Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Декабрь
2023

Новости за 07.12.2023

ХАМАСтын лидеринин үйүн жөөт аскерлери курчаганы кабарланды

Azattyk.org 

Израилдин өкмөт башчысы Биньямин Нетаньяху жөөт аскерлери ХАМАС (АКШ менен Евробиримдикте террордук деп таанылган) тобунун лидери Яхья Синвардын үйүн куурчоого алганын 6-декабрдын кечинде билдирди. "Кечээ кечинде мен биздин күчтөр Газа тилкесиндеги бардык булуң-бурчтарга жете аларын айттым эле. Азыр алар Синвардын үйүн курчап турушат", – деди Нетаньяху. Ал Синвар качып кетиши мүмкүн экенин айтып, аны колго түшүрүүнү убада кылды. Ал эми ЦАХАЛдын маалымат катчысы Даниэл Хагаринин айтымында, Жабалия... Читать дальше...

Аксыда бычак жеген өспүрүм каза болду

Azattyk.org 

Аксы районунда эки өспүрүмдүн пикир келишпестигинин айынан кесиптик лицейдин окуучусу бычакталып, каза болгон. Бул окуяга шек саналып 11- класстын окуучусу кармалды. Жалал-Абад облустук милициясынын басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, бул окуя 5-декабрда болгон. Аксы райондук милициясына 2006-жылы туулган бала көкүрөгүнөн бычактан жаракат алып, каза тапканы тууралуу билдирүү түшкөн. Бул факты Кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кылмыш-жаза кодексинин “Адам өлтүрүү” беренеси менен катталып, кылмыш иши козголгон. Читать дальше...

УКМК Чүйдө он киши уюшкан кылмыш тобунан баш тартканын билдирди

Azattyk.org 

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет Чүй облусунда жашаган, уюшкан кылмыштуу топтордун мүчөсү катары милициянын каттоосунда турган жарандар менен профилактикалык сүйлөшүү өткөрүлгөнүн 7-декабрда билдирди. Атайын кызмат сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында он киши уюшкан кылмыштуу топтордон, криминалдык идеялардан баш тартканын белгилеп, алардын тизмесин жарыялады. Ал тизмеде Азиз Батукаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрү – Израил Исхаков (“Борода”), Мирза Хутаев (“Мирза”), Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрү ... Читать дальше...

Интернаттарга видеокөзөмөл орнотуу тапшырмасы берилди

Azattyk.org 

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Гүлнара Баатырова министрликке тиешелүү бардык социалдык стационардык мекемелерге видеокөзөмөл орнотуу тапшырмасын берди. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди. Бул маселе Кадамжай психоневрологиялык социалдык стационардык мекемесинде тартылган видеодон кийин көтөрүлдү. 6-декабрда Интернетке интернат үйүндө белгисиз адам майыптыгы бар кишини сабап жатканы тартылган тасма тараган. Баткен облустук ички иштер башкармалыгы (ОИИБ) видео... Читать дальше...

Аба ырайы: кар жаайт

Azattyk.org 

Шашылыш билдирүү: 9-12-декабрь күндөрү аба ырайы  кескин өзгөрүп, көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар, айрым жерлерде жаан-чачын жаайт. Зымдарга жана бактарга суу кар жабышат. Жолдор тоңголок жана тайгак болуп, кар күрткүсү пайда болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде секундасына 17-22 метрге жетет. 9-11-декабрда абанын температурасы акырындык менен төмөндөп, Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -5…-10°, күндүз 0…-5°, Талас өрөөнүндө түнкүсүн -7…-12°, күндүз -2…-7°, Ош, Жалал-Абад... Читать дальше...

Бишкекте кагаз буюмдарын чыгарган ишкана ачылды

Azattyk.org 

Өкмөттүн басма сөз кызматы 7-декабрда Бишкек шаарында “ИФА” компаниясынын санитардык-гигиеналык кагаз буюмдарын чыгаруучу жаңы ишкана ачылганын билдирди. Ага Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров катышып, акыркы беш жылда кагаздан жасалган буюмдардын Кыргызстанга импорту көбөйгөнүн, ушул жылдын 9 айында эле 3,4 млн долларга 3,9 миң тонна санитардык-гигиеналык багыттагы кагаз продукциясы ташып келингенин билдирди. “Биз мындай экологиялык жактан таза жана жогорку суроо-талапка ээ продукцияларды... Читать дальше...

Активист Зарина Төрөкулованын соту 14-декабрда уланат

Azattyk.org 

7-декабрда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда жарандык активист Зарина Төрөкулованын иши боюнча соттук отурум өтүп, кийинкиси 14-декабрда уланмай болду. Бул тууралуу "Азаттыкка" анын адвокаты Кантемир Турдалиев билдирди. "Бүгүнкү отурумда бир эксперт суралды, экинчисине убакыт жетпей калды. Күбө катары суралчу абакта жаткан адам сотко алып келинген жок. Бөгөт чарасын өзгөртүп берүүнү сурансак, убакыт бүттү деп жыйынтыктап койду", - деди Турдалиев. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет... Читать дальше...

КСДПнын өкүлү Кундуз Жолдубаева суракка чакырылганын билдирди

Azattyk.org 

КСДП партиясынын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева 7-декабрда милицияга суракка чакырылганын социалдык тармактагы баракчасына жазды. Ал буга “Арча медиа” YouTube каналында алып барган берүүсү үчүн Жогорку Кеңештин депутаты Надира Нарматова  үстүнөн арыз жазганын айтууда. “Бул үч апта мурда чыккан эфир болчу. Мага милициянын ыкчам кызматкери байланышып, суракка чакыруу берип кетти. Бул депутат Надира Нарматовага байланыштуу маселе экенин айтышты. Ал берүүгө катышкан “Айт, айт десе” жана “Темиров LIVE”... Читать дальше...



УКМК кримтөбөл Көлбаевдин кылмыштуу тобунун дагы бир мүчөсү кармалганын билдирди

Azattyk.org 

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет кримтөбөл Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү кармалганын билдирди. Мекеме билдиргендей, ал Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрүнө жана аларды каржылаган ишкерлерге карата кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу боюнча тергелип жаткан кылмыш ишинин алкагында “кылмышка кошо катышкан” деп айыпталып кармалган. Атайын кызмат шектүү Көлбаевдин кылмыштуу аракеттеринен жана ишкерлерден опузалап акча чогултарынан кабардар болуп туруп, кылмыштуу... Читать дальше...

Элчи Клара Саматтын ишине сын ТИМде каралганы айтылды

Azattyk.org 

Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Гүлнара-Клара-Саматтын кызмат ордун кароо боюнча маселе Жогорку Кеңеште көтөрүлгөндөн кийин маселе министрликте дагы каралган. Бул тууралуу тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев 7-декабрда "Азаттыктын" кабарчысынын суроосуна жооп берип жатып билдирди. Министр Орусияда мигранттар көптүгүнө байланыштуу көйгөйлөр да көптүгүн белгиледи. "Биз элчи Гүлнара-Клара Саматтын ишин өзүбүздө да карап, элчиликке бир катар сунуштарды бергенбиз. Элчи азыр милдеттерин аткарып жатат. Читать дальше...

Түркияда Инстрагам "жылдыздарына" аңчылык башталды

Azattyk.org 

Соңку бир айдан бери Түркияда интернет "жылдыздары" талкууланып жатат. Арам акчаны адалдаштырууга шек саналып кармалган жубайлар Дилан жана Энгин Полаттын иши ондогон инфлюенсердин (соцтармактарда катталуучулары көп, коомдук пикирге таасир тийгизе алган адамдар) да кымырган акчасын ачыкка чыгарды. "Бакубат бай" жашоосун күнүгө Инстаграмдан көргөзгөн түрк "атактуулары" эми абакта отурат.  Түрк бийлиги соцтармакты тыкыр иликтейт Ушул аптада Түркиянын Эмгек жана социалдык коопсуздук министрлиги... Читать дальше...

Министр Кулубаев АКШ менен жаңы келишим боюнча айрым гана маселелер калганын айтты

Azattyk.org 

Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Америка Кошмо Штаттары менен кызматташтык тууралуу жаңы келишим боюнча сүйлөшүү активдүү жүрүп жатканын билдирди. Бул тууралуу ал 7-декабрда министрликтин ушул жылдагы ишмердигине байланыштуу басма сөз жыйынында “Азаттыктын” суроосуна жооп берип жатып айтты. “Эки тарап активдүү иштеп жатабыз. Келишим боюнча бир-эки маселе бар, ошол чечилсе макулдашуу ишке ашып калат. Азыр сүйлөшүү жүрүп жатат” - деген министр кайсы маселелер калганын так айткан жок. Читать дальше...

Ошто аскер бөлүгүндө каза болгон жоокердин апасы президентке кайрылды

Azattyk.org 

Ошто 2024 аскер бөлүгүндө куралды этиятсыз пайдаланып өзүн атып алды делген Руслан Эрменбаевдин апасы Нааргүл Эргешова 7-декабрда президент Садыр Жапаровго кайрылды. Ал “Азаттыкка” комментарий берип жатып мамлекет башчыдан аскерде кызмат өтөгөндөрдүн коопсуздугун көзөмөлгө алуусун суранды. 7-декабрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетине (УКМК) караштуу Чек ара кызматынын Ош облусундагы бөлүгүндө кызмат өтөп жаткан жоокер өзүн атып алганын билдирген. Мекеменин маалыматы боюнча, окуя 6-декабрда болгон. Читать дальше...

Депутат Көкүлов тууну өзгөртүүгө байланыштуу демөөрчүлөр ким экенин сурады

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин депутаты Эрулан Көкүлов желек алмашылып калса ага кете турган чыгымды ким көтөрө турганына эл кызыгып жатканын айтты. Бул тууралуу ал парламенттин 7-декабрдагы жыйынында билдирди. “Желекти алмаштыруу элге жакпай атат. Буга эмне себеп болуп жатканын билбей атышат. Экинчиден, маселе белгисиз демөөрчүлөрдө болуп турат. Биздин тууну алмаштырууга демөөрчүлөр кимдер экени эмне үчүн белгисиз? Бул Кыргызстандын эң негизги символу”, - деди депутат. Желекти өзгөртүү боюнча мыйзам долбоорун... Читать дальше...

“Кристалл” заводун иштетүү үчүн инвесторлор бар экени айтылды

Azattyk.org 

7-декабрда президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлү Абсаттар Сыргабаев Таш-Көмүр шаарындагы “Кристалл” заводун кайра иштетүү үчүн инвесторлор бар экенин билдирди. Бул тууралуу ал 2023-жылдагы ишмердиги боюнча журналисттерге берген басма сөз жыйында айтты. Андан тышкары Таш-Көмүрдө Орусиялык инвесторлор көмүрдөн электр энергиясын өндүрүү үчүн жылуулук электр борборун куруп баштаганын кошумчалады. “Кристалл” заводу кремний өндүрүүчү ишкана. 1996-жылы иштеп баштаган заводдо бир жылда 660 тонна кремний өндүрүү пландалган. Читать дальше...

Жалал-Абадда “Ноокен Технопаркы” эркин экономикалык аймагын түзүү сунушталды

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин депутаты Мейкинбек Абдалиев Жалал-Абад облусуна “Ноокен Технопаркы” эркин экономикалык аймагын түзүү сунушун берди. Тиешелүү мыйзам долбоору 6-декабрда парламенттин сайтына коомдук талкууга чыкты. Документтин маалымкат-негиздемесинде мындай аймак түзүлсө Ноокен районунун социалдык-экономикалык өнүгүшүнө, инвестиция тартууга өбөлгө болору жазылган. “Ноокен Технопаркы” эркин экономикалык зонасын түзүү жөнүндө” мыйзам долбоорунда Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы 180 гектар... Читать дальше...

Милиция майыптыгы бар адамды сабап жаткан кишинин ишин карайт

Azattyk.org 

Баткен облустук ички иштер башкармалыгы (ОИИБ) майыптар үйүндө белгисиз адам майыптыгы бар адамды уруп жатканы тартылган тасма боюнча түшүндүрмө берди. Ага ылайык, Кадамжай райондук милициясынын Айрыбаз айылдык участкалык инспекторлору видео боюнча текшерүү жүргүзүп, окуя эки жыл мурда болгонун аныктаган жана андагы бейтапты уруп жаткан кишини тапкан. ОИИБдин басма сөз кызматы маалымдагандай, 6-декабрда социалдык тармактарга тараган видео 2021-жылы кышында Кадамжай психоневрологиялык социалдык стационардык мекемесинде тартылганн. Читать дальше...

Чет өлкөдө жүргөн мигранттардын электрондук маалымат базасы түзүлүүдө

Azattyk.org 

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги Кыргызстанда чет өлкөдө жүргөн мигранттардын электрондук маалымат базасы түзүлүп жатканын билдирди. Мекеменин маалыматына ылайык, пилоттук долбоор биринчи Жалал-Абад облусунда башталып, Сузак районунун алты айыл аймагында үймө-үй кыдыруу учурунда чет жакта эмгектенин жүргөн адамдар тууралуу маалыматтар чогултулду. Алардын үй-бүлөлөрү маалымат базасына киргизилди. Министрлик бул миграция жаатындагы статистиканы так чыгарууга мүмкүнчүлүк бере турганын кабарлады. Читать дальше...

Ошто чек арачы жоокер этиятсыздыктан атылган октон көз жумганы кабарланды

Azattyk.org 

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетине (УКМК) караштуу Чек ара кызматынын Ош облусундагы бөлүгүндө кызмат өтөп жаткан жоокер өзүн атып алганын мекеменин басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, окуя 6-декабрда болгон. 18 жаштагы жоокер Э. Р. кокусунан өзүн атып алганы айтылды. Чек ара кызматы бул окуя куралды этиятсыздыктан колдонуудан улам болду деп билдирүүдө. "Бардык медициналык жардамдар берилгенине карабай, жоокер алган жаракатынан көз жумду", - деп жазылган маалыматта. ... Читать дальше...

Невада университетинде ок атылып, үч адам набыт болду

Azattyk.org 

АКШнын Невада штатындагы университеттин кампусунда 6-декабрда үч адам окко учканы кабарланды. Канча киши ооруканага жеткирилгени тууралуу так маалымат жок. Лас-Вегастын полициясы ок чыгарды деп шек саналган адам каза тапканын маалымдады. Окуянын чоо-жайы иликтенип жатат. Кампус курчоого алынып, коомдук транспорттун журүшүнө тыюу салынды. Университеттеги бул окуя кышкы экзамендердин, ага улай башталуучу каникулдар алдында болду. CNN жазгандай, көпчүлүк студенттер Лос-Анжелес шаарына барып эс алат. Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *