Кыргызстанда бүгүн жымжырттык күнү
Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышынын депутаттарын шайлоого байланыштуу үгүт иштери 27-ноябрда таңкы саат 8ден баштап токтоду. Мыйзамга ылайык добуш берүүгө бир күн калганда үгүт иштерин жүргүзүүгө тыюу салынат. 28-ноябрда өтө турган парламенттик шайлоого 21 партия жана бир мандаттуу округдардан 287 талапкер ат салышууда. Жогорку Кеңештеги 90 орунга партиялардан 54, бир мандаттуу округдардан 36 депутат шайланат. Былтыр 4-октябрдагы шайлоонун жыйынтыгы элдин нааразылыгынан улам жокко чыгып, өлкөдө бийлик алмашкан. Читать дальше...