Польша бийлиги согушкерликке үндөгөнгө аракет кылган деп шек саналган төрт тажик жараны кармалганын билдирди. Өкмөт өкүлү Станислав Зарын бул жарандар эми өлкөдөн чыгарыларын, мындан ары алардын Польшага, дегеле Шенген аймагына келишине тыюу салынарын айтты. Анын сөзү боюнча, «Ислам мамлекети» террорчул тобунун идеяларына шыктанып жүргөн бул тажик жарандары 7-майда камакка алынган.
Ушул айдын башында Албанияда Германия террор үчүн айыптаган тажик жараны Интерполдун жардамы менен колго түшкөн. Жергиликтүү маалымат каражаттары ал 24 жаштагы Комром Зухуров аттуу адам экенин, «Ислам мамлекети» террордук уюмунун мүчөсү деп шек саналып жатканын жазып чыгышкан.
Анын алдында Германияда 15-апрелде «Ислам мамлекети» террордук уюмунун мүчөлөрү деген шек менен Тажикстандын төрт жараны камакка алынган. Полиция алар Түндүк Рейн-Вестфалия аймагынын ар кайсы жерлеринен колго түшкөнүн, Германиядагы АКШнын аскердик жайларына кол салууну көздөп жүрүшкөнүн билдирген. Колго түшкөн 24-32 жаштагы жарандар Германияда качкын катары жашап жатышкан.
Прокурорлордун айтымында, алар алгач өз мекенинде кол салуу уюштурууну көздөшкөн, кийин оюн өзгөртүп, Германиядагы АКШнын аскердик жайларын жана ислам динин сындаган деген бир адамды бутага ала башташкан. Алар Сириядагы жана Ооганстандагы «Ислам мамлекети» террордук уюмунун жогорку даражалуу эки өкүлү менен такай байланышып жүрүшкөн.
Тажикстан Европада камакка алынып жаткан жарандарына байланыштуу комментарий берген эмес.
В Подмосковье сотрудники Росгвардии спасли пожилого мужчину, который оказался один дома и плохо себя почувствовал
Яндекс, А.С. Пушкин, Святой Ленин ведут следствие. Настоящая сенсация! 225 лет А.С. Пушкину.
Филиал № 4 ОСФР по Москве и Московской области информирует:
С начала года более 4,7 тысячи жителей Московского региона оформили страховую пенсию в автоматическом режиме на портале госуслуг
Филиал № 4 ОСФР по Москве и Московской области информирует:
В Московском регионе более 62 тысяч семей распорядились материнским капиталом через банки
Глава "Рексофт" - в топ-100 отечественных ИТ-лидеров
В Москве прошла Премия-практикум «Харизма Года»
Бурятский Театр кукол Ульгэр в Улан-Улан-Удэ показал в Этнографическом музее народов Забайкалья перед детьми и родителями в семейный праздник сказку Колобок - Новости и Культура, Дети и Россия