Коомдук транспортко уруксат берилбей жатканынын себеби айтылды
Бишкек мэриясы автобус менен троллейбустун иштешине уруксат берилбей жаткан себебин түшүндүрдү. Мэр Азиз Суракматов коомдук автотранспорттун бул түрүнө 11-майдан тартып уруксат берүү пландалганын, бирок оорунун жайылуу коркунучу дагы эле сакталып жаткандыктан маселе ачык бойдон турганын билдирди:
«Коронавирустун жугуу коркунучу уланып, аны жугузуп алгандар көбөйүп жаткандыктан бул маселе чечиле элек. Уруксат берүү оору жуккандардын санына жараша болот. Балким, 20-майга жакындаганда бул маселе республикалык штабда каралышы ыктымал».
Суракматовдун айтымында, бүгүнкү күндө Бишкекте коронавирустун кооптуу очогу деп эсептелген 98 жер бар. Коронавируска каршы республикалык штаб 11-майга карата Бишкекте вирус жуккандардын саны 327 адам экенин билдирди. Мэрия шаарда бул илдетке чалдыккандардын 79у медицина кызматкери, 36сы милиционер экенин кабарлады.
30-апрелде баш калаанын тегерегиндеги жаңы конуштарда коронавирус боюнча абал кооптуу экенин айтылган.
Ош шаарында да коомдук транспорт азырынча иштебей турганы маалым болду. Шаардын мэри Таалайбек Сарыбашов абал опурталдуу экенин айтып, «элдин топтолушуна жол бербөө жана ден соолугун коргоо максатында азырынча коомдук транспортту ишке киргизбей туруу зарыл болуп жатат» деди.
Март айынын соңунда алгач кичи автобустарга, кийин троллейбус жана автобустарга жүргүнчү ташууга тыюу салынган. (RK)