Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Декабрь
2023

Новости за 06.12.2023

Пневмония, сасык тумоого чалдыккандар үчүн бейтапканаларда кошумча орундар түзүлөт

Azattyk.org 

Саламаттык сактоо министрлиги сасык тумоо, пневмония менен ооруган балдар үчүн ооруканаларда кошумча керебеттер жайгаштырыларын билдирди. Мындай чечим 6-декабрда министр Алымкадыр Бейшеналиевдин катышуусунда өткөн кеңешмеде кабыл алынды. Маалыматта айтылгандай, сасык тумоо жана пневмонияга чалдыккан балдар үчүн шаардык медициналык тез жардам балдар клиникалык ооруканасынын базасында 30 койка, жугуштуу оорулар менен ооруган бейтаптар үчүн энени жана баланы коргоо Улуттук борборуна 30 койка коюлат. Читать дальше...

Президент митингдер токтобосо, базарларга тышкы башкаруу киргизилерин айтты

Azattyk.org 

Президент Садыр Жапаров 6-декабрда “Кабар” улуттук маалымат агенттигине Көзөмөл-кассалык машинелерди (ККМ) колдонууга каршы чыккан соодагерлердин митинги тууралуу маек берди. Ал базардын ККМге өтүшүнө кызыкдар болгон салык кызматкерлери да бар экенин, ушундан улам 5-декабрда элге жаңы салык саясаты тууралуу маалымат берүү үчүн “Дордой” базарына барып ишкерлер менен жолукканын айтты. Базарларда контейнер ээлери ар бирин 3000 доллардан 13 миң долларга чейин ижара берерин, бирок бир тыйын да мамлекетке салык төкпөй турганын билдирди. Читать дальше...

Газа: Хан-Юнис шаарында көчө кармаштары жүрүп жатат

Azattyk.org 

6-декабрда израилдик аскерлер Газанын түштүгүндөгү Хан-Юнис шаарын курчоого алышты. АКШ жана Еврошаркетте террордук деп таанылган ХАМАС радикал тобуна каршы согуштун алкагында ЦАХАЛ палестиналык анклавдын түштүгүндөгү операциясын күчөткөн. Фран-Пресс (АФП) агенттиги аскерлер хамасчылар менен шаардын көчөлөрүндө, имараттарда кармашып жатканын жазып, израилдик кол башчыга шилтеме менен бул азыркы уруштагы эң курч салгылаш болуп калганын кошумчалады. Газанын түндүгүндөгү дээрлик бардык райондордо турак жайлар... Читать дальше...

Жантаев орун басары Матраимовдор менен байланышы болгону үчүн иштен кеткенин айтты

Azattyk.org 

Президенттин Ош облусундагы өкүлү Элчибек Жантаев Матраимовдорго байланышы бар деп иштен алынган кызматкерлер боюнча пикирин билдирди. Ал «Азаттыктын» суроолоруна жооп берип жатып мамлекеттик денгээлде жүргүзүлүп жаткан саясатты колдой турганын айтты. "Уюшкан кылмыштуу топтор, коррупция менен болгон күрөш өлкөнүн ар кайсы жерлеринде жүрүп жатат. Анын ичинде биздин Ош облусунда дагы жүрүүдө. Мен ачыгын айтайын, буга чейин айрым кызматкерлердин байланыштары тууралуу атайын кызматтардан учкай маалыматтар келип түшкөн. Читать дальше...

7-декабрдын аба ырайы

Azattyk.org 

Кыргызгидромет борбору кабарлагандай, 7-декабрда түнкүсүн Чүй облусунун айрым жерлеринде жаан, тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаайт. Калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -2…+3, күндүз 1…6, Талас жергесинде түнкүсүн 0…-5, күндүз 3…8, Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 0…5, күндүз 10…15, Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -2…+3, күндүз 6…11, Нарын облусунда түнкүсүн -5…-10... Читать дальше...

Исабеков Бажы кызматында кландык схема жок кылынганын билдирди

Azattyk.org 

Бажы кызматынын төрагасы Самат Исабеков Кыргызстанда бажы тармагында буга чейин түзүлгөн коррупциялык схема толугу менен жоюлганын, бирок анын элементтери дагы деле бар экенин билдирди. Бул тууралуу ал 6-декабрда Бишкекте Бажы кызматынын 2023-жылдын 11 айындагы ишинин жыйынтыгы боюнча басма сөз жыйынында журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып айтты. “Мурункудай бир үй-бүлөгө байланган кландык схема жок. Бирок элементтери бар. Аларга каршы күрөш жүрүп жатат. Себеби, биз алардын жанында дайыма эле жүрө албайт экенбиз. Читать дальше...

"Салимбай байбачанын" кыргыз саясатындагы байланыштары

Azattyk.org 

Кримчөйрөгө тиешеси бар делген "Салимбай байбача" деген каймана ат менен таанымал өзбекстандык ишкер Салим Абдувалиев кармалып, тергөө жүрүп жатканы кабарланды. Буга чейин "Салимбай байбачанын” кыргыз саясатындагы байланыштары дагы талкуу жараткан учурлар болгон.  "Салимбай байбачанын” таасири жана Кыргызстандагы байланышы Борбор Азия эле эмес, КМШда “Салимбай” жана "Салимбай байбача" деген каймана ат менен таанымал өзбекстандык ишкер Салим Абдувалиевдин кармалганы расмий ырастала элек. Бир... Читать дальше...



Матраимовго тиешеси бар 58 бажы кызматкери иштен алынды

Azattyk.org 

Бажы кызматынын мурдагы төрага орун басары Райымбек Матраимов менен байланышы бар 58 бажы кызматкери иштен алынды. Бул тууралуу Бажы кызматынын төрагасы Самат Исабеков 6-декабрда маалымат жыйында билдирди. Ал бул жаатта 2022-жылдан бери териштирүү жүрүп келгенин, иштен алынган кызматкерлер арасында чечүүчү кызматта тургандар, атап айтканда, орун басарлар, башкы инспекторлор да болгон. Бул багыттагы иликтөө иштери уланып жатканын, жыйынтыгы боюнча кошумча маалымат берилерин билдирди. Ал кирешинин... Читать дальше...

Жарандык алгандар жана андан чыккандар тууралуу маалымат ачык жарыяланган жок

Azattyk.org 

Президент Садыр Жапаров Кыргызстандын жарандыгына кабыл алуу жана жарандыгынан чыгаруу жөнүндө жарлыктарга кол койду. Президенттин сайтына 6-декабрда жарыяланган маалыматка ылайык, Кыргызстандын жарандыгын кабыл алгандардын басымдуу бөлүгүн түпкү теги кыргыздар түзөт. Жарлыкта да, маалыматта да канча адам кыргыз жарандыгынан чыгарылып, канча адам Кыргызстандын букаралыгына кабыл алынганы тууралуу ачык жазылган эмес. Президенттин жарлыгындагы маалыматтар августтан бери жабык боло баштады.... Читать дальше...

Байсалов президент Жапаров айткан "күчтөр" тууралуу пикирин билдирди

Azattyk.org 

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов президент Садыр Жапаровдун соодагерлердин нааразылыгын пайдаланып, башаламандык уюштургусу келген "күчтөр" тууралуу айтканына түшүндүрмө берди. Бул тууралуу ал 6-декабрда маалымат брифингинде "Азаттыктын" суроосуна жооп берип жатып айтты. “Алар жеңилген мафия. Сиздер алар жөн жатат деп ойлойсуздарбы? Алардын 100 миллиондогон акчасы бар. Ошондуктан буга кызыкдар адамдар көп. Ушул бийлик чабылып калса, туңгуюктан чыкпай калса дешет. Ушул... Читать дальше...

Ташиев базардын ээлери ижара акысын эки эсе арзандатышы керектигин айтты

Azattyk.org 

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев Көзөмөл-кассалык машинелерди (ККМ) колдонууга каршы базарларда болгон нааразылык акциялары тууралуу пикирин айтып, элди чагымчыларга алданбоого чакырды. Бул тууралуу ал 6-декабрда атайын кызматтын Аламүдүн райондук башкармалыгынын жаңы имаратын ачып жатып билдиргенин УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады. “Өлкөдөгү базарлардын ээлери соода комплекстеринен эбегейсиз киреше алып жаткан бай адамдар. Бирок соодагерлер чоң... Читать дальше...

Кемпир-Абад иши: абактагылар Жогорку Соттун төрагасына жооп берди

Azattyk.org 

Кемпир-Абад иши боюнча Бишкектеги №1 тергөө абагында жаткан саясатчы, активисттер бул иш боюнча соттук териштирүүнүн создугушу тууралуу Жогорку Соттун төрагасы Замирбек Базарбековдун сөздөрүнө жооп берди. Алардын катында “шектүүлөр камерадан чыкпай коюуда” деген калп экени, мындай окуя бир да жолу болбогону жазылган. “Кемпирабадчылар камерадан чыкпай койсо”, “сотко келбей койсо” №1 тергөө абагынын, Конвой департаментинин кызматкерлери акт түзөт, тергөө абагында да, сот залында да видео жазууга жазылат. Читать дальше...

Эдил Байсалов депутаттардын айткан сыны боюнча комментарий берди

Azattyk.org 

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Жогорку Кеңеште ага чара көрүү тууралуу көтөрүлгөн демилге тууралуу комментарий берди. 6-декабрда “Азаттыктын” суроолоруна жооп берип жатып 4-декабрда парламенттин Социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында ал айткан сөздөрдү контексттен алып сындоого болбой турганын айтты. “Бийлик бутактары ынтымакта иштеши керек. Сый мамиле эки тараптуу болушу зарыл. “Биз депутатпыз өкмөт өкүлдөрү унчукпай отурсун” дегендей мамиле жасалбашы керек”, - деди Байсалов. Читать дальше...

Эдил Байсалов Бишкектин аянты үч эсеге кеңейерин айтты

Azattyk.org 

6-декабрда басма сөз жыйынында Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Кыргызстанда административдик-аймактык реформанын алкагында өлкөдө бир топ өзгөрүүлөр болорун билдирди. Анын сөзүнө караганда, Бишкек шаарынын аянты үч эсеге кеңейет. Бирок бул кандай шартта ишке ашарын тактап айткан жок. Бишкек – Кыргызстандын баш калаасы жана өлкөнүн саясий, экономикалык, илимий, маданий борбору. Калаада Ленин, Октябрь, Биринчи Май жана Свердлов деп аталган төрт район бар. Борбордо мамлекеттик бийликтин жогорку органдары... Читать дальше...

Чет өлкөлөрдө Кыргызстандын 1400 жараны абакта жатат

Azattyk.org 

Кыргызстандын 1418 жараны чет мамлекеттерде сот жообуна тартылып, жазасын өтөөдө. Алардын ичинен 1167 адам Орусияда, 83 киши Казакстанда, Иракта 41, Түркияда 30, Өзбекстанда 22 киши абакта жатат. Калгандары Кытайда, Бириккен Араб Эмиратында, Беларуста, Литвада, Италияда, Германияда жана Грузияда кармалууда. Бул тууралуу башкы прокурордун орун басары Үмүткан Коңкубаева 6-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди. Ал Кыргызстанга которулуп жазасын мекениндеги түрмөлөрдө өтөөнү каалагандар өзү... Читать дальше...

Футбол: Азия Кубогуна бара турган футболчулардын тизмеси жарыяланды

Azattyk.org 

Футбол боюнча Кыргызстандын улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу Штефан Таркович Катарда өтө турган Азия Кубогунда ойной турган футболчулардын кеңейтилген тизмесин жарыялады. Тизмеге отуз эки оюнчу кирген. Көпчүлүгүн жаштар түзөт. Ал эми чабуулчулар Мирлан Мурзаев, Виктор Майер өңдүү бир катар футболчулар улуттук курама командага кирбей калган. Кыргызстандын футбол уюму муну курамада муун алмашуу болуп жатканы менен байланыштырды. "Кыргыз футбол союзунун жетекчилиги жана кураманын... Читать дальше...

"Диктаторлор жасалма интеллектти курал кылышы мүмкүн"

Azattyk.org 

"Эркиндик үнү" подкастында жасалма интеллекттин келечегин, коркунучун жана пайдасын, демократияга тийгизген таасирин талкуулайбыз. Жакында эле жасалма интеллект айдыңында ChatGPT чат-ботун негиздеген OpenAI компаниясындагы чуу жогорку технологиялар дүйнөсүн ары-бери кылып койду. 17-ноябрда аталган компаниянын директорлор кеңеши ишкананын негиздөөчүлөрүнүн бири Сэм Альтманды күтүүсүз иштен алып, бир күндөн кийин кызматкерлердин нааразылыгынан улам кайра ордуна койду. Адистер белгилегендей, бул окуя компанияга эле эмес... Читать дальше...

АКШ Москва жана Минскиге карата санкцияларын кеңейтти

Azattyk.org 

АКШнын Каржы министрлиги Орусиядан жана Беларустан 13 киши менен 20 компанияны санкциялык тизмеге киргизди. “Кара тизмеге” киргендер катарында Швециянын жараны жана Пермде туулган Сергей Скворцов бар. Ал Швецияда Орусиянын кызыкчылыгы үчүн тыңчылык кылып жүргөн деп айыпталып, кийин акталган. АКШнын санкциясына беларустук ишкерлер Александр Шакутин, Павел Топузидис жана Виктор Петрович да кирген. Вашингтон аларды “Александр Лукашенконун капчыгы” деп атайт. Чектөө Беларустагы Кызыл Чырым уюмунун башка катчысы Дмитрий Шевцовго да тиешелүү. Читать дальше...

Газа тилкесинен дагы эки кыргызстандык эвакуацияланды

Azattyk.org 

Тышкы иштер министрлиги Газа секторунан дагы эки кыргызстандык эвакуацияланганын билдирди. Маалыматка караганда, мекеме аларды алып чыгууну Орусия жана Египеттин дипломатиялык мекемелеринин көмөгү менен ишке ашырган. 4-декабрда жарандарды Газа тилкесинен Каир аркылуу чыгып, Москвага чартердик каттам менен алып келишкен. Буга чейин 24-ноябрда да эки кыргызстандык Газадан ушул каттам аркылуу алып келинген. Тышкы иштер министрлиги Газадан кетүүнү каалаган мекендештерди эвакуациялоо иштери уланарын билдирген. Читать дальше...

Парламентте Эдил Байсаловго чара көрүү маселеси кайра көтөрүлдү

Azattyk.org 

6-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловго чара көрүү маселеси кайра көтөрүлдү. “Ынтымак” фракциясынын мүчөсү Аида Исатбек кызы Эдил Байсалов мамлекеттик кызматкерлердин этикасын сактабай депутаттар менен айтышып, Жогорку Кеңештин абройуна шек келтирип жатканын билдирди. Спикер Нурланбек Шакиев Эдил Байсалов менен болгон акыркы окуя териштирилип, чара көрүлөрүн айтты. Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин 4-декабрдагы... Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *