Юристтин Матраимовдор боюнча жазган арызы Бишкек шаардык сотунда каралат
Юрист Нурбек Токтакуновдун бажы тармагындагы журналисттик иликтөөлөргө байланыштуу жазган арызы 12-майда Бишкек шаардык сотунда каралат. Бул тууралуу Токтакунов «Азаттыкка» маалымдады.
Анын түшүндүргөнүнө караганда Бишкек шаардык сотунда Токтакуновдун мыйзамсыз баюу боюнча Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) каршы жазган арызы каралат. Юрист сотко берген арызында атайын кызмат Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун байлыгын текшерүү боюнча ишти Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине өзүнчө катташын талап кылып жатат.
Буга чейин ушундай эле талап менен ал Башкы прокуратуранын үстүнөн сотко арызданган. 4-мартта Бишкектин Биринчи май райондук соту Нурбек Токтакуновдун журналисттик иликтөөлөргө байланыштуу жазган арызы боюнча ишти карап, юристтин өтүнүчүн канааттандырган эмес. Ага чейин Токтакуновдун арызын Октябрь райондук, Бишкек шаардык соттору канааттандырган эмес.
«Прецедент» укуктук тобунун жетекчиси Нурбек Токтакунов бир катар журналисттик иликтөөлөргө, расмий билдирүүлөргө таянып, Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун чыгашасы кирешесинен көп экенине көңүл бурууну жана мыйзам бузулганы аныкталса, чара көрүүнү тергөө органдарынан талап кылып келет.
3-марттагы Биринчи май райондук сот отурумунда Токтакуновдун жүйөсүнө Башкы прокуратуранын өкүлү Ороз Бердикожоев жооп берген. Ал Нурбек Токтакунов жазган арыз маалыматтардын эсептик журналынын автоматташтырылган базасына катталганын айтып, башкы көзөмөл мекемеси арызды УКМКга өткөрүп бергенин, ал мурдараак козголгон кылмыш ишинин алкагында каралаарын айткан.
Былтыр «Азаттык» радиосу, «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоору» (OCCRP) жана анын Кыргызстандагы өнөктөшү «Kloop» маалымат агенттиги чогуу жүргүзгөн «Бажыдагы миллиондор: карактоо жана калкалоо» жана «Көмүскө акча ташыгандар кербени» деген иликтөөлөр жарыяланган. Аларда Матраимовдун аты аталган.
Райымбек Матраимов иликтөөлөрдө сөз болгон 700 миллион долларга тиешеси жок экенин, анда айтылган маалыматтарды «жалган жалаа» деп эсептей турганын айтууда. Мындан кийин анын бир тууганы, депутат Искендер Матраимов, үй-бүлөлүк «Ысмайыл Матраимов атындагы фонд» сотко кайрылышкан. Алар «Матраимовдордун кадыр-баркына доо кетирген» деп «Азаттык» радиосунан, кабарчы Али Токтакуновдон, «Kloop.kg» жана 24.kg сайттарынан жалпысынан 60 миллион сом өндүрүп берүүнү өтүнүшкөн.