Француз элчиси Австралияны калп айтты деп айыптады
Франциянын Австралиядагы элчиси Жан-Пьер Тибо Канберраны калп айтты деп айыптады. Тараптар суу астында сүзүүчү кемелер боюнча көп миллиарддык келишимге байланыштуу талашып-тартышып келатышат. Ортодогу талаш сентябрда АКШ, Британия жана Австралия Инд-Тынч океан аймагында кубатын арттырып жаткан Кытайга туруштук берүү үчүн коопсуздук тармагында жаңы өнөктөштүк түзгөндө тутанган. AUKUS деп аталган альянстын алкагында Австралия суу астында сүзүүчү америкалык атомдук кемелер менен камсыздалары айтылган. Читать дальше...