мурдагы инвестиция министри Алмамбет Шыкмаматовго байланыштуу Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) арыз жазды. Анда парламенттик шайлоонун үгүт өнөктүгү расмий баштала электе Коомдук биринчи канал "Биздин айыл" деген 25 мүнөттүк берүү көрсөткөнү, анын басымдуу бөлүгүн Шыкмаматов менен маек ээлегени айтылат. Арызда "талапкер өзүн жарнамалоо менен үгүт иштерин жүргүзүү менен алек болду" деп айтылат. БШК буга байланыштуу комментарий берүүдөн баш тартты. Читать дальше...

Kloop басылмасынын түптөлгөнүнө 15 жыл болду

Azattyk.org 

Кыргызстандагы көз карандысыз маалымат каражаттарынын бири саналган Kloop басылмасынын түптөлгөнүнө 15 жыл болду. "Клооп Медиа" коомдук фондун 2007-жылы Бектур Искендер жана Ринат Тухватшин ачышкан. Басылма саясат жана адам укуктары жаатындагы темаларды чагылдырууга басым жасайт.  Өлкөдөгү маанилүү окуяларды такай түз эфирде чагылдырат. Кыргызстандагы фемицид, тагыраагы аялдарга зомбулук көрсөтүп өлтүрүү фактылары тууралуу изилдөөсү 2020-жылы дүйнөлүк The Sigma Data Journalism Awards сыйлыгын алган. Читать дальше...

Садыр Жапаров Британ ханзаадасынын сый тамагына чакырылды

Azattyk.org 

Президент Садыр Жапаров Глазгодо өтүп жаткан Глобалдык климат саммитинде Британ ханышасынын үй-бүлөсү уюштурган сый тамакка чакырылды. Бул тууралуу делегациянын курамындагылардан белгилүү болду. Бүгүн, 1-ноябрда Садыр Жапаров Британиянын премьер-министри Борис Жонсон, Бириккен Улуттар Уюмунун Баш катчысы Антониу Гуттериш менен жолугары күтүлүүүдө. Мындан тышкары бир катар эл аралык климаттык уюмдардын өкүлдөрү менен да жолугушуулар пландалган. 1-ноябрдын кечинде Садыр Жапаров ханзаада Чарльз уюштурган сый тамакка барат. Читать дальше...

Казакстанда камактагы активист мык жутуп алганы кабарланууда

Azattyk.org 

Казакстанда абактагы оппозициячыл активист Багдат Бактыбаев өзүн түрмөгө камоо чечимине каршылык иретинде мык жутуп алганы кабарланууда. Бул маалыматты укук коргоочу, "Ар.Рух.Хак" уюмунун жетекчиси Бахытжан Торегожина 1-ноябрда "Эркин Европа/Азаттык" радиосуна ырастады. Ал мындай кабарды бир күн мурда Бактыбаевдин кесиптештеринен алганын, ушул тапта абактагы активист медициналык жардамга муктаж экенин айтты. Укук коргоочу Торегожина муну алгач 31-октябрда социалдык тармактардагы баракчасына жазып чыкккан. Читать дальше...



2-ноябрга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Azattyk.org 

Гидрометеорология агенттиги 2-ноябрда Кыргызстанда жаан-чачын болбойт деп кабарлады. Батыш тараптан жел согуп турат. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -2...+3, күндүз 12...17, Талас жергесинде түнкүсүн -4...+1, күндүз 11...16, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн 0...5, күндүз 14...19, Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -4...+1, күндүз 8...13, Нарын облусунда түнкүсүн -3...-8, күндүз 6...11, Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -18...-23, күндүз -3...-8°. Бишкек шаарында түндө жаан-чачын болбойт... Читать дальше...

Садыр Жапаров Глазгого менчик учак жалдап барды

Azattyk.org 

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Шотландиянын Глазго шаарындагы Бириккен Улуттар Уюмунун климаттын өзгөрүшүнө арналган конференциясына менчик учак менен барды. Бул тууралуу "Азаттыктын" ишенимдүү булактары кабарлады. Президенттин администрациясы кайсы жана канча каражатка, кимдин учагы жалданганы тууралуу азырынча расмий комментарий бере элек. Мамлекет башчыны ташыган "ТУ-154" үлгүсүндөгү учак техникалык жактан эскирип, эл аралык талапка жооп бербегендиктен аталган өлкө коопсуздуктан улам кондурбасын билдирген. Читать дальше...

