Президент Жапаров "базарлардагы акциялардын артында атайын күчтөр турарын" айтты
Президент Садыр Жапаров Көзөмөл-кассалык машинелерге (ККМ) каршы нааразылык акцияларын уюштурууга кызыкдар болгон топтор бар экенин билдирди. Бул тууралуу ал 5-декабрда Бишкектин четиндеги “Дордой” базарынын соодагерлери менен жолугушуу маалында айтты. Садыр Жапаров бул топтордун “революция кылуу ниети бар экенин”, соодагерлер алардын куралы болуп калып жатканын билдирди. “Силерди курал кылып колдонуп жүргөн, 30 жылдан бери үч жолу революция кылгандар “бүгүн да революция кылсак экен, кайра мурункудай жашоодо жашасак экен” дегендер бар. Читать дальше...