Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Декабрь
2023

Новости за 11.12.2023

Садыр Жапаров Тажикстан менен чек ара жазга чейин такталып каларын айтты

Azattyk.org 

Президент Садыр Жапаров чек ара чырында жабыркаган Баткен районунун Капчыгай, Достук айылдарынын башкы планы түзүлүп, жарактан чыккан үйлөрдүн ордуна жаңылары салынып толук пайдаланууга берилгенин билдирди. Мамлекет башчы бул тууралуу 11-декабрда Ак-Сай айылында жаңы курулган мектептин ачылышында сүйлөп жатып айтты. Анын сөзү боюнча, Баткенде сегиз мектеп, төрт бала бакча, төрт ФАП, бир жалпы дарыгерлер борбору, УКМКнын башкармалыгынын имараты, бир спорт зал, бир музей, андан тышкары дагы башка... Читать дальше...

Базар митингдери: салыкчылар кармалды, ижара арзандайт

Azattyk.org 

Бийликтин катуу сынынан кийин Кыргызстандагы айрым базарлардын ээлери жердин ижара акысын төмөндөтүү жагын караштыра баштады. Ал арада атайын кызмат "Дордойдон" салык чогулткан салыкчылар кармалганын билдирди. Министрлер кабинетинин көзөмөл-кассалык машинелерди киргизүү демилгесинен кийин ноябрдын аягында, декабрдын башында бир катар базарларда ишкерлер нааразылык акциясына чыгышкан. Ушундан кийин базардагы мамилелерге байланыштуу өзгөрүүлөр болууда. Ошол эле кезде бийликтин ири базарларга байланыштуу... Читать дальше...

Быйыл Маданият министрлигине ЖМКлар боюнча 77 арыз түштү

Azattyk.org 

Быйыл Кыргызстанда жалпыга маалымдоо каражаттарына каршы Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине 77 арыз түштү. Бул тууралуу министрдин орун басары Чыңгыз Эсенгул уулу 11-декабрда Бишкекте өткөн басма сөз жыйынында билдирди. “Бул арыздар кайсы бир ЖМКга чара көрүү же бөгөттөө максатында эмес, ар кандай негизде жазылган. Кайсы бир сайтты же ЖМКны жабуу боюнча биз чара көрбөйбүз. Ал үчүн жаран же юридикалык жак анын беделине шек келтирип же туура эмес маалымат жарыялаган болсо... Читать дальше...

Ош: мэрди иштен алуу демилгеcин президент Жапаров колдогон жок

Azattyk.org 

Ош шаардык кеңешинин калаа мэри Бакытбек Жетигеновго ишенбөөчүлүк көрсөтүү боюнча өтүнүчүн президент Садыр Жапаров колдогон жок. Бул тууралуу шаардык кеңештин төрагасы Салман Назылбеков 11-декабрда “Азаттыктын” суроолоруна жооп берип жатып айтты. Ал президенттин администрациясынан келген катты көрсөткөн жок. Чечим тууралуу президенттин басма сөз кызматы азырынча маалымат бере элек. Ош шаардык кеңеши 14-ноябрдагы сессиясында мэр Бакытбек Жетигеновго ишенбөөчүлүк көрсөтүү чечимин кабыл алган. Жашыруун добуш берүүгө 42 депутат катышып... Читать дальше...

Казакстан жаңы 20 суу сактагыч куруу планын жарыялады

Azattyk.org 

Казакстандын өкмөтү коңшу өлкөлөрдөн сууга байланыштуу көз карандылыктан чыгуу үчүн 2024-2026-жылдары жаңы 20 суу сактагыч куруу планын жарыялады. Бул тууралуу 11-декабрда аталган өлкөнүн өкмөтүнүн басма сөз кызматы маалымдады.   2,4 куб километр көлөмдөгү сууну сактоого чамасы жете турган суу кампалары өлкөнүн 9 облусуна салынат. Муну менен кошо 9 облустагы 1,9 куб километр сууну сактай алчу, учурда иштеп жаткан 15 суу сактагыч оңдоодон өткөрүлөт. Казак өкмөтүнүн маалыматына ылайык, бул план... Читать дальше...

“Дордой” базарында жыйымдарды чогулткан беш салык кызматкери кармалды

Azattyk.org 

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) салык төлөөдөн качуу фактыларына байланыштуу “Дордой” соода-базар комплексинде салык чогултууга жооптуу болгон 5 салык кызматкери кармалганын маалымдады. Бул тууралуу атайын кызматтын басма сөз кызматы 11-декабрда билдирди. Маалыматта “базардын аймагындагы салыктарды тескөө үчүн жооптуу айрым кызмат адамдары өздөрү баюу максатында ишкерлердин салык төлөөдөн качуусуна шарт түзүп, коррупциялык схеманы уюштурушканы аныкталганы” жазылган. Тиешелүү... Читать дальше...

Жалал-Абадда кызамыктан бир жашар бала чарчап калды

Azattyk.org 

Жалал-Абад облусттук балдар клиникалык ооруканасынын дарыгери Айчүрөк Тургуналиева өткөн аптанын аягында кызамыкты көтөрө албай бир жаштагы бала чарчап калганын айтты. Анын сөзүнө караганда, ушул тапта жугуштуу оорулар бөлүмүндө жыйырма эки бала кызамык оорусунан дарыланып жатат. “Бизге кызамык менен ооруп кайрылгандар көбөйүп жатат. Учурда балдардын жугуштуу оорулар бөлүмүндө дарыланып жаткандар көбөйдү жана сасык тумоо менен кайрылгандар көп болууда. Өткөн аптада кызамык менен ооруган жаш бала чарчап калды. Читать дальше...

Кыргызстандагы Зайдел фондунун башчысы “чет элдик өкүл” мыйзамын кайрадан сынга алды

Azattyk.org 

Германиянын Ханнс Зайдел фондунун Бишкектеги кеңсеси Борбор Азия өлкөлөрүндөгү 2023-жылкы ишинин жыйынтыгын чыгарып, 2024-жылга пландарын жарыялады. Бул тууралуу маалыматты фонддун басма сөз кызматы 11-декабрда таратты. Фонддун чөлкөмдөгү кеңсеси Кыргызстанда, Казакстанда, Өзбекстанда жана Тажикстанда иш жүргүзөт. Бишкектеги филиал 2002-жылдан бери иштейт. 21 жыл аралыгында фонд Кыргызстандын президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясы менен биргеликте 2358 мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерди окутуп чыгарды. Читать дальше...



Бишкекте “Айтматов жана театр” VI эл аралык театр фестивалы өтүп жатат

Azattyk.org 

Алтынчы ирет өтүп жаткан театр фестивалы атактуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына карата уюштурулган. Ага Кыргызстандан сырткары Өзбекстан, Казакстан, Түркмөнстан, Орусия, Азербайжандан келген театрлар көрөрмандарга Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынын негизинде коюлган спектаклдерди тартуулап жатышат. Спектаклдер борбордогу театрларда акысыз көрсөтүлүүдө. Фестиваль 7-декабрда Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын “Кылым карытар бир күн" спектакли менен ачылган. Читать дальше...

Ошто “Классик” мейманканасындагы окуя боюнча мэриянын кызматкерлерине иш козголду

Azattyk.org 

Ош шаардык прокуратурасы “Классик” мейманканасынын жетекчисинин арызы боюнча Ош шаардык мэриясынын кызмат адамдарына кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу “Азаттыка” шаардык прокуратурадан билдиришти. Көзөмөл органынын маалыматына ылайык, иш Кылмыш-жаза кодексинин “Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу” беренеси менен козголду. Буга чейин “Классик” мейманканасынын ээси Жаныбек Ажимаматов Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкармалыгына, Ош шаардык кеңешине арыз менен кайрылган. Читать дальше...

Үч адамдын өлүмү: Аширалиевдин адвокаты кийинки инстанцияга арыз берди

Azattyk.org 

Бишкекте үч адамды өлтүргөн деген шек менен өмүрүнүн акырына чейин соттолгон Чынтемир Аширалиевдин адвокаты апелляциялык арыз менен Бишкек шаардык сотуна кайрылды. Шаардык соттун басма сөз кызматы отурум 20-декабрга белгиленгенин билдирди. Бишкектин Октябрь райондук соту Чынтемир Аширалиевди ноябрь айында мүлкүн конфискациялоо менен өмүрүнүн акырына чейин эркинен ажыратуу тууралуу өкүм чыгарган. Судьянын чечимине ылайык, ал жаза мөөнөтүн күчөтүлгөн тартиптеги абакта өтөйт. Ошондой эле жабырлануучуга 671 миң сом төлөп берүүгө... Читать дальше...

Курултайдагы убадалар: Казак тарапта калган жер, Чаткал жана мигранттар көйгөйү

Azattyk.org 

Бишкекте 15-декабрда экинчи элдик курултай өтөт. Былтыркы биринчи курултайда толгон-токой сунуш айтылып, көп көйгөйлөр көтөрүлүп, калың убадалар берилген. Мектеп, бала бакча салуу жана жол куруу өңдүү айрым иштер аткарылганы менен кээ бир маселелердин чечилбей жатканы суроо жаратты. Алардын бири - кыргыз-казак чек арасын бойлой аккан Чүй дарыясынын жээгин бекемдөөгө жетиштүү каражат бөлүнбөй, жүздөгөн гектар жердин казак тарапка өтүп жатканы. Курултайда сөз болгон миграция, кен тармагына байланыштуу дагы доомат азайган жок. Читать дальше...

Бишкектеги “Баткен” базарынын жетекчилери кармалды

Azattyk.org 

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Бишкек шаарындагы “Баткен-Комфорт” курулуш материалдары базарында соода жүргүзүү үчүн ыңгайлуу шарттарды түзбөстөн ижарачылардан мыйзамсыз акча чогултуу, соода жайларын ижарага берүү баасын негизсиз жогорулатуу жана өзгөчө ири өлчөмдө салык төлөөдөн качуу фактылары аныкталганын маалымдады. Мекеменин басма сөз кызматы кабарлагандай, бул фактылардын негизинде кылмыш иши козголгон. Базарга ээлик кылган “Реконс” жоопкерчилиги чектелген коомунун башкы директору (Т.Б.Б.)... Читать дальше...

Мурдагы бажы кызматкери Нурмамат Канаев камалды

Azattyk.org 

Мамлекеттик бажы кызматынын мурдагы кызматкери Нурмамат Канаев кармалып, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) убактылуу кармоочу жайына 2024-жылдын 4-январына чейин камакка алынды. Мындай чечимди Бишкектин Октябрь райондук соту чыгарганын Бишкек шаардык сотунун басма сөз кызматы кабарлады. Мекеменин маалыматына ылайык, ага Кылмыш-жаза кодексинин “Уюшкан топторду жана кылмыштуу коомдоштуктарды каржылоо” беренеси менен айып тагылууда. Атайын кызмат Нурмамат Канаевдин иши боюнча маалымат бере элек. Читать дальше...

Бишкекте ипотекага салынган көп кабаттуу үй ээлерине берилди

Azattyk.org 

11-декабрда Мамлекеттик ипотекалык компания менен “Керемет Банктын” биргелешкен долбоору боюнча Бишкекте көп кабаттуу үйдүн курулушу аяктап, ээлерине тапшырылды. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы кабарлады. 9 кабаттан турган 108-сериядагы турак-жай Бишкектин Анкара көчөсүндө жайгашкан. Үй бардык коммуналдык кызматтарга кошулган. Мамлекеттик ипотекалык компанияда кезекте турган адамдар үйдүн баасынын 20% төлөп, 8% менен 25 жылга алышты. Президент Садыр Жапаров 28-ноябрда Бишкекте... Читать дальше...

Антарктикада куш тумоосунан улам жаныбарлар жапырт кырылды

Azattyk.org 

Соңку апталарда Антарктикада жүздөгөн деңиз пилдери (морские слоны) кырылып калды. Буга Түштүк Америкадан кайткан куштар алып келген тумоо себеп болду. Окумуштуулар вирус Антарктикадагы башка жаныбарларга, анын ичинде пингвиндерге да жайылып кетиши мүмкүн деп кабатыр болуп жатышат. Деңиз пилдеринен сырткары тюлендер, ак чардактар жана чардактардын башка түрлөрүнүн арасында да куш тумоосунан улам өлгөн учурлар көп катталды. Куштардын арасында бул илдетке кабылгандар алгач октябрдын аягында аныкталган. Читать дальше...

Көлбаев менен Матраимовго байланышы бар 180ден ашуун адам кызматтан алынды

Azattyk.org 

11-декабрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы маркум Камчы Көлбаев (Камчыбек Асанбек) менен Райымбек Матраимовдун “мафиясына” байланышы бар 180ден ашуун киши мамлекеттик кызматтардан алынганын билдирди. Атайын кызматтын маалыматына ылайык, Камчы Көлбаев жана Райымбек Матраимовдун “мафиясы” менен тымызын байланышта болгон мамлекеттик ар кандай кызматта отурган 226дан ашык адам аныкталды. Алардын ичинен 180ден көбү жумуштан бошотулду. “Бир эле бажы кызматында 85 кызматкер аныкталып... Читать дальше...

49-аптанын таасирдүү сүрөттөрү

Azattyk.org 

2023-жылдын 49-аптасындагы таасирдүү көз ирмемдер. Эркин Европа/Азаттык радиосунун ар кайсы аймактарынан тартылган сүрөттөр топтомун сунуш кылабыз.

"Эркиндиктин баасы унутулууда". Кыргызстандагы адам укугунун абалы

Azattyk.org 

БУУнун адам укуктары боюнча декларациясынын кабыл алынганына 10-декабрда туура 75 жыл болду. Кыргызстан аны эгемендик алгандан туура үч жылдан кийин, 1994-жылы тааныган. Демократиянын, эркиндиктин жана адам укуктарын бийик баалаган мамлекет катары таанымал болгон Кыргызстанда соңку кезде бул жаатта абал кыйла өзгөрүп, оюн эркин билдиргендердин камалып жатышына укук коргоочулар тынчсыздануу билдирип жатат. 10-декабрда президент Садыр Жапаров декларациянын 75 жылдыгына байланыштуу куттуктоо жолдоп,"... Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *