Чехияда вирус жуктургандардын саны кескин көбөйдү
Он миллион калкы бар Чех Республикасында бүгүн, 17-ноябрда 22 479 кишиден коронавирус аныкталды. Бул пандемия башталгандан берки эң жогорку көрсөткүч. Ушундай эле курч кырдаал Чехияга коңшулаш жайгашкан Австрия, Германия жана Словакияда байкалууда. Чехия эмделгендердин саны боюнча Европанын башка өлкөлөрүнөн артта калды. Өлкөдө вакцина алгандар калктын 57,6% түзөт. Ал эми Европада орточо көрсөткүч 69%. Коронавирус пандемиясынын акыркы толкунунда Чехия мурдагыдай кылып катаал чектөөлөрдү киргизген эмес. Читать дальше...