Активист Бакай Кашкарбаев үй камагына чыкты

Azattyk.org 

Бишкектеги Свердлов райондук соту активист Бакай Кашкарбаевдин бөгөт чарасын өзгөртүп, 31-октябрда аны үй камагына чыгарды. Шаардык милиция аны 29-октябрда камаган жана Кылмыш-жаза кодексинин Жазык 344-беренесиндеги "Кылмыш жасалгандыгы жөнүндө билип туруп жалган билдирүү жасоо", 355-беренесиндеги "Бийлик өкүлүнө карата коркутуу" пункттары, Жоруктар тууралуу кодекстин 119-беренеси - "Майда бейбаштыкка" байланыштуу айып коюлган. Тергөөгө ылайык соттук-лингвистикалык экспертиза жүргүзүлгөн. Кашкарбаев... Читать дальше...

Өзбекстан: жаңы муфтийдин кыргыз жериндеги тамыры

Azattyk.org 

Өзбекстан мусулмандарынын дин башкармалыгына жетекчи (муфтий) болуп Ташкендин башкы имам-хатиби Нуриддин Холикназаров шайланды. Ал Анжияндан Ошко көчүп келип, шаарда имам, кийин бир канча мезгил Кыргызстанда казы болгон Орто Азияга белгилүү диний аалым Шафоат ажы Холикназаровдун небереси. Аны менен иштешкендер илимдүүлүгүн, иш билгилигин жана ар кимдин тилин таба алган ийкемдүүлүгүн макташты. Муфтийликке жаңы шайланган Нуриддин Холикназаров өзү дин чөйрөсүндө дагы жаңыланууга багыт аларын билдирди. Читать дальше...

Канат Исаев менен Айнуру Алтыбаева шайлоого баруудан баш тартты

Azattyk.org 

Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин учурдагы депутаттары Канат Исаев менен Айнуру Алтыбаева баштаган тогуз адам бир мандаттуу округдан шайлоого катышуудан баш тартканын маалымдады.  Ушуну менен бир мандаттуу округдардан шайлоого бараткан талапкердердин саны 312 болду. Өткөн айда Канат Исаев "Кыргызстан" партиясынын лидерлигинен кеткен жана бул чечим партиянын съездинде кабыл алынган. "Кыргызстандын" жаңы лидери болуп "Аю холдингдин" вице-презденти Нурлан Абдыразаков шайланган. Кыргызстанда парламенттик шайлоо 28-ноябрда өтөт. Читать дальше...

Шайлоо-2021: чет өлкөлөрдө 59 добушкана ачылат

Azattyk.org 

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) парламенттик шайлоого карата 29 өлкөдө 59 добушкана уюштуруларын билдирди. Ага ылайык, алардын 10у Орусияда, АКШда, Германияда, Италияда жана Венгрияда жаңы ачылат. Жалпысынан Орусияда 20, ал эми АКШ, Түркия, Германияда үчтөн, Бириккен Араб Эмирлиги, Казакстан, Италия менен Кытайда экиден уюштурулат. Ашхабад, Баку, Брюссель, Будапешт, Вена, Доха, Дүйшөмбү, Женева, Исламабад, Киев, Куала-Лумпур, Лондон, Минск, Нью-Дели, Париж, Сеул, Ташкент, Тегеран, Токио, Эль-Кувейт... Читать дальше...

Түндүк Македониянын премьер-министри шайлоодо утулгандан кийин кызматтан кетерин жарыялады

Azattyk.org 

Түндүк Македонияда 31-октябрдагы шайлоонун экинчи айлампасын оппозиция жеңип чыккандан кийин премьер-министр Зоран Заев кызматтан кетерин жарыялады. "Мен бул окуялар үчүн жоопкерчиликти алам, премьер-министрликтен жана партиянын төрагалыгынан кетем. Мен эркиндик менен демократияны алып келдим, демократия деген жоопкерчиликти алуу дегенди билдирет", - деди "Македониянын социал-демократтар бирикмеси" партиясынын жана башкаруучу коалицияны жетектеген Заев. 31-октябрда Скопье шаарынын мэрин шайлоо болду. Читать дальше...

Грузияда шайлоо жыйынтыгына каршы оппозициянын акциясы өтөт

Azattyk.org 

Оппозиция 7-ноябрда Тбилисиде муниципалдык шайлоонун экинчи айлампасынын жыйынтыгын бурмалоого каршы миңдеген кишинин катышуусунда нааразылык акциясы өтөрүн билдирди. Бул тууралуу “Бириккен улуттук кыймылдын” төрагасы Ника Мелиа Тбилисинин борборундагы грузин парламентинин имаратында тарапкерлери менен жолугушууда айтты. Анын айтымында, келерки жекшембиге белгиленген митингдин масштабы Грузиянын экс-президенти Михаил Саакашвилини бошотуу талабы менен 14-октябрда өткөн митингден да чоң болот. Ар кандай маалыматтар боюнча... Читать дальше...

Дүйшөмбүдө кыргыз-тажик чек арасы боюнча топография топтору жолугушту

Azattyk.org 

Кыргызстандын Министрлер кабинети жолугушуу 25-30-октябрь күндөрү "достук жана аз ара түшүнүшүү маанайында" өткөнүн кабарлады. Кезектеги жыйын эми Кыргызстанда болот жана анын датасы азырынча белгисиз. Эки өлкөнүн топографиялык топтору буга чейин 5-9-октябрда Баткендин Исфана шаарында жолугушкан жана анда эки тараптуу протоколго кол коюлганы маалымдалган. Президент Садыр Жапаров өткөн айда маалымат жыйында кыргыз-тажик чек арасына байланыштуу негизги көйгөйлөрдү атаган жана расмий Дүйшөмбүнүн... Читать дальше...

Молдокматовдун жакындары Кыйноолорду алдын алуу борборуна кайрылды

Azattyk.org 

Саясатчы Жеңиш Молдокматовго абакта басым болуп жатканын анын жардамчысы жана "Туран" партиясынын мүчөсү Эрлан Бекчоро уулу "Азаттыкка" билдирди. Бул маалыматты ага абактан анонимдүү булактар маалымдашкан. "Жеңиш Молдокматовго абакта басым болуп жатканын анонимдүү булак катары ошол жактагы кызматкерлер кабарлашты. Бул боюнча абакка кирип, кабар алып берүүсүн Кыйноолорду алдын алуу борборунан жана Акыйкатчы институтунан өтүндүк", - деди Бекчоро уулу. "Туран" партиясынын лидери ушул жылдын 6-майында камакка алынган. Читать дальше...

COVID-19: оору 68 адамдан аныкталды, бир бейтап көз жумду

Azattyk.org 

Кыргызстанда соңку бир күндүн ичинде коронавирус дагы 68 адамга жугуп, вакцина албаган бир бейтап көз жумду. Республикалык штабдын маалыматына ылайык, ооругандар Бишкек шаарында көп. Ушул тушта 700дөн көп адам ооруканаларда, дагы ушунча киши үйлөрүндө дарыланып жатат. Кыргызстанда коронавирус болгондордун жалпы саны 181 миңден ашты. Пандемия башталгандан бери 2672 бейтап көз жумду. Коронавирус инфекциясына каршы 1 миллион 728 миңден ашуун адам вакцина алды. Анын миллионго чукулу биринчи дозаны, калганы эки дозаны сайдырышты. Читать дальше...

Сот Равшан Жээнбековдун бөгөт чарасын карайт

Azattyk.org 

Бүгүн, 1-ноябрда Бишкектин Биринчи май райондук соту камактагы саясатчы Равшан Жээнбековдун бөгөт чарасын карайт. Бул тууралуу адвокат Замир Жоошев "Азаттыкка" билдирди. Тергөө абагында отурган Равшан Жээнбековду Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер кылып каттаган. Буга байланыштуу адвокат Р. Жээнбековдун бөгөт чарасын өзгөртүп, камактан чыгаруу боюнча сотко арыз жолдогон. Жактоочу ал камактан бошотулуп, талапкер катары толук кандуу үгүт жүргүзүшүнө мүмкүнчүлүк берилиши керек деп билдирүүдө. Читать дальше...

Бишкек-Торугарт жолунда автоунаа кыймылына чектөө киргизилет

Azattyk.org 

“Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасы кабарлагандай, Боом капчыгайында 1-ноябрдан 5-ноябрга чейин атайын таш кулатылат. Бул үчүн тиешелүү күчтөр жана техникалар тартылды. Кырсыктарды алдын алуу максатында ушул күндөрү саат 9:00дөн 15:00гө чейин автоунаа жолу маал-маалы менен жабылат. Жолдогу чектөөгө ИИМдин Кайгуул-күзөт башкармалыгынын кызматкерлери көзөмөл кылат. Жолду тазалоо учурунда жолдун бир багыттуу тилкеси гана ачык болот. 30-40тан ашык унаа топтолгон учурда таштарды түшүрүү иштери токтоп, унааларды өткөрүүгө уруксат берилет. Читать дальше...

БУУнун климаттын өзгөрүшүнө арналган дүйнөлүк жыйыны ишин баштайт

Azattyk.org 

Бүгүн, 1-ноябрда Шотландиянын Глазго шаарында Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) климаттын өзгөрүшүнө арналган дүйнөлүк жыйыны ишин баштайт. 12-ноябрга чейин өтө турган конференцияга Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров баштаган делегация катышат. Делегациянын курамында тышкы иштер министри Руслан Казакбаев, Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, президенттик администрациянын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Жээнбек Кулубаев бар. Расмий маалыматка караганда, Жапаров дүйнө лидерлеринин... Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *