Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Декабрь
2023

Новости за 08.12.2023

Назарбаевдин махабаты: мыйзам жана жоопкерчилик

Azattyk.org 

Казакстанды 30 жыл башкарган Нурсултан Назарбаев “Менин өмүрүм. Көз карандылыктан эркиндикке карай” деген мемуарында ымандай сырын төгүп, экинчи үй-бүлөсү тууралуу да баяндаган. Мемуардын бул бөлүгү коомчулуктун кызуу талкуусуна түштү. Ушундан улам биз бүгүн мамлекеттик деңгээлдеги саясатчылардын кош стандарттуулукка мамилесине, чоң саясаттагы адамдардын эл алдындагы моралдык жоопкерчилигине байланышкан маселелерди талкуулайбыз.

Депутаттар Мадумаровду үй камагына чыгарууну өтүнүп сотко кайрылышты

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин депутаттары парламенттеги оппозициялык “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын лидери Адахан Мадумаровду үй камагына чыгарууну өтүнүп Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун судьясы Мирбек Сатарбек уулуна кайрылышты. Бул тууралуу “Азаттыкка” “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын мүчөсү, депутат Эмил Токтошев билдирди. Ал эл өкүлдөрү Адахан Мадумаров үчүн жоопкерчилик алуу тууралуу ишти карап жаткан судьяга кепилдик өтүнүч катын жазып, кол коюп беришкенин билдирди. 8-декабрда Биринчи Май райондук... Читать дальше...

Аба ырайы: көпчүлүк аймактарда кар жаайт

Azattyk.org 

Кыргызгидромет борбору билдиргендей, 9-декабрда Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында кар, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан, кар, тоолуу райондорунда кар жаайт. Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -2…-7, күндүз -4…+1, Талас жергесинде түнкүсүн -4…-9, күндүз 0…-5... Читать дальше...

Бишкектин көчөлөрүн кардан тазалоо үчүн 39 машина чыгат

Azattyk.org 

Жакынкы күндөрү суук катуулап, кар жаашы күтүлүп жатканына байланыштуу Бишкектеги "Тазалык" муниципалдык ишканасы кышка толугу менен даяр экенин маалымдады. Мекеменинн басма сөз кызматы билдиргендей, калаа көчөлөрүн кардан тазалоого 39 атайын машина чыгат. Анын ичинде 25 машина атайын кар тазалагыч техника, андан тышкары кум себүүчү жана башка коммуналдык техникалар бар. Аялдамаларды жана тротуарларды "Тазалыктын" 715 кызматчысы тазалайт. Алар менен чогуу 121 машина иштейт. Кышкы сезонго карата ошондой эле 1,5 тонна туз... Читать дальше...

Турсунбек Акун адам укуктары боюнча жыйын үзгүлтүккө учураганын айтып чыкты

Azattyk.org 

8-декабрда Адам укуктарынын жалпы декларациясынын 75 жылдыгына карата мурдагы акыйкатчы Турсунбек Акун Бишкекте демилгелеген тегерек үстөл өтпөй калды. Буга иш-чара өтө турган "Плаза" мейманканасынын администрациясы техникалык мүчүлүштүктөрдү шылтоологонун Акун Фейсбуктагы баракчасына жарыялады. "Кыргызстанда Адам укугу боюнча декларациянын аткарылышын талкуулап, өкмөт менен жарандык коом ортосунда диалог түзөлү дегенбиз. Бул жерге аймактардан жана өкмөттөн да өкүлдөр келген. Мунун баары Министрлер... Читать дальше...

"Бурана гранд" курулуш компаниясынын директору кармалды

Azattyk.org 

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) Камчы Көлбаевдин (К.Асанбек) уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрү менен байланышы бар, кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу жана адалдоого катышкан адамдарды кармоо иштери жүрүп жатканын маалымдады. Мекеменин басма сөз кызматы 8-декабрда тараткан маалыматта, Кылмыш-жаза кодексинин 222-беренеси (Кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди мыйзамдаштыруу) менен тергелип жаткан кылмыш ишинин алкагында “Бурана Гранд” ишканасынын директору И.У.И. кармалды. Читать дальше...

Сот Адахан Мадумаровду абакта калтырды

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештеги оппозициялык “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын лидери Адахан Мадумаровдун иши боюнча 8-декабрда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда судья аны үй камагына чыгаруу боюнча адвокаттарынын өтүнүчүн карап, канааттандырган жок. Бул тууралуу "Азаттыкка" Мадумаровдун адвокаты Гуляна Убалиева билдирди. "Мадумаровду камакта калтырууга негиз жок болчу. Жогорку Кеңештин 75 эл өкүлү Мадумаровго ишенсе болот деп үй камагына чыгаруу өтүнүчүн беришкен. Ден соолугунун абалына карабастан Биринчи... Читать дальше...

Кадамжайда майыптыгы бар адамды сабаган киши иштен бошотулду

Azattyk.org 

Кадамжай психоневрологиялык социалдык стационардык мекемесинде майыптыгы бар адамга кол көтөргөн 62 жаштагы Б.К бригадир кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүчүлүгүнөн 8-декабрда "Азаттык" радиосуна билдиришти.  "Мекемелер аралык жумушчу топ бул окуя боюнча иликтөө иликтөө жүргүзүп, жыйынтыгына жараша кошумча чечимдер кабыл алынат",- деп билдирди облустук бийликтен. Баткен облустук ички иштер башкармалыгынан иш Кадамжай РИИБнүн маалыматтарды электрондук каттоо журналына киргизилип... Читать дальше...



Саламаттык сактоо министрлигине 100дөн ашык автоунаа берилди

Azattyk.org 

8-декабрда Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бишкекте саламаттык сактоо тармагына 107 автоунаа тапшырды. Өкмөттүн басма сөз кызматы тараткан маалыматта, баасы 3 млн долларга бааланган техникаларды Орусия Кыргызстанга COVID-19 кесепеттерин жоюу долбоорунун алкагында берди. Алардын ичинде 47си “Тез жардам” автоунаасы, 54ү санитардык транспорт, каза болгондордун сөөгүн ташуу үчүн төрт автоунаа жана дезинфекциялоочу эки машина бар. Акылбек Жапаров иш-чарада бийлик жасап жаткан иштер тууралуу да сөз кылды. Читать дальше...

Өкмөт көмүрдү байытуу менен ышты азайтууну көздөйт

Azattyk.org 

Көмүрдү байытып, сапатын жакшыртуу ыш маселесин 50% чейин азайта алат. Бул тууралуу жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Медетбек Маметов 8-декабрда журналисттерге билдирди. Министр Кыргызстандагы ыш маселесин чечүү үчүн көп кадамдар жасалып жатканын белгиледи. Анын ичинде көмүрдү байытып, брекеттөө сунушу Энергетика министрлигине сунушталган. "Биз бул жагынан Монголиянын мисалында иштейли деп жатабыз. Көмүрдү байытып, брекеттөө менен бизде ыш кеминде 50% азаят. Мындан... Читать дальше...

Балбак Түлөбаев тууну өзгөртүү долбооруна каршы добуш берерин айтты

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин депутаты Балбак Түлөбаев мамлекеттик тууну алмаштыруу жөнүндө мыйзам долбооруна экинчи окууда каршы добуш берерин айтты. Бул тууралуу ал 8-декабрда “Азаттыктын” суроолоруна жооп берип жатып билдирди. Анын сөзүнө караганда, Жети-Өгүз, Тоң, Ысык-Көл райондорунда жана Каракол, Балыкчы шаарларында эл менен жолугуп, желектү өзгөртүү демилгеси боюнча да пикирлерин уккан: “Элдин көбү - дээрлик 80-90% тууну өзгөртүүгө каршы. Мага “каршы болбосоң анда бизге келбей эле кой” дешти. Бул экономикалык, саясий же социалдык маселе эмес. Читать дальше...

Ибраев: өзгөчө кырдаал электр энергиясын көп өндүрүүгө мүмкүнчүлүк берет

Azattyk.org 

Энергетика министри Таалайбек Ибраев быйыл августтан тарта энергетика тармагына киргизилген өзгөчө кырдаалдын мааниси тууралуу журналисттерге маалымат берди. Министр өзгөчө кырдаал электр энергиясын иштетүүнү көбөйтүүгө шарт түзөрүн белгиледи. "Эмне үчүн өзгөчө кырдаал киргиздик. Анткени буга чейин он жыл мурда 14 млрд кВт саат электр энергиясын иштеп чыккан болсок, 2023-жылы деле ушул көрсөткүчтө калып, 3 млрд кВт энергияны сырттан алууга аргасыз болдук. Өзгөчө кырдаал генерацияны көбөйтүү максатында киргизилди. Читать дальше...

Энергетика министри Кыргызстан үч-төрт жылда көмүр импортунан кутуларын айтты

Azattyk.org 

Кыргызстан өзүнүн көмүр кендерин иштетүү менен Казакстандан көмүр импорттоо муктаждыгынан кутулат. Бул тууралуу энергетика министри Таалайбек Ибраев 8-декабрда маалымат жыйында билдирди. Анын белгилешинче, быйыл Кытайдын инвесторлору менен Кыргызстандагы бир катар көмүр кендерин иштетүүгө арналган 282 млн долларлык келишимге кол коюлган. Министрдин маалыматында кытайлык инвесторлор "Кыргыз көмүр" ишканасы менен чогуу Тегене, Торугарт, Кара-Кабык, Балыкты, Сүлүктү талаа-11, Торугарт-2, Миңкуш жана башка көмүр кендерин иштетүүгө кызыкдар. Читать дальше...

Ош: жоокердин табышмактуу өлүмү

Azattyk.org 

Оштогу аскер бөлүгүндө 18 жаштагы жоокер Руслан Эрменбаев каза болду. Чек ара кызматына караштуу бөлүктүн жетекчилиги жоокер "этиятсыздыктан улам өзүн-өзү атып алган" деген версияны билдирди. Бирок маркумдун жакындары ага ишенбей, өлкө жетекчилигине кайрылып, аскер бөлүктөгү тартипти көзөмөлгө алууну суранды. 20 күн ичинде кыргыз армиясында белгисиз жагдайда экинчи жоокер каза тапты.

Милиция Жоробековдун техникаларын алып кетти

Azattyk.org 

7-декабрда түн ичинде жарандык активист Афтандил Жоробековдун үйүндө тинтүү болуп, милиция кызматкерлери активисттин техникаларын алып кетти. Бул тууралуу 8-декабрда “Азаттыкка” анын адвокаты Махабат Мамасалиева билдирди. Укук коргоо органдары Афтандил Жоробековдун автоунаасын да тинткен. Активист 7-декабрда Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгына суракка чакырылган. Махабат Мамасалиева мамлекеттик тууну өзгөртүүгө каршылык билдирип чыккан активист Афтандил Жоробековго Кылмыш-жаза кодексинин... Читать дальше...

Данияда диний тексттерди шылдыңдоону тыйган мыйзам кабыл алынды

Azattyk.org 

Мыйзам долбоорун кабыл алууга парламенттеги депутаттардын 94ү "макул", 77си "каршы" добуш берди. Добуш берүүгө чейин долбоор кызуу талкууланды. Жаңы мыйзамга ылайык диний тексттерге "ылайыксыз мамиле" кылууга тыюу салынат. Баш ийбегендер айып пул төлөйт же эки жылга чейин эркиндигинен ажыратылат. Мыйзамдын демилгечилери жана тарапташтары буга чейин Куран китептеринин өрттөлүшүнөн Даниянын мусулман дүйнөсү менен мамилеси бузулганын, өлкөдө террордук кол салуу коркунучу күчөгөнүн билдиришти.... Читать дальше...

Газада Израил аткаминеринин уулу набыт болду

Azattyk.org 

Газа тилкесинде ХАМАС (АКШ менен Евробиримдикте террордук деп таанылган) уюмунун жоочулары менен согушта Израил армиясынын Башкы штабынын мурдагы жетекчиси, азыркы израил өкмөтүнүн мүчөсү Гади Айзенкоттун уулу Галь Айзенкот окко учту. Бул тууралуу ЦАХАЛ билдирди. Ага ылайык, акыркы жумаларда Израил армиясынын эки аскери набыт болгон, алардын бири 25 жаштагы улук сержант Галь Айзенкот Газа тилкесинин түндүгүндө согушта мерт болгон. Анын атасы Гади Айзенкот Израил армиясынын Башкы штабын 2015-2019-жылдары жетектеген. Читать дальше...

Тууну коргогон активист Жоробеков 48 саатка камалды

Azattyk.org 

7-декабрда кечинде мамлекеттик тууну өзгөртүүгө каршылык билдирип чыккан активист Афтандил Жоробековду милиция 48 cаатка камаганын анын адвокаты, жакындары "Азаттыкка" ырасташты. Жарандык активист Афтандил Жоробековго Кылмыш-жаза кодексинин “массалык башаламандыктар” беренесинин 3-бөлүгү, “бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык башаламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар” менен айып тагылды. Активисттин адвокаты Махабат... Читать дальше...

Журналист Али Токтакунов АКШда “Коррупцияга каршы күрөштүн күжүрмөнү” сыйлыгын алды

Azattyk.org 

Кыргызстандагы "МедиаХаб" иликтөө тобунун жетекчиси, журналист Али Токтакунов АКШнын Мамлекеттик департаментинин “Коррупцияга каршы күрөштүн күжүрмөнү” сыйлыгына татыды. Сыйлыкты мамлекеттик катчы Энтони Блинкен 7-декабрда Вашингтондо тапшырды. Бул сыйлык коррупциянын алдын алууда, анын бетин ачууда лидерлигин, кайратмандыгын жана таасирин көрсөткөндөргө ыйгарылат.  "Кыргызстанда Али Токтакунов жетектеген "МедиаХаб" коррупциянын бетин ачып, жемкорлукка баткандар өздөрүнүн кылмыштуу иштерин жаап-жашыруу... Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